This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
https://youtu.be/z2QnTM4-vrk?si=bftrx2pj9hmF88jm
Зайырбек агайдын зарлап кеткен ыры алдыңыздарда.
@Кубаттукешов @Кутмансадыбакасов
@БаянАкматов
Мен Кыргызмын
Зайырбек агайдын зарлап кеткен ыры алдыңыздарда.
@Кубаттукешов @Кутмансадыбакасов
@БаянАкматов
Мен Кыргызмын
❤6👍2
Жашыл тачки
Жашыл тачки бир үй салды тынбады,
Жашы дагы көрүп калды кыйланы.
Тентек эле зуулдаган жаш жигит
Тээ эки миң он үчүнчү жылдары.
Цемент, кирпич, таш, топурак көшөрүп,
Кум, шагылды кумурскадай көтөрүп,
«Майым да жок, шайым да жок», — дебеди,
Маал-маал менен ооруган жок жөтөлүп.
Дөңгөлөктөн бир үн чыгып кагырап,
Чарчагансып байкуш тачки карыгат.
«Режиминен ашык иштеп берди», — деп,
Ремонт кылган болчу атам жаңылап.
Түсү кетип, иши бирок баягы,
«Темир», — дешип, муну кимдер аяды?
Кошуналар сурап келчү кез-кезде,
Бир үй эмес, бир көчөгө жарады.
Азыр байкуш карып калган өңдөнөт,
Калтыраган араң жандуу дөңгөлөк.
Жаштыгындай эмес жашыл тачкибиз,
Жалкоо жандай араң жүрөт жөргөлөп.
Деген менен мээнетиңди караймын,
Мээрим төгүп мезгилиңди аяймын.
Атама окшоп уста эмес экенмин,
Тетигиңди кантип бүтөп жамаймын?
Жарап берди көп кызматка — арман жок,
Жалган дүйнө, бирок мында жалган жок.
Акырети жакындаган баатырдай,
Азыр байкуш араң турат дарман жок.
Азыр байкуш араң турат дарман жок,
Ар кимдерге ушак кылып барган жок.
Татаал тура дос, туугандар, жакындар,
Тачкичелик бир таанышым калган жок.
Жашоо тура, жакындар көп жандаган,
Жаштыгыңды арбаганда жалмаган.
Темирчелик алдабаган, сатпаган,
Теңтуш таппай калганыма арданам.
Өмүр деген ушу экен деп чочунам,
Өзүм чочуп өңү кеткен бозунан.
Таштандыны далай ташып берди эле,
Таштандыга ыргыта албай отурам.
Жашыл тачки бир үй салды тынбады,
Жашы дагы көрүп калды кыйланы.
Тентек эле зуулдаган жаш жигит
Тээ эки миң он үчүнчү жылдары.
Цемент, кирпич, таш, топурак көшөрүп,
Кум, шагылды кумурскадай көтөрүп,
«Майым да жок, шайым да жок», — дебеди,
Маал-маал менен ооруган жок жөтөлүп.
Дөңгөлөктөн бир үн чыгып кагырап,
Чарчагансып байкуш тачки карыгат.
«Режиминен ашык иштеп берди», — деп,
Ремонт кылган болчу атам жаңылап.
Түсү кетип, иши бирок баягы,
«Темир», — дешип, муну кимдер аяды?
Кошуналар сурап келчү кез-кезде,
Бир үй эмес, бир көчөгө жарады.
Азыр байкуш карып калган өңдөнөт,
Калтыраган араң жандуу дөңгөлөк.
Жаштыгындай эмес жашыл тачкибиз,
Жалкоо жандай араң жүрөт жөргөлөп.
Деген менен мээнетиңди караймын,
Мээрим төгүп мезгилиңди аяймын.
Атама окшоп уста эмес экенмин,
Тетигиңди кантип бүтөп жамаймын?
Жарап берди көп кызматка — арман жок,
Жалган дүйнө, бирок мында жалган жок.
Акырети жакындаган баатырдай,
Азыр байкуш араң турат дарман жок.
Азыр байкуш араң турат дарман жок,
Ар кимдерге ушак кылып барган жок.
Татаал тура дос, туугандар, жакындар,
Тачкичелик бир таанышым калган жок.
Жашоо тура, жакындар көп жандаган,
Жаштыгыңды арбаганда жалмаган.
Темирчелик алдабаган, сатпаган,
Теңтуш таппай калганыма арданам.
Өмүр деген ушу экен деп чочунам,
Өзүм чочуп өңү кеткен бозунан.
Таштандыны далай ташып берди эле,
Таштандыга ыргыта албай отурам.
🔥10❤3
“Шайлоо”
Бала элем, кулак салган баарына,
Калаадагы улуу, кичүү, карыга.
Көмүр алып берем деген талапкер,
«Көбүбүздү алдады», — дейт наалыма.
Ооба, бизге салып бермек көпүрө,
Обдулду эле укмуш сүйлөп өкүрө.
Шайлоо бүттү — эми аларды таппайбыз,
«Кайра келсе, тебет элем көтүнө».
Бал сөздөргө көп алданып айылым,
Азыр деле айдап жүрөт кайыгын.
Андагыдан укмуш нелер өзгөрдү —
Аз өчкөнү болбосо эле жарыгың.
Талапкердин тамган балдай сөздөрү,
Тартып алды магниттей өзгөнү.
«Чоңдор мени мактады!» — деп аябай
Чоң атамдын чоктой жанчы көздөрү.
“Эээ өлүгүң!” деген сөзү көбүргөн,
Чоң энебиз ишеничтен көмүлгөн.
«Пенсияңыз көбөйөт!» — деп айтты эле,
Күтүп жүрүп узап кетти өмүрдөн.
Ал кездеги ата-энелер калбады,
Ата-эненин ордун басты балдары.
Бечарадай көрүп, ойноп, мыскылдап,
Беш падыша беш жүз жолу алдады.
Алдадым деп качкан менен куйундай,
Ата журттун ыза-муңу туйулбай.
Арасында арман кылат кай бири,
Ала-Тоонун топурагы буйурбай…
Кыргыздарды кыргыз өзү жалмады,
Кыргыздарды кыргыз өзү шайлады.
Кеткен менен аталары шайланып,
Келе жатат ошолордун балдары.
Көздөрү да атасындай андагы,
Сөздөрү да атасындай бал дагы.
Аттанышып келатабы бийликке,
Атасы албай калгандарды алганы?
Талапкерлер тапандардай сайрады,
Кара курсак, кийим менен жайлады.
«Ортонума шакек тагып койчу!» — дейт
«Окуу, билим, медицина» тармагы.
Ишеничтин Кудай гана бийиги,
Калгандары качкан тоонун кийиги.
Оңолобуз шайлоо, майлоо дебестен,
Оңолгондо элдин ыйман, билими!
Бала элем, кулак салган баарына,
Калаадагы улуу, кичүү, карыга.
Көмүр алып берем деген талапкер,
«Көбүбүздү алдады», — дейт наалыма.
Ооба, бизге салып бермек көпүрө,
Обдулду эле укмуш сүйлөп өкүрө.
Шайлоо бүттү — эми аларды таппайбыз,
«Кайра келсе, тебет элем көтүнө».
Бал сөздөргө көп алданып айылым,
Азыр деле айдап жүрөт кайыгын.
Андагыдан укмуш нелер өзгөрдү —
Аз өчкөнү болбосо эле жарыгың.
Талапкердин тамган балдай сөздөрү,
Тартып алды магниттей өзгөнү.
«Чоңдор мени мактады!» — деп аябай
Чоң атамдын чоктой жанчы көздөрү.
“Эээ өлүгүң!” деген сөзү көбүргөн,
Чоң энебиз ишеничтен көмүлгөн.
«Пенсияңыз көбөйөт!» — деп айтты эле,
Күтүп жүрүп узап кетти өмүрдөн.
Ал кездеги ата-энелер калбады,
Ата-эненин ордун басты балдары.
Бечарадай көрүп, ойноп, мыскылдап,
Беш падыша беш жүз жолу алдады.
Алдадым деп качкан менен куйундай,
Ата журттун ыза-муңу туйулбай.
Арасында арман кылат кай бири,
Ала-Тоонун топурагы буйурбай…
Кыргыздарды кыргыз өзү жалмады,
Кыргыздарды кыргыз өзү шайлады.
Кеткен менен аталары шайланып,
Келе жатат ошолордун балдары.
Көздөрү да атасындай андагы,
Сөздөрү да атасындай бал дагы.
Аттанышып келатабы бийликке,
Атасы албай калгандарды алганы?
Талапкерлер тапандардай сайрады,
Кара курсак, кийим менен жайлады.
«Ортонума шакек тагып койчу!» — дейт
«Окуу, билим, медицина» тармагы.
Ишеничтин Кудай гана бийиги,
Калгандары качкан тоонун кийиги.
Оңолобуз шайлоо, майлоо дебестен,
Оңолгондо элдин ыйман, билими!
👍9🔥9❤6
https://www.instagram.com/reel/DSNdjzBDDwu/?igsh=MXFqZmxwcmliMWtxbA==
Подкоблучниктердин доорунда ушундай ыр жазбасам болбой калды🤣
Подкоблучниктердин доорунда ушундай ыр жазбасам болбой калды🤣
🤩1
Ушундай чыгарма кыялданып жүрчүмүн. Акыры жазылды.
🇰🇬 Көк бөрү🇰🇬
Улуттук ойунубузду ар ким ойной бербейт. Баатырлар үчүн гана…
🇰🇬 Көк бөрү🇰🇬
Улуттук ойунубузду ар ким ойной бербейт. Баатырлар үчүн гана…
Обону: Мирлан Ниязов байкемдики. “Расулаллах”
Кимди сүйсөк ошону ырдайбыз😊.
Кимди сүйсөк ошону ырдайбыз😊.
❤5