«Азаттык» радиосу
5.01K subscribers
4.04K photos
520 videos
29 files
6.94K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Сот Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык жаза чегерди

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерди. Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салды.

Карабаев процесстин алдында "Азаттыкка" учкай комментарий берип жатып, иш жетиштүү тергелбегенин, прокурорлор бир канча жолу алмашканын айтып, күнөөсүн мойнуна албай турганын дагы кайталады.

Карабаев былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган. Кененирээк: https://www.azattyk.org/a/33425508.html
Жаңылыктар | 27.05.2025 | Сот Жоомарт Карабаевге 3 жылдык пробациялык жаза чегерди

- Көз карандысыз экспертиза жүргүзүүдө "күч органдары кийлигишерин" айтып чыккан Жоомарт Карабаевге сот пробациялык үч жылдык жаза чегерип, 50 миң сом айыппул салды. Карабаев өзү айыпты четке какты.
- Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү мурдагы чектөөнү алып салды. Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияга санкция салууну карап жатканы кабарланды.
- "Киргизия" конушундагы кызыл чектен чыгып кеткен деген дубалдары түрттүрүлгөн үй ээлери мэриянын үстүнөн сотко арызданат. Мэрия шаардын башкы планына ылайык иш жүрүп жатканын билдирди.
https://youtu.be/df4EBTvsXEI
Кара-Кулжа: 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран камалды

Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялын өлтүрдү деп шек саналган жаран камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

"26-майда Өзгөн милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",-деп жазылган маалыматта.

Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Кылмышка шектүүнүн жакындары, жактоочусу үн ката элек.

Мунун алдында социалдык тармактарда классташтардын 20 жылдык кечесинде убагында чогуу окуган бала менен кол кармашып чыккан аялын күйөөсү кызганып, атка сүйрөтүп, атып өлтүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.
https://www.azattyk.org/a/33427175.html
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сындап чыкты. Өткөн аптанын экинчи жарымында Украинанын аймагына дээрлик ар түн сайын жапырт сокку урган Орусиянын башчысы тууралуу ал 27-майда өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө:

"Владимир Путин эгер мен болбосом Орусияда абдан көп жаман иштер болмоктугун, АЯБАЙ ЖАМАН болмоктугун түшүнбөй жатат. Ал от менен ойноп жатат", - деп жазды.
Газа тилкесинде cогуш башталганына 600 күн болду. 2023-жылдын 7-октябрында АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган согуш аралыгында Газада 54 миңдей адам каза болду.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Америкада окуу үчүн виза сурагандардын социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүү планын караштырууда. Бул тууралуу POLITICO басылмасы АКШнын чет жактардагы элчиликтерге жөнөтүлгөн дипломатиялык каттарга шилтеме менен жазды.
Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды.

Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Былтыр сот эркин басылманын ишин токтотуп, сайты бөгөттөлгөн эле.


Газада cогуш башталганына 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз. Анклавды ачарчылык коркунучу тооруду.
Адвокат Бакыт Автандил «Клооп» басылмасынын журналисттеринин кармалышын комментарийлеп, аларга кандай айып тагылып жатканынан кабары жоктугун билдирди. Бул тууралуу медианын телеграм-каналында айтылат.

Автандил саат 15.30дан бери УКМКнын имартына кире албай турганын, журналисттерди адвокаттарсыз суракка алып жатышканын айтты.
Ноокаттагы “Сахаба” стадиону жылына бир жолу кудум байыркы Римдеги Колизейге айланып, мында Фергана өрөөнүнүн балбандары күчүн сынашат. Бул күрөш жүздөгөн жылдардан бери өтүп, ушул жерден далай чемпиондордун далысы жерге тийип, далай жаңы ысымдар өрөөнгө таанылган.
Клооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды.

Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты.

Бишкекте алты курулуш компаниясына эскертүү берилди. Компаниялардын айрымдары лицензиясынан ажырап, кээлери ишин токтотту.
Израилдин бийлиги оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде 22 жаңы конуш куруу планын жактырды. Бул – конуштарды кеңейтүү боюнча акыркы ондогон жылдан берки эң ири долбоор. Айрым өнөктөштөрдүн санкция эскертүүлөрүнө карабай кабыл алынган чечим тууралуу Израилдин коргоо министри Израэль Кац жана финансы министри, ашынган оңчулдардын өкүлү Бецалель Смотрич социалдык тармактардагы баракчаларында жарыялашты.
Орусия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн эмки айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуш кылды. Украина ага макул болгонбу же жокпу айтыла элек. Ага чейин Киев сүйлөшүүлөр алдындагы позициясын чагылдырган меморандумду Москвага тапшырганын, Орусия өз документин бере электигин билдирген.
Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованы абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 29-майда укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, аны тергөө абагында калтырды. Муну менен судья жактоочунун үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты.

Карасартова 14-апрелде кармалган, үйү тинтүүгө алынган. Укук коргоочу муну жаранык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
https://www.azattyk.org/a/33429284.html
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 20 жылдык кечеге баргандан кийин күйөөсүнүн колунан мерт болгон келиндин Өзгөнгө караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы ата-энесине барып, куран окуп, көңүл айтты. Ал маркумдун балдарын Ош шаарында окутуп, жатакана, тамак-аш жана кийим-кече жактан жардам берилерин убада кылды.
"Клооп" басылмасы алардын эсепчисин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 30-майда суракка алып кеткенин билдирди. Фейсбуктагы расмий баракчасына аны Бишкекте, көчөдө, банктардын биринин кеңсесинин жанынан алып кетишкенин жазды.

"Кечээ УКМК "Клооптун" администрациялык кызматкерин кармап, басылманын эсептик документтери сакталган кеңседе бир канча саат тинтүү жүргүзүп, ал кызматкерди түнү менен суракка алып, бүгүн, 30-майда эртең менен бошотушту",-деп маалымдады.
Беш баланын энеси Айзиректин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү - коомчулукту нес кылып, Кыргызстандын муфтийи эркектерге кайрылды. Кыз-келинди ким коргойт?

Клооп Медианын оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов эки айга камалды. 7 журналист атайын кызматка сурак берип, айрымдарынын үйлөрүндө тинтүү жүрдү.

АКШнын сунушу Газадагы апаатты токтото алабы? Ал арада Франция анклавда гуманитардык абал оңолбосо Израилге санкция саларын эскертти.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Канатбек Исаевге издөө жарыяланганы маалымалды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевге издөө жарыяланганын “Кактус” басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, быйыл 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. 30-апрелде саясатчыга издөө жарыяланган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Исаевди былтыр 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, кылмыш ишин саясат менен байланыштырган.

6-декабрда борбор калаанын Октябрь райондук соту бөгөт чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошоткон.

“Кактус” бул ирет Исаевге башка ишке байланыштуу издөө салынганын жазды.

Саясатчынын адвокаттары же жакындары менен байланышуу азырынча мүмкүн боло элек.

https://smarturl.click/DYXzm