Мамлекеттик ипотекалык компанияда мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү керекпи? Жогорку кеңеште айрым депутаттар 50% дароо төлөп ипотекадан батир алып жаткандардын айынан бул кызматкерлерге кезек тийбей, батир алууда кыйналып жатканын айтып чыкты. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы программада көрсөтүлгөн ченемдер менен гана иш алып жатканын белгилеп, кимдин бирөөнүн кезегин жылдыруу мүмкүн эместигин билдирүүдө.
#ипотека #мугалим #батир #кыргызстан
#ипотека #мугалим #батир #кыргызстан
YouTube
Батирге жетпеген мугалим
Мамлекеттик ипотекалык компанияда мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү керекпи? Жогорку кеңеште айрым депутаттар 50% дароо төлөп ипотекадан батир алып жаткандардын айынан бул кызматкерлерге кезек тийбей, батир алууда кыйналып жатканын айтып…
2024-жылы Кыргызстанда калктын акчалай кирешеси 12,9% көбөйдү
Кыргызстандын калкы 2024-жылы 926 млрд сом акчалай киреше тапты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Муну менен калктын номиналдуу акчалай кирешеси 2023-жылга караганда 18,6% көбөйгөн.
Жогорулап жаткан керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде калктын 2024-жылдагы реалдуу акчалай кирешеси 881,9 млрд сом болуп, өсүш 12,9% түзгөн.
Калк номиналдуу акчалай кирешенин 73,2% эмгек ишмердигинен тапкан. Калган 14,4% социалдык трансферттерден, 8,6% жеке көмөкчү чарбалардан жана 3,8% башка булактардан түшкөн.
Кыргызстанда акчалай кирешени бөлүштүргөндө калктын социалдык катмарларынын арасындагы айырма өтө чоң. 2023-жылы кирешеси эң аз 20% катмар менен эң байманалуу 20% калктын тапкан кирешесинин ортосундагы айырма 10 эсеге жеткен. https://www.azattyk.org/a/33422929.html

stat.gov.kg
2024-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин өсүшү белгиленди - Кыргызстандын Статистикасы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Бишкекте унаа коюп кеткен өзбекстандык студент мекенине жеткирилди
Бишкекте машина уруп кетип, бир жарым айдан бери комада жаткан өзбекстандык студент Азиза Гулмуродова мекенине жеткирилди. Улуттук госпиталдан ырастагандай, бейтапты 24-майда учак менен алып кетишкен.
Маалыматты Өзбекстандын бийлигине жакын булактар да бышыкташты. Алардын билдиришинче, Азиза Ташкентке жеткирилди.
Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык Азиза Гулмуродова 2-апрель күнү жолдон өтүп баратканда машине уруп кеткен. Жол кырсыгы көчөгө коюлган видео байкоого түшүп калган. 25 жаштагы Азиза кырсык болгондон бери ооруканада эсине келбей жаткан.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу камалганын билдирген. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп тергелип жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган.
https://smarturl.click/vdq22

Азаттык Υналгысы
Бишкекте унаа коюп кеткен өзбекстандык студент мекенине жеткирилди
Бишкекте машина уруп кетип, бир жарым айдан бери комада жаткан өзбекстандык студент Азиза Гулмуродова мекенине жеткирилди. Улуттук госпиталдан ырастагандай, бейтапты 24-майда учак менен алып кетишкен.
Маалыматты Өзбекстандын бийлигине жакын булактар да бышыкташты.…

Укук коргоочу Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алды. Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада чуу чыкты.
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүүнүн алкагында Киргизия конушундагы үйлөрдү сүрдүрүү аракеттери башталды. Азырынча канча үй сүрдүрүлгөнү так эмес.

Жаңылыктар | 26.05.2025 | Трамп Путинди "акылдан адашты" деп сындады
- Укук коргоочу Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алды. Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада чуу чыкты.
- Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүүнүн алкагында Киргизия конушундагы үйлөрдү сүрдүрүү аракеттери…

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
26-майда Бишкек шаарынын мэриясы баш калаанын Чыңгыз Айтматов проспектисинде президенттин администрациясынын “Ынтымак ордо” имаратына жакын жайгашып, “кызыл чектен” өтүп кеткен деп табылган айрым турак жайлардын дубалдарын сүрдүрө баштады.
Тургундар курулушка уруксат кагазы бар экенин айтып, кенемте төлөп берүү маселеси чечилбегенин билдирүүдө. Алар мэриянын кызматкерлерине каршылык билдирип, короолорун буздурбаганга аракет кылышты. Жеринде милиция кызматкерлери көз салып турат.
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев буга чейин тургундарга эскертүү берилгенин, алардын "айрымдары гана каршы болуп жатканын" айтты.

Ош: "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы соодагерлер мэр менен жолукту
Ош шаарында 27-майда "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер чогулду жана алар менен мэр Жеңишбек Токторбаев жолукту.
Чогулгандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен сатып алышканын, колдорунда кызыл китептери турганын айтышты. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтышты. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болушту. Бул базар машиналардын тыгынына себепкер эместигин айтышты.
Мэр Токторбаев соодагерлердин 20дай өкүлүн ушул жума күнү кабыл аларын, ага чейин мэрия айтылган дооматтар тууралуу ойлонорун билдирип, маселелерди ошол жерден талкуулап сүйлөшүп алууну сунуштады. Чогулгандар бул сунушка ынап, тарап кетишти.
https://www.azattyk.org/a/33425459.html

Чогулгандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен сатып…

Сот Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык жаза чегерди
Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерди. Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салды.
Карабаев процесстин алдында "Азаттыкка" учкай комментарий берип жатып, иш жетиштүү тергелбегенин, прокурорлор бир канча жолу алмашканын айтып, күнөөсүн мойнуна албай турганын дагы кайталады.
Карабаев былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган. Кененирээк: https://www.azattyk.org/a/33425508.html

Карабаев процесстин алдында "Азаттыкка" учкай комментарий…

Жаңылыктар | 27.05.2025 | Сот Жоомарт Карабаевге 3 жылдык пробациялык жаза чегерди
- Көз карандысыз экспертиза жүргүзүүдө "күч органдары кийлигишерин" айтып чыккан Жоомарт Карабаевге сот пробациялык үч жылдык жаза чегерип, 50 миң сом айыппул салды. Карабаев өзү айыпты четке какты.
- Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү мурдагы чектөөнү алып салды. Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияга санкция салууну карап жатканы кабарланды.
- "Киргизия" конушундагы кызыл чектен чыгып кеткен деген дубалдары түрттүрүлгөн үй ээлери мэриянын үстүнөн сотко арызданат. Мэрия шаардын башкы планына ылайык иш жүрүп жатканын билдирди.
https://youtu.be/df4EBTvsXEI

- Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү…

Кара-Кулжа: 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран камалды
Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялын өлтүрдү деп шек саналган жаран камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
"26-майда Өзгөн милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",-деп жазылган маалыматта.
Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Кылмышка шектүүнүн жакындары, жактоочусу үн ката элек.
Мунун алдында социалдык тармактарда классташтардын 20 жылдык кечесинде убагында чогуу окуган бала менен кол кармашып чыккан аялын күйөөсү кызганып, атка сүйрөтүп, атып өлтүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.
https://www.azattyk.org/a/33427175.html

"26-майда Өзгөн милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну 1987…

2025-жылдагы "Шаарлардын дүйнөлүк индексинде" Бишкек 498-орунду алып, былтыркы көрсөткүчтөн 60 орунга артка кетти. Маалымат Oxford Economics уюмунун быйылкы баяндамасында камтылган.
Азаттык Υналгысы
Oxford Economics: Бишкек “Шаарлар индексинде” 60 орунга артка кетти
2025-жылдагы "Шаарлардын дүйнөлүк индексинде" Бишкек 498-орунду алып, былтыркы көрсөткүчтөн 60 орунга артка кетти. Маалымат Oxford Economics уюмунун быйылкы баяндамасында камтылган.
2024-жылдагы рейтингде Бишкек 438-орунда турган.
Oxford Economics уюмунун…

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сындап чыкты. Өткөн аптанын экинчи жарымында Украинанын аймагына дээрлик ар түн сайын жапырт сокку урган Орусиянын башчысы тууралуу ал 27-майда өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө:
"Владимир Путин эгер мен болбосом Орусияда абдан көп жаман иштер болмоктугун, АЯБАЙ ЖАМАН болмоктугун түшүнбөй жатат. Ал от менен ойноп жатат", - деп жазды.

"От менен ойноп жатат". Трамп Украинадагы жапырт соккудан кийин Путинди сындады
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сындап чыкты. Өткөн аптанын экинчи жарымында Украинанын аймагына дээрлик ар түн сайын жапырт сокку урган Орусиянын башчысы тууралуу ал 27-майда өзүнүн Truth…
Газа тилкесинде cогуш башталганына 600 күн болду. 2023-жылдын 7-октябрында АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган согуш аралыгында Газада 54 миңдей адам каза болду.
Азаттык Υналгысы
Газа: Апаат баскан 600 күн
Газа тилкесинде cогуш башталганына 600 күн болду. 2023-жылдын 7-октябрында АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган согуш аралыгында…
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Америкада окуу үчүн виза сурагандардын социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүү планын караштырууда. Бул тууралуу POLITICO басылмасы АКШнын чет жактардагы элчиликтерге жөнөтүлгөн дипломатиялык каттарга шилтеме менен жазды.
Азаттык Υналгысы
POLITICO: АКШ студенттик виза берүү үчүн маектешүүлөрдү токтотту
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Америкада окуу үчүн виза сурагандардын социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүү планын караштырууда. Бул тууралуу POLITICO басылмасы АКШнын чет жактардагы элчиликтерге жөнөтүлгөн дипломатиялык каттарга…
Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды.
Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Былтыр сот эркин басылманын ишин токтотуп, сайты бөгөттөлгөн эле.
Газада cогуш башталганына 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз. Анклавды ачарчылык коркунучу тооруду.

Жаңылыктар | 28.05.2025 | 20 жылдык: Келинди күйөөсү атып салган
Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды.
Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Былтыр сот эркин басылманын…

Адвокат Бакыт Автандил «Клооп» басылмасынын журналисттеринин кармалышын комментарийлеп, аларга кандай айып тагылып жатканынан кабары жоктугун билдирди. Бул тууралуу медианын телеграм-каналында айтылат.
Автандил саат 15.30дан бери УКМКнын имартына кире албай турганын, журналисттерди адвокаттарсыз суракка алып жатышканын айтты.
Автандил саат 15.30дан бери УКМКнын имартына кире албай турганын, журналисттерди адвокаттарсыз суракка алып жатышканын айтты.
Азаттык Υналгысы
«Клооптун» журналисттеринин жакындары, кесиптештери УКМКнын жанында турушат
Адвокат Бакыт Автандил «Клооп» басылмасынын журналисттеринин кармалышын комментарийлеп, аларга кандай айып тагылып жатканынан кабары жоктугун билдирди. Бул тууралуу медианын телеграм-каналында айтылат.
Автандил саат 15.30дан бери УКМКнын имартына кире албай…

"Клооптун" башкы редактору Анна Капушенко аталган басылманын дагы бир журналисти Абдил Айтпайтегиндин үйү тинтилип, өзүн Улуттук коопсуздук комитетитинин (УКМК) Бишкектеги бөлүмүнө суракка алып кетишкенин билдирди. Азырынча журналисттин суракка чакырылган себеби беймаалым.
Азаттык Υналгысы
"Клооптун" дагы бир журналисттин УКМК суракка алып кеткени кабарланды
"Клооптун" башкы редактору Анна Капушенко аталган басылманын дагы бир журналисти Абдил Айтпайтегиндин үйү тинтилип, өзүн Улуттук коопсуздук комитетитинин (УКМК) Бишкектеги бөлүмүнө суракка алып кетишкенин билдирди. Азырынча журналисттин суракка чакырылган…
Ноокаттагы “Сахаба” стадиону жылына бир жолу кудум байыркы Римдеги Колизейге айланып, мында Фергана өрөөнүнүн балбандары күчүн сынашат. Бул күрөш жүздөгөн жылдардан бери өтүп, ушул жерден далай чемпиондордун далысы жерге тийип, далай жаңы ысымдар өрөөнгө таанылган.
YouTube
“Сахаба” - балбандарды тааныткан күрөш | ДАНИСТЕ
Ноокаттагы “Сахаба” стадиону жылына бир жолу кудум байыркы Римдеги Колизейге айланып, мында Фергана өрөөнүнүн балбандары күчүн сынашат. Бул күрөш жүздөгөн жылдардан бери өтүп, ушул жерден далай чемпиондордун далысы жерге тийип, далай жаңы ысымдар өрөөнгө…
Клооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды.
Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты.
Бишкекте алты курулуш компаниясына эскертүү берилди. Компаниялардын айрымдары лицензиясынан ажырап, кээлери ишин токтотту.

Жаңылыктар | 29.05.2025 | Клооп Медиа: Журналисттер суралып, экөө кармалды
Клооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды.
Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери…

Израилдин бийлиги оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде 22 жаңы конуш куруу планын жактырды. Бул – конуштарды кеңейтүү боюнча акыркы ондогон жылдан берки эң ири долбоор. Айрым өнөктөштөрдүн санкция эскертүүлөрүнө карабай кабыл алынган чечим тууралуу Израилдин коргоо министри Израэль Кац жана финансы министри, ашынган оңчулдардын өкүлү Бецалель Смотрич социалдык тармактардагы баракчаларында жарыялашты.
Азаттык Υналгысы
Израил оккупацияланган Иордандын батыш жээгинде 22 жаңы конуш курууну жактырды
Израилдин бийлиги оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде 22 жаңы конуш куруу планын жактырды. Бул – конуштарды кеңейтүү боюнча акыркы ондогон жылдан берки эң ири долбоор. Айрым өнөктөштөрдүн санкция эскертүүлөрүнө карабай кабыл алынган чечим тууралуу…