«Азаттык» радиосу
5.04K subscribers
4.04K photos
520 videos
29 files
6.92K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Жаңылыктар | 16.05.2025 | Стамбулда үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды

• Орусия менен Украинанын 3 жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды. Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.

• Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кандай майнап чыгышы мүмкүн? Сүйлөшүүгө барбай койгон орус президентинин көздөгөнү эмне? Эксперттер ой калчашат.

• Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко кайрылды.

• Бишкекте жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн өзбекстандык кыздын апасы жардам сурайт. Университетти быйыл аяктайм деп турган 25 жаштагы Азиза бир жарым айдан бери эсине келбей жатат. https://youtu.be/AUnQj-6C15w
Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

Энергетика министрлиги Бишкек шаары менен Чүй облусун газдаштыруу максатында жеңилдетилген насыя бериле баштаганын билдирди. Үчүнчү долбоордун алкагында быйыл 200 миллион сом каралган жана жарандар, юридикалык жактар жана ишкерлер 150 миң сомго чейинки насыяны күрөөсүз бир же эки жылга чейинки мөөнөткө ала алат.

Жыл башында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек менен Чүйдө 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирген.

Буга чейин аталган ишкана 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60% газ жеткирилет деп маалымдап келген. https://www.azattyk.org/a/33416633.html
Бишкекте өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу камалганын билдирди. Бул окуя 2-апрелде болгон. Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык 25 жаштагы Азиза Гулмуродова көчөдөн өтүп баратканда машина уруп кеткен. Ал ошондон бери ооруканада эсине келбей жатат.

Кыздын апасы Дилафруз Каримова “Азаттыкка” Бишкекте жакындары, таанышы жок болгондуктан күндүз кечке оорукананын астында жүргөнүн, кечкисин ар кайсы жерде түнөп жатканын, каражаттан кыйналганын айтып берген. Кызын алып кетүүгө жардам сурап элиликке, Өзбекстандын президенти Шавкам Мирзиёевге кайрылган.

Жол кырсыгына кабылган кыз тууралуу алгач укук коргоочу Азиза Абдирасулова элге айтып чыкты. Анда ал кыргыз бийлигине кайрылып, кызды машинасы менен коюп кеткен жигит камалбаганын жана ал Дилафрузду коркутуп жатканын жазган. Кылмышка шектүү Айдар аттуу адам кыздын апасына чалып, коркутканын четке каккан.

Бул фактыга байланыштуу Бишкек милициясы кылмыш иши козголуп тергелип жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган. https://www.azattyk.org/a/33416689.html
Бишкекте катуу шамалда аянттагы желек айрылып, 23 бак кулады

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, 18-майга караган түнү катуу шамалда Ала-Тоо аянтындагы желек айрылып, ал жарым сааттын ичинде жаңысына алмаштырылды.
Жалпысынан 23 бак кулады, дагы 50дөйүнүн бутактары сынды. Анын негизинде машиналар, турак-жайлардын чатырлары жабыркады. Мэриядан жер-жердерде авариялык бригадалар иштеп жатканын кабарлашты.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда аптаптуу ысык күндөрдөн кийин аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирген. Аймактарда маал-маалы менен жамгыр жаап, айрым региондордо күчөп, катуу шамал болорун эскерткен.
https://www.azattyk.org/a/33417389.html
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
ЖКнын спикери орусиялык кесиптеши менен жолугушууда миграция маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте 18-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолукту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар өз ара алака-катышты, кызматташууну дагы өнүктүрүүнү талкуулашты. Анда миграция маселелери тууралуу дагы сөз болду.

"Миграциялык жагдайга да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕЭАБ) мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы сунуштарын айтты",-деп жазылган маалыматта.

Бул сунуштарга Володиндин реакциясы кандай болгону тууралуу маалымат берилген жок. https://smarturl.click/200yJ
Кыргыз базарында кытай картөшкөсүнө суроо-талап кантип өстү?

Жыл башынан бери кыргыз базарларын Кытайдан келген картөшкөлөр каптады. Ошол эле маалда жергиликтүү дыйкандар өз өндүрүмдөрүн сата албай, чирип баратканын айтышууда. Муну менен катар Орусиядан келген жылкы, бодо мал жана үй канаттуулардын саны 5-6 эселеп көбөйгөн. Түркиянын жумурткалары да жалпы жумуртка импортунун 80%на жетип жатат. Кыргыз өкмөтү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен атамекендик ишкерлердин кызыкчылыгын кантип коргоп жатат? Кененирээк макаладан окуңуз: https://smarturl.click/oVV3W
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Израилдик аскерлердин соккулары 18-майга караган түнү жана жекшембиде 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрүн жалмады. Тараптардын Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Орусиялык Телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканы тууралуу видеолорду жарыялады. Каза тапкан жаран Өзбекстандын жараны экени кабарланууда.

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ал Бишкектин Жылуулук электр борбору боюнча кылмыш иште 15 жылга, Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча иште 18 жылга кесилген эле.

Октябрь окуяларындагы башаламандык маалында абактан чыгып кеткен мурдагы премьердин ишин кайра кароого эмне муктаждык жаралды? Эксперттер ой бөлүшөт.
АКШнын мурдагы мамлекет башчысы Жо Байденге простата рагы деген диагноз коюлду. Бул тууралуу экс-президенттин басма сөз катчысы 18-майда тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, залалдуу дарт сөөгүнө жайылып кеткен. 82 жаштагы Байден жана үй-бүлөсү дарыгерлер менен кошо дарылануунун варианттарын караштырууда.

“Дарттын агрессивдүү түрү болгону менен гормондор жардам бергендей, муну менен натыйыжалуу дарыласа болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Дональд Трамп бул кабарга капа болгонун айтып, Байденге тезирек сакайып кетүүнү каалады.

Мурдагы вице-президент Камала Харрис “Жо бул сыноого да өзүнө мүнөздүү оптимизм менен туруштук берерине ишенерин” жазды.

Бир жыл мурун Байден өйдөлөгөн жашына жана саламаттыгына байланышкан кооптонуулардан улам президенттик жарышка катышуудан баш тарткан.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы кан төгүүнү токтотуу аракеттеринин алкагында украин лидери Владимир Зеленский жана орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен өз өзүнчө телефондон сүйлөштү.

Маалыматтарга караганда, америкалык лидер адегенде Зеленский, андан кийин Путин менен баарлашты.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт Трамп “бул жаңжалга чекит коюну көздөйт”, себеби “чарчап, эки тараптан тең көңүлү калды” деп билдирди.

Трамп бийликке кайтып келгенден бери ушуну менен үчүнчү жолу Путин менен телефондон сүйлөштү.

Ага чейин америкалык лидер согушту токтотуу кадамдарын Зеленский менен талкуулаган.

Маалыматтарга караганда, Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп кайрадан Киев менен байланышмакчы.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү

Белгилүү публицист, журналист маркум Абдувахаб Мониевдин макала, маектери, ал тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрү топтолгон китеп жарык көрдү. Китепте Мониевдин ар кайсыл жылдары жазган саясий, аналитикалык макалалары, ЖМКларга курган маектери, ал тууралуу калемдештеринин эскерүүлөрү берилди. Түстүү сүрөттөр менен басылып чыккан китеп 500 нускада жарык көргөн.
Мониев эгемендик жылдарынан тарта терең талданган, саясий аналитикаларды жазып, “Асаба”, кийин “Агым” аркылуу кыргыз окурмандарына кеңири таанылган. Бир катар эркин басылмаларда эмгектенип, саясий курч темаларда макалаларды жазган.
Мониев оорудан улам 48 жаш курагында 2022-жылы каза болгон. Ал журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге да активдүү аралашып жүргөн. Өмүрүнүн соңунда "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болуп турган.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Ош облусунун Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. 1998-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуп иштөө менен баштаган. 2000-жылдан тартып республикалык “Асаба”, кийин “Агым” гезиттеринде кабарчы, “Учкун” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.

2005-2007-жылдары облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору, 2007-2009-жылдары “Агым”, “Ачык саясат” гезиттеринин башкы редакторунун орун басары, “Пресс kg” гезитинин башкы редактору болгон. 2010-жылы “Эркин Тоо" гезитинде редактор болуп эмгектенген.
“Генерал Ысакбек” (2006-жыл), “Эстутум-1” (2007-жыл), “Муңгуш” (2012-жыл) деген китептердин автору. https://www.azattyk.org/a/33419206.html
Жол эрежесин одоно бузгандар айдоочулук күбөлүктөн ажырап, аны кайра экзамен тапшырып гана ала алат.
Ички иштер министрлиги айдоочуларды кайрадан сынакка жиберүүнүн тартибин иштеп чыкты.

Трамп Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөрүн билдирди.
Вашингтондун соңку аракеттерин кандай бааласа болот? Кремлдин көздөгөнү эмне?

Кыргызстандын базарын кытай картөшкөсү каптады. Муну менен катар Орусиядан келген жылкы, бодо мал жана үй канаттуулардын саны 5-6 эселеп көбөйсө, Түркиядан ташылган жумуртка жалпы импорттун 80% жетип жатат.

#украина #орусия #путин #зеленский #трамп #бүгүназаттыкта
Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн билдирди. Ал бул тууралуу 20-майда Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда айтты.

Бастрыкин аталган комитеттин кызматкерлери Орусиянын Ички иштер министрлиги жана Росгвардия менен бирге бул өлкөнүн жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбаган чет өлкөлүктөрдү "тутуп алуу" максатында такай рейддерди өткөрүп жатканын маалымдады.

"Биз мындай орус жарандыгын алган 80 миңдей адамды кармап алдык, алар майдан мындай турсун, аскер комиссариаттарына да баргысы келбейт. Биз эмнегедир Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда жашагысы келбеген мындай 20 миңдей Орусиянын "жаш" жаранын майданга жөнөттүк ,-деди Бастрыкин.

Буга чейин "Азаттык" Орусиянын Украинага каршы согушунда теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Бул согушта дагы канча кыргызстандык жүргөнү, канчасы майып болгону тууралуу так маалымат жок.

https://smarturl.click/w44yv
БУУ Газадагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип, азык-түлүк, дары-дармек эң жакын арада жеткирилбесе, анын арты апаатка алып келерин эскертүүдө. Израил блокадасын алып, машинелерди өткөргөнү менен бул жараян жай жүрүп жатканын, жүктүн көлөмү жетишсиз экенин эксперттер белгилешет.

Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Еврошаркеттин сынына карабай Израил Газадагы согушту кеңейтип, күн сайын анклавды аткылап келатат. Израил бийлиги АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАСтын жайларын жок кылып жатканын айтууда.
Вашингтондун борборундагы Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду жана аларга ок чыгарган деп шектелген жаран кармалды.

Маалыматтарга караганда, окуя кечки саат 9дар чамасында болгон. Би-би-си элчиликтин бир аял жана эркек кызматкери музейде Газанын тургундарына жардам берүүгө арналган иш-чарадан кетип баратканда атылганын ошол жолугушуунун уюштуруучуларына шилтеме кылып жазды.