«Азаттык» радиосу
5.04K subscribers
4.04K photos
520 videos
29 files
6.93K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров кызматынан бошотууну суранды. Бул тууралуу ал "Чечня Сегодня" агенттигине билдиргенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Кавказ. Реалии" долбоору жазды. Басылма жазгандай Кадыров мындай сунуш менен кимге жана качан кайрылганы так белгисиз.
Орусиянын Москва, Тула жана Сарански аймактары 7-майга караган түнү дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Тулада дрондор аскердик ишканаларды бутага алган, Саранскиде оптикалык була (оптоволокно) заводунда өрт чыкты. Орусияга караган Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов башкалаа Саранскиде коркунуч тууралуу эскертүү берилгенин кабарлап, жашоочуларды этият болууга, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Astra Телеграм-каналы жергиликтүү тургундар тарткан видеолорду жарыялап жатат. Анда өрт, жалынды, түтүндөрдү көрүүгө болот.
7-майда Бишкек-Москва каттамдары кармалып жатканын "Манас" эл аралык аэропорту кабарлады. Маалыматка караганда, Москвага авиакаттамдар убактылуу токтотулду.

"Домодедово аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу уча элек. Ушул эле аэропортко уча турган YK883 рейси кармалып турат", - деп айтылат маалыматта.
Индия менен Пакистан бири-бирине сокку урду. Эки тараптан 30дан ашуун киши каза тапты. Эки өлкө 70 жыл бою Кашмир аймагын талашып келет. Кыргызстан кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

"Манас" аэропортунан Москвага учкан авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, кайра жанданды. Үч күндөн бери орус башкалаасы дрон соккусуна кабылууда.

Ватиканда кардиналдар жаңы папаны тандоого киришти. Дүйнөдөгү эң байыркы жана купуя сакталган шайлоо кандай өтөт?
‼️Австриялык Freedom for Eurasia уюму Казакстандын мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун кантип байыганы жана жыйган дүнүйөсүн эмнеге короткону жөнүндө 72 беттен турган изилдөө жарыялады.

Баяндамада Масимовдун ортомчунун жардамы менен "Казактелекомдун" акциясына ээлик кылганы, Казакстандын элчилиги аркылуу Наполеондун каттарын сатып алганы, АКШдан бир топ дарыгер чакыртканы жана орусиялык белгилүү астрологго кайрылганы айтылат. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери баяндаманын авторун кепке тартты.

"Наполеон комплекси. Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун жемкорлугу" деп аталган салмактуу изилдөө беш бөлүмдөн турат. Изилдөөдө коңшу өлкөдөгү таасирдүү аткаминердин Айгүл Нуриева аттуу жарандын жардамы менен "Казактелекомдун" акциясына кантип ээлик кылганы айтылат. Бул тууралуу маалымат буга чейин да жарыяланган. Ал эми Freedom for Eurasia муну документтер менен далилдей алганын белгилейт.

@azattyk_radiosu
Бишкек-Дели аба каттамынын 8-майдагы рейси токтотулду. Бул тууралуу каттамды аткарган Aero Nomad Airlines компаниясы кабарлады. Маалыматка караганда, каттам Делинин аба мейкиндигиндеги чектөөлөрдөн улам убактылуу токтоду.

Жүргүнчүлөргө билеттин акчасын толук кайтарып алуу же 22-майга сапарды жылдыруу сунушу берилди.
Бишкектеги Диагностикалык борбордогу көйгөйдөн улам саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөгүш алды. Эки ай мурун кызматка киришкен министр эки күндө маселени кантип чечет?
8-майга караган түнү Кремль жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Украин президенти Зеленский ок атууну 30 күнгө токтотууга үндөп келатат.
Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Согуштагы кыргызстандыктардын салымы тууралуу жаңы тарыхый фактылар жарыяланды.
Украинада согуш жүрүп жатканда Кызыл аянттагы аскердик парадга 30дай лидер күбө болду. Айрым эксперттер белгилегендей, Москва Жеңиш күнүн саясий пропаганданын куралына айландырдыбы?

Бишкекте жүздөгөн киши жүрүшкө чыгып, Ата мекендик согуш маалындагы улуу муундун эрдигин эскеришти. Алматыда "Баатырларга таазим" деген акция өткөрүүгө бийлик уруксат берди.

"Согуш болбосун" деп ураан чакырганыбыз менен соңку маалда жаш муунду милитаризация идеясына сугаруу жайылдыбы?
Еврошаркет Орусия боюнча атайын трибунал түзүү чечимин колдоду

Украинанын Европа Биримдигиндеги союздаштары Орусия бийлигинин өкүлдөрүн жоопко тартуучу атайын трибунал түзүү чечимин колдошту. Бул тууралуу документке Украинага каршы орусиялык агрессияны уюштургандар үчүн атайын трибунал түзүү боюнча коалицияга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кол коюшту. Башкы дипломаттардын жолугушуусу 9-майда Украинанын Львов шаарында өттү.

"Львов билдирүүсү" мындай трибуналды түзүүгө зарыл укуктук чараларды иштеп чыгуу жумушунун жыйынтыгы экени белгиленди. Билдирүүгө кол койгондор башка мамлекеттерди да бул демилгеге кошулууга үндөштү.

Reuters белгилегендей, трибунал ишин Европа Кеңешинин алдында жүргүзөт жана келерки жылдан тартып кызматын аткара баштайт.

@azattyk_radiosu
⚡️10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы «Баньян ун Марсус» («Бекем чеп») деп аталган чоң аскердик операция баштаганын жарыялап, муну "агрессияга жооп" деп мүнөздөдү.

Бул жарыя Пакистандын армиясынын расмий өкүлү, генерал Ахмад Шариф Чоудри Индияны пакистандык аба базаларына, анын ичинде Исламабаддан 10 чакырым алыстыктагы Равалпиндиде жайгашкан Нур Хан базасына ракеталык чабуул койду деп айыптагандан кийин жасалды. Нур Хан базасы өлкөнүн аскердик командачылыгын штаб-үйү болуп саналат.

Чоудри "коргонуу максатында агрессияга чукул арада жооп кайтарыларын, Индиянын ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы менен жок кылынганын, өлкөнүн аба күчтөрүнүн объектилери зыян тартпаганын" айткан.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM