«Азаттык» радиосу
5.04K subscribers
4.04K photos
520 videos
29 files
6.92K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Дели жана Исламабад аскерлерин толук даярдыкка келтирип, өктөм билдирүүлөрдү жасашууда. Чек арага жакын аймакта атышуулар токтой элек. Индияда мусулмандардын үй-мүлкүнө жана өмүрүнө кол салган учурлар катталды, Пакистан коңшусунун армиясы жакын арада өз аймагына бастырып кириши мүмкүн экенин жарыялады. Мунун баары 22-апрелде Кашмирде болгон теракттын кесепети. Кандуу окуя үчүн Дели Исламабадды айыптап жатат.
Өзбекстанда камактагы ишкер, президент Мирзиёевдин күйөө баласынын ишенимдүү кишиси, санаалашы Улугбек Шадмановдун United Cement Group (UCG) компаниясына таандык «Кварц» айнек заводу мамлекетке өттү.

«Кувасайцемент» заводунун ээси да алмашканы кабарланууда. Шадманов беш ай мурда Дубайда кармалып, быйыл жыл башында Ташкентке экстрадицияланган. Ал президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровдун жакын кишиси катары эсептелип келген. Шадманов камалгандан кийин анын активдерин башкаларга өткөрүү иши жүрүп жатканын айткандар бар.
Саясатчы Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага арыз жазганын билдирди

Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Украинага да сокку урулуп, Одессада бир адам набыт болду, Харьковдо чоң базар өрттөнүп кетти.

Наполеондун катына кызыккан, Америкадан дарыгер алдырткан, астрологдун сырдуу төлгөсү үчүн миндеген доллар. «Евразия үчүн эркиндик» уюму Казакстандын экс-премьери-министри Карим Масимов кантип байыганын жарыялады.

#айжигитов #масимов #москва #киев #бүгүназаттыкта
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров кызматынан бошотууну суранды. Бул тууралуу ал "Чечня Сегодня" агенттигине билдиргенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Кавказ. Реалии" долбоору жазды. Басылма жазгандай Кадыров мындай сунуш менен кимге жана качан кайрылганы так белгисиз.
Орусиянын Москва, Тула жана Сарански аймактары 7-майга караган түнү дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Тулада дрондор аскердик ишканаларды бутага алган, Саранскиде оптикалык була (оптоволокно) заводунда өрт чыкты. Орусияга караган Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов башкалаа Саранскиде коркунуч тууралуу эскертүү берилгенин кабарлап, жашоочуларды этият болууга, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Astra Телеграм-каналы жергиликтүү тургундар тарткан видеолорду жарыялап жатат. Анда өрт, жалынды, түтүндөрдү көрүүгө болот.
7-майда Бишкек-Москва каттамдары кармалып жатканын "Манас" эл аралык аэропорту кабарлады. Маалыматка караганда, Москвага авиакаттамдар убактылуу токтотулду.

"Домодедово аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу уча элек. Ушул эле аэропортко уча турган YK883 рейси кармалып турат", - деп айтылат маалыматта.
Индия менен Пакистан бири-бирине сокку урду. Эки тараптан 30дан ашуун киши каза тапты. Эки өлкө 70 жыл бою Кашмир аймагын талашып келет. Кыргызстан кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

"Манас" аэропортунан Москвага учкан авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, кайра жанданды. Үч күндөн бери орус башкалаасы дрон соккусуна кабылууда.

Ватиканда кардиналдар жаңы папаны тандоого киришти. Дүйнөдөгү эң байыркы жана купуя сакталган шайлоо кандай өтөт?
‼️Австриялык Freedom for Eurasia уюму Казакстандын мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун кантип байыганы жана жыйган дүнүйөсүн эмнеге короткону жөнүндө 72 беттен турган изилдөө жарыялады.

Баяндамада Масимовдун ортомчунун жардамы менен "Казактелекомдун" акциясына ээлик кылганы, Казакстандын элчилиги аркылуу Наполеондун каттарын сатып алганы, АКШдан бир топ дарыгер чакыртканы жана орусиялык белгилүү астрологго кайрылганы айтылат. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери баяндаманын авторун кепке тартты.

"Наполеон комплекси. Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун жемкорлугу" деп аталган салмактуу изилдөө беш бөлүмдөн турат. Изилдөөдө коңшу өлкөдөгү таасирдүү аткаминердин Айгүл Нуриева аттуу жарандын жардамы менен "Казактелекомдун" акциясына кантип ээлик кылганы айтылат. Бул тууралуу маалымат буга чейин да жарыяланган. Ал эми Freedom for Eurasia муну документтер менен далилдей алганын белгилейт.

@azattyk_radiosu
Бишкек-Дели аба каттамынын 8-майдагы рейси токтотулду. Бул тууралуу каттамды аткарган Aero Nomad Airlines компаниясы кабарлады. Маалыматка караганда, каттам Делинин аба мейкиндигиндеги чектөөлөрдөн улам убактылуу токтоду.

Жүргүнчүлөргө билеттин акчасын толук кайтарып алуу же 22-майга сапарды жылдыруу сунушу берилди.
Бишкектеги Диагностикалык борбордогу көйгөйдөн улам саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөгүш алды. Эки ай мурун кызматка киришкен министр эки күндө маселени кантип чечет?
8-майга караган түнү Кремль жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Украин президенти Зеленский ок атууну 30 күнгө токтотууга үндөп келатат.
Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Согуштагы кыргызстандыктардын салымы тууралуу жаңы тарыхый фактылар жарыяланды.