«Азаттык» радиосу
Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды Бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын…
Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды
30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды.
Жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген. Мыйзам боюнча, иш тергөөдөн сотко өткөндөн кийин судьяга үч күндүн ичинде камактагы адамдын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз берсе болот. 30-апрелде Канышай Мамыркулованынун адвокаттарынын арызы каралып, сот аны четке какты.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен.
@azattyk_radiosu

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
МОСКВАДА КАФЕДЕ МИГРАНТТАР САБАЛДЫ
25-апрелде Москвадагы кафелердин биринде атайын дайындалган СОБР кызматкерлери рейд өткөрүп, күч колдонгон. Бул кадрларды “Мигрант Медиа” редакциясына окурман жиберген. Анын айтымында, мигранттар иштеген бул кафеде акыркы бир айда 3 жолу рейд болду. Видеодо куралчан, беткап кийген күч кызматкерлери кафеге басып кирип, кардарларды жерге жаткырып, одоно мамиле жасап жатканын көрүүгө болот.

Бишкектин 1-Май райондук соту Боршайком мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитовду жана анын аялы - Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды. Айжигитов атайын кызмат тапкан айыпты "саясий куугунтук" деп баалаган.
Бишкектин Октябрь райондук соту 20-мартта кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырып, адвокаттардын арызын четке какты.
Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын эскертти. Эки коңшунун араздашуусу Кашмир аймагында ондогон турист каза болгон кол салуудан кийин курчуду.
Москвада беткапчан, куралчан, аскер кийимчен бирөөлөр борборазиялыктар иштеткен кафеге кирип келип, ур токмокко алган видеосу тарады.
https://www.youtube.com/watch?v=_lqsjftWZmc

YouTube
Жаңылыктар | 30.04.2025 | Полиция чайханадагы мигранттарды сабады
Бишкектин 1-Май райондук соту Боршайком мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитовду жана анын аялы - Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды. Айжигитов атайын кызмат тапкан айыпты "саясий куугунтук" деп баалаган.
Бишкектин Октябрь райондук…
Бишкектин Октябрь райондук…
Учурда бир нече кыргызстандык блогер Кытайда жүрөт. Алар Кытайдын жашоо-турмушун чагылдырып, видеолорду жарыялап жатышат. Кытайдын ички көрүнүшүн мындай ачык чагылдырылган учур буга чейин сейрек кездешчү. Эксперттер соңку убакта Бээжин дүйнөгө, айрыкча кошуна өлкөлөрүнө ачылып жатканын айтышууда.
Азаттык Υналгысы
Кыргыз блогерлердин Кытай сапары. Бээжин коңшуларына "ачыла" баштадыбы?
Учурда бир нече кыргызстандык блогер Кытайда жүрөт. Алар Кытайдын жашоо-турмушун чагылдырып, видеолорду жарыялап жатышат. Кытайдын ички көрүнүшүн мындай ачык чагылдырылган учур буга чейин сейрек кездешчү. Эксперттер соңку убакта Бээжин дүйнөгө, айрыкча кошуна…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Израилде аптаптан жана катуу шамалдан чыккан өрт Тель-Авив менен Иерусалимди туташтырган жолго чейин жетти. Күбөлөрдүн айтымында, адамдар унааларын таштап, жалындан жөө качууга аргасыз болушкан. Израил бийлиги элди эвакуациялап, Европанын Биримдигинен өрттү өчүрүүгө жардам сурады.
#израиль #өрт #жаңылыктар #азаттык
#израиль #өрт #жаңылыктар #азаттык
30-апрелде жана бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын кеминде 11 облусуна дрон менен сокку урганын жергиликтүү бийликтер билдирди. Маалыматка караганда, Одесса шаарында эки киши набыт болду. Ошол эле күнү Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол койду.
Азаттык Υналгысы
АКШ-Украина: Минералдык ресурстар келишимине кол коюлду
30-апрелде жана бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын кеминде 11 облусуна дрон менен сокку урганын жергиликтүү бийликтер билдирди. Маалыматка караганда, Одесса шаарында эки киши набыт болду. Ошол эле күнү Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар…
Одессада Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду. АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча "тарыхый" деп сыпатталган келишимге кол коюшту.
АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар депортация болуп, Өзбекстанга учуп келишти. Буга чейин 69 кыргыз жараны Америкадан чыгарылганы кабарланган.
Султанбай Айжигитов атайын кызмат аны кармаганда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн айтты. Журналист Рахманов саясатчынын сөзүн четке кагып, райондук соттон тартылган деген видео жарыялады.
https://www.youtube.com/watch?v=4ge_4URfefI

Жаңылыктар | 1.05.2025 | "Колу-бутубузду кайрып, жаракат алдык"
Одессада Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду. АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча "тарыхый" деп сыпатталган келишимге кол коюшту.
АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар депортация болуп, Өзбекстанга учуп келишти. Буга чейин 69 кыргыз…

1-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты. Билдирүүдө айтылгандай, Нью-Йорк – Ташкент –Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын 20 жараны Кыргызстанга кайтып келди”.
Азаттык Υналгысы
ТИМ кыргызстандык 20 жаран АКШдан депортацияланганын билдирди
1-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты. Билдирүүдө айтылгандай, Нью-Йорк – Ташкент –Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын 20 жараны Кыргызстанга…
Коррупция иши менен кармалган Бопонов акталып, кызматка дайындалды
Шаирбек Бопонов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Шаирбек Бопоновду 2020-жылдын декабрь айында коррупцияга айыптап кармаган.
УКМК “Актилек” өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемага Шаирбек Бопоновдун тиешеси бар экенин, ал жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5 миң сомго чейин алып турганын билдирген.

Кыргызстанда быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү бардык шаарларда өткөнү жатат. Коңшу Казакстанда бийлик андай жүрүшкө тыюу салды.
Азаттык Υналгысы
Астана "Өлбөс полкту" өткөрбөйт, Бишкек уруксат берди
Кыргызстанда быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү бардык шаарларда өткөнү жатат. Коңшу Казакстанда бийлик андай жүрүшкө тыюу салды.
Кыргызстанга жумуртка ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-майдан баштап Кыргызстанга тооктун жумурткасын ташып келүүгө алты айга убактылуу тыюу салды.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 10-февралынан ушул күнгө чейин Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн жумуртка импорт болгон эмес. Тескерисинче, 2025-жылдын январь–март айларында Кыргызстандан бир эле коңшу Казакстанга 8 млн 812 миң жумурутка экспорттолгон. Бул 2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда импорттун көлөмү 10 млн 760 миңге азайып, экспорттун көлөмү 8 млн 756 миңге көбөйгөн.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө ири жана чакан тоок фермаларынын ортосундагы атаандаштыктан улам тооктун жумурткасы көбөйүп кеткенин кошумчалады.
Ушундан улам мекеме дыйкан-фермерлерди жумуртка эмес, тооктун этин өндүрүүнү сунуштады. Маалымат боюнча, Кыргызстанга жылына 91 миң тоннадан ашуун тоок эти кирет. Жумурткага караганда тоок эти бир топ кирешелүү болот.

Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык бюросу «Германия үчүн альтернатива» партиясын (AfD) оңчул экстремисттик уюм деп тааныды. Мекеменин 2-майдагы маалыматына караганда, партия адамдын ар-намысын коргоо принцибин такай бузууда.
Азаттык Υналгысы
«Германия үчүн альтернатива» партиясы "оңчул экстремисттик уюм" деп таанылды
Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык бюросу «Германия үчүн альтернатива» партиясын (AfD) оңчул экстремисттик уюм деп тааныды. Мекеменин 2-майдагы маалыматына караганда, партия адамдын ар-намысын коргоо принцибин такай бузууда.
Буга чейин AfD…
Буга чейин AfD…
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 24 баскычка артка кетти.
Запорожьеде орус армиясынын соккусунан 30 чакты киши жабыркады.
АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар мекенине кайтып келди. Алар Американын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалып, өлкөдөн чыгарылды.
https://www.youtube.com/watch?v=nEW8iymQtQA

Жаңылыктар | 2.05.2025 | Көп кыргызстандыктар эскертүү алды
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 24 баскычка артка кетти.
Запорожьеде орус армиясынын соккусунан 30 чакты киши жабыркады.
АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар мекенине кайтып келди. Алар Американын миграциялык…

3-майда белгиленген Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнүн урматына R.E.M. рок-тобу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун 75 жылдыгына арнап, 1981-жылы жараткан “Эркин Европа радиосу” деген ырын кайра чыгарарын жарыялады.
Азаттык Υналгысы
R.E.M. рок-тобунун 44 жыл мурун "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна арнаган ыры кайра жаңырат
3-майда белгиленген Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнүн урматына R.E.M. рок-тобу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун 75 жылдыгына арнап, 1981-жылы жараткан “Эркин Европа радиосу” деген ырын кайра чыгарарын жарыялады.
Нетаньяхунун Азербайжанга сапары болбой калды
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун 7-майдагы Азербайжанга сапары кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим Газа тилкесине жаңы чабуулдарга даярданып жатканы жана Сириядагы кырдаалга байланыштуу Израил менен Түркиянын мамилеси кайрадан курчуп турган шартта кабыл алынды.
Нетаньяху 7-майда Бакуга барып, 11-майга чейин Азербайжанда болоору күтүлүп жаткан. Израил менен Азербайжан коргонуу жана энергетика тармактарында кызматташып, эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилеси бар.
Ишемби күнү кечинде Израил премьер-министринин аппараты “Газа тилкеси менен Сириядагы окуяларга байланыштуу”, ошондой эле “саясий иш-чаралардын тыгыз графиги жана коопсуздук чараларынан” улам Нетаньяхунун сапары башка күндөргө жылдырылганын билдирди. Бирок кайсы даталарга жылганы айтылган жок.

АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болууда
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда 25 жаштагы А уулу Б аттуу кыргыз жараны изделип жатканын ырастады. Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги ал өлкөдөгү тиешелүү органдар менен иш алып барууда.
Элчилик жарандын туугандары менен байланышта болуп, зарыл чараларды көрүп жатканы кабарланды.
Буга чейин социалдык тармактарда АКШда Аскар уулу Барчын аттуу кыргыз жараны бир айдан бери дайыны чыкпай жатканы жөнүндө маалымат тараган. Ал Вашингтондо жашап жүргөнү айтылууда.

‼️Орусияда курулушта иштеп жаткан үч кыргызстандыкты уранды басып каза болду
Орусиянын Геленжик шаарындагы курулуштагы кырсыктан үч кыргызстандык каза болуп, дагы бири ооруканага түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 4-майда Геленжик шаарындагы курулуш аянтчасында топурактын алдынан үч кыргыз жаранынын сөөгү чыгарылды. Учурда сөөк шаардагы өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Кырсыктан дагы бир кыргызстандык жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө байланыштуу иш-чараларды көзөмөлдөө үчүн окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери жөнөтүлдү.