«Азаттык» радиосу
5.13K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.85K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Султанбай Айжигитов жубайы менен кошо УКМКга чакырылганын билдирди

Жакында БШК депутаттык мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо билдирди.

Анда саясатчынын үйүнө УКМКнын кызматкери келип, жубайы экөөнү тергөөгө чакырганын көрүүгө болот.

Тасмада өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган адам Султанбай Айжигитовдун жубайынын Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына орноштурууга байланыштуу Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш тергелип жатканын, анын алкагында Айжигитов жана жубайы көрсөтмө бериши керектигин билдирген. УКМКнын кызматкери делген адам Султанбай Айжигитовду күбө катары чакырып жатканын да кошумчалаган.

Бул иш боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети комментарий бере элек.

@azattyk_radiosu
"Маариф" мурдагы "Сапат" фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда диниятчы Фетхулла Гүлендин "кыймылына байланышы бар" делген негизде кармалганы маалым болду.

Президент Путин Жеңиш күнүнө карата ок атууну убактылуу токтотууну сунуштады. Украин лидери Зеленский Кремлдин сунушун "шылдың" деп сыпаттады.

Дубайда өзбекстандык кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жапырт мушташкан окуядан кийин Абу-Даби Ташкентке эскертүү берди. Соңку окуялар кыргызстандыктарга кандай таасир этиши ыктымал?

https://www.youtube.com/watch?v=NziAF7ECp-c&t=5s
«Азаттык» радиосу
Түркияда кармалган мугалим “Малтепе” абагында экени белгилүү болду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагында камакта жатканын билдирди. Министрлик Башкы консулдуктун кызматкерлери абакка барып, анын жетекчилиги менен жакын арада Азамат Нурмат уулун жакындары менен телефондон сүйлөштүрүү боюнча маселени талкуулаганын кошумчалады.

29-апрелде Тышкы иштер министрлигинде мугалимдин үй-бүлөсү, адвокаты жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция өткөрүлдү. Адвокат Азамат Нурмат уулунун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды Бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын…
Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды

30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды.

Жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген. Мыйзам боюнча, иш тергөөдөн сотко өткөндөн кийин судьяга үч күндүн ичинде камактагы адамдын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз берсе болот. 30-апрелде Канышай Мамыркулованынун адвокаттарынын арызы каралып, сот аны четке какты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
МОСКВАДА КАФЕДЕ МИГРАНТТАР САБАЛДЫ

25-апрелде Москвадагы кафелердин биринде атайын дайындалган СОБР кызматкерлери рейд өткөрүп, күч колдонгон. Бул кадрларды “Мигрант Медиа” редакциясына окурман жиберген. Анын айтымында, мигранттар иштеген бул кафеде акыркы бир айда 3 жолу рейд болду. Видеодо куралчан, беткап кийген күч кызматкерлери кафеге басып кирип, кардарларды жерге жаткырып, одоно мамиле жасап жатканын көрүүгө болот.

@azattyk_radiosu
Бишкектин 1-Май райондук соту Боршайком мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитовду жана анын аялы - Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды. Айжигитов атайын кызмат тапкан айыпты "саясий куугунтук" деп баалаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 20-мартта кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырып, адвокаттардын арызын четке какты.

Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын эскертти. Эки коңшунун араздашуусу Кашмир аймагында ондогон турист каза болгон кол салуудан кийин курчуду.

Москвада беткапчан, куралчан, аскер кийимчен бирөөлөр борборазиялыктар иштеткен кафеге кирип келип, ур токмокко алган видеосу тарады.
https://www.youtube.com/watch?v=_lqsjftWZmc
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Учурда бир нече кыргызстандык блогер Кытайда жүрөт. Алар Кытайдын жашоо-турмушун чагылдырып, видеолорду жарыялап жатышат. Кытайдын ички көрүнүшүн мындай ачык чагылдырылган учур буга чейин сейрек кездешчү. Эксперттер соңку убакта Бээжин дүйнөгө, айрыкча кошуна өлкөлөрүнө ачылып жатканын айтышууда.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Израилде аптаптан жана катуу шамалдан чыккан өрт Тель-Авив менен Иерусалимди туташтырган жолго чейин жетти. Күбөлөрдүн айтымында, адамдар унааларын таштап, жалындан жөө качууга аргасыз болушкан. Израил бийлиги элди эвакуациялап, Европанын Биримдигинен өрттү өчүрүүгө жардам сурады.

#израиль #өрт #жаңылыктар #азаттык
30-апрелде жана бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын кеминде 11 облусуна дрон менен сокку урганын жергиликтүү бийликтер билдирди. Маалыматка караганда, Одесса шаарында эки киши набыт болду. Ошол эле күнү Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол койду.
Одессада Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду. АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча "тарыхый" деп сыпатталган келишимге кол коюшту.

АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар депортация болуп, Өзбекстанга учуп келишти. Буга чейин 69 кыргыз жараны Америкадан чыгарылганы кабарланган.

Султанбай Айжигитов атайын кызмат аны кармаганда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн айтты. Журналист Рахманов саясатчынын сөзүн четке кагып, райондук соттон тартылган деген видео жарыялады.

https://www.youtube.com/watch?v=4ge_4URfefI
Коррупция иши менен кармалган Бопонов акталып, кызматка дайындалды

Шаирбек Бопонов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Шаирбек Бопоновду 2020-жылдын декабрь айында коррупцияга айыптап кармаган.

УКМК “Актилек” өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемага Шаирбек Бопоновдун тиешеси бар экенин, ал жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5 миң сомго чейин алып турганын билдирген.

@azattyk_radiosu
Кыргызстанга жумуртка ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-майдан баштап Кыргызстанга тооктун жумурткасын ташып келүүгө алты айга убактылуу тыюу салды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 10-февралынан ушул күнгө чейин Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн жумуртка импорт болгон эмес. Тескерисинче, 2025-жылдын январь–март айларында Кыргызстандан бир эле коңшу Казакстанга 8 млн 812 миң жумурутка экспорттолгон. Бул 2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда импорттун көлөмү 10 млн 760 миңге азайып, экспорттун көлөмү 8 млн 756 миңге көбөйгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө ири жана чакан тоок фермаларынын ортосундагы атаандаштыктан улам тооктун жумурткасы көбөйүп кеткенин кошумчалады.

Ушундан улам мекеме дыйкан-фермерлерди жумуртка эмес, тооктун этин өндүрүүнү сунуштады. Маалымат боюнча, Кыргызстанга жылына 91 миң тоннадан ашуун тоок эти кирет. Жумурткага караганда тоок эти бир топ кирешелүү болот.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 24 баскычка артка кетти.
Запорожьеде орус армиясынын соккусунан 30 чакты киши жабыркады.
АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар мекенине кайтып келди. Алар Американын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалып, өлкөдөн чыгарылды.
https://www.youtube.com/watch?v=nEW8iymQtQA
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM