«Азаттык» радиосу
5.14K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.84K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Гүлнара Каримованын чет жактан кайтарылган активдеринин бир бөлүгү мугалимдерге сарпталат

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын Швейцариядан кайтарылган активдеринин бир бөлүгү 600 миң эне менен балага жана жүз миңдеген мугалимдерге сарпталат.

Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Каримованын активдерин башка өлкөлөрдөн кайтарып алуу боюнча иш алып барган бул министрлик эне жана баланын ден соолугун сактоо багытына 43,5 миллион доллар бөлгөн. Перинаталдык борборлорду жабдууга 31,5 миллион доллар сарпталат. Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерге 5840 жабдуу жеткирилген. Сатып алуу жана импорттоо процесстери Улуттар Уюмунун катышуусу менен ишке ашырылууда.

50 миң медициналык кызматкерди окутууга 5,5 миллион доллар бөлүнөт.

Мындан тышкары, Гүлнара Каримованын активдеринин 25 миллион доллары мектептерди жабдууга жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жумшалат.

@azattyk_radiosu
Түндүк Корея аскерлери Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады.

Президенттер Трамп менен Зеленский Ак үйдө кайым айтышкандан кийин өткөн аптада Ватиканда жолукту. Трамп Путинден Украинага сокку урууну токтотуп, тынчтыкка жетүүнү талап кылды.

Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды. Журналисттик коом бийликти сындоо кылмыш эмес экенин белгилеп, эркин медианын абалына кабатыр болууда.

https://youtu.be/gs8Eb6vDmwg
Кыргызстанда президенттик шайлоо мындан ары январь айында өтөт

Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт. Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт. Мамлекет башчы сунуштаган мыйзам долбоорун парламент 16-апрелде кабыл алып, Садыр Жапаров ага 28-апрелде кол койду.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтмөк. Мындан ары шайлоо эми январь айынын төртүнчү жекшембисинде болот.

@azattyk_radiosu
‼️БУУнун комитети сотто Жакупованын, Нарын Айыптын укугу бузулган деп тапты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын мурдагы бийлиги юрист, “Адилет” укуктук клиникасынын негиздөөчүсү Чолпон Жакупованын жана маркум журналист Нарын Айыптын укугун бузган деп тапты. Бул тууралуу комитет жарыялаган чечимде айтылат.

БУУнун комитети адвокат менен журналистке каршы 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чыгарылган соттун чечимдерин талдап ушундай жыйынтыкка келген.

Чолпон Жакупова жана Нарын Айып Кыргызстанда өз укуктарын коргоонун башка куралы калбай калганын айтып, 2018-жылы апрель айында БУУнун комитетине кайрылып, кесиптик ишмердиги үчүн ал кездеги президенттин куугунтугуна кабылганын айтышкан.

2017-жылдын жазында ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева “Zanozakg сайтына чыккан айрым материалдар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди” деп сотко беш доо арыз берген. 2017-жылы аталган сайтка Чолпон Жакупова менен маек жарыяланган.

Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурордун Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, Zanozakg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом доого жыгылган.

Андан тышкары “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Алмазбек Атамбаев бул доолордон баш тарткан.

Жогорку сот Zanozakg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, укук коргоочу Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Бирок бул соттук доолордон соң Zanozakg сайты ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Буга чейин БУУнун комитети сотто журналист Дина Маслованын да укугу бузулган деп тапкан.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Орус аскерлеринин көбү согуштан чарчады". Мурдагы "вагнерчинин" баяны

Михаил (аты өзгөртүлдү) «Вагнер» компаниясына жалданган мурдагы жоочу. Согуштан качып, мекенине кайтып барган Михаил анонимдүү шартта журналисттерге баштан өткөргөнүн айтып, майдандагы чыныгы көрүнүш Орусиянын жашоочуларына жетпей турганын, телеберүүлөрдө аларга башкача маалымат берилип, кадрлар көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Коопсуздукка байланыштуу Михаилдын жүзү, кайсы өлкөнүн жараны экени айтылбайт.
Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши башталды

29-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Чек араны тосуу иштери үчүн бул аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп,чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген. Биринчи этапта 420 км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат. Чек арага зым тартуу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Султанбай Айжигитов жубайы менен кошо УКМКга чакырылганын билдирди

Жакында БШК депутаттык мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо билдирди.

Анда саясатчынын үйүнө УКМКнын кызматкери келип, жубайы экөөнү тергөөгө чакырганын көрүүгө болот.

Тасмада өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган адам Султанбай Айжигитовдун жубайынын Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына орноштурууга байланыштуу Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш тергелип жатканын, анын алкагында Айжигитов жана жубайы көрсөтмө бериши керектигин билдирген. УКМКнын кызматкери делген адам Султанбай Айжигитовду күбө катары чакырып жатканын да кошумчалаган.

Бул иш боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети комментарий бере элек.

@azattyk_radiosu
"Маариф" мурдагы "Сапат" фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда диниятчы Фетхулла Гүлендин "кыймылына байланышы бар" делген негизде кармалганы маалым болду.

Президент Путин Жеңиш күнүнө карата ок атууну убактылуу токтотууну сунуштады. Украин лидери Зеленский Кремлдин сунушун "шылдың" деп сыпаттады.

Дубайда өзбекстандык кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жапырт мушташкан окуядан кийин Абу-Даби Ташкентке эскертүү берди. Соңку окуялар кыргызстандыктарга кандай таасир этиши ыктымал?

https://www.youtube.com/watch?v=NziAF7ECp-c&t=5s
«Азаттык» радиосу
Түркияда кармалган мугалим “Малтепе” абагында экени белгилүү болду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагында камакта жатканын билдирди. Министрлик Башкы консулдуктун кызматкерлери абакка барып, анын жетекчилиги менен жакын арада Азамат Нурмат уулун жакындары менен телефондон сүйлөштүрүү боюнча маселени талкуулаганын кошумчалады.

29-апрелде Тышкы иштер министрлигинде мугалимдин үй-бүлөсү, адвокаты жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция өткөрүлдү. Адвокат Азамат Нурмат уулунун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды Бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын…
Сот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды

30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды.

Жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген. Мыйзам боюнча, иш тергөөдөн сотко өткөндөн кийин судьяга үч күндүн ичинде камактагы адамдын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз берсе болот. 30-апрелде Канышай Мамыркулованынун адвокаттарынын арызы каралып, сот аны четке какты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
МОСКВАДА КАФЕДЕ МИГРАНТТАР САБАЛДЫ

25-апрелде Москвадагы кафелердин биринде атайын дайындалган СОБР кызматкерлери рейд өткөрүп, күч колдонгон. Бул кадрларды “Мигрант Медиа” редакциясына окурман жиберген. Анын айтымында, мигранттар иштеген бул кафеде акыркы бир айда 3 жолу рейд болду. Видеодо куралчан, беткап кийген күч кызматкерлери кафеге басып кирип, кардарларды жерге жаткырып, одоно мамиле жасап жатканын көрүүгө болот.

@azattyk_radiosu
Бишкектин 1-Май райондук соту Боршайком мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитовду жана анын аялы - Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды. Айжигитов атайын кызмат тапкан айыпты "саясий куугунтук" деп баалаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 20-мартта кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырып, адвокаттардын арызын четке какты.

Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын эскертти. Эки коңшунун араздашуусу Кашмир аймагында ондогон турист каза болгон кол салуудан кийин курчуду.

Москвада беткапчан, куралчан, аскер кийимчен бирөөлөр борборазиялыктар иштеткен кафеге кирип келип, ур токмокко алган видеосу тарады.
https://www.youtube.com/watch?v=_lqsjftWZmc
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Учурда бир нече кыргызстандык блогер Кытайда жүрөт. Алар Кытайдын жашоо-турмушун чагылдырып, видеолорду жарыялап жатышат. Кытайдын ички көрүнүшүн мындай ачык чагылдырылган учур буга чейин сейрек кездешчү. Эксперттер соңку убакта Бээжин дүйнөгө, айрыкча кошуна өлкөлөрүнө ачылып жатканын айтышууда.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Израилде аптаптан жана катуу шамалдан чыккан өрт Тель-Авив менен Иерусалимди туташтырган жолго чейин жетти. Күбөлөрдүн айтымында, адамдар унааларын таштап, жалындан жөө качууга аргасыз болушкан. Израил бийлиги элди эвакуациялап, Европанын Биримдигинен өрттү өчүрүүгө жардам сурады.

#израиль #өрт #жаңылыктар #азаттык
30-апрелде жана бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын кеминде 11 облусуна дрон менен сокку урганын жергиликтүү бийликтер билдирди. Маалыматка караганда, Одесса шаарында эки киши набыт болду. Ошол эле күнү Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол койду.