«Азаттык» радиосу
5.15K subscribers
4.03K photos
519 videos
29 files
6.83K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
ТИМ: Түркияда жер титирөөдөн кыргыз жарандары жабыркаган жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) алдын ала маалымат боюнча Түркиянын Стамбул шаарында жана Силиври районунда 23-апрелде болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.

Министрлик Стамбулдун жана анын айланасындагы аймактарда жашаган кыргыз жарандарын жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн так сактоого чакырды.

Стамбул шаарында 23-апрелде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Өлкөнүн расмий органдары табигый кырсык бир катар имараттарга зыян келтиргенин, андан 150дөн ашуун адам жабыркаганын жана күн бою бир нече жолу жер силкингенин кабарлады.

@azattyk_radiosu
https://www.youtube.com/watch?v=8twDB6VNgfk

“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?

Тышкы иштер министрлиги Ысык-Көлдөгү лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады. Окуучуларын Анталиядагы олимпиадага алып бараткан мугалимди кармоого эмне себеп?

Орус башкы дипломаты Сергей Лавровдун Өзбекстанда айткан сөзү талкуу жаратты. Ал Самарканддагы Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтеги англисче жазууну сындап, “эмне үчүн орус тилинде жок” деп капа болгон.

#россотрудничество #орусия #түркия #кыргызстан
Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер үч жылдык пробация менен абактан бошотулду


24-апрелдин кечинде "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды. Абактан чыккандардын жакындарынын айтымында, бейшемби күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.

Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Жакындары соттун чечими күтүүсүз болгонун айтууда. https://www.azattyk.org/a/33395889.html
Камчыбек Ташиев Орусиянын элчисин кабыл алганы кабарланууда
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазышты. https://www.azattyk.org/a/33396589.html
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.

Орусиялык депутат Михаил Матвеевдин Оштогу кармоого байланыштуу Кыргызстанды "уюм" деп атаганы жана өлкөгө акча которууга чектөө киргизүүгө чакырганы сынга кабылды. Кыргыз депутаты Дастан Бекешев Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштады.

Украинада орус күчтөрүнүн соңку соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. АКШ президенти Дональд Трамп бир күн мурунку Киевдеги чабуул үчүн Путинди айыптады.
https://www.youtube.com/watch?v=QcHCD06P2ic

#бүгүназаттыкта #кыргызстан #орусия #жанылыктар
БУУ: Беларуста 30дан ашык киши мажбурлоо менен психиатриялык ооруканага жаткырылган

Беларуста 2020-жылдан бери өкмөттүн саясатын сындаган кеминде 33 адам мажбурлоо менен психиатриялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу БУУнун өкүлү билдиргенин "Настоящее время" телеканалы жазды.

Маалыматка караганда, 33 адамдын сегизи ооруканадан чыгарылган. Калган 25 адамдын абалы тууралуу так маалымат жок.

БУУнун эксперттери беларус бийлигин ооруканага жаткырылган адамдарды адвокат менен камсыз кылып, өз укуктарын коргоо үчүн шарт түзүп берүүгө чакырды.

Маалыматта психиатриялык ооруканага мажбурлап жаткыруу адам укуктарын одоно бузуп, тебелеп-тепселөө экени эскертилген. (Иллюстрация сүрөт)

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Тренд жараткан Дубай шоколады мисте тартыштыгына алып келди

Дубай шоколадына болгон суроо-талаптын өсүшү дүйнөдө мисте тартыштыгына алып келди. Financial Times басылмасы жарым кило мистенин баасы 30% кымбаттаганын жазды.

@azattyk_radiosu
Reuters Трамптын Украинадагы согушту токтотуу боюнча сунушунун текстин жарыялады

25-апрелде Reuters агенттиги Вашингтондун сунушунун текстин жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, Парижде өткөн 17-апрелдеги жолугушууда Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Европа өлкөлөрүнүн делегаттарын документ менен тааныштырган. Reuters документтеги текст эч өзгөртүүсүз жарыялаганын жазды. Расмий тараптар басылма жарыялаган макала тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары булактарына таянып, документтеги айрым сунуштар тууралуу жазышкан.

Документте Украина “Европа мамлекеттери жана башка өлкөлөрдөн” коопсуздук кепилдигин алары, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектиги, бирок Евробиримдикке кирүүгө аракет көрсө болору камтылган.

Ошондой эле Кошмо Штаттар аннексияланган Крымда Орусиянын көзөмөлүн тааный турганы, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын тааныбай турганы жазылган. Орус аскерлери Харьковдон аскерлерин чыгарып кетиши керектиги айтылат.

@azattyk_radiosu
Орусия: Генерал Москаликтин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду

Орусиянын Тергөө комитети Балашиха шаарынын чет жакасында “Фольксваген Гольф” автоунаасы жарылганы боюнча "киши өлтүрүү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

ТАСС агенттиги Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренконун маалыматына таянып, жарылуудан Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын негизги оперативдик башкармалыгынын орун басары, генерал-лейтенант Ярослав Москалик каза болгонун жазды.

25-апрелде алыстан башкарылган бомба Москалик автоунаага жакындаганда же отурганда жарылган болушу мүмкүн экенин Baza Telegram каналы жазды. Жарылуу Москалик жашаган үйдүн түбүндө болгон.

@azattyk_radiosu
Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясы өтүп жатат

Ватикандагы Ыйык Петр аянтына миңдеген киши чогулуп, Рим папасы Франциск менен коштошууда. Тажыяны уюштурууну Кардиналдар коллегиясынын деканы, кардинал Жованни Баттиста Ре жетектейт.

Францисктин сөөгү соңку 100 жылдан ашуун маалда биринчи жолу Ватикандын сыртында, Римдеги Санта-Мария-Мажоре базиликасына коюлат.

Рим папасынын тажыясына 50дөн ашуун өлкө жетекчилери, анын ичинде АКШ, Аргентина, Франция, Германия, Италия, Польша, Филиппин, Финляндия жана Украинанын лидерлери, Британиянын жана Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары барды.

Папа Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Канадада фестивалда жоон топ адамды автоунаа коюп кетти

Канаданын Ванкувер шаарында фестиваль өтүп жаткан көчөдө бир канча адамды автоунаа коюп кетти.

CBC News маалымат агенттиги полицияга шилтеме берип жазгандай, каза болгондор жана жараат алгандар бар, бирок курмандыктардын так саны азырынча белгисиз.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиз чамасында 41- Чыгыш авенюсу менен Фрейзер көчөсүнүн кесилишинде Филиппиндин Лапу-Лапу күнүнө арналган фестиваль өтүп жатканда болгон.

Айдоочу кармалганы менен полиция толук маалымат бере элек.

@azattyk_radiosu
Индия менен Пакистандын ортосундагы абал 22-апрелде Кашмир жана Жамму аймагында Индиянын жарандары каза тапкандан кийин курчуп кетти.

Индия Пакистанды транс-чек аралык терроризмди колдогону үчүн айыптаса, Пакистан өкмөтү 26 адамдын өмүрүн алган чабуулга тиешеси жок экенин айтууда.

Нью-Дели менен Исламабад ортосунда кырдаал курчугандан бери дипломатиялык жана соода байланыштары чектелди, башкы чек ара өтмөгү жабылып, бири-биринин жарандарына берилчү визаны жокко чыкты. #rfe_rl

@azattyk_radiosu
Иранда порттогу жарылуудан каза болгондор 25 кишиге жетти

Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портундагы жарылуудан каза болгондордун саны 25 кишиге жетип, 1139 адам жараат алганын IRNA агенттиги жазды. Порт жайгашкан Хормозган провинциясында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ишемби күнү портто катуу жарылуу болуп, Бендер-Аббас шаарынын батыш тарабындагы өндүрүштүк ишканалар жана бир катар жайлар жабыркаган. Ирандык медиа билдиргендей, жарылуунун айынан алыстагы бир канча имараттын терезеси күбүлүп түшкөн.

Кризистик кырдаалды башкаруу боюнча ирандык уюмдун өкүлү Хоссейн Зафари жарылуу химиялык заттар контейнерде туура эмес сакталгандан улам чыкканын айтты. Бирок себеби белгилүү болмоюнча, азырынча бул тууралуу так кесе айтууга мүмкүн эместигин билдирди.

@azattyk_radiosu
Fitch Кыргызстандын насыя рейтингин “туруктуу” деп баалады

Экономика жана коммерция министрлиги Fitch агенттигинин насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан “туруктуу” деңгээлде деп бааланып, алгачкы жолу “B” категориясы ыйгарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Fitch 2022–2024-жылдары Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) жылына орточо 9% деңгээлинде өсүп турганын көрсөтүп, энергетика жана тоо-кен тармагына инвестициялардын көбөйгөнүн белгилеген.

Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 2024-жылы “тобокел” абалдан “туруктуу” деңгээлге чыккан.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, "Ишеним" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды. https://www.azattyk.org/a/31650631.html
Жамиля Исаева вице-спикерлик кызматтан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева 28-апрелде өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ал депутат катары ишин уланта берет. Жамиля Исаева “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин спикеринин үч орун басары бар. “Элдик” депутаттык тобунан Нурланбек Азыгалиев, “Ишеним” фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев шайланган. Эми Жамиля Исаеванын ордуна башка депутат шайланышы керек.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар. Мамлекеттик кызматкердин жалданмачылык беренеси менен кармалышы эмнени билдирет? Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн…
“Жалданмачылыкка” шек саналып кармалгандардын экөө үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина үй камагына чыгарылганын билдирди.

УКМКнын тергөөчүсү анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз берип, райондук сот аны 25-апрелде канааттандырган. Ушул эле күнү бул иш боюнча айып тагылган дагы бир шектүү С.В.Т. аттуу адам да үй камагына коё берилген. Ал Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени кабарланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.

Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышты.

Ошентип, “жалданмачылык” иши боюнча Сергей Лапушкин менен Виктор Васильев камакта жатат. Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко арыз түшпөгөнүн билдирди.

@azattyk_radiosu