«Азаттык» радиосу
⚡️Ош мэриясынын кызматкери жалданмачылыкка шек саналып кармалды Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматкери жалданмачылыкка айыпталып, кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде кызматкердин бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин…
Ошто жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир киши кармалды
Улуттук коопсуздук комитети согушка жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир кишини кармаганы белгилүү болду. Ал Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" кызматкери Наталья Секерина экени айтылууда.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан “Азаттыкка” билдиргендей, шектүү С.Н.В. аттуу жарандын бөгөт чарасы 19-апрелде каралып, 17-ноябрга чейин камакка алуу чечими чыккан. Маалыматта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогону жазылган.
@azattyk_radiosu

Бишкекте мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдө Бишкектеги №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул…
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар.
Мамлекеттик кызматкердин жалданмачылык беренеси менен кармалышы эмнени билдирет?
Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн алдында украин президенти Зеленский ок атышууну токтотуучу бардык диалогго даярдыгын айтты. Путин да Киев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ачык экенин ишарат кылды.
Орусия мыйзамсыз мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартты. Кыргыз тарап Москваны мончодогу чуулгандуу окуяны адилеттүү иликтөөгө чакырды.
https://www.youtube.com/watch?v=i4rDWm4nlEU

YouTube
Жаңылыктар | 22.04.2025 | Ошто “жалданмачылыкка” шектелген төрт адам кармалды
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар.
Мамлекеттик кызматкердин жалданмачылык беренеси менен кармалышы эмнени билдирет?
Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн…

"Оскар" үчүн жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган тасмалар дагы ат салыша алат
Эми жасалма интеллект (AI) колдонулуп тартылган тасмалар да "Оскар" сыйлыгына талапкер боло алат. Бул тууралуу Американын кино академиясы 21-апрелде жарыялады. Бул чечим мекеменин Илим жана технология боюнча кеңешинин сунушунун негизинде кабыл алынган.
Жаңы эрежелерге ылайык генеративдүү AI колдонулган тасмалар номинацияга көрсөтүлүүгө жарактуу деп эсептелет. Бирок жеңүүчүлөрдү тандоодо адамдын чыгармачылык салымы негизги фактор бойдон калат.
Жасалма интеллекттин колдонулушу кино тармагында чоң талкуу жаратууда. Буга быйыл март айында "Оскарды" алган актёр Адриан Бродинин "Бруталист" фильминде AI аркылуу венгер акценти жакшыртылышы себеп болду.
Ушундай эле технология быйыл "Оскар" алган "Эмилия Перес" музыкалык тасмасында дагы колдонулган. Ал жерде жасалма интеллекттин жардамы менен ырчынын үнү жакшыртылып, ырдоо стили туураланган.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Пилон спорту боюнча Казакстандын
чемпиону Бакыт Кадырова улуттук казак көйнөгүн
кийип бийлегендиги үчүн сынга кабылды.
Бийчи бул стриптиз эмес, профессионалдуу спорт
экенин түшүндүрүп, өзүнүн перформансында
заманбап, эркин жана күчтүү аялдын образын
көрсөтүүнү каалаганын айтты.
Ал эки балалуу болгондон кийин пилон спортуна
келгенин, өзүнүн студиясын ачканын жана өлкө
чемпиону болгонун айтып берди.
#пилон #спорт #казакстан

Ошто жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир киши кармалды Улуттук коопсуздук комитети согушка жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир кишини кармаганы белгилүү болду. Ал Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы…
❗️“Русский дом” Кыргызстанда кармалган кызматкери боюнча комментарий берди
Кыргызстандагы бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлү жалданмачылыкка шек саналып кармалган кызматкери Наталья Секерина тууралуу комментарий бергенин жазышты.
“Россотрудничество” Наталья Секерина Кыргызстандын жараны экенин, бул уюмда 2024-жылдын июль айынан бери иштеп келатканын жана ал Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” медиа менен кызматташуу ишине жооп берерин билдирген. Ошондой эле Орусиянын илим жана маданият борбору өкмөттөр аралык келишимдин негизинде гана иш алып барарын кошумчалаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон. Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Алардын толук аты-жөнү азырынча белгисиз.

Украинада кайрадан кандуу чабуул. Зеленский Крымдын оккупациясын тааныбай турганын билдиргенден соң Лондондогу башкы жыйын да өтпөй калды. Вашингтондун тынчтык планы четке кагылдыбы?
Кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери башталууда. Чек арада зым кайсы жерге тартылат?
Ал тапта “Россотрудничествого” караган "Орус үйү" Кыргызстанда жалдануучулукка шек саналып кармалган кызматкери тууралуу түшүндүрмө берди.
https://www.youtube.com/watch?v=vEKD5gF_6TU

Жаңылыктар | 23.04.2025 | Кыргыз-тажик чек арасы: Зым тартуу иши башталат
Украинада кайрадан кандуу чабуул. Зеленский Крымдын оккупациясын тааныбай турганын билдиргенден соң Лондондогу башкы жыйын да өтпөй калды. Вашингтондун тынчтык планы четке кагылдыбы?
Кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери башталууда. Чек арада зым…
Кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери башталууда. Чек арада зым…
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
“Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулунун жакындары ал Түркияга кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылды.
Маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. 32 жаштагы Азамат Нурмат уулу ошондон бери дайынсыз болуп жатат.
Анын жубайы Ирзван Пахридин кызы жана апасы Гүлсара Шамурзаева Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпай жатканын айтып, бийликтен жардам сурады.
#себат #сапат #түркия #мугалим #маариф

ТИМ: Түркияда жер титирөөдөн кыргыз жарандары жабыркаган жок
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) алдын ала маалымат боюнча Түркиянын Стамбул шаарында жана Силиври районунда 23-апрелде болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.
Министрлик Стамбулдун жана анын айланасындагы аймактарда жашаган кыргыз жарандарын жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн так сактоого чакырды.
Стамбул шаарында 23-апрелде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Өлкөнүн расмий органдары табигый кырсык бир катар имараттарга зыян келтиргенин, андан 150дөн ашуун адам жабыркаганын жана күн бою бир нече жолу жер силкингенин кабарлады.

“Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулунун жакындары ал Түркияга кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылды. Маалыматка…
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
https://www.youtube.com/watch?v=8twDB6VNgfk
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?
Тышкы иштер министрлиги Ысык-Көлдөгү лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады. Окуучуларын Анталиядагы олимпиадага алып бараткан мугалимди кармоого эмне себеп?
Орус башкы дипломаты Сергей Лавровдун Өзбекстанда айткан сөзү талкуу жаратты. Ал Самарканддагы Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтеги англисче жазууну сындап, “эмне үчүн орус тилинде жок” деп капа болгон.
#россотрудничество #орусия #түркия #кыргызстан

Жаңылыктар | 24.04.2025 | Түркияда дайынсыз кеткен мугалим
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?…
"Регнум" маалымат агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова Телеграмга Васильев алардын Африка жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти экенин жарыялады.
https://www.azattyk.org/a/33395837.html
https://www.azattyk.org/a/33395837.html
Азаттык Υналгысы
Орусиялык ЖМК жалдануу ишине айыпталгандардын бири Виктор Васильев экенин жазды
24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамдын бири орусиялык Виктор Васильев экенин жазды.
"Регнум" маалымат агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова Телеграмга Васильев алардын Африка жана Борбор…

Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер үч жылдык пробация менен абактан бошотулду
24-апрелдин кечинде "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды. Абактан чыккандардын жакындарынын айтымында, бейшемби күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.
Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Жакындары соттун чечими күтүүсүз болгонун айтууда. https://www.azattyk.org/a/33395889.html

24-апрелдин кечинде "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы…
Камчыбек Ташиев Орусиянын элчисин кабыл алганы кабарланууда
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазышты. https://www.azattyk.org/a/33396589.html

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазышты.
Маалыматта…
Маалыматта…
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Орусиялык депутат Михаил Матвеевдин Оштогу кармоого байланыштуу Кыргызстанды "уюм" деп атаганы жана өлкөгө акча которууга чектөө киргизүүгө чакырганы сынга кабылды. Кыргыз депутаты Дастан Бекешев Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштады.
Украинада орус күчтөрүнүн соңку соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. АКШ президенти Дональд Трамп бир күн мурунку Киевдеги чабуул үчүн Путинди айыптады.
https://www.youtube.com/watch?v=QcHCD06P2ic
#бүгүназаттыкта #кыргызстан #орусия #жанылыктар

Жаңылыктар | 25.04.2025 | “Жалданмачылык иши”: Ташиев орус элчисин кабыл алды
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Орусиялык депутат Михаил Матвеевдин…
Орусиялык депутат Михаил Матвеевдин…
БУУ: Беларуста 30дан ашык киши мажбурлоо менен психиатриялык ооруканага жаткырылган
Беларуста 2020-жылдан бери өкмөттүн саясатын сындаган кеминде 33 адам мажбурлоо менен психиатриялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу БУУнун өкүлү билдиргенин "Настоящее время" телеканалы жазды.
Маалыматка караганда, 33 адамдын сегизи ооруканадан чыгарылган. Калган 25 адамдын абалы тууралуу так маалымат жок.
БУУнун эксперттери беларус бийлигин ооруканага жаткырылган адамдарды адвокат менен камсыз кылып, өз укуктарын коргоо үчүн шарт түзүп берүүгө чакырды.
Маалыматта психиатриялык ооруканага мажбурлап жаткыруу адам укуктарын одоно бузуп, тебелеп-тепселөө экени эскертилген. (Иллюстрация сүрөт)

Тренд жараткан Дубай шоколады мисте тартыштыгына алып келди
Дубай шоколадына болгон суроо-талаптын өсүшү дүйнөдө мисте тартыштыгына алып келди. Financial Times басылмасы жарым кило мистенин баасы 30% кымбаттаганын жазды.
@azattyk_radiosu
Дубай шоколадына болгон суроо-талаптын өсүшү дүйнөдө мисте тартыштыгына алып келди. Financial Times басылмасы жарым кило мистенин баасы 30% кымбаттаганын жазды.
@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
https://www.youtube.com/watch?v=8twDB6VNgfk “Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун…
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Reuters Трамптын Украинадагы согушту токтотуу боюнча сунушунун текстин жарыялады
25-апрелде Reuters агенттиги Вашингтондун сунушунун текстин жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, Парижде өткөн 17-апрелдеги жолугушууда Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Европа өлкөлөрүнүн делегаттарын документ менен тааныштырган. Reuters документтеги текст эч өзгөртүүсүз жарыялаганын жазды. Расмий тараптар басылма жарыялаган макала тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары булактарына таянып, документтеги айрым сунуштар тууралуу жазышкан.
Документте Украина “Европа мамлекеттери жана башка өлкөлөрдөн” коопсуздук кепилдигин алары, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектиги, бирок Евробиримдикке кирүүгө аракет көрсө болору камтылган.
Ошондой эле Кошмо Штаттар аннексияланган Крымда Орусиянын көзөмөлүн тааный турганы, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын тааныбай турганы жазылган. Орус аскерлери Харьковдон аскерлерин чыгарып кетиши керектиги айтылат.

Орусия: Генерал Москаликтин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду
Орусиянын Тергөө комитети Балашиха шаарынын чет жакасында “Фольксваген Гольф” автоунаасы жарылганы боюнча "киши өлтүрүү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
ТАСС агенттиги Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренконун маалыматына таянып, жарылуудан Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын негизги оперативдик башкармалыгынын орун басары, генерал-лейтенант Ярослав Москалик каза болгонун жазды.
25-апрелде алыстан башкарылган бомба Москалик автоунаага жакындаганда же отурганда жарылган болушу мүмкүн экенин Baza Telegram каналы жазды. Жарылуу Москалик жашаган үйдүн түбүндө болгон.