«Азаттык» радиосу
5.17K subscribers
4.02K photos
516 videos
29 files
6.81K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
"Орусия менен Казакстандын эки ача пикири." Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Казакстанда кайрадан талкуу жаралды.

"Табышмактуу каттан кийинки кармоо." Бишкекте эки күн мурда кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда.

Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
https://www.youtube.com/watch?v=T9ouESlHjbM&t=95s
УКМК депутат Сыдыгалиевдин Жамангулов боюнча сөзү ырасталбаганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Башкы прокуратура “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловго кылмыш ишин козгоп, каражат алып кайра коё бергени тууралуу маалымат ырасталбаганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул тууралуу парламентте сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Акылбек Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Нурбек Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин мойнуна алганы айтылды.

Нурбек Сыдыгалиев Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектеп турганда Акылбек Жамангуловго кылмыш иши козголуп, ал акча бергенден кийин бошотулганын, буга байланыштуу арыз жазууга да даяр экенин айткан. Андан тышкары канча каражат бергенин да айтып берерин билдирген.

Бул тууралуу вице-спикер 15-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында айткан.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
‼️ Бишкекте мектеп окуучусу классташынын соккусунан каза болду Бишкектеги №31 орто мектепте 7-класстын окуучусу классташынын соккусунан улам каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде болгон. 2011…
Бишкекте мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдө

Бишкектеги №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, соттук-медициналык, биологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ушул тапта мугалимдер, окуучулар сурак берип жатат.

@azattyk_radiosu
❗️Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү эки айга узартылды

17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук судьясы Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнү эки айга узартуу боюнча чечим кабыл алып, кийинки отурум 12-майга белгиленди.

Бүгүнкү соттук жараянда шектүүлөргө акыркы сөзүн сүйлөштү. Фарид Ниязов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбошу керектигин айтса, Равшан Жээнбеков “айыпталуучулардын бийликти басып алуу планы болгон деген кинеси орунсуз” экенин билдирген.

14-апрелдеги соттук отурумда прокурорлор соттон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, Мээрбек Мискенбаевге жана КСДП партиясынын мурдагы өкүлү Кундуз Жолдубаевага үч жылдан пробациялык жаза берүүнү өтүнгөн.

@azattyk_radiosu
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Экс-президенттердин эзелки иштерине чекит коюлганы калдыбы?

Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Түркияда Кара деңиздеги коопсуздук тууралуу жашыруун сүйлөшүү өттү.

Мончодогу рейддин кесепети. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады. Бул түшүндүрмө күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө канчалык дал келет?
https://www.youtube.com/watch?v=yhKuxJwBPeY
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде чыгарганын Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, мурдагы президент айыптуу деп табылганы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.
Казакстанды чет элдик инвесторлор таштап кетүүдө: өткөн жылы өлкөнүн жаңы тарыхында сырттан келген акча 2,5 млрд долларга кемиген. Казакстандыкына караганда экономикасы эки эсе кичине Өзбекстан 2024-жылы 2,8 млрд түз инвестиция тарта алды. Казакстан Борбор Азиядагы экономикалык лидер деген ролун жоготушу мүмкүнбү?
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду, 70тен көп киши жабыркады. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүн баратканын ишарат кылды.

Согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө эмнелер эске алынышы керек? Карапайым украиналыктардын пикири кандай? Киевдеги кыргызстандык менен маектешебиз.

Кыргыз бийлиги "жергиликтүү "Капитал банк" орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты. Эмне себептен санкциялар маселесинде Кыргызстандагы банктардын аты аталууда?
‼️ Жүзүн толук жаап жүргөн адамдар мамлекеттик мекемелерге киргизилбейт

Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбейт. Бул талапты бузган учурда айып пул салынат.

Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын учурунда айтты.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып, 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.

Атайын кызмат Кудайберген уулу конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелип жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун маалымдады.

“Тактап айтканда, К.у.Т. республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Стать пилотом в Кыргызстане непросто. Обучения в Авиационном инситуте - недостаточно. Нужно иметь финансовую возможность и пройти практику - “налетать” 300 часов. Обучиться управлять самолетом теперь можно и в стране - в летной школе, близ Токмака.

https://www.youtube.com/watch?v=Wo0TeAih9Bo&t=8s

@azattyk_radiosu
Элчи Вакунов орус тилинен тест тапшыруу кадыресе көрүнүш экенин айтты

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Орусияда мектеп окуучуларына орус тилинен тест тапшыртуу кадыресе эле көрүнүш жана бул баланын билим деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал Орусиянын ТАСС агенттигине берген комментарийинде айткан.

Вакунов орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, андан тышкары бул өлкөдө орус тили көп колдонуларын кошумчалаган.

Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам апрель айынан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияда мыйзамдуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтсө гана мектепке кирет.

Бала оозеки жана жазуу түрүндө тест тапшырат. Анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү баланын документин, жугуштуу оорулары жок экенин ырастаган медициналык корутундуну, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгү тууралуу документти бериши керек.

@azattyk_radiosu
❗️Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин орто деңгээлден төмөн эмес билиши керек

Министрлер кабинети кабыл алган токтомго ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан баштап ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек.

Мындан тышкары, Кыргызстанда туруктуу жашаган жана Кыргызстандын жараны болгон этностук азчылыктын өкүлдөрү 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) ылдый эмес билиши керек.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Сот Тилекмат Куреновду 19-майга чейин камакка алды

21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) 19-майга чейин камакка алды. Адвокаты Айбек Турдуев сот активистти буга чейин эле сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарганын, бул жолку отурумда так күнү белгиленгенин айтты.

Ал активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу суроого жооп берип, Тилекмат Кудайберген уулу менен чогуу “бул маселе боюнча эч кандай дооматыбыз жок” деген чечим кабыл алышканын кошумчалады.

УКМК 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM