«Азаттык» радиосу
5.18K subscribers
4.02K photos
516 videos
29 files
6.81K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
❗️Орусияда кыргызстандык өспүрүм киши колдуу болду

9-апрелде Москва облусундагы Ермолино айылында тогуз жаштагы кыргызстандык өспүрүм киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шек саналып 14 жаштагы өспүрүм кармалды.

Орусиянын Тергөө комитети окуяга "улуттук жана диний жек көрүү" себеп болгонун билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, бычак жеген өспүрүм "Тез жардам" менен ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.

«Московский комсомолец» гезити өз булактарына таянып, шектүү улутчул маанайдагы баракчаларга жазылганын жазды. Анын телефонунда "скинхед" баракчалардын шилтемелери табылган.

Кыргызстандын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Украина: Сумыдагы чабуулдун курмандыктары 31ге жетти Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылады. Украин президенти Владимир Зеленский соккудан 31 киши каза тапканын тактады, 80ден ашууну ар кандай жараат…
Зеленский Сумы облусунун губернаторун кызматтан бошотту

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Владимир Артюхту кызматынан бошотту. Бул тууралуу Украинанын маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, украин президентинин мындай чечимине Сумы облусунун Конотоп шаарынын мэри Артем Семенихиндин билдирүүсү себеп болду. Семенихин облус жетекчилиги шаарда аскерлердин иш-чарасын өткөрүү менен жай тургундардын коопсуздугуна коркунуч келтиргенин айткан.

Владимир Артюх аталган иш-чара шаарда өткөрүлгөнүн, бирок аны өзү уюштурбаганын билдирген. Анын ордуна Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы болуп Олег Григоров дайындалды.

@azattyk_radiosu
‼️Кыргызстанда абактарда бир күндө эки адам каза болду

Кыргызстанда 14-апрелде абакта жазасын өтөп жаткан эки киши каза тапты. Жаза аткаруу кызматы алар узакка созулган оорудан улам каза болгонун билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, биринчиси Ш.Т. аттуу 62 жаштагы адам. Ал 2016-жылдын 10-июнунда Баткендин Лейлек райондук сотунун өкүмү менен 16 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Быйыл 19-мартта Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 түрмөгө которулган. Мекеме кургак учук оорусунан анын эки өпкөсү тең жабыркаганын, 14-апрелде абалы кескин начарлап каза болуп калганын кабарлады.

Абакта каза болгон экинчи адам 35 жаштагы Адилет Тилек уулу. Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен 18 жыл 4 айга эркинен ажыратылган. Ал 2025-жылдын 11-апрелинде Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колониядан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жайгашкан №10 түрмөгө калган жаза мөөнөтүн өтөө үчүн которулган.

Адилет Тилек уулу 14-апрелде өзүн начар сезип жатканын билдирип, №10 абактын медициналык бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгер ага биринчи жардам көрсөтүп, алдын ала жүрөктүн коронардык оорусу, инфаркт миокарда диагнозу коюлган.

Адилет Тилек уулуyнун апасы Дүйшөкан Байгазиева жана жубайы Насыйкат Долодиярова 15-апрелде Молдовановка айылындагы №27 түрмөнүн алдына барып, ал Чүйдөгү абакта сабалганын айтып, арызданышты.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 9-апрелде Молдовановка айылындагы №27 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 42 жаран айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Сөз болуп жаткан борбор камакта отургандардын жакындары аталган жайда кыйноо, уруп-сабоо болуп, суу бербей, тамак-аш киргизүүгө, жолугушууларга уруксат берилбей жатканын айтып кайрылышканын маалымдаган.

Кыргызстанда буга чейин соттолгон же иши тергелип жаткан адамдар жабык жайларда каза болгон учурлар кездешкен.

@azattyk_radiosu
Жаңылыктар | 15.04.2025 | Чабуулдан Сумыда 35, Курскта бир киши мерт болду

- Укук коргоочу Рита Карасартова кайрадан кармалып, 48 саатка камалды. Мунун алдында Карасартова Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган эле.

- Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Ага жанаша жайгашкан Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда.

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон Кой-Таш иши боюнча сотто жакын арада өкүм чыгары күтүлүүдө. Прокурор Атамбаев баштаган бир нече адамды 10-11 жылга эркинен ажыратууну сурады. https://youtube.com/live/hLdxf2MuM-E
‼️ Бишкекте мектеп окуучусу классташынын соккусунан каза болду

Бишкектеги №31 орто мектепте 7-класстын окуучусу классташынын соккусунан улам каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде болгон. 2011-жылы туулган өспүрүм классташ кызы менен чырлаша кетип, аны уруп жиберген. Анын кесепетинен сокку алган кыз эсине келбей каза болгон. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын милициядан кабарлашты.

Кыргызстанда мектептеги чоңсунуу, тартип бузуу маселеси утур-утур талкууланып келет. Жыл башында Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалган эле. Мындан соң Билим берүү министрлиги билим берүү жайларындагы тартипке көңүл бурулуп, окуя болгон мектептердеги жетекчилик жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралып жатканын билдирген.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
«Азаттык» радиосу
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектеги мектептердин биринде 7-класстын эки окуучусунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, 14 жаштагы кыз каза болду. Бишкек мэриясы жана шаардык милиция териштирүү башталганын билдирди.

Маркум кыздын жакындары окуя боюнча үн ката элек. Бул окуя мектеп окуучуларынын арасындагы чоңсунуу, коопсуздук боюнча маселени кайра козгоду.

@azattyk_radiosu
"Орусия менен Казакстандын эки ача пикири." Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Казакстанда кайрадан талкуу жаралды.

"Табышмактуу каттан кийинки кармоо." Бишкекте эки күн мурда кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда.

Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
https://www.youtube.com/watch?v=T9ouESlHjbM&t=95s
УКМК депутат Сыдыгалиевдин Жамангулов боюнча сөзү ырасталбаганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Башкы прокуратура “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловго кылмыш ишин козгоп, каражат алып кайра коё бергени тууралуу маалымат ырасталбаганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул тууралуу парламентте сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Акылбек Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Нурбек Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин мойнуна алганы айтылды.

Нурбек Сыдыгалиев Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектеп турганда Акылбек Жамангуловго кылмыш иши козголуп, ал акча бергенден кийин бошотулганын, буга байланыштуу арыз жазууга да даяр экенин айткан. Андан тышкары канча каражат бергенин да айтып берерин билдирген.

Бул тууралуу вице-спикер 15-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында айткан.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
‼️ Бишкекте мектеп окуучусу классташынын соккусунан каза болду Бишкектеги №31 орто мектепте 7-класстын окуучусу классташынын соккусунан улам каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде болгон. 2011…
Бишкекте мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдө

Бишкектеги №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, соттук-медициналык, биологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ушул тапта мугалимдер, окуучулар сурак берип жатат.

@azattyk_radiosu
❗️Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү эки айга узартылды

17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук судьясы Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнү эки айга узартуу боюнча чечим кабыл алып, кийинки отурум 12-майга белгиленди.

Бүгүнкү соттук жараянда шектүүлөргө акыркы сөзүн сүйлөштү. Фарид Ниязов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбошу керектигин айтса, Равшан Жээнбеков “айыпталуучулардын бийликти басып алуу планы болгон деген кинеси орунсуз” экенин билдирген.

14-апрелдеги соттук отурумда прокурорлор соттон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, Мээрбек Мискенбаевге жана КСДП партиясынын мурдагы өкүлү Кундуз Жолдубаевага үч жылдан пробациялык жаза берүүнү өтүнгөн.

@azattyk_radiosu
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Экс-президенттердин эзелки иштерине чекит коюлганы калдыбы?

Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Түркияда Кара деңиздеги коопсуздук тууралуу жашыруун сүйлөшүү өттү.

Мончодогу рейддин кесепети. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады. Бул түшүндүрмө күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө канчалык дал келет?
https://www.youtube.com/watch?v=yhKuxJwBPeY
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде чыгарганын Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, мурдагы президент айыптуу деп табылганы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.
Казакстанды чет элдик инвесторлор таштап кетүүдө: өткөн жылы өлкөнүн жаңы тарыхында сырттан келген акча 2,5 млрд долларга кемиген. Казакстандыкына караганда экономикасы эки эсе кичине Өзбекстан 2024-жылы 2,8 млрд түз инвестиция тарта алды. Казакстан Борбор Азиядагы экономикалык лидер деген ролун жоготушу мүмкүнбү?
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду, 70тен көп киши жабыркады. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүн баратканын ишарат кылды.

Согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө эмнелер эске алынышы керек? Карапайым украиналыктардын пикири кандай? Киевдеги кыргызстандык менен маектешебиз.

Кыргыз бийлиги "жергиликтүү "Капитал банк" орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты. Эмне себептен санкциялар маселесинде Кыргызстандагы банктардын аты аталууда?
‼️ Жүзүн толук жаап жүргөн адамдар мамлекеттик мекемелерге киргизилбейт

Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбейт. Бул талапты бузган учурда айып пул салынат.

Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын учурунда айтты.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып, 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.

Атайын кызмат Кудайберген уулу конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелип жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун маалымдады.

“Тактап айтканда, К.у.Т. республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.

@azattyk_radiosu