Акыйткачы кош бойлуу журналисттин кармалышын айыптады
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына "Акыйкатчы институту кош бойлуу журналист айымдын камалганы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Операторду таап жолукканга аракет көрүлүүдө",-деп жазды. Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди.
Анын айтымында, кош бойлуу журналист абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип дарыгерлер "боюнан түшуп калуу коркунучу бар" деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.
Абдирасулова Санрабия менен кошо оператор Калыс Аширбеков дагы камалганын жазды.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист менен оператордун камалганы тууралуу азырынча комментарий бере элек. https://www.azattyk.org/a/32115061.html

«Азаттык» радиосу
Милиция камаган кош бойлуу журналист Сатыбалдиева ооруканага жеткирилди Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди. Анын айтымында, кош бойлуу…
ИИМ кош бойлуу журналист "опузалоого" шек саналып кармалганын билдирди
Ички иштер министрлиги кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирди.
"3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Негизги кылмышка шектүү "МИР24.кж" маалымат порталынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С.К аттуу жаран. Бул ишке байланыштуу аталган маалымат порталдын оператору Б.у.К жана "Жорго-такси" компаниясынын айдоочусу М.М.Х кармалды. Кылмыш ишин тергөө уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Сатыбалдиеванын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча үн ката элек.
@azattyk_radiosu

Баласы түнкүсүн көчөдө кароосуз жүргөндөрдү ата-энелик укуктан ажыратуу сунушталууда
Кыргызстанда балдары түнкүсүн кароосуз жүргөн ата-энелерди аталык жана энелик укуктан ажыратуу же чектөө сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы иштеп чыккан мыйзам долбоору 4-ноябрда коомдук талкууга коюлду. https://www.azattyk.org/a/32115263.html
Долбоорго ылайык, эгер балдары жайкысын түнкү 11ден, ал эми жылдын башка мезгилинде түнкү 10дон таңкы 6га чейинки убакыт аралыгында көчөдө же уруксат берилбеген жайларда кароосуз жүргөн болсо, балдардын укугун коргоочу тийиштүү мамлекеттик органдар алардын ата-энесинин укугун ажыратуу маселесин көтөрүүгө укуктуу болушат.
Депутат мындай демилгени балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштеп чыкканын айтууда.
Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын, алардын көбү ата-энеси миграциядагы же кароосуз жүргөн балдар экенин укук коргоочулар айтып келишет.

Азаттык Υналгысы
Баласы түнкүсүн көчөдө кароосуз жүргөндөрдү ата-энелик укуктан ажыратуу сунушталууда
Кыргызстанда балдары түнкүсүн кароосуз жүргөн ата-энелерди аталык жана энелик укуктан ажыратуу же чектөө сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы иштеп чыккан мыйзам долбоору 4-ноябрда коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, эгер балдары…
Долбоорго ылайык, эгер балдары…
Жаңылыктар | 4.11.2022 | Ханга кол салышты
https://youtu.be/xuhgj2KC-RM
https://youtu.be/xuhgj2KC-RM
YouTube
Жаңылыктар | 4.11.2022 | Ханга кол салышты
Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга кол салуу болду. Ал бул үчүн бийликти айыптады. Жети ай мурда өкмөт башчылыктан алынган Хан мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоону талап кылып, нааразылык акцияларын уюштуруп жүргөн.
Жогорку Кеңештин депутаты…
Жогорку Кеңештин депутаты…
Журналист Санрабия Сатыбалдиева камактан бошотулуп, ооруканага жаткырылды.
Ал тергөөчүнүн "эч жакка кетпөө" тууралуу токтомунун негизинде бошотулду.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Азаттыктын" сайтын эми кантип окуйсуз?
📱Тиркемебизди жүктөп алыңыз.
IOS: https://apps.apple.com/us/app/id1521472502
Android: https://play.google.com/store/apps/details?id=org.rferl.kg

Соңку жылдары моделдик бизнеске аралашкан жигиттердин саны өстү.
Алардын тандоосун коомчулук кандай кабыл алат? Кыргызстанда жана эл аралык аренада модель жигиттерди канчалык баалашат?
“Азаттык+” бул чыгарылышта моделдик бизнестин сырын билген мырзалар менен тааныштырат
https://www.youtube.com/watch?v=NF0a91JGpdQ

Моделдик бизнестин сырын билген жигиттер
Моделинг индустриясынын өнүгүшү менен бул тармакка аралашкан модель жигиттердин саны өстү. Алар кандай стереотиптерге жана тоскоолдуктарга дуушар болушат? Кыргызстанда жана эл аралык аренада алардын баасы канча? “Азаттык+” модель жигиттер менен тааныштырат.…
“Дежавю” спектаклинин премьерасы экинчи ирет болбой калды
Алишер Ниязовдун “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклинин премьерасы экинчи ирет болбой калды.
Бул тууралуу Алишер Ниязов Фейсбуктагы баракчасына жазып, анын себебин түшүндүргөн жок. Маалыматка караганда, спектакль 12-19-ноябрь күндөрү Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда коюлмак.
“Бул күлкүлүү, бирок “Дежавюнун” премьерасы болбойт. Ал менден көз каранды болбогон себептерден улам экинчи ирет жокко чыгарылды. Азырынча комментарий бере албайм”, - деп жазды Алишер Ниязов.
“Сейтек” борбору окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.
Спектаклдин премьерасы быйыл 21-майда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында өтмөк. Бирок Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин комиссиясы аны "элге тартуулоого болбойт" деген чечим чыгарган.

Бишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыкты
5-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайга шаардан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралды. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан 16 делегат сунушталды. Бирок айрымдар тизме макулдашылбай түзүлгөнүн айтты.
“Азыркы берилген тизме эч ким менен макулдашылган эмес. Бул мэриядан келген тизме. Дүжүрлөр. Биз да жаңы тизме беребиз”, - деди катышуучулардын бири.
Бишкекте өткөн жергиликтүү курултайда делегаттардын саны, курултайдын жобосу бекитилди. Анда делегаттарды тандоо каралып, Элдик курултайда көтөрүлө турган маселелер алдын ала талкууланды.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет. Бишкек шаарында квота боюнча делегаттардын жалпы саны 800 адамды түзгөн, административдик райондордун калкынын санына жараша - Ленин району - 203 делегат (278,5 миң жашоочу), Октябрь району - 228 делегат (313,2 миң жашоочу), Биринчи май району - 164 делегат (225,3 миң жашоочу), Свердлов району – 205 делегат (281,4 миң жашоочу). Булардын ичинен борбордон Элдик курултайга 60 делегат шайланып барат.
Президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай чакырылары жазылган.
https://www.azattyk.org/a/32116775.html

5-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайга шаардан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралды. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан 16 делегат сунушталды. Бирок айрымдар…
Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болду
Канттын “Абдыш-Ата” футболдук клубу өзүнүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Ушул тапта “Абдыш-Атада” 53 упай бар. Оштун “Алай” командасы 47 упай менен экинчи орунга илинсе, Бишкектин “Алга” клубу 42, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 40 упай топтоду. 24 турдун жыйынтыгы менен “Абдыш-Атанын” эсебинде 16 жеңиш, беш тең чыгуу жана үч жеңилүү бар.
“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы түптөлгөн. 2002-жылы команда Жогорку лигага көтөрүлгөн. 2006-2009-жылдардагы сезондо экинчи орунду алган.
2021-жылы 15 беттешти жеңип, биринчи орундагы клубдан үч упайга артта калган жана турнирдик жадыбалда экинчи орунга илинген. “Абдыш-Атанын” оюнчуларын азыр Арикан Абдурахман машыктырат.
https://www.azattyk.org/a/32116793.html

“Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болду
Канттын “Абдыш-Ата” футболдук клубу өзүнүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Ушул тапта “Абдыш-Атада” 53 упай бар. Оштун “Алай” командасы 47 упай менен экинчи орунга илинсе, Бишкектин “Алга” клубу…

Оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камалды
Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын сотко катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Министрликтин маалыматына караганда, алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн.
Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.
https://www.azattyk.org/a/32116963.html

“Күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү суранам. Ден соолугу начар. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес”, - деп жазылат кайрылууда.
Азаттык Υналгысы
Камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды
“Kумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылуу Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.…
Бокс: Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести жеңди
12 раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар жеңишти Дмитрий Биволго беришти.
Дмитрий Бивол 31 жашта. Орусиянын жараны. Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан баштап машыккан. 12 жашында үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетип, ал жактан машыгуусун уланткан. Бокс боюнча ышкыбоздор арасында жаштардын дүйнө чемпионатында коло байге (2008-ж.) жана Дүйнөлүк Универсиадада күмүш байге алган. Профессионалдык рингге 2014-жылы чыгып, ушул кезге чейин 21 беттеш өткөрүп, бардык таймаштарын уткан.
Учурда үй-бүлөсү менен Санкт-Петербург шаарында жашайт.

Кыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди
Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салды. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилди.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Азаттык Υналгысы
Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын…
Камактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык кармоону улантууда
“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакка алынгандардын бири Нурлан Асанбеков ачкачылыгын токтото элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Алия Сагитова билдирди.
“Мен Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда жолугуп чыккам. Ал 1-ноябрдан тарта эле эч нерсе ичип-жебей баштаптыр. 3-ноябрда убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери мага чалып, Нурлан Асанбеков мени менен жолуктурууну суранып жатканын айтышты. Мен барганымда ал 1-ноябрдан тарта эле ачкачылыкты баштаганын, бирок бул тууралуу кимге маалымат берерин билбей койгонун айтты. 4-ноябрда ачкачылык жарыялаганы боюнча арыз алып, аны тергөө абагына бердик. Ал ачкылыгын токтоткону тууралуу маалымат жок. Дагы деле улантып жатат”.
Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жолугуп чыккан. Ал Асанбеков ачкачылык жарыялаганын ырастады.

6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка барды. Ал ушу тапта министрликтин имаратында отурганын “Азаттык” радиосуна ырастады.
Мындан тышкары күбө катары суракка алынарын, бирок кайсы иш боюнча чакырылганын билбей турганын айтты. Өмүрбек Текебаев Германиядан Кыргызстанга 5-ноябрда келгенин кошумчалады.

Элчи Өмүрбек Текебаев ИИМге суракка барганын билдирди
6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка барды. Ал ушу тапта министрликтин имаратында отурганын “Азаттык” радиосуна ырастады.
Мындан тышкары күбө катары суракка алынарын, бирок…

Өмүрбек Текебаев ИИМде күбө катары сурак берип чыкты
6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” элчинин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Медиа: Премьер Сунактын үй-бүлөсүнүн компаниясы Орусияда ишмердигин улантууда
Британиянын премьер-министри Риши Сунактын кайын атасы Нараяны Мурти негиздеген Infosys IT-компаниясы Орусияда ишмердигин улантууда. Компания жарым жыл мурун Орусиядан кетерин жарыялаган болчу. Бул тууралуу The Guardian гезити жазды.
Гезиттин жазганына караганда, IT-гигант аты аталбаган глобалдык кардарга кызмат көрсөтүүдө деген жүйө менен кеңседеги кызматкерлерге жана жалданган компанияларга эмгек акы төлөп, ишмердигин улантууда. Компаниянын өкүлү журналисттерге кызматкерлер Орусиядан «соңку апталарда чыгып кеткенин» айтты.

Апрель айында компаниянын аткаруучу директору Салил Парех Орусиядан көчүп кете башташканын билдирген. Анын айтканына караганда, Infosys Украинадагы кырдаалга «терең тынчсыздануусун» билдирип, 1 миллион доллар гуманитардык жардамга бөлгөнүн айткан. Ал ошондой эле Москвадагы кеңсе бир дагы орусиялык кардарга кызмат көрсөтпөй турганын бышыктаган.
Бирок жети айдан кийин деле Infosys жайгашкан имараттын сыртында компаниянын эн белгиси тартылган такта илинип турганын журналисттер байкашкан.
Британия Орусиянын Украинага басып киргенин кескин айыптаган өлкөлөрдүн сап башында турат. Лондон Киевге жакындан жардам берип, аскердик жана дипломатиялык колдоосун улантууда.
Британ оппозициясы премьер Сунактан эмне үчүн анын үй-бүлөсү согуш маалында Орусияда ишмердигин улантып жатканын түшүндүрүүнү талап кылды.