‼️Бишкекте дайынсыз жоголгон Санжар Нурлановдун жансыз денеси табылды
✔️4-апрелден бери изделип жаткан 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылганын Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер бөлүмү тастыктады.Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, баланын денесинде эч кандай зордук-зомбулук белгилери табылган эмес.
✔️Өлүмдүн так себебин аныктоо максатында тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.Эске салсак, Санжар 4-апрель күнү кечки саат 18:00 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде апасы милицияга арыз менен кайрылган.
Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз..

❤3
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️”Жанар Ошту жаркыратат”- Садыр Жапаров
✔️Президент Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын жүрүшүндө ал Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна капсула салды. Иш-чарада жергиликтүү эл менен баарлашкан президент жаңы дайындалган мэр Жанар Акаев күнү-түнү иштеп жатканын белгиледи.

👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Ошто милиция тыйын жутуп алган баланы тез арада ооруканага жеткирген
✔️Бир жашар бала тыйын жутуп алып муунуп баштаган, атасы үйдүн жанында турган кызматкерлерге кабарлаган. Натыйжада бала тез арада Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.

‼️ЖКга талапкер Рамис Жунусалиев мандаттан баш тартты
✔️№19 округдан Жогорку Кеңешке талапкер Рамис Жунусалиев мандаттан баш тартты. Ал буга чейин мандатын тапшырып кеткен депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келиши керек болчу.
Добуштардын саны боюнча Жунусалиевден кийинки кезекте Улан Сариев турат.
✔️№19 округдан Жогорку Кеңешке талапкер Рамис Жунусалиев мандаттан баш тартты. Ал буга чейин мандатын тапшырып кеткен депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келиши керек болчу.
Добуштардын саны боюнча Жунусалиевден кийинки кезекте Улан Сариев турат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️”Көлбаев тирүү кезинде бандиттер минтип коркутчу эмес”-Молдокматов
✔️Саясатчы Жеңиш Молдокматов журналист Майраш Базлакунованын ютуб каналына берген маегинде УКМК кызматкерлеринин үстөмдүгү Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнөн да ашып кеткенин белгиледи. Ал кезинде Ташиевдин бийлигинен аша чапканын айтканы үчүн куугунтукталып, камалганын кошумчалады.
Видео:Майраш Базлакунова

❤1👎1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Бишкектеги кампада өрт чыкты
✔️Бүгүн, 10-апрелде Бишкектин Мозолев көчөсү дарегинде жайгашкан кампа күйүп жатканын ӨКМ маалымдады.
Маалыматка ылайык, саат 17:15те өрттү өчүрүүгө 3 топ жөнөтүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️“Аша чапкан”-Президент Жеңишбек Токторбаев боюнча жооп берди
✔️Оштогу ишкер Айдар Бакиев президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда шаардагы курулуш иштериндеги мыйзам бузуулар жөнүндө айтып, мурдагы мэр Жеңиш Токторбаевдин аракеттерине юридикалык баа берүүнү суранды.
Анын айтымында, Токторбаев мэр болуп иштеп турганда "мыйзамды бузган", "мамлекеттин ичинде мамлекет түзгөн".
✔️Бакиев ишкерлердин кайрылуулары көпкө чейин каралбай, президенттин Жогорку Кеңештеги кайрылуусунан кийин гана каралганын билдирди.
Ал болжол менен 2000 адамдын укуктары бузулганын, жолдордун, дарыялардын жана каналдардын боюндагы ишканалардан эч нерсе калбаганын билдирди. Андыктан ишкер компенсация маселесин тездетип чечүүнү суранды.

👍3
‼️Венгриядагы шайлоодо оппозиция жеңишке жетти
✔️Орбан жеңилүүсүн мойнуна алып, Петер Мадьярды куттуктады. Анын “Тиса”партиясы парламенттеги көпчүлүк орундарды алат.
Шайлоого беш партия катышты, анда эки партия чыныгы атаандаш болчу: өлкөнү 16 жылдан бери башкарып келе жаткан Виктор Орбан жетектеген “Фидес” жана Петер Мадьярдын “Тиса” партиялары. Көз карандысыз коомдук пикир сурамжылоолору оппозициянын чоң жеңишке жетишин алдын ала айткан.

❤1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️“Карылыкка моюн сунду же акчасын аяп жатат”-Президент Салымбеков боюнча
✔️Президент Садыр Жапаров «Дордой» базарынын ээси Аскар Салымбеков сөзүнө турбаганын билдирди. Айтымында Салымбеков Дордой базарына шарт түзүп жаңыча салуу үчүн 100 гектар жер трансформация кылып берүүнү суранган, бирок убадасын аткара элек.
✔️Жапаров ошондой эле Ош базары бир нече айдан кийин жаңы жерге көчүп кетерин белгиледи. Андан кийин бийлик бардык күч-аракетин Кара-Суу базарына бурат, ал жерде жүк ташуучу контейнерлердин ордуна соода борборлору курулат. Жапаров базар маселеси анын жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

‼️УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Даниел Рысалиев кармалды
✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчисинин орун басары Даниел Рысалиев кармалды.
Бул тууралуу Kaktus.media жазды. Маалыматка караганда, Рысалиев кечээ Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан суракка чакырылып, андан кийин кармалган.
✔️Ташиевдин тушунда ал Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун директору болуп иштеп, 10-февралда кызматтан алынган.Кечээ аны менен кошо дагы эки чалгын кызматкери да кармалган.

👏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️Бишкекте сирень терген кишиге 5500 сом айып пул салынды
✔️Мунципалдык инспекция сирень, жоогазын жана башка гүлдөрдү үзүү
ошондой эле жашыл аймактарды бузуу — административдик укук бузууларга кирерин эскертти.

❤1👍1
‼️Чыңгыз Айдарбеков БШКдан депутаттык мандат берүүнү талап кылды
✔️Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектеги №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков ага мандат берүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырганын билдирди. Ал Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылгандан бери бир айдан ашык убакыт өткөнүн, бирок Боршайком мандат боюнча ага бир да жолу расмий жооп бербегенин кошумчалады.
✔️Эске салсак, №21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.
Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
‼️Эркештам өткөрүү пунктунда аскер өзүн атып алган ✔️Эркештам көзөмөл-өткөрүү пунктунда жоокер өзүн атып алган. Аскер прокуратурасы окуяны Би-Би-Сиге тастыктады. Аскер прокурорунун улук жардамчысы Эмир Бекжановдун айтымында, окуя бир күн мурун болгон. Учурда…
‼️Октон жаракат алган жоокер каза болду
✔️2004-жылы туулган И. уулу А. квалификациялуу медициналык жардам алып, өмүрдү сактап калуу чараларына карабастан, Алай районунун Гүлчө шаарындагы ооруканада каза болду.
Учурда мамлекеттик чек ара кызматы ички иликтөөсүн улантууда.
✔️2004-жылы туулган И. уулу А. квалификациялуу медициналык жардам алып, өмүрдү сактап калуу чараларына карабастан, Алай районунун Гүлчө шаарындагы ооруканада каза болду.
Учурда мамлекеттик чек ара кызматы ички иликтөөсүн улантууда.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️”Мыйзамсыз кустургандар жазасын алат”- Садыр Жапаров
✔️Президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде УКМК тарабынан мыйзамсыз кустурууга кабылган ишкерлер боюнча жооп берди

👍2
‼️Ошто үйү буздурулгандарга кенемте төлөнүп берилет
✔️Оштогу мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүдө үйүнөн ажыраган жарандарга кенемте төлөп берилет. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда үйлөрү бузулуп, кенемтесин ала албай жаткандардын маселеси көтөрүлдү. Президент курулуш тармагындагы мүчүлүштүктөрдү жана жарандардын менчик укугун коргоо зарылдыгын моюнга алып, бул көйгөйдү чечүү тапшырмасын берди.
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев кенемте алмашуу жолдору менен чечилип жатканын билдирди.
- деди Жанар Акаев.

“Алардын дээрлик 10% чечилген. 90% азыр биздин мойнубузда. Бирок биз айрым жерлерди трансформация кылып, алмашуу жолу менен чечип жатабыз. Мэриянын балансындагы жерлер, батирлер бар. Мисалы, ошол эле Касымбеков көчөсүндө, Юго-Востокто бир топ ири объектилерди чечтик. Отузга жакынын алмашуу жолу менен чечтик. Мэриянын балансында турган үйлөрдү бердик. Айрым учурда жерлерди иштетүүгө бердик. Чоң маселелердин бир тобун чечтик",
- деди Жанар Акаев.
‼️УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков кармалды
✔️Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековду кармады. Бул тууралуу ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, УКМКнын дагы алты кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелип кармалды.

‼️“Ред Петролеум” май куюучу жайлар тармагынын директору кармалды
✔️“Ред Петролеум” май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Акылбек Маматов кармалды.
Белгилей кетсек, Акылбек Маматовдун үй-бүлөсү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышта. Маматовдун атасы Ташиевдин Кыргыз футбол союзундагы орун басары болгон.

‼️УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Даниел Рысалиев кармалды ✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчисинин орун басары Даниел Рысалиев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды. Маалыматка караганда, Рысалиев кечээ Ички иштер…
‼️Даниел Рысалиев үй камагына чыкты
✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) камакка алынган мурдагы төрагасынын орун басары Даниел Рысалиев үй камагына бошотулду.
Чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. Ага ылайык, Даниел Рысалиев 11-июнга чейин үй камагында болот.
Ушул эле баш коргоо чарасы экинчи айыпталуучуга, УКМКнын бөлүмдөрүнүн биринин мурдагы башчысы Урмат Нарбаевге да колдонулду.

‼️Масалиев Айдарбековго мандат берилиши керектигин билдирди
✔️Мурдагы депутат Исхак Масалиев Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керектигин жазып чыкты. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын Айдарбековдун "мурдагы жашоосунан" кошумча маалымкаттарды талап кылуусу суроолорду жаратып жатканын айтты.
Масалиев Айдарбеков буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп, бардык зарыл болгон процедураларды аткарганын эске салды.
деп суроо салды ал.
✔️Масалиев процессти кечеңдетүү мыйзамдын өзүн жокко чыгарат жана шайлоого болгон ишенимди төмөндөтөт деп эсептейт.

"Мыйзамды каалагандай чечмелөөгө болбойт. Болбосо, оюн жүрүп жатканда эрежелер өзгөрүп кетеби?", -