‼️Раиса Атамбаева суракка чакырылды
✔️Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева Kaktus.media сайтына билдирди.
Анын айтымында, сурак кечки саат 17:00гө белгиленип, ал жакка жактоочусу Сергей Слесарев менен барган.
- деди Шагиева.

"Биз эмне себептен суракка чакырылганыбызды билбейбиз",
- деди Шагиева.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар Бишкекте түлөө өткөрдү
✔️Бишкекте 18-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча жакында гана акталган 27 саясатчы, активист түлөө өткөрдү. Ага Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Исхак Масалиев баштаган бир катар саясатчылар, укук коргоочулар, президенттин кеңешчиси болгон Жаныбек Кубандыков жана акталгандардын жакындары катышты.
Саясатчы Азимбек Бекназаров түлөө өткөрүү максаты абакта отурган кезде эле болгонун айтты.
-деди Азимбек Бекназаров.
Азаттык

“Аман-эсен чыксак бир түлөө өткөрөбүз дегенбиз. Биз акталдык. Кыйынчылыкта турганда бизди 16 депутат колдоду. Журналисттер, блогерлер биз деп атып айрымдары да камалды. Бир жыл райондук сотто, 1,5 жыл шаардык сотто жабык каралды. Анда эмнелер болгонун силер көргөн жоксуңар, ыйладык, айрымдарыбызды сотко ооруп жаткан жеринен көтөрүп келип атышты. Кыргыз жеринде акыйкаттык болсун, биздин түлөө акыйкаттыктын түлөөсү болсун. Кемпир-Абад кетти, аны кайрый албайбыз. Эми Кемпир-Абадды илимпоздор, тарыхчылар изилдесин, бул тарыхта калсын”,
-деди Азимбек Бекназаров.
Азаттык
❤2
‼️Казак акыны Мухтар Шаханов дүйнөдөн кайтты
✔️Казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду.
Алп акын Мухтар Шаханов 1942-жылы Түркстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Анын 30дан ашык поэтикалык китептери жарык көрүп, чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен биргеликте “Аскада калган аңчынын ыйы” эссесин жана “Сократты эскерүү түнү” пьесаны жазышкан.

❤1
‼️Бишкектин айрым жерлеринде 21-апрелде муздак суу өчүрүлөт
✔️Бишкектин айрым аймагында 21-апрелде ичүүчү суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы: Курманжан Датка көчөсү темир жол линиясынан Менделеев көчөсүнө чейин, темир жол линиясынын боюндагы Төкөлдөш турак жай комплекси - Валиханов көчөсү, 2/9-имарат - Гранд Сити соода борбору, Шабдан Баатыр проспектиси - Ауэзов көчөсү - Учкун кичи району, Учкун турак жай комплекси, темир жол линиясы - Садовая - Путепроводная - Валиханов көчөлөрү.

‼️Текебаев: Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды
✔️Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, ал ЖК төрагасы болуп шайланган учурду эстеген.
-деп жазды Текебаев.
✔️Анын аталган билдирүүсү соцтармакта талкууларды жаратып, “өлкөдө төңкөрүш алдын-алынганын Текебаев тастыктады”-деген пикирлер айтылууда.

“Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди.
Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык.
Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды.
Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир.
2005- жылы да, 2026- жылы да Төраганын негизги милдети бирдей эле:
биринчи — саясий туруктуулукту камсыз кылуу, экинчи — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, үчүнчү — социалдык-экономикалык өнүгүүгө жол ачуу”,
-деп жазды Текебаев.
✔️Анын аталган билдирүүсү соцтармакта талкууларды жаратып, “өлкөдө төңкөрүш алдын-алынганын Текебаев тастыктады”-деген пикирлер айтылууда.
‼️Ош облусунун мурдагы губернатору Зиядин Жамалдинов кармалды
✔️Ош облунун мурдагы губернатору Зиядин Жамалдинов кармалды. Бул тууралуу kaktus_media жазды.
Маалым болгондрй, ал 15-апрелде кармалып, 10-июнга чейин тергөө абагына киргизилген. Жамалдинов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда.

👏1
‼️Red Petroleum компаниясынын башкы директору абактан бошотулду
✔️Бишкектин Биринчи Май райондук соту Red Petroleum май куюучу станциялар тармагынын башкы директору Акылбек Маматовдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Маалыматтарга караганда, ал өлкөдөн чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду.
✔️Буга чейин Акылбек Маматов 13-июнга чейин камакка алынганы кабарланган. 14-апрелде Аскер прокуратурасы “Ред петролеум” компаниясынын башчысы Акылбек Маматовду кармаган.
Укук коргоо органдары асмий маалымат бере элек.

‼️Жогорку Кеңештин комитети Улан Маматкановдун талапкерлигин жактырды
✔️Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Улан Маматкановду Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары кылып дайындоону жактырды. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, талапкер депутаттарга социалдык өнүгүүнүн артыкчылыктары жана жаңы кызматындагы негизги милдеттер боюнча өзүнүн көз карашын сунуштады.
✔️Талкуу учурунда депутаттар жогорку окуу жайларынын окуу акысы жана медициналык кароодон өтүүнүн, айрыкча МРТнын баасын төмөндөтүү маселелерин көтөрүштү.
Салтанат Аманова, Гүлай Машрапова жана Токтобүбү Ашымбаева аялдар менен балдарды колдоону, ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү баса белгилешти. Жыйындын жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Маматкановдун талапкерлигин колдошту. Анын дайындалышын бекитүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы палатасынын кароосуна коюлат.

‼️Элдар Жакыпбеков жана “Вазелин” 15-июнга чейин абакта калтырылды
✔️УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков жана Вазелин (Улан К.) дагы эки айга тергөө камагында болушат. Алардын камактагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды.
Эскерте кетсек, Жакыпбеков 14-февралда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
✔️Ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча иш козголгон. Мурдагы чиновник УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жеке баюу менен алектенген туруктуу коррупциялык топ түзгөн деп шектелүүдө. 16-февралда кармалган Вазелин каймана аттуу Улан.К Элдар Жакыпбековдун шериги катары кармалган. Ага коррупция жана опузалоо боюнча айып тагылууда.

‼️Токмокто мугалим 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелүүдө
✔️Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 10-апрелде милицияга 2005-жылы туулган физика мугалими А.А. Токмоктогу орто мектепте 2012-жылы туулган мектеп окуучусун зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, А.А. ошол эле мектепти бүтүргөн, жакшы окуган жана кесиптик орто билимге ээ.
- деп билдирди шаардык билим берүү бөлүмү.
✔️Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

"Ал 2025-жылдын октябрь айында катчы болуп жумушка алынган. 2026-жылдын январь айында ал квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын аяктаган. Жана информатика, математика сабактарын берүүгө укуктуу болгон. Кадрлардын жетишсиздигинен улам мектеп администрациясы ага математика жана физика сабактарына кошумча сааттарды бөлүп берген. Акыркы бир нече айдан бери ал 7- жана 8-класстардын окуучуларына кошумча физика сабактарын берип келет",
- деп билдирди шаардык билим берүү бөлүмү.
✔️Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Жол тескөөчүнү сүзүп, бутун сындырган мас айдоочу кармалды
✔️Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкери Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын токтоткон учурда, айдоочу анын талабына баш ийбей, кызматкерди сүзүп кеткен. Натыйжада кызматкердин буту сынып, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.
Окуя 19-апрель күнү саат 05:30 чамасында болгон. Учурда айдоочу кармалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

‼️Бишкекте акча опузалоого шектелип тергөөчү кармалды
✔️УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөөчүсү О.А.Ж. тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.
Тергөөчү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана аны издөөдөн чыгаруу үчүн 25 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөчү камакка алынды.

❤1👏1
‼️Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов абактан бошотулду
✔️Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Анаркулов февраль айынын ортосунда массалык башаламандыкка айыпталып кармалган.
Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал 10-июнга чейин үй камагына бошотулган.

‼️Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттады
✔️Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кайрадан көтөрүлдү.
Дем алыш күндөрү май куюучу жай тармагындагы баалар 1 сомго көтөрүлдү. Бул өткөн айдын аягынан берки бешинчи баа көтөрүлүшү.
20-апрелге карата баалар:
▪️AИ-92 — 77,9 сом (марттын аягынан бери 3,5 сомго жогорулады)
▪️AИ-95 — 83,9 сом (4,5 сомго жогорулады)
▪️Дизель — 84,8 сом (6 сомго жогорулады)

‼️”Текебаев элчи болорун укканда жүрөгүм “дирт” эткен”- Жылдызкан Жолдошева
✔️Саясатчы Жылдызкан Жолдошева журналист Эрнис Кыязовдун ютуб каналына берген маегинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кезинде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорду камоону Алмазбек Атамбаевден талап кылганын билдирди.
2021-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки учурду эскерген Жылдызкан Жолдошева президент өзүнүн командасы менен гана иштеши керек экендигин белгиледи.
Видео:Эрнис Кыязов

‼️75 адамдын каты: Саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов үй камагына чыкты
✔️75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу кармалган саясат талдоочу Бакытбек Жумагуловдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабарлады.
Сот Жумагуловдун бөгөт чарасын 11-апрелде карап, аны 10-июнга чейин үй камагына чыгарган.
✔️Бакытбек Жумагуловдун аты президенттик шайлоо өткөрүү боюнча 75 адам кол койгон кайрылууда жок. Ал кандай жагдайда бул иш боюнча шектелип жатканы, качан кармалганы тууралуу буга чейин коомчулукка маалымат берилген эмес.

‼️Эки дос тандеминин ыдырашына эмне себеп болду? Жолдошеванын жообу
✔️Саясатчы Жылдызкан Жолдошева Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тандеминин ыдырашына 75 адамдын каты себеп болгону тууралуу божомолдорду четке какты. Айтымында 75 аксакалдын каты бул жөн гана шылтоо болгон. Бул тууралуу саясатчы Эрнис Кыязовдун ютуб каналына берген маегинде билдирди.
Видео: Эрнис Кыязов

💩1
‼️“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы сурак берди
✔️“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы Орозбек Турдубаев суракка чакырылды. Бул тууралуу Арча медиага өздүк булактар кабарлады. Маалыматка караганда, Турдубаев тендерсиз тескеменин негизинде жүк ташуучу авто унааларды сатып алган. Учурда аталган фактылар боюнча иш тергелүүдө. Буга байланыштуу ал 6-апрелде сурак бергени маалым болду.
✔️Белгилей кетсек, Орозбек Турдубаев 2025-жылы кызматта турганда катуу ылдамдыкта унаасын айдап, аны соцтармактагы баракчасына жүктөп коомчулукта талкууга калган.