АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
1.79K subscribers
23K photos
12.7K videos
3 files
2.43K links
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Download Telegram
‼️Ташиевдин иш бөлмөсүндө бир чыны чайдын баасы 10 млн доллар турат-Абдыкеримов

✔️Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов фейсбук баракчасына кезектеги билдирүүсүн жарыялады.
Анда "Аю" компаниясынын УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрү тууралуу айтылат. Айтымында Ташиев менен бир жолку жолугушуудан кийин эле Шакинин компаниясы 20 миллион доллар эмес 30 миллион төлөөгө милдеттенген.

✔️Камчыбек Ташиев Абдыкерим Шаршенбеков аталган 30 млн долларды 30 күндө төлөөгө милдеттендирген. Бир айдан кийин камоолор башталган.
"Аю" холдингинин башкы директору, эсепчилери, технологтогу жана башка катардагы кызматкерлер кармалган.

"Кыргызстанда "бир чыны чайдын" баасы кээде ушундай болот. Камчы Ташиевдин иш бөлмөсүндөгү бир чыны чайдын баасы 10 млн доллар",

- деп сөзүн жыйынтыктаган
Абдыкеримов.
‼️Мадумаров соңку беш жылда козголгон кылмыш иштер кайра иликтениши керектигин айтты

✔️Саясатчы Адахан Мадумаров соңку беш жылда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштери кайрадан иликтенип чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Мындай сунуш берилбеши керек. Бул демилгени бийлик өзү колго алыш керек. Соңку беш жылда козголгон иштердин бардыгын иликтеп, күрүчүн бир, күрмөгүн бир кылып ажырата турган мезгил келди. Мындан ары ушул бойдон кете бере турган болсо анда мамлекетти биротоло жок кылып алабыз. Мамлекеттик түзүмдөргө ишеним жоголгондо мамлекет алсыз болот",

- деди саясатчы.

Азаттык
👍1👎1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️”Соңку беш жылдагы мыйзамсыздыктарга президент жооптуу”-Адахан Мадумаров

✔️Саясатчы Адахан Мадумаров Азаттыкка курган маегинде соңку беш жылдагы мыйзамсыздыктардын бардыгана президент жоопкерчиликтүү деген пикирин айтты.

Видео: Азаттык
💩1
‼️Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды

✔️Ошто Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Анда 1984-жылы Ош облусунда туулган А.Ф.Г. аттуу жаран чет өлкөдөгү согушка катышуу фактысы боюнча кармалганы айтылат.
Маалыматка караганда, ал 2014-жылдан бери УКМКнын издөөсүндө жүргөн 1984-жылы туулган Ош олбусунун И.Б.Н. аттуу тургуну тарабынан азгырылып, Түркия аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулганы аныкталган.

✔️Сурак учурунда кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алып, аталган террористтик уюмдун ишмердүүлүгүн түшүнгөндөн кийин Сириянын аймагынан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айткан.
Учурда УКМК иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып жатканын кошумчалады
1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️Депутат бак-дарактарды кыюунун экологиялык кесепеттери боюнча маселе көтөрдү

✔️Депутат Дастан Бекешев бак-дарактарды кыюунун борбор калаага тийгизген экологиялык таасири боюнча маселе көтөрдү.
Ал Бишкек жыл сайын ысып жатканын, бак-дарактардын кыйылышы буга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
‼️Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болду

✔️Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды.
Байсалов өзү 9-апрелде вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын айткан.
👏2
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

✔️Кечээ 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын балбанын Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль утту.
Ал 68 кг чейинки салмакта финалдык беттеште Жапониянын балбаны Мива Морикава менен күрөшүп, 2:1 эсебинде утту.
👏4
‼️Ирандын Жогорку лидери элге кайрылды

✔️Ирандын Жогорку лидери элге кайрылды. Ал республика мурдагы лидер Хаменеинин (атасы) жана башка жабырлануучулардын өчүн алууга бел байлаганын билдирди.
Можтаба Хаменеи Тегеран АКШ менен Израилден келтирген зыян үчүн компенсация талап кылаарын баса белгиледи. Ал өз өлкөсү АКШны жеңгенин кошумчалады.
‼️Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору болду

✔️Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Жаңы агенттик жакында Туризм департаментинин курамында түзүлгөн.
2021-жылы Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырган.
👏3👎1
‼️Бишкекте Осмон-Ата конушундагы айрым үйлөр бузулат

✔️Бишкектеги Осмон-Ата конушундагы айрым жер тилкелери мэриянын карамагына өткөрүлүп берилет.
Мэр Айбек Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Чыгыш айланма жолунун курулушун талкуулады.
Мэрдин айтымында, 12 үйдүн ээлерине компенсациялык төлөмдөр төлөнүп берилген. Жер тилкелери алмаштырылат же альтернативдүү чечимдер сунушталат.

✔️Жаңы жолдун болжолдуу узундугу 16,2 км.Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Сухэ-Батор көчөсү - Ауэзов көчөсүнөн жаңы жол менен кесилишке чейин;

- Жукеев-Пудовкина көчөсү - Аалы Токомбаев көчөсүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейин;

- Эстакадалык көпүрө (Лва Толстой көчөсү) - Ауэзов көчөсүнөн жаңы жол менен кесилишке чейин;

- Ахунбаева - Ауэзов көчөсүнөн жаңы жол менен кесилишке чейин.
‼️Бишкекте алтынчы кабаттан кулап түшкөн 4 жашар кыз комадан чыкты

✔️Бишкектеги Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, оор абалда ооруканага жаткырылган төрт жашар кыз комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

✔️Эске салсак, Жал кичи районунда бир аял эки баласы менен терезеден кулап түшкөн. Энеси алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде эсине келбей каза болгон. Кийинчерээк 2025-жылы туулган К.А. өмүргө туура келбеген жаракаттардан улам ооруканада каза болгон.
Дагы бир наристе, 2021-жылы туулган Ж.А., реанимация бөлүмүндө жаткырылган.
‼️Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна барат

✔️Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапар менен барат. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы өнөр жай объектилерин текшерип, жаңы социалдык мекемелерди ачат, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

✔️Сапарынын жүрүшүндө Жапаров ишканалардын ишин жана инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшүн карап чыгат. Программа билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин текшерүүнү, жол тармагын текшерүүнү жана аймактын калктуу конуштарындагы көрктөндүрүү иштеринин сапатын баалоону камтыйт.
‼️АКШда 13 мыйзамсыз мигрант кармалды, арасында Кыргызстандыктар да бар

✔️АКШнын Пенсильвания штатындагы Армстронг округунда Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери айдоочулук күбөлүк берүү борборунун жанында 13 адамды кармашты. Бул тууралуу CBS News АКШнын Ички коопсуздук министрлигине таянып билдирди.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, алардын баары мыйзамсыз мигранттар деп эсептелет.

✔️Алардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар. Маалыматка караганда, кармалгандардын бири каршылык көрсөтүп, укук коргоо кызматкерине кол салган. Окуя болгон күнү жергиликтүү тургундардын көңүлүн борбордун жанындагы узун кезектер менен т унааларга толуп калган токтотуучу жай бурган. Күбөлөрдүн айтымында, айрым жүк ташуучу унаалардын кабинасында да көп адамдар болгон.
Жергиликтүү тургундар бул өзгөчө кырдаал тууралуу полицияга билдиришкен, андан кийин маалымат федералдык кызматтарга өткөрүлгөн. Натыйжада ICE кызматкерлери келип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн.
‼️УКМКнын үч кызматкери кармалды

✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин үч кызматкери кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча алар башка кызмат адамдары менен бирге ишкерлерден системалуу түрдө акча чогултуп келишкени айтылды.
УКМКнын маалыматы боюнча, 9-апрелде бул ишке байланыштуу атайын кызматтын кызматкерлери А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

✔️Мындан тышкары, бул схемага катышы бар деген шек менен ишканаларды текшерип жүргөн дагы үч мамлекеттик кызматкер кармалган: С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н.
Учурда агенттик мыйзам бузуулар үчүн жумуштан бошотулган адамдарды кайрадан жумушка алууга жол бербөө чараларын карап жатат.
👏3
‼️Бишкекте дайынсыз жоголгон Санжар Нурлановдун жансыз денеси табылды

✔️4-апрелден бери изделип жаткан 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылганын Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер бөлүмү тастыктады.Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, баланын денесинде эч кандай зордук-зомбулук белгилери табылган эмес.

✔️Өлүмдүн так себебин аныктоо максатында тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.Эске салсак, Санжар 4-апрель күнү кечки саат 18:00 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде апасы милицияга арыз менен кайрылган.
Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз..
3
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️”Жанар Ошту жаркыратат”- Садыр Жапаров

✔️Президент Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын жүрүшүндө ал Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна капсула салды. Иш-чарада жергиликтүү эл менен баарлашкан президент жаңы дайындалган мэр Жанар Акаев күнү-түнү иштеп жатканын белгиледи.
👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Ошто милиция тыйын жутуп алган баланы тез арада ооруканага жеткирген

✔️Бир жашар бала тыйын жутуп алып муунуп баштаган, атасы үйдүн жанында турган кызматкерлерге кабарлаган. Натыйжада бала тез арада Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.
‼️ЖКга талапкер Рамис Жунусалиев мандаттан баш тартты

✔️№19 округдан Жогорку Кеңешке талапкер Рамис Жунусалиев мандаттан баш тартты. Ал буга чейин мандатын тапшырып кеткен депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келиши керек болчу.
Добуштардын саны боюнча Жунусалиевден кийинки кезекте Улан Сариев турат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️”Көлбаев тирүү кезинде бандиттер минтип коркутчу эмес”-Молдокматов

✔️Саясатчы Жеңиш Молдокматов журналист Майраш Базлакунованын ютуб каналына берген маегинде УКМК кызматкерлеринин үстөмдүгү Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнөн да ашып кеткенин белгиледи. Ал кезинде Ташиевдин бийлигинен аша чапканын айтканы үчүн куугунтукталып, камалганын кошумчалады.

Видео:Майраш Базлакунова
1👎1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Бишкектеги кампада өрт чыкты

✔️Бүгүн, 10-апрелде Бишкектин Мозолев көчөсү дарегинде жайгашкан кампа күйүп жатканын ӨКМ маалымдады.
Маалыматка ылайык, саат 17:15те өрттү өчүрүүгө 3 топ жөнөтүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️“Аша чапкан”-Президент Жеңишбек Токторбаев боюнча жооп берди

✔️Оштогу ишкер Айдар Бакиев президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда шаардагы курулуш иштериндеги мыйзам бузуулар жөнүндө айтып, мурдагы мэр Жеңиш Токторбаевдин аракеттерине юридикалык баа берүүнү суранды.
Анын айтымында, Токторбаев мэр болуп иштеп турганда "мыйзамды бузган", "мамлекеттин ичинде мамлекет түзгөн".

✔️Бакиев ишкерлердин кайрылуулары көпкө чейин каралбай, президенттин Жогорку Кеңештеги кайрылуусунан кийин гана каралганын билдирди.
Ал болжол менен 2000 адамдын укуктары бузулганын, жолдордун, дарыялардын жана каналдардын боюндагы ишканалардан эч нерсе калбаганын билдирди. Андыктан ишкер компенсация маселесин тездетип чечүүнү суранды.
👍3