АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
1.78K subscribers
23K photos
12.7K videos
3 files
2.42K links
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Download Telegram
‼️“Дастан” заводу ата мекендик өндүрүштөгү дрондорду чыгара башташы мүмкүн

✔️"Дастан" заводу ата мекендик өндүрүштөгү дрондорду чыгара башташы мүмкүн. Садыр Жапаров бул маселени карап чыгууну тапшырды.
Мамлекет башчысы бул коргонуу өнөр жайын чыңдап, жогорку технологиялуу тармактарды өнүктүрүп, импорттук продукцияларга көз карандылыкты азайтаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, "Дастан" заводу торпедаларды, электрониканы, медициналык жабдууларды жана башка продукцияларды иштеп чыгат.
👍4💩1
‼️Жогорку Кеңештин депутаттарына планшеттер таратылды

✔️Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарына планшеттер таратылды. Ал технология тесттик режимде колдонула баштаганын жана бир топ каражатты үнөмдөөгө жардам берерин айтты.

"Бюджеттик комитет шейшемби күндөрү жыйын өткөрөт. Баяндамачы жыйындар залында болот, ал эми бөлүм башчылары жана мамлекеттик органдардын адистери Zoom аркылуу жооп бере алышат. Кагаздар басылып чыгарылбайт; бардык материалдар булут сактагычында сакталат. Бул 20 депутатка таратылышы керек болгон бир гана мыйзам долбоору, ошондуктан үнөмдөө бир топ болот", -

деди Бекешев

✔️Депутат ошондой эле депутаттар жасалма интеллектти колдоно алышат, ал мыйзам долбоорлорун кайра айтып берет, отчетторду кыскача баяндайт жана жазууларды жасайт деп кошумчалады.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️Эдунун 40 чоросунун бири "Пахта" кармалды

✔️Милициянын маалыматы боюнча, ал 2026-жылдын 3-апрелинде Ли үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып жол эрежесин бузган. Жол кайгуул кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө ал агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, уят сөздөрдү колдонуп, мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес.

✔️Медициналык кароодон кийин анын баңгизат колдонгону аныкталган. Рамоновдун үйүн тинтүү учурунда гашиш салынган ширеңке кутучасы табылган.
Шектүү мурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы үчүн кармалган, бирок сот аны бошотуп, ишти токтоткон. 2026-жылдын февраль айында Рамонов Бишкектин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун "40-чоросунун" арасында "Пахта"каймана аты менен болгон.
1👏1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️УКМК терроризмге шектүү кишини кармаганын билдирди

✔️УКМК мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 1-апрель күнү Ю.В. аттуу жаранды кармаганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шектүү эл аралык террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын колдоого шек саналууда. Ал чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн кезинде террордук ишмердүүлүктү каржылаган эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.

"Мындан тышкары, Ю.В. согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн бирине чыгып кетүүнү көздөгөн. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмга кошулууну пландаган",

- деп жазылган маалыматта.

✔️Коопсуздук кызматы кыргызстандык жарандарга террордук уюмдардын ишине катышуу жана аларды каржылоо кылмыш болуп саналарын эскертти.
‼️Жалда терезеден кулап түшкөн наристенин абалы оор

✔️Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн төрт жашар кыздын абалы өтө оор экенин билдирди. Министр Дамир Осмонов ал жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барып, абалы менен таанышты.

✔️Дарыгерлердин айтымында, наристенин баш мээси жабыркаган, астыңкы жаагы сынган, оң колунун ийин сөөгү сынып, ордунан жылып кеткен. Мындан тышкары өпкөнүн жана ички органдары, ооз көңдөйүнүн жабыркаганы айтылды. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жана ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган.

✔️4-апрелде кечке жуук Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн бир аял эки баласы менен кулап кеткен. Милиция 27 жаштагы аял эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан бергенин, төрт жаштагы баласы ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалган.
‼️Мунарбек Сейитбек уулу Түркияда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти

✔️5-апрелде Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү.
Анда мушкер 60 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарын ишенимдүү түрдө басып өттү. Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу 5:0 эсебинде украиналык спортчуну утту.
‼️Чыңгыз Айдарбеков БШКнын аракети боюнча президентке кайрылды

✔️Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын аракеттери боюнча президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылды.
Арызда айтылгандай, депутат Куванычбек Конгантиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишинен кийин, 6259 добуш менен ал депутаттык мандат алышы керектиги белгиленет.

"КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, БШК талапкерди каттоого жана ага үч күндүн ичинде депутаттык мандат берүүгө милдеттүү”

-деп белгиленген арызда.

✔️2026-жылдын 10-мартында БШК Айдарбековдун соттуулугу боюнча маалымат алуу үчүн Ички иштер министрлигине суроо-талап жөнөткөн, ага жооп алган. Бирок, 17-марттан баштап БШК Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен кошумча текшерүүлөрдү баштаган. 28 күндөн бери БШК Айдарбековдун депутаттык мандатынын каттоосун жана берилишин негизсиз кечеңдетип келет.
‼️Жогорку Кеңеште заманбап коомдук кабылдама ачылат

✔️Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жарандарды кабыл алуу максатында жасалып жаткан коомдук кабылдама менен таанышты.
Парламенттен билдиришкендей, Марлен Маматалиевдин тапшырмасы менен парламентке келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук кабылдаманын форматын өзгөртүү иштери жүрүүдө.
Тактап айтканда, коомдук кабылдамада жасалма интеллект менен иш алып барган заманбап технологиялар жайгаштырылып, жарандарды кабыл алуу толугу менен санариптешет. Ошону менен бирге балалуу энелерге да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
‼️Бишкектеги филармониянын жанындагы фонтандар демонтаждалат

✔️Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандар демонтаждала баштады. Алар 20 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу толугу менен оңдолот. Демонтаждан кийин, анын ордуна жаңы инженердик системалары жана жашылдандырылган аймагы бар модернизацияланган фонтан комплекси орнотулат.

✔️Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, долбоордун алкагында конструкциялык элементтерди оңдоо, инженердик системаларды модернизациялоо жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери камтылган.Фонтан комплексинин акыркы ири оңдоо иштери 2002-жылы жүргүзүлгөн.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Жумгал районунда сел жүрдү

✔️Кечээ 5-апрельде Нарын облусунун Жумгал районунун Сары-Булуң айылында сел жүрдү.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
‼️Азия чемпионаты: Кыргызстандык 4 балбан жарым финалга чыкты

✔️Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарындагы “Жаштык арена” спорттук комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Тандоо этаптарындагы кармаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынын төрт балбаны ийгиликтүү чыгып, мелдештин жарым финалына жолдомо алышты.
Маалымдалгандай эми алар финалга чыгуу үчүн күч сынашат.
Алар:
Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);
Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);
Акжол Махмудов (77 кг чейин);
Асан Жанышов (87 кг чейин).
Жарым финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.
‼️АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты

✔️АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, 36 күндүн ичинде чыгымдар 42 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде эсептеген.

✔️Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы алты күнү 11,3 миллиард долларга бааланганын жана күнүмдүк чыгымдар орто эсеп менен 1 миллиард долларды түзүп жатканын маалымдаган болчу.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️Баткенде жол кырсыгына кабылган чек арачынын жакындары жардам сурайт

✔️Баткендин Лейлек районунда чек арачы катышкан жол кырсык катталды.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, 4-апрелде саат 08:30 чамасында Лейлек чек ара отрядынын «Ак-Суу» заставасынын аскер кызматкерлеринин тобу «Кайрагач» заставасындагы кызмат өтөөчү жерине бара жатышкан. «УАЗ-Пикап» үлгүсүндөгү кызматтык унаа Ак-Суу—Раззаков трассасында бара жатканда кузовдон 2004-жылы туулган катардагы жоокер Н.Д.Н. кулап кеткен.

✔️Алдын ала маалымат боюнча, жоокер тоолуу жолдо транспорттун катуу силкинүүсүнөн улам жыгылып кетип, эсин жоготкон. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жабырлануучу Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Оштон келген адистештирилген дарыгерлер ага шашылыш операция жасашкан. Учурда аскердин абалы туруктуу оор деп бааланууда.
Аскердин жакындары мүмкүн болгон медициналык жардам сурап бийликке кайрылды.

Видео:24кж
‼️“Регион-ТВ” телеканалынын кеңсеси жабылып жатканы айтылды

✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге таандык делген "Регион-ТВ" каналынын кызматкерлери кеңсесинен чыгарылып жатканын журналист Турат Акимов социалдык тармакка жазды.
‼️УКМКнын кызматкери кысым тууралуу даттануудан кийин иштен алынды

✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери кысым көрсөтүүгө байланыштуу даттануудан кийин жумуштан четтетилди.
Жаран А.О.нун президентке кысым көрсөтүлгөнү тууралуу кайрылуусу маалымат каражаттарында пайда болгондон кийин, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өз кызматкерин жумуштан четтетти. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз борбору билдирди.

✔️Бардык жагдайларды толук иликтегенден кийин, Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы кызматкердин аракеттерине акыркы юридикалык баа берери белгиленди.
👍1
‼️“Унаанын” Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы кармалды

✔️Унаа мекемесинин Нарын бөлүмүнүн башчысы Айвар Жакыпбек уулу кармалды.
Ал мурда камакка алынган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы мурдагы башчысы Элдар Жакыпбектин бир тууганы.
‼️Күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүшү мүмкүн

✔️Кыргызстанда салыктарды жана акциздик жыйымдарды убактылуу алып салуу менен күйүүчү майдын баасынын өсүшүн токтотуу сунушталууда.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатовдун айтымында, дүң баа акыркы убакта 25-30 пайызга жогорулады. Азыркы шарттарда дизелдик отундун баасы литрине 100-103 сомго, ал эми АИ-92 бензини 78-81 сомго жетиши мүмкүн. Бул эсептөөгө жеткирүүчүлөрдүн пайдасы, эмгек акы жана башка чыгымдар кирбейт.

✔️Чекене бааларды учурда мурда сатылып алынган запастар төмөн баада кармап турат, бирок алар дээрлик түгөнүп калды. Ал кошумчалагандай, салыктар жана акциздик жыйымдар күйүүчү майдын акыркы баасынын болжол менен 25 пайызын түзөт. Ассоциациянын башчысынын айтымында, бир катар өлкөлөрдө рынокту турукташтыруу үчүн мындай төлөмдөр убактылуу кыскартылган же алынып салынган.
‼️Апрель окуяларын эскерүү иш-чарасы өттү

✔️Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы 7-апрелдин баатырларынын эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.
Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев мэр Айбек Жунушалиев катышты. Ата-Бейит мемориалдык комплексинде курман болгондордун элесине куран окулду.

✔️16 жыл мурун Кыргызстанда болгон Апрель революциясында 123 адам каза болгон. Ошол күнү Бишкектин борбордук аянтында 87 адам окко учуп, жүздөгөн кыргызстандыктар жаракат алышкан.