АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
2.14K subscribers
13.4K photos
9.04K videos
3 files
2.05K links
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Завод, ресторандар, соода борбор, СТО, жерлер, үйлөр, машиналары топтогон. Төмөнкү Ала-Арча айылынын мурдагы башчысы кармалды

✔️ Бишкектин жанындагы Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын мурдагы башчысынан ири суммадагы мүлк табылып, ал кармалды.

✔️ УКМК кармалган адамдын 20 жер тилкеси, 29 унаасы, 6 жеке үйү, 31 батири, 5 цехи, бетон заводу, соода борбору, спорт комплекси, кум-шагыл карьери, техникалык тейлөө станциясы, 3 унаа токтотуучу жай, 3 кашар жана 6 ресторан. Мунун баарын ал айылдагы чиновник кызматын аркалап жүрүп мыйзамсыз тапкан. Ал ошондой эле кылмышкерлер менен тыгыз байланышта болгон жана мамлекеттик сатып алуулар менен алдамчылык менен алектенген, деп билдирди атайын кызмат.
‼️ Каныбек Иманалиев акча алуу дегенди токтот! Бишкектин тургуну 26-мектепке кирүүгө пара талап кылып жатышканын айтып, министрге кайрылды

✔️ Шаар тургуну мектепке кирүүгө 50 миң сомдон ашык каражат талап кылып жатышканын айтып, Фейсбук баракчасы аркылуу билим берүү министри Каныбек Имналиевге кайрылган.

"Менин кыз күйөөм 26-мектепке тийешелүү аймакта жашайт. Быйыл баласы биринчи класска барат. Документтерди убагында өткөргөн экен. Ар кандай шылтоолор менен документиңер жоголуп кетиптир, кайра документ чогулткула деп, кайра документ чогултса кайра дагы бир шылтоолор менен албай жатат. Ортого киши салса 50000сомдон ашык сурап жатыптыр. Билим берүү министри Иманалиев Каныбек Капашович 26-мектепти тезинен карап, акча алуу дегенди токтот. Урматуу журналисттер 26-мектептин директоунан барып интервью алып берсеңер. 1000долордон пара алышып беришип жатат дейт",-деп жазган Фейсбук колдонуучусу.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Түндүк-түштүк альтернативалык жолдогу эң узун тоннель казылып бүттү

✔️ Тоннелдин узундугу 3,9 чакырым, туурасы 10 метрди түзөт. Аны толугу менен келерки жылы бүтүрүү пландалууда.

@archa_media'га катталыңыз!
‼️ Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Барселонанын футболчулары менен жолугушту

✔️ Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев "Барселона" клубунун мурдагы оюнчулары жана легендарлары менен жолугушту. Жапаров өлкөгө сапары менен Барселонанын легендалары кыргызстандык күйөрмандарга көптөгөн жаркын эмоцияларды тартуулай турганын белгиледи.
‼️ CPJ журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигин Kloop'ту жоюу аракетинен кайтууга чакырды

✔️ Бишкек прокуратурасы басылманы жоюу үчүн сотко кайрылганы маалымдалган. Анда медиа уставын аткарбагандыгы жана бийликти сындап, коомчулукту дүрбөлөңгө салуучу басылмалар болуп жатканын белгилеген.

✔️ CPJ бийлик арызын кайтарып, көз карандысыз медиаларга басымды токтотууга чакырды.

«Кыргыз бийлигинин Kloopду жабуу жөнүндөгү жарыясы өлкөдөгү эң курч журналистиканы, анын ичинде жогорку мамлекеттик аткаминерлердин катышуусундагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү басуу үчүн жасалган чектен чыккан жана уят аракет», - деди CPJ программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.
‼️ Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча коңшулардын коопсуздук комитетинин билдирүүсү

✔️ Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен Казакстан Республикасынын Чек ара кызматы тарабынан: баңги заттарды ташуу боюнча 35 факты, курал-жарак жана ок-дарыларды ташуу боюнча 33 факт, жасалма документтерди колдонуу боюнча 20 факты, 36 факты токтотулган.

✔️ Мындан тышкары, 2 миллиард теңгеге жакын аткезчилик боюнча 299 факты жана жасалма документ менен автоунааларды ташып келүү боюнча 27 факты токтотулган. Ошондой эле миграциялык мыйзамдарды бузган 909 адам административдик жоопкерчиликке тартылганы айиылат.

✔️ Учурда Ак-Тилек өткөрүү пунктунда 90-100го жакын унаа турат. Бул норма дейт казак атайын кызматы.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров футболду жакшы ойной турганын Барселонанын оюнчуларына эскертти
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Жалал-Абаддагы "Барселона" футбол академиясы. Кандай экен?

🎥 Турмуш
‼️ Күндүн урунттуу окуялары:

🔹 Түндүк-түштүк альтернативдик жолдогу туннель казылып бүттү.

🔹 Садыр Жапаров 15 пансионатты 49 жылга инвесторлорго бере турганын айтты.

🔹 Эл аралык журналисттерди коргоо комитети бийликтин Клооп басылмасын жабуу аракетин сындады.

🔹 Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Барселонанын президенти жана оюнчулары менен жолукту.

🔹 Жалал-Абадда Садыр Жапаровдун атасынын Нуркожо атанын аты ыйгарылган Ислам өнүктүрүү борбору ачылды.
‼️ "Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү жерге берилди

✔️ Анын акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн болду. Евгений Пригожиндин сөөгү Санкт-Петербургдагы Пороховский көрүстөнүнө коюлду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

✔️ УКМКнын маалыматы боюнча, ал балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схема уюштурган.

"Директор ата-энесинен акча талап кылган, эгер баш тартса баланы мектепке кабыл албайм деп коркуткан. Мындай фактылар Бишкекте көп болуп жатат", — дейт комитет.
‼️ Өмүрбек Бакиров суракка чакырылып, ага айып коюлду

✔️ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировго Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча айып коюлду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

✔️ Анын айтымында, кечээ Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан мурдагы эл өкүлүнө өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

✔️ Эскерте кетсек, буга чейин БШК Бакировду мандатынан ажыраткан. Ага шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча соттун чечимдери себеп болгон.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Мен мушташтын, Камчыбек Кадыршаевич футболдун фанаты. Садыр Жапаров "Барселона" футбол академиясынын ачылышында
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Барселонанын академиясынын ачылышындагы футболдогу көрүнүш
‼️ Сириядагы кыргыз жарандары мекенге кайтарылды

✔️ 95 адам келгенин тышкы иштер министрлиги билдирди. Алардын 31 аялдар, 64ү жаш балдар экени айтылат.
‼️ Бишкекте да "Барселона" клубунун академиясы ачылат. Анын курулушуна капсула салышты

✔️ Бишкекте "Барса" футбол академиясынын курулушуна капсула салынды. Ал борбор калаанын түштүк тарабындагы Токомбаев көчөсүнүн боюнда жайгашат. Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров, “Барселона” футбол клубунун жетекчиси Жоан Лапорта жана Борбор Азия мамлекеттеринин футбол федерацияларынын жетекчилери катышты.