АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
2.15K subscribers
13.5K photos
9.06K videos
3 files
2.06K links
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Алмазбек Атамбаевди үйүндө жубайы, балдары жана жакындары күтүп алышты

🎥 Клооп
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад жана жапырт камоолор боюнча пикирин билдирди

🎥 24KG
‼️ Камактагы экс-депутат Равшан Жээнбеков ооруканага түштү

✔️ Боор оорусу өтүшүп, акыбалы жакшы эмес. Бул тууралуу активист Айсулуу Кудайбердиева билдирди. Ал жеке клиникага жаткырылганы кабарланды.
‼️ 2022-жылы Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиард 200,7 миллион доллар которулган

✔️ Мурдагы жылга салыштырмалуу сыртка агылып чыгуу 2 эсеге көбөйгөн .Бул Россияга агылып чыгуунун көбөйүшү менен шартталган, ал жалпы көлөмдүн 77,2%ын же 927,5 млн долларды түзөт.

✔️ Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын сентябрынан бери Түркияга акчанын агылып чыгышы дароо 5,9 эсеге кескин өскөн. Натыйжада жыл ичинде ал жакка 230,6 миллион доллар же 19,2% жөнөтүлгөн.

Акчабар
‼️ Түркияда зилзаладан жабыркагандар үчүн 127 боз үй тигилди-ӨКМ
‼️ Азербайжан менен Армения ортосунда кайрадан куралдуу кагылышуу башталды

✔️ Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн Горис, Сотк жана Жермук шаарлары багытында артиллерия жана аткыч куралдар менен катуу ок атканын билдирди.

✔️ Ал арада Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын куралдуу күчтөрү эки өлкөнүн чек арасында кеңири масштабдуу диверсия жасаганын жарыялады. Анын натыйжасында адамдык жоготуулар болгонун билдирди.
"Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди

Кыргызстандын жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоев Украинадагы согушта каза болгонун маркумдун жакындары "Азаттыкка" ырасташты.

Аны тааныгандар Чолоев Орусияда абакта отурган жана "Вагнер" аркылуу согушка тартылганын айтып жатышат. Туугандары маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келингенин, бүгүн, 15-февралда тажыясы болорун билдиришти.

Замир Чолоев тууралуу азырынча башка маалымат айтыла элек. (Иллюстрация сүрөт)

@azattyk_radiosu
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Банктар элди тоноп жатат. Куудул Абды Кадырматов аны комбанк ыңгайсыз абалга калтырганын билдирди
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Бийлик менен сүйлөшүү болгон жок. Орозайым Нарматова үй камагы жана акыбалы боюнча маалымат берди
‼️ Электр энергия 1 сомго чейин кымбаттап, лимит да көтөрүлөт

✔️ Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда электр энергиясына тарифти 1 сомго чейин (салыктарды кошпогондо) көтөрүү сунушталууда. Көбөйтүүнүн аркасында алар лимитти айына 700 киловатт-сааттан 1500гө чейин көтөрүп, азыркы 2,16 сомдук тарифти бул чектен жогору калтырууну көздөшүүдө.

✔️ Учурда айына 700 киловатт-саатка чейин керектөөдө калк 77 тыйындан төлөйт, бул чектен ашса 2,16 сом.

✔️ Буга чейин Садыр Жапаров калк үчүн электр энергиясына тарифтер 1-майдан тарта көтөрүлөрүн билдирген.
‼️ Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетти

✔️ Ал Дубайга андан ары Испанияга барып, дарыланары кабарланат. Аны коштоп кенже уулу Кадыр Атамбаев кетти.

✔️ Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кечээ абактан бошотулган. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Испаниянын премьер-министринин чакыруусу менен дарыланууга кетерин билдирген болчу.
‼️ Бүгүн блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту болот

✔️ Бүгүн, 15-февралда Биринчи Май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өтөт. Анда КР Улуттук илимдер академиясынын эксперти Азамат Жанышбек уулу көрсөтмө берет.

✔️ Ал соттук лингвистикалык экспертиза карама-каршы корутунду бергенине карабастан, блоггердин постунда массалык баш аламандыкка чакырык бар деген пикирин билдирген.
‼️ Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча пикирин билдирди

✔️ Президент "Кабар" агенттигине маек берип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирди.

"Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.
"Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын»,- деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат
",-дейт Садыр Жапаров.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Депутат Мирлан Самыйкожо жол салгандарга бирден УКМК кызматкерин кошуп коюуну сунуштады
‼️ Бүгүн, эртең Кемпир-Абад боюнча камактагылардын соту болот. Кимдики канчада?

✔️ "Кылым Шамы" коомдук уюму кимисинин баш коргоо чарасы качан каралат убактыларын жарыялады.

15-февраль:

-14:00 - Равшан Джээнбеков
-18:00 - Таалайбек Мадеминов
-19:00 - Улугбек Маматаев
-20:00 - Жеңиш Молдокматов

16-февраль:

-13:30 - Айбек Бузурманкулов
-14:00 - Айданбек Акматов
-16:00 - Асия Сасыкбаева
-16:00 - Перизат Суранова
-16:30 - Эрлан Бекчоро уулу
-17:00 - Клара Сооронкулова
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Өзүбүздүн жер өзүбүзгө калсын дегенибиз үчүн бизди соттоп жатышат. Кемпир-Абад иши боюнча камактагы Таалайбек Мадеминов сотко алып келинди

🎥 Апрель ТВ
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Парламентти шылдыңдабаңыз. Балбак Түлөбаев соцфонддун жетекчисинин отчетун сындады
‼️ Кемпир-Абад иши: Равшан Жээнбеков эки ай камакта калтырылды

✔️ Адвокат Замир Жоошевдин айтымында Сот процесси айыпталуучу жок өттү. Эскерте кетсек, Равшан Жээнбековдун боор оорусу күчөп кетип, ооруканага которулган.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️ Кемпир-Абад иши: Жашыруун кылып алып эмне кылышат? Активист Али Шабданды сот 2 айга камакта калтырды

🎥 Апрель ТВ