Штаб КР по COVID-19
7.27K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
📣 Ош, Ноокат, Кара-Суу аймагы боюнча комендант М.Нурдиновдун кайрылуусу!
Урматтуу Кара-Суу, Ноокат, Ош шаарынын тургундары!
👤 Мен сиздерден комендант катары суранаарым, убактылуу түзүлүп жаткан кырдаалга олуттуу мамиледе карап, үйдөн чыкпай, жакындарга конокко барууну токтотуп турсак.
Бул аткарылып жаткан иштер, элдин саламаттыгы үчүн жасалып жаткандыгын түшүнсөк.
🚶 Өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандар өткөрмө бар деп каалагандай басып жүрүүнү токтотушубуз керек.
📌 Биз комендант катары мамлекеттик, муниципалдык жана күч органдарынын жумушка каттагандарын чектөөнү, 10 адам иштесе 4 адамга кыскартууну сунуштап жатабыз.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
---------------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
📣 Обращение коменданта Ошского, Ноокатского, Кара-Суйского районов М. Нурдинова!
Уважаемые жители города Кара-Суу, Ноокат, Ош!
👤 Я как комендант прошу Вас, серьезно отнестись к сложившейся ситуации, не выходить из дома и перестать ходить в гости. Проводимая нами работа делается ради здоровья народа.
🚶 Граждане, особенно работающие на государственной и муниципальной службе, должны прекратить необоснованное передвижение по пропускам.
📌 Мы предлагаем ограничить регистрацию на работу государственных, муниципальных и силовых органов, если работают 10 человек сократить их до 4-х.
#Будьтедома #Соблюдайтегигиену #ВместеМыПобедимВирус.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜 Кутмандуу кеч өлкө!
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында жашоого көнүп баратабыз, антпесек болбойт киргизилген эрежелерди жана сунуштарды сактоо менен гана биз бирге коронавирустун өлкөдө жана дүйнөдө таралышын токтото алабыз.
Кыргызстанда коронавирустун биринчи учурун аныктагандан баштап 9 күн өттү. Ал 2020-жылдын 18-марты болчу. Ошентип, КРде бүгүн, 2020-жылдын 27-мартында, саат 20.00 абалга карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
🔸Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын 14 дагы жаңы учурун аныктады, алар Ош, Жалал-Абад областтарында катталды. Ошентип, республика боюнча алардын жалпы саны 44төн 58ге чейин жетти, 6 бейтап ошондой эле реанимацияда, бирок алардын бири дагы өпкөнүн жасалма вентиляциясына муктаж болгон эмес. Өлкөдөн тышкары коронавирус 5 биздин жараныбызда аныкталды. Алардын абалы - жакшы.
🔹 Бардык жерде дезинфекция иш-чаралары жүргүзүлүүдө - көчөлөр, коомдук жерлер, уюмдар жана ишканалар.
🔸 65 жаштан уулу медициналык кызматкерлер, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар кызматкерлер коронавирусту жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды.
💸 COVID-19 боюнча Финансы министрлигинин эсеби толукталууда, бүгүн күндө эсепте 48,3 млн. сомдон ашык акча чогулду.
👉 УКМКнын эскертүүсүнө карабастан, фейк жаңылыктарды жайылтуу уланып жатат. Тиешелүү органдар аларды аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, бул иштерге юридикалык баа берилүүдө.
👤 Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат.
🕗 Эске салсак, коменданттык саат 20-00дө башталат жана эртең мененки саат 7-00гө чейин уланат! Медицина, энергетика, ӨКМ, ИИМ, жана башка маанилүү кызматтар алдыда эки күн дем алыш болгонуна карабастан, 24/7 режиминде иш алып барат. Ал эми силер #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла, эшикке мужтаж болгон учурларда гана чыккыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз🌐
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜Кутмандуу кеч өлкө!
Бүгүн, 2020-жылдын 28-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясына жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бул боюнча брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Ошентип, республика боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны - 58. Алардын ичинен 2 бейтап реанимацияда, абалы - орточо оор, туруктуу.
🔔 Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну коронавирустан эмес, пневмониядан каза болгонун билдирди, бул тууралуу соцтармактарда туура эмес маалымат таратылып кетти.
📌 Жалал-Абад шаарынын коменданты аларга кайрылган адамдардын 90% өткөрмө алуу үчүн кайрылып жатышат. Өткөрмө берүү чектелген. Биринчи кезекте, медиктерге, аларды ташыган унааларга жана милиция кызматкерлерине берилип жатат.
🚧 Бишкекте 120 пост орнотулду, алардын 79 санитардык-карантиндик жана 41 шаардын периметри боюнча коюлду.
🚿 Күн сайын жана бардык жерде дезинфекция иш-чаралары жүргүзүлүп жатат - көчөлөр, коомдук жайлар, уюмдар жана ишканалар.
💸 COVID-19 боюнча Финансы министрлигинин эсеби каражаттар менен толукталууда, алардын чыгашалары боюнча комиссия түзүлдү, курамына Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү киришти.
📝 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Өкмөтүнө гуманитардык жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
📍 Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.
👆 Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. Өткөн суткада коменданттык саатты бузгандар Бишкекте - 157 адам, Ош областында- 39 адам болду.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла, эшике мужтаж болгон учурларда гана чыккыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜 Кутмандуу кеч өлкө!
2020-жылдын 29-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаңы учуру катталды. Ошентип, республика боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны - 58ден 84кө жетти. Алардын ичинен 3 бейтап реанимацияда, абалы - оор. Коронавируска чалдыккан бейтаптар кайсы райондордо экендиги тууралуу маалыматты биздин фото жана видео статистикадан көрө аласыздар.
🚹 Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 4886 жаран обсервация режиминде, үй карантининде - 3338 адам.
🚑 Бир сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти.
🚐 Түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. Алардын жалпы саны 14-15 дарыгер, реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор.
🙌 Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер 227 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1 кап ундан жана 25 кг күрүч таратышты. 🙌 Чет өлкөдө Ош облусунун Ноокат районундагы мекендештерибиз акча каражаттарын чогултуу үчүн эсеп ачышты. Чогултулган акча каражатына биринчи обсервацияда болгондордун шартын жакшыртуу үчүн керебеттерди, жууркан-төшөк, жана шейшептерди сатып беришти.
🙌 Баткен облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жалпы 183 тонна ун, 1013 кг макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч, 874 кг кумшекер берилди
🚜 Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды, 12 607 га жер айдоо болуп 2070 га жаздык буудай, 3880 га арпа, 53 га картошка, 48 га жүгөрү, 48 га жашылча эгилди.
👆 Бишкек шаарынын комендантынын маанилүү билдирүүсүн белгилей кетсек. 1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда өткөрмөлөр электрондук түрдө бериле баштайт.
Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат.
Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.
👥 Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. Ошондуктан #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз🌐
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜 Кутмандуу кеч өлкө!
2020-жылдын 30-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
📌 Бүгүн республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды. Ошентип өлкөдө коронавирустун далилденген учурлары – 94 болду.
🔔 Жакшы кабар: Стационардан Жалал-Абад облустук ооруканасынан COVID- 19 вирусунан айыккан 3 бейтап чыгарылды.
СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адам, алардын ичинен 1-категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, 2-категориядагы (башкалар) – 5222. Жалпы республика боюнча 1459 адам обсервацияда.
🔶 “Коронавируска каршы күрөшүүдө ишке тартылган саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык кызматкерлери кошумча айлык акы алышат”, - деп билдирди саламаттык сактоо министри Космосбек
Чолпонбаев.
💰 Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына делген администрацияланган эсепке 50 млн 960 миӊ сом түштү. Бул каражаттарды бөлүштүрүү менен атайын түзүлгөн комиссия алектенет.
КРдин Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маанилүү билдирүүлөрү:
- мамлекет өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарат. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт.
- Кыргызстан өзүнүн жарандарын таштабайт, өлкөбүз аларды кабыл алууга даяр. Биринчи кезекте, Россиядан колунда сатып алган билеттери бар жарандар алып келинет.
- Калктын катмарларынын тизмеси түзүлгөн, булар күн сайын киреше алуунун негизинде үй-бүлөнү камсыздап, колдоого муктаж болгон таксисттер, куруучулар жана башкалар. Учурда жеке ишкерлер жана мамлекет аркылуу жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда.
- Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бир жумадан бери кеӊешмелерди өткөрүп жатабыз. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда.
Баардык коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. 1312 кыска номери боюнча ыкчам байланыш ачылууда, бул аркылуу өткөрмөлөрдү тариздөө боюнча тиешелүү суроолорго жооп алса болот.
Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат. #Үйдөболгула #Карантин #Тазалыктысактагыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз🌐
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
01/04/2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
🔶 2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды:
Жалал-Абад ш. – 1
Сузак району – 1
Кара-көл ш. – 1
Чүй облусу – 1
Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.
🔶 Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор.
🔶 COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал)
Өлкө боюнча обсервацияда – 1588 адам болууда.
Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды.
ӨКМдин 112 Бирдиктүү нөөмөт кызматы жарандардын чалууларын күнү-түнү кабыл алууда.
Өткөн сутка ичинде 10 000 чалуу келип түштү, алардын ичинен 1385 чалуу коронавирус боюнча. Көбүнчө чалуулар максатсыз болууда.
Туризм-2020 Кыргызстанда 80% га төмөндөп кетиши мүмкүн, мындай божомолду КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай божомолдор коронавирустун жайылышынан улам бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча күтүлүүдө.
"Карантинге байланыштуу, биз үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнө туш болдук, жарандар психологиялык жардамга муктаж. 111 номери аркылуу жарандар жардам менен кайрылышса болот ", - Социалдык өнүгүү министрлиги.
Азыркы күндө Кыргызстан азык-түлүктөрдүн жана товарлардын жетиштүү көлөмү менен камсыз болууда. Ички базарда күн сайын баалар көзөмөлдөнүп, баалардын кескин түрдө көтөрүлүшү байкалган жок. Бир гана кээ бир азык-түлүк продуктуларынын жаңы түшүмгө чейинки баалардын мезгилдик көтөрүлүшү байкалууда.
2020-жылдын 31-мартына (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 69 млн. 479 миң 853 сом акча каражаттар түштү.
Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.
“Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт. Бүгүнкү күндө 500-600дөн ашык адамга окутуу жүргүзүлдү , ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өттү. Муктаждардын тизмеси күн сайын толукталып иштелип чыгууда", - деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Мирлан Парханов.
Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилгенин белгиледи.
"Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат", - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
📌 Сааттын мөөнөтү өзгөргөн жок: 20:00дөн 7:00гө чейин.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
02/04/ 2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
2020-жылдын 2-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2. Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116.
Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 54;
• Ош облусунда – 30;
• Чүй облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 3;
• Ош ш. – 10;
• Бишкек ш. – 8;
• Нарын облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 2
Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.
Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда. Жалпы 2 киши Ноокатта, 2 Ошто,бирөө Жалал-Абадда.
Жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгондор.
Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.
🔔 Жакшы жаӊылык: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты.
2020-жылдын 1-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 80 млн. 552 миң 233 сом акча каражаттар түштү. Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.
Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берди. “Алар Бишкек шаарында азык-түлүк жана тамак-аштарды жеткирүү менен алектенишине бул жетиштүү. Азыр, албетте, калаанын чет жакасында айрым көйгөйлөр бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз”, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
МКК жана МТБМК биргеликте коронавирус боюнча карантинде жаткан жарандарды э-каттоону түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди.
02.04.2020-ж. карата ӨКМдин өткөн суткага статистикасы:
- 1 млн 387 миӊ м2 аймак дезинфекцияланды;
- 12 миӊден ашык койка-орундук даярдалды;
- санитардык-карантиндик жана блок-постторго 120 чатыр жана 56 мобилдик турак үй орнотулду;
- обсервациядагы жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө;
- 112 ыкчам номуруна коронавирус боюнча 1004 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр бардык суроолорго жооп беришүүдө;
- ӨКМдин өлкө аймагында иш алып барып жаткан өздүк курамы жеке коргонуу кийимдер (500 даана) жана көп жолку колдонуучу бет каптар (1030 даана) менен камсыздалган;
- 100 тонна ун Ош шаарынан Ноокат районуна, 60 тонна ун Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна жеткирилди;
- ӨКМ тарабынан 179 куткаруучу жана 16 унаа тартылды.
🕗 20-00 комендаттык саат башталды, ал эртең мененки 7.00 чейин уланат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар 24/7 режиминде иштешет жатышат. Ал эми силер #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
03/04/ 2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 14 жаңы COVID-19 учуру аныкталды. Учурлардын жалпы саны-130, 5 бейтап айыкты. 4 бейтап оор абалда турат, анын ичинен 1 бейтап жасалма өпкө желдетүүдө турат.
Республикада коронавирус менен бейтаптын биринчи өлүмү катталды. 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды. Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Республика боюнча обсервацияда 1900 адам жатат.
“Лабораторияларды экспресс тесттер жана ПЧР диагностика үчүн реагенттер менен камсыздоо боюнча чоӊ иш жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык жардам катары 21 миӊ экспресс-тест келди, жалпы ыкчам диагностикалоо үчүн 60 миӊ тест система бар”, - деп белгиледи саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.
📌 Өткөн суткада коменданттык саатты бузгандардын саны:
Бишкек шаарында - 53 адам;
Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда - 30 адам;
Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда - 1 адам.
Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын комендатурасындагы көчмө жыйында көзөмөл-санитардык пункттар өз ишин так аткарып - карантин аймагына карапайым жарандардын себепсиз өтүшүнө жол бербей, ишкерлердин жана медиктердин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш деп белгиледи.
Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарынын кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат.
КР Өкмөтүнүн токтому менен КНС төлөөчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жана экспорттоочуларга милдеттүү түрдө электрондук эсеп-кысап колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирген пилоттук долбоор ишке ашырылат.
🔔 Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 83,5 млн. сом келип түштү.[10
“Жарандар билим берүү министрлигинин суроолору боюнча арыз-кайрылууларын онлайн режимде kat.edu.gov.kg порталына калтырса болот. Бардык кайрылуулар автоматтык түрдө тийиштүү бөлүмдөргө түшөт” – деп билдирди билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Мындан тышкары билим берүү министри бүгүнкү брифингде төмөнкүлөрдү билдирди:
- 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталат, төртүнчү чейректин сабактарын мектеп окуучулары үйдөн окушат;
- министрлик түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча Антикризистик планды бекитти;
- кыргыз жана орус тилдеринде теле сабактардын бирдиктүү жүгүртмөсү түзүлдү, бул процесске Бишкек жана Ош шаарларындагы эки жүздөн ашык мугалим тартылды:
Сабактар “Баластан” (1-4-класстар), “Илим жана билим”, ЭлТР, Пирамида, 5-канал, Санат ТВ (5-11-класстар) каналдарынан көрсөтүлөт, видео сабактар ошондой эле “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” Youtube каналына дагы жүктөлөт;
- сабактардын материалдары oku.edu.gov.kg порталына жайгаштырылат;
- мугалимдер окуучулар менен байланыш түзүүдө көнүмүш мессенджерлер жана төмөнкү платформалар колдонулат: Telegram, WhatsApp, Zoom, Google classroom;
- ЖРТны өткөрүү мөөнөттөрүн жылдыруу пландалып жатат, учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен тестирлөөгө каттоо жана өткөрүү маселелери иштелүүдө. Керектүү маалыматты абитуриенттер testing.kg сайтынан ала алышат.
9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Почтальондор ошол эле күнү пенсиялар менен жөлөк пулдарды алуучуларга жеткире баштайт.МКК алдындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
04/04/2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
2020-жылдын 4-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен:
Бишкекте – 1, Ош облусунда – 5, Ош ш. – 2, Джалал-Абад облусунда – 6.
Республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 144 учур катталды.
Коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.
COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин ичинен: 7 – Жалал-Абад облусунда, 1 – Бишкекте, 1 – Ошто.
📌 Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
🔔 Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 96,9 млн. сом келип түштү.
Бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg.
МТБМК тесттик режимде санарип көндүмдөргө үйрөтүү боюнча Digiskills платформасын иштеп берди
"Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана ЖРТ өткөрүү мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалдын бүтүшүнө жараша болот", - деп белгиледи Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова.
Билим берүү жана илим министрлик дистанттык окутуу маселелери боюнча ыкчам жардам көрсөтүү тобун түздү, анда мугалимдер окуучулар менен ата-энелерге кеңештерди беришет.
ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ ЛИНИЯЛАРЫ:
Жалпы жана уюштуруу маселелери боюнча -
📞0550-512-075;
Техникалык маселелер боюнча -
📞0550-801-026.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.
Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жазгы-талаа иштери эч кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш. Тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү көлөмдө үрөн, жер-семирткичтер, техника менен камсыз кылуу жана талаа иштерин өз убагында ишке ашыруу тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
“Пенсия өз убагында төлөнөт. Почта кызматкерлери ар бир пенсионердин үйүнө алардын пенсияларын жеткирип беришет. Бул боюнча кабаатыр болбоого чакырам”, - деп билдирди КР Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев.
Комендатуранын бардык буйруктарын http://mvd.gov.kg/comend/bishkek.html жана жакны арада 1312.tunduk.kg сайттарынан көрө аласыздар.
Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 99 адам бузган, ал эми Ошто 5 адам.
38,5 млн сом коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөөгө багытталат. #Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
05/04/2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
2020-жылдын 5-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 адам катталды. Жалпы -147. Жаңы каталган 3 учур тең Бишкек шаарынан, - деп билдирди КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
📌 Региондор боюнча статистика
Бишкек – 20
Ош облусунда – 47
Баткен облусунда – 3
Жалал-Абад облусунда – 67
Чүй облусунда – 4
Ыссык-Көл облусунда – 2
Нарын облусунда – 4
Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 5 адам оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен 2 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, ал эми 3 адам кислород менен дем алууда.
Коронавирус инфекциясына чалдыккан 147 адам менен байланыш түзгөн адамдардын саны – 5048. Анын ичинен, эң жакындары жана үй-бүлөсү менен байланышкандар – 548.
Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. 2020-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Ноокат аймактык ооруканасында 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.
Казакстанда Кыргыз Республикасынын төрт жаранынан Сovid-19 аныкталды. Алардын бардыгы инфекциялык стационарга жайгаштырылды.
Өкмөт башчы Ош облусуна жасаган сапарынын алкагында Кызыл жарым ай коомунун Ош шаарындагы кеңсесине барып, ыктыярчылар менен жолугушту.
Активисттер Премьер-министрге жардам берүү жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүү боюнча жасап жаткан иштери тууралуу айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү сыяктуу эле коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.
Бардык жерде дезинфекция иштери уланууда.
Бишкекте карантиндик аймактар түштүк багыты боюнча Токомбаев/ Түштүк магистраль көчөлөрү, түндүк багыты боюнча ЧЧКга чейин, чыгыш багыты боюнча Чолпон-Ата, батыш багыты боюнча Баха көчөсүнө чейин кеңейтилди. Жаңы аймактар жарандардын өтүүсү жана унаалардын жүрүшү үчүн жабык болот. Ошондой эле, мурда жабылган аймактар дагы жабык болот. Анткени, көчөлөрдө дезинфекция иштери жүргүзүлөт, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.
Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 83 адам бузган.
#Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз