Штаб КР по COVID-19
7.59K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜Кутмандуу кеч өлкө!
Бүгүн, 2020-жылдын 28-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясына жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бул боюнча брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Ошентип, республика боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны - 58. Алардын ичинен 2 бейтап реанимацияда, абалы - орточо оор, туруктуу.
🔔 Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну коронавирустан эмес, пневмониядан каза болгонун билдирди, бул тууралуу соцтармактарда туура эмес маалымат таратылып кетти.
📌 Жалал-Абад шаарынын коменданты аларга кайрылган адамдардын 90% өткөрмө алуу үчүн кайрылып жатышат. Өткөрмө берүү чектелген. Биринчи кезекте, медиктерге, аларды ташыган унааларга жана милиция кызматкерлерине берилип жатат.
🚧 Бишкекте 120 пост орнотулду, алардын 79 санитардык-карантиндик жана 41 шаардын периметри боюнча коюлду.
🚿 Күн сайын жана бардык жерде дезинфекция иш-чаралары жүргүзүлүп жатат - көчөлөр, коомдук жайлар, уюмдар жана ишканалар.
💸 COVID-19 боюнча Финансы министрлигинин эсеби каражаттар менен толукталууда, алардын чыгашалары боюнча комиссия түзүлдү, курамына Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү киришти.
📝 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Өкмөтүнө гуманитардык жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
📍 Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.
👆 Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. Өткөн суткада коменданттык саатты бузгандар Бишкекте - 157 адам, Ош областында- 39 адам болду.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла, эшике мужтаж болгон учурларда гана чыккыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜 Кутмандуу кеч өлкө!
2020-жылдын 29-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаңы учуру катталды. Ошентип, республика боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны - 58ден 84кө жетти. Алардын ичинен 3 бейтап реанимацияда, абалы - оор. Коронавируска чалдыккан бейтаптар кайсы райондордо экендиги тууралуу маалыматты биздин фото жана видео статистикадан көрө аласыздар.
🚹 Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 4886 жаран обсервация режиминде, үй карантининде - 3338 адам.
🚑 Бир сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти.
🚐 Түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. Алардын жалпы саны 14-15 дарыгер, реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор.
🙌 Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер 227 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1 кап ундан жана 25 кг күрүч таратышты. 🙌 Чет өлкөдө Ош облусунун Ноокат районундагы мекендештерибиз акча каражаттарын чогултуу үчүн эсеп ачышты. Чогултулган акча каражатына биринчи обсервацияда болгондордун шартын жакшыртуу үчүн керебеттерди, жууркан-төшөк, жана шейшептерди сатып беришти.
🙌 Баткен облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жалпы 183 тонна ун, 1013 кг макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч, 874 кг кумшекер берилди
🚜 Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды, 12 607 га жер айдоо болуп 2070 га жаздык буудай, 3880 га арпа, 53 га картошка, 48 га жүгөрү, 48 га жашылча эгилди.
👆 Бишкек шаарынын комендантынын маанилүү билдирүүсүн белгилей кетсек. 1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда өткөрмөлөр электрондук түрдө бериле баштайт.
Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат.
Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат.
👥 Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. Ошондуктан #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз🌐
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌜 Кутмандуу кеч өлкө!
2020-жылдын 30-марты КРде саат 20.00гө карата абал кандай? Эң негизги учурларды атай кетели.
📌 Бүгүн республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды. Ошентип өлкөдө коронавирустун далилденген учурлары – 94 болду.
🔔 Жакшы кабар: Стационардан Жалал-Абад облустук ооруканасынан COVID- 19 вирусунан айыккан 3 бейтап чыгарылды.
СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адам, алардын ичинен 1-категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, 2-категориядагы (башкалар) – 5222. Жалпы республика боюнча 1459 адам обсервацияда.
🔶 “Коронавируска каршы күрөшүүдө ишке тартылган саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык кызматкерлери кошумча айлык акы алышат”, - деп билдирди саламаттык сактоо министри Космосбек
Чолпонбаев.
💰 Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына делген администрацияланган эсепке 50 млн 960 миӊ сом түштү. Бул каражаттарды бөлүштүрүү менен атайын түзүлгөн комиссия алектенет.
КРдин Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маанилүү билдирүүлөрү:
- мамлекет өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарат. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт.
- Кыргызстан өзүнүн жарандарын таштабайт, өлкөбүз аларды кабыл алууга даяр. Биринчи кезекте, Россиядан колунда сатып алган билеттери бар жарандар алып келинет.
- Калктын катмарларынын тизмеси түзүлгөн, булар күн сайын киреше алуунун негизинде үй-бүлөнү камсыздап, колдоого муктаж болгон таксисттер, куруучулар жана башкалар. Учурда жеке ишкерлер жана мамлекет аркылуу жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда.
- Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бир жумадан бери кеӊешмелерди өткөрүп жатабыз. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда.
Баардык коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат. 1312 кыска номери боюнча ыкчам байланыш ачылууда, бул аркылуу өткөрмөлөрдү тариздөө боюнча тиешелүү суроолорго жооп алса болот.
Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Ошентип, 20-00дө коменданттык саат башталат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантышат. #Үйдөболгула #Карантин #Тазалыктысактагыла, ошондо биз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз🌐
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
01/04/2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
🔶 2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды:
Жалал-Абад ш. – 1
Сузак району – 1
Кара-көл ш. – 1
Чүй облусу – 1
Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.
🔶 Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор.
🔶 COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал)
Өлкө боюнча обсервацияда – 1588 адам болууда.
Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды.
ӨКМдин 112 Бирдиктүү нөөмөт кызматы жарандардын чалууларын күнү-түнү кабыл алууда.
Өткөн сутка ичинде 10 000 чалуу келип түштү, алардын ичинен 1385 чалуу коронавирус боюнча. Көбүнчө чалуулар максатсыз болууда.
Туризм-2020 Кыргызстанда 80% га төмөндөп кетиши мүмкүн, мындай божомолду КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай божомолдор коронавирустун жайылышынан улам бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча күтүлүүдө.
"Карантинге байланыштуу, биз үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнө туш болдук, жарандар психологиялык жардамга муктаж. 111 номери аркылуу жарандар жардам менен кайрылышса болот ", - Социалдык өнүгүү министрлиги.
Азыркы күндө Кыргызстан азык-түлүктөрдүн жана товарлардын жетиштүү көлөмү менен камсыз болууда. Ички базарда күн сайын баалар көзөмөлдөнүп, баалардын кескин түрдө көтөрүлүшү байкалган жок. Бир гана кээ бир азык-түлүк продуктуларынын жаңы түшүмгө чейинки баалардын мезгилдик көтөрүлүшү байкалууда.
2020-жылдын 31-мартына (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 69 млн. 479 миң 853 сом акча каражаттар түштү.
Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.
“Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт. Бүгүнкү күндө 500-600дөн ашык адамга окутуу жүргүзүлдү , ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өттү. Муктаждардын тизмеси күн сайын толукталып иштелип чыгууда", - деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Мирлан Парханов.
Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилгенин белгиледи.
"Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат", - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
📌 Сааттын мөөнөтү өзгөргөн жок: 20:00дөн 7:00гө чейин.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
02/04/ 2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
2020-жылдын 2-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2. Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116.
Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 54;
• Ош облусунда – 30;
• Чүй облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 3;
• Ош ш. – 10;
• Бишкек ш. – 8;
• Нарын облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 2
Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.
Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда. Жалпы 2 киши Ноокатта, 2 Ошто,бирөө Жалал-Абадда.
Жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгондор.
Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.
🔔 Жакшы жаӊылык: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты.
2020-жылдын 1-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 80 млн. 552 миң 233 сом акча каражаттар түштү. Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.
Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берди. “Алар Бишкек шаарында азык-түлүк жана тамак-аштарды жеткирүү менен алектенишине бул жетиштүү. Азыр, албетте, калаанын чет жакасында айрым көйгөйлөр бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз”, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
МКК жана МТБМК биргеликте коронавирус боюнча карантинде жаткан жарандарды э-каттоону түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди.
02.04.2020-ж. карата ӨКМдин өткөн суткага статистикасы:
- 1 млн 387 миӊ м2 аймак дезинфекцияланды;
- 12 миӊден ашык койка-орундук даярдалды;
- санитардык-карантиндик жана блок-постторго 120 чатыр жана 56 мобилдик турак үй орнотулду;
- обсервациядагы жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө;
- 112 ыкчам номуруна коронавирус боюнча 1004 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр бардык суроолорго жооп беришүүдө;
- ӨКМдин өлкө аймагында иш алып барып жаткан өздүк курамы жеке коргонуу кийимдер (500 даана) жана көп жолку колдонуучу бет каптар (1030 даана) менен камсыздалган;
- 100 тонна ун Ош шаарынан Ноокат районуна, 60 тонна ун Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна жеткирилди;
- ӨКМ тарабынан 179 куткаруучу жана 16 унаа тартылды.
🕗 20-00 комендаттык саат башталды, ал эртең мененки 7.00 чейин уланат! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар 24/7 режиминде иштешет жатышат. Ал эми силер #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
03/04/ 2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 14 жаңы COVID-19 учуру аныкталды. Учурлардын жалпы саны-130, 5 бейтап айыкты. 4 бейтап оор абалда турат, анын ичинен 1 бейтап жасалма өпкө желдетүүдө турат.
Республикада коронавирус менен бейтаптын биринчи өлүмү катталды. 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды. Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Республика боюнча обсервацияда 1900 адам жатат.
“Лабораторияларды экспресс тесттер жана ПЧР диагностика үчүн реагенттер менен камсыздоо боюнча чоӊ иш жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык жардам катары 21 миӊ экспресс-тест келди, жалпы ыкчам диагностикалоо үчүн 60 миӊ тест система бар”, - деп белгиледи саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.
📌 Өткөн суткада коменданттык саатты бузгандардын саны:
Бишкек шаарында - 53 адам;
Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда - 30 адам;
Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда - 1 адам.
Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын комендатурасындагы көчмө жыйында көзөмөл-санитардык пункттар өз ишин так аткарып - карантин аймагына карапайым жарандардын себепсиз өтүшүнө жол бербей, ишкерлердин жана медиктердин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш деп белгиледи.
Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарынын кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат.
КР Өкмөтүнүн токтому менен КНС төлөөчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жана экспорттоочуларга милдеттүү түрдө электрондук эсеп-кысап колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирген пилоттук долбоор ишке ашырылат.
🔔 Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 83,5 млн. сом келип түштү.[10
“Жарандар билим берүү министрлигинин суроолору боюнча арыз-кайрылууларын онлайн режимде kat.edu.gov.kg порталына калтырса болот. Бардык кайрылуулар автоматтык түрдө тийиштүү бөлүмдөргө түшөт” – деп билдирди билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Мындан тышкары билим берүү министри бүгүнкү брифингде төмөнкүлөрдү билдирди:
- 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталат, төртүнчү чейректин сабактарын мектеп окуучулары үйдөн окушат;
- министрлик түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча Антикризистик планды бекитти;
- кыргыз жана орус тилдеринде теле сабактардын бирдиктүү жүгүртмөсү түзүлдү, бул процесске Бишкек жана Ош шаарларындагы эки жүздөн ашык мугалим тартылды:
Сабактар “Баластан” (1-4-класстар), “Илим жана билим”, ЭлТР, Пирамида, 5-канал, Санат ТВ (5-11-класстар) каналдарынан көрсөтүлөт, видео сабактар ошондой эле “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” Youtube каналына дагы жүктөлөт;
- сабактардын материалдары oku.edu.gov.kg порталына жайгаштырылат;
- мугалимдер окуучулар менен байланыш түзүүдө көнүмүш мессенджерлер жана төмөнкү платформалар колдонулат: Telegram, WhatsApp, Zoom, Google classroom;
- ЖРТны өткөрүү мөөнөттөрүн жылдыруу пландалып жатат, учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен тестирлөөгө каттоо жана өткөрүү маселелери иштелүүдө. Керектүү маалыматты абитуриенттер testing.kg сайтынан ала алышат.
9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Почтальондор ошол эле күнү пенсиялар менен жөлөк пулдарды алуучуларга жеткире баштайт.МКК алдындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
04/04/2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
2020-жылдын 4-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен:
Бишкекте – 1, Ош облусунда – 5, Ош ш. – 2, Джалал-Абад облусунда – 6.
Республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 144 учур катталды.
Коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.
COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин ичинен: 7 – Жалал-Абад облусунда, 1 – Бишкекте, 1 – Ошто.
📌 Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
🔔 Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 96,9 млн. сом келип түштү.
Бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg.
МТБМК тесттик режимде санарип көндүмдөргө үйрөтүү боюнча Digiskills платформасын иштеп берди
"Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана ЖРТ өткөрүү мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалдын бүтүшүнө жараша болот", - деп белгиледи Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова.
Билим берүү жана илим министрлик дистанттык окутуу маселелери боюнча ыкчам жардам көрсөтүү тобун түздү, анда мугалимдер окуучулар менен ата-энелерге кеңештерди беришет.
ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ ЛИНИЯЛАРЫ:
Жалпы жана уюштуруу маселелери боюнча -
📞0550-512-075;
Техникалык маселелер боюнча -
📞0550-801-026.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.
Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жазгы-талаа иштери эч кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш. Тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү көлөмдө үрөн, жер-семирткичтер, техника менен камсыз кылуу жана талаа иштерин өз убагында ишке ашыруу тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
“Пенсия өз убагында төлөнөт. Почта кызматкерлери ар бир пенсионердин үйүнө алардын пенсияларын жеткирип беришет. Бул боюнча кабаатыр болбоого чакырам”, - деп билдирди КР Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев.
Комендатуранын бардык буйруктарын http://mvd.gov.kg/comend/bishkek.html жана жакны арада 1312.tunduk.kg сайттарынан көрө аласыздар.
Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 99 адам бузган, ал эми Ошто 5 адам.
38,5 млн сом коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөөгө багытталат. #Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
05/04/2020 КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
2020-жылдын 5-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 адам катталды. Жалпы -147. Жаңы каталган 3 учур тең Бишкек шаарынан, - деп билдирди КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
📌 Региондор боюнча статистика
Бишкек – 20
Ош облусунда – 47
Баткен облусунда – 3
Жалал-Абад облусунда – 67
Чүй облусунда – 4
Ыссык-Көл облусунда – 2
Нарын облусунда – 4
Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 5 адам оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен 2 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, ал эми 3 адам кислород менен дем алууда.
Коронавирус инфекциясына чалдыккан 147 адам менен байланыш түзгөн адамдардын саны – 5048. Анын ичинен, эң жакындары жана үй-бүлөсү менен байланышкандар – 548.
Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. 2020-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Ноокат аймактык ооруканасында 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.
Казакстанда Кыргыз Республикасынын төрт жаранынан Сovid-19 аныкталды. Алардын бардыгы инфекциялык стационарга жайгаштырылды.
Өкмөт башчы Ош облусуна жасаган сапарынын алкагында Кызыл жарым ай коомунун Ош шаарындагы кеңсесине барып, ыктыярчылар менен жолугушту.
Активисттер Премьер-министрге жардам берүү жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүү боюнча жасап жаткан иштери тууралуу айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү сыяктуу эле коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.
Бардык жерде дезинфекция иштери уланууда.
Бишкекте карантиндик аймактар түштүк багыты боюнча Токомбаев/ Түштүк магистраль көчөлөрү, түндүк багыты боюнча ЧЧКга чейин, чыгыш багыты боюнча Чолпон-Ата, батыш багыты боюнча Баха көчөсүнө чейин кеңейтилди. Жаңы аймактар жарандардын өтүүсү жана унаалардын жүрүшү үчүн жабык болот. Ошондой эле, мурда жабылган аймактар дагы жабык болот. Анткени, көчөлөрдө дезинфекция иштери жүргүзүлөт, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.
Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 83 адам бузган.
#Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 69. Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды.
Кыргызстанда COVID-19 менен каталгандардын жалпы саны 216. Алар:
Жалал-Абад облусу - 80
Ош облусу - 80
Ош - 14
Бишкек - 25
Баткен облусу - 4
Нарын облусу - 5
Ысык- Көл облусу - 3
Чүй облусу - 5
Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 адам айыкты. Ошондой эле, бүгүн 23 адамды чыгаруу пландалып жатат, - КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
Өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты.
Стационарда 202 адам бар, алардын ичинен 5 адам туруктуу-оор абалда реанимацияда, 5 адамдын 2сү жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2020-жылдын 1-кварталында Бирдиктүү салык төлөөчү системасында иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарына 2 млрд 580 млн сом төлөндү.
ММК фонд азыркы учурда саламаттыкты сактоо уюмдарындагы коронавирус COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү экенин билдирет.
Социалдык фонд апрелде пенсияларды «Кыргыз почтасы» аркылуу үйгө жеткирет.
“Буудай жана арпа себүү иштери да жогорку темпте ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрү 173,4 миӊ га аянтка себилип, тапшырма 56,4% аткарылды, бул 2019-жылдын ушул мөөнөтүнө караганда 24,8 миӊ гектарга көп”, - деп билдирди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Ал белгилегендей кант кызылчасын себүү да жакшы ылдамдыкта жүрүүдө. Азыртадан эле 3,44 миң гектарга же 24,5% себилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер бөлүнгөн ундар жер жерлерде аз камсыз үй-бүлөлөлөрүнө жардам катары таратылууда.
Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек, анда ким жана кандай максатта уруксат алып жатканы көрсөтүлөт. Уруксат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен 1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.
2020-жылдын 6-апрелинде "Манас" Эл аралык аэропортунда Екатеринбург каттамы тейленди. Кыргызстанга 17 жаран учуп келди. Алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, калган 12 адам обсервацияга алынды. "Урал авиакаттамынын" самолету РФтин 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти.
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дезинфекциялык туннелдер орнотулат. Бир кабина ооруканага келгендер үчүн, экинчиси тез жардам машиналары үчүн коюлат.
Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 66 адам бузган, Жалал-Абадда- 6 адам, Сузак районунда -2 адам #Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ 07/04/2020
Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган 12 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу.
2020-жылдын 7-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228 түздү. Алардын ичинен:
Бишкек – 25
Жалал-Абад облусунда – 80
Ош облусунда – 86
Ош ш. – 20
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 5
Ысык-Көл облусунда – 3
Чүй облусунда – 5
"COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов. Анын айтымында, жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор.
КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди:
📎 Өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды. Ага төмөнкүдөй бир катар негизги маселелер кабыл алынды: азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бизнес үчүн шарттарды жеӊилдетүү – салык чогултууларын жылдыруу, социалдык маселелер жана коммуналдык кызматтар. Мындан улам, 2020-жылдын октябрына чейин отчётторду тапшыруу жылдырылды.
📎 Бизнеске жардам берүү маселесин иштеп жатабыз. Учурда эки булак бар – РКӨФ жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
📎 Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо. Бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат. Ошондой эле чаралардын үчүнчү пакетин дагы иштеп чыгуудабыз – бул келерки жылдарга карата стратегиялык план болот.
Бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 жаран каттого алынган, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантининде турат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, - деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов. Анын айтымында, шаарда жалпысынан 1359 адам көзөмөлдөн чыгарылган.
📎 Шаардык бюджеттен дээрлик 15 миӊ жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун – май, чай, кант, макарон, күрүч берүү пландалды. Муктаж адамдардын санын тактоо боюнча акимиаттарда социалдык кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган райондук штабдар иштеп жатат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди:
📎 Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом.
📎 Кыргызстанда 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик материалдык резервден 5 400 тонна ун таркатылууда. Шаардык/район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү жана коргоо каржаттарын үйлөрүнө чейин жеткирип жатышат. Ошондой эле кайрымдуулук уюмдары, ишкерлер жана катардагы жарандар жардам көрсөтүүдө.
📎 Бүгүнкү “Жардам штабы” республика боюнча 49 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздады. Аталган штабга 210 779 кайрылуу келип түштү.
📎 Министрликтин депозиттик эсебине 6 млн 466 миӊ 962 сом 39 тыйын түштү. Комиссия ушул суммадан 11 916 (2500 үй-бүлө Бишкек ш., 9 416 үй-бүлө Чүй облусунан) муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздоого акча каражат бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алды.
💰 Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 103,9 млн. сом келип түштү.
📌 Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 74 адам бузган, Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча -4 адам, Кара-Суу, Ноокат райондору жана Ош шаарында -12 адам.
#Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
**КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ**09/04/2020
Бүгүн Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталды.
Өлкө боюнча тастыкталган 280 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 86
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 7
Баткен облусунда – 4
Ош ш. – 36
Бишкек ш. – 36
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 3
Стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда.
📌 Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган.
📌 COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 6268.
📌 Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медкызматкерлерге март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштады.
📌 Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды.
Акыркы мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын 2719 жараны Кыргызстанга Россиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Египеттен, БАЭ, Индиядан, Малайзиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Түштүк Кореядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинди.
Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн тизмесинде катталган 662 жаранга гуманитардык жардам берилүүдө.
Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 61 адам бузган, Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 25 адам, Кара-Суу, Ноокат райондору жана Ош шаарында 7 адам.
#Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
**КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ**10/04/2020
Бүгүн республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды.
Өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Ал 87 жашта болгон. Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган 298 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 15
Баткен облусунда – 4
Ош ш. – 36
Бишкек ш. – 42
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 4
Медицина кызматкерлери жалпы: 39, жаӊы – 5 учур (Чүй - 1, Бишкек - 4).
10-апрелге карата Кыргызстанда 39 дарыгер коронавирусун жуктурган:
• Бишкекте – 8
• Чүй - 1
• Ош облусунда – 21
• Жалал-Абад облусунда – 8
• Баткен облусунда – 1
Екатеринбургдан Кыргызстанга келгендердин баарынын ПЦР диагноздорунан COVID-19 инфекциясы чыккан жок.
Пакистанда У.А. аттуу 1947-ж.т. кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапты, анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган.
Кызматтык милдеттерин аткарууда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт.
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жалпысынан биринчи сорттогу 2881,7 тонна ун бөлүнүп, өлкө аймактарындагы калктын аярлуу катмарына таратылууда.
«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти. Валюта рыногундагы абал бүгүнкү күнгө карата туруктуу.
КР Улуттук Банкында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт, мында банк кызматтары, анын ичинде насыялар боюнча жылдыруулар жөнүндө жарандардын кайрылуулары каралат.
📌 Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 37 адам бузган, Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 7 адам, Кара-Суу, Ноокат райондору жана Ош шаарында 6 адам.
#Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
11/04/2020
Бүгүн республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталды.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды.

Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 51 учур.

Бир сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды.
Бардыгы болуп ушул ушурга чейин 44 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны -19ду түзөт.

Айыл чарбасын каржылоо - 8" программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды берүү иштери жүргүзүлүүдө. "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк"ААК аркылуу 525 млн сом суммасындагы насыялар берилди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорацияга байланыштуу бардык суроолор үчүн 0(701)881008 күнү-түнү ыкчам байланыш номери иштейт.

Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы жана коргоо иш-аракеттерин жүргүзүү максатында, алдынкы орунда иштеген мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет.

КР ТИМ: Улуу Британия Бириккен Королдугу COVID-19 вирусунун жайылышынан улам эл аралык авиаучуулардын токтотулгандыгына байланыштуу ал жактагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын визаларын узартты.

Финансы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.
🔹 Биринчиден, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын дагы бир жолу кайра карап чыгууга чакырууда.
🔹 Экинчиден, бизге гранттарды жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө кредиттерди тартып келүү максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди.

Баткен облусунда санитардык карантиндик көзөмөл постторуна видео камералар орнотулууда. Облуста 4 негизги, 23 ички санитардык карантиндик көзөмөл посттору коюлуп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

«Айыл банк» ААК жана «РСК банк» ААК пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүнүн улуттук тутуму бюнча акчалай каражаттарды алуусу учурунда алардын картасы боюнча комиссиялык төлөмдөрдү албайт.

📌 Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 57 адам бузган, Джалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 18 адам, Кара-Суу, Ноокат райондору жана Ош шаарында 10 адам. #Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
**КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ**12/04/2020
Бүгүн республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган 377 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 119
Ош ш. – 54
Чүй облусунда – 21
Баткен облусунда – 4
Бишкек ш. – 59
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 25
Ысык-Көл облусунда – 6.
Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 63 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында.
Лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6537.
05.02.2020-ж. бардыгы болуп изилдөөлөрдөн - 24 885 үлгүлөр келип түшкөн.
Жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны - 318 түзөт. Алардын 11 оор абалда, алардын ичинен, 6 адам реанимацияда.
📌 Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу - 5, Жалал-Абад ш. – 5). Бардыгы болуп ушул учурга чейин 54 бейтап айыгып чыкты.
📌 Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам.
Өлкөдө мындан ары кризистен чыгуунун 2-этабын жана бизнес секторун колдоо боюнча каржылоонун булактары (ички жана тышкы) аныкталды. Буга 14 млрд. сом жумшалат.
Ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынын маалыматына ылайык, алардын саны 2000ден ашык.
Турмушу оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү улантылууда.
🚩 Араван районунун дыйкандары өндүргөн 110 тонна айыл чарба азык-түлүктөрү (сарымсак, пияз, капуста ж.б.) Казакстанга жана Россияга экспорттолду.
Гуманитардык жардамды координациялоо максатында түзүлгөн Башкы штаб Бишкек шаарындагы 3 социалдык балдар мекемелерин тамак-аш азыктары менен камсыз кылды.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
13/04/2020
Бүгүн COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды.

2020-жылдын 13-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 91,
Ош облусунда – 128,
Ош ш. – 59,
Чүй облусунда – 27,
Бишкек ш. – 69,
Баткен облусунда – 5,
Нарын облусунда – 34,
Ысык-Көл облусунда – 6.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

📌 Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды.

📌 COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 899 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 359
Башка байланыштар (II категория) – 5 540

📌 Кыргызстан боюнча обсервацияда 947 адам жатат.

Үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирди

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 13-апрелге карата 123 млн сомдон ашык каражат түштү, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине – 9 млн сомдон ашык жана Бишкек мэриясынын эсебине – 2,7 млн сомдон ашык каражат түштү.

Республикалык штаб КР Президентине карантинди узартуу сунушун киргизди.

Республикалык штаб 50 жаңы теплевизор жана 100 портативдик термометр түрүндөгү гуманитардык жардам алды, алар санитардык-карантиндик посттор боюнча бөлүштүрүлөт.

Атайын түзүлгөн комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине түшкөн каражаттарды коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган медкызматкерлерге кошумча төлөмгө, керектүү жабдыктарды жана медициналык каражаттарды сатып алууга бөлүштүрүү чечимин кабыл алды.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
14/04/2020
Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды.

Коронавирусун жуктурган жалпы 430 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 128
Ош ш. – 59
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 77
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 417
Башка байланыштар (II категория) – 5 683

Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат.

Өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур. Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар.

📌 Оорунун жогорку чеги 20-24-апрель күндөрү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

📌 Бишкек шаарынын комендатурасы билдиргендей, ӨА режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылгандыгына байланыштуу – буга чейин берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат.

📌 Оор жашоо кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөр жана жарандар алгачкы керектүү азык-түлүктөр катары гуманитардык жардам алууда. #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
15/04/2020
Бүгүн 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 15-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды.

Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 15 түздү. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 98 учур катталды.

Стационарда 366 жаран жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жатат.

Өкмөт бардык түшкөн финансы каражаттарын жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү процессинин ачык жана айкын болушун камсыздайт.

Өкмөт өлкөнүн чет жакасындагы кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүдө.

Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаал режиминин убагында, калктын турмуш тиричилик маселелерин ыкчам чечүүү максатында 📞 150 ыкчам линия ишке киргизилди.

Жардам штабына бизнес коомчулуктарынан азык-түлүктөр жана акча каражаты катары активдүү түрдө жардам келип түшүүдө. .

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы калктын аярлуу катмарына жардам берди.

9 млн сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн багытталды.

📌 Бүгүнтөн тарта Коменданттык саат 2 саатка кыскартылды, эми ал 21:00дөн 6:00гө чейин созулат.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ 16/04/2020
Бүгүн 13 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды.
Республика боюнча жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 16-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды.

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды.

Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 466 учуру катталды. Анын ичинде:
Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 131
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 87
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 45
Ысык-Көл облусунда – 6

Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 872 адам жатат.

СOVID-19 вирусун жуктурган оорулуулар менен контактта болгон жактар боюнча күчөтүлгөн көзөмөл жүрүүдө.

📌 Учурда өлкөдө 29 000 ПЧР-система бар. Мындан тышкары, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму 5,5 миң система берген.

📌 Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 125,4 млн сом келип түштү.

КР Өкмөтү онкологиялык оорулары бар адамдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 160 млн сом бөлдү: 100 млн сом чоӊ адамдар үчүн жана 60 млн сом балдарга.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 миӊ 16 муктаж болгон үй-бүлө гуманитардык жардам алды.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү сатып алууга 200 млн сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

ӨКМ облустарга гуманитардык жардам жеткирүүдө.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ 17/04/2020
Бүгүн 23 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 17-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Анын ичинде Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкеринде вирус тастыкталган. Учурда алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды.

Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 489 учуру катталды. Анын ичинде:
Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 135
Ош ш. – 73
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 102
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 45
Ысык-Көл облусунда – 8

Стационарда – 370, алардын ичинен реанимацияда – 4.

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош ш. – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 593 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
- Жакын байланыштар (I категория) – 1 612
- Башка байланыштар (II категория) – 5 981

Кыргызстан боюнча обсервацияда 857 адам жатат.

Стамбулдан келген жарандар обсервацияга жөнөтүлдү.

📌 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму КР Саламаттыкты сактоо министрлигине COVID-19 инфекциясына 6, 720 изилдөө жүргүзүү үчүн 64 ПЦР тест-системасын тапшырды.

📌 Бишкек шаарындагы периметри боюнча тосмолор коюлган карантиндик тилке:
Ахунбаев көч. – Чапаев көч., Жаш Гвардия бул., Жибек Жолу көч., Осмонкул көч., Салиева көч., Курманжан датка көч., 7-апрель көч.

Өкмөт калктын аярлуу катмарын ун менен камсыз кылуу боюнча ишин улантууда.

Коронавирустун жайылышынын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн эл аралык уюмдар жана донорлор менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.

Ата мекендик ишкерлер коргоочу бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттой алышат.

КР ТИМи БАЭнин авиациялык бийлиги менен биргеликте биздин жарандарды алып кетүү үчүн 2020-жылдын 26-апрелинде “Дубай-Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатат.

🔔 Өткөн суткада коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузгандардын саны:
Бишкек ш. – 59
Ош ш., Кара-Суу, Ноокат р. – 4
Жалал-Абад ш., Сузак р. – 5
Нарын ш., Ат-Башы р. – 6.
#Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз
КҮНДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ 18/04/2020

Бүгун 16 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-жылдын 18-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды.

COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 738.
- Жакын байланыштар (I категория) – 1 663
- Башка байланыштар (II категория) – 6 075

Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 506 учуру катталды. Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусу – 93
- Ош облусу – 140
- Ош ш. – 74
- Чүй облусунда – 28
- Бишкек ш. – 102
- Баткен облусунда – 5
- Нарын облусу – 56
- Ысык-Көл облусунда – 8

Жалпы катталган учурлардын ичинен – 270 аял, 236 эркек.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 075 адам жатат.

Стационарда – 371, алардын ичинен реанимацияда – 6.

Ыкчам штаб: Медицина кызматкерлери тарабынан көтөрүлгөн маселелердин жана даттануулардын бардыгы дыкат изилденет.

«Жардам штабы» муктаж үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылуу ишин улантууда. Бүгүнкү күндө 187 922 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы Кызыл жарымай уюму калктын аярлуу катмарларына жардам көрсөтүүдө, билдирмелерди жер-жерлерде социалдык кызматкерлер чогултууда.

🔔 Кыргызстанга Польша жана Кытайдан медицина адистери келишет. Чет элдик адистер ата мекендик медицина кызматкерлерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүшөт.

📌 Өткөн суткада коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузгандардын саны:
Бишкек ш. – 74
Ош ш., Кара-Суу, Ноокат р. – 9
Жалал-Абад ш., Сузак р. – 5
Нарын ш., Ат-Башы р. – 5
#Карантин #Үйдөболгула #Тазалыктысактагыла #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз in