Официальный канал Национального банка КР
1.06K subscribers
3.62K photos
250 videos
644 links
Канал создан для рассылки информации Национального банка Кыргызской Республики
Download Telegram
2026-жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте «Эл аралык соодада комплаенстин өсүп жаткан ролу» темасында семинар өткөрдү, ага Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө эл аралык эксперттер санкциялык программаларды ишке ашыруу, санкцияларды айланып өтүү тобокелдиктери боюнча эл аралык тажрыйба жана практикалык ыкмалар менен тааныштырып, ошондой эле санкциялык тобокелдиктерди башкаруунун актуалдуу аспектилерин жана эл аралык санкцияларга байланыштуу чакырыктарды талкуулашты.

* * * *
11-12 марта 2026 года Национальный банк Кыргызской Республики совместно с Европейским банком реконструкции и развития провел семинар «Возрастающая роль комплаенса в международной торговле», в котором приняли участие представители Национального банка, Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики, а также коммерческих банков.
В ходе семинара международные эксперты представили международный опыт и практические подходы по вопросам реализации санкционных программ, рисков обхода санкций, а также обсудили актуальные аспекты управления санкционными рисками и вызовы, связанные с международными санкциями.
1
2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Айыл Банк» ААКтын лицензиялары алмаштырылды.
- мамлекет тилдеги толук аталышы: «АБанк» ачык акционердик коому;
- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «АБанк» ААК;
- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «АБанк»;
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «АБанк»;
- англис тилдеги толук аталышы: The open joint-stock company «ABank»;
- англис тилдеги кыскартылган аталышы: OJSC «ABank».

* * * *
12 марта 2026 года Национальным банком Кыргызской Республики произведена замена лицензий Открытому акционерному обществу «Айыл Банк» в связи с изменением полного фирменного и сокращенного фирменного наименования ОАО «Айыл Банк»:
- полное наименование на государственном языке: «АБанк» ачык акционердик коому;
- сокращенное наименование на государственном языке: «АБанк» ААК;
- полное наименование на официальном языке: Открытое акционерное общество «АБанк»;
- сокращенное наименование на официальном языке: ОАО «АБанк»;
- полное наименование на английском языке: The open joint-stock company «ABank»;
- сокращенное наименование на английском языке: OJSC «ABank».
1
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 11-мартында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын алкагында, И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда дропперлик, кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жана QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.

* * * *
11 марта 2026 года в рамках программы повышения финансовой грамотности сотрудники Иссык-Кульского областного управления Национального банка Кыргызской Республики провели гостевые лекции для студентов Каракольского педагогического колледжа имени И. Бийбосунова.
В ходе лекции была предоставлена информация по дропперству, самозапрету на оформление кредита и о проведении платежей с использованием QR-кодов.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2026-жылдын 13-мартынан тартып 17-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Абдрахманов көч., 119-үй, 17 а кв. дареги боюнча жайгашкан «Престиж Мани А» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 5-мартындагы № 6731 лицензиясынын аракети;
- 2026-жылдын 13-мартынан тартып 22-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Ахунбаев көч., 100-үй, кв. 52 дареги боюнча жайгашкан «Камчы Капитал» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-декабрында берилген № 6433 лицензиясынын аракети.
Мындан тышкары, Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (А.у.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

* * ***
За нарушение требований законодательства Кыргызской Республики и нормативных правовых актов Национального банка Кыргызской Республики приостановлено действие лицензий следующих обменных бюро:
- с 13 по 17 марта 2026 года включительно лицензия от 5 марта 2024 года № 6731 обменного бюро ОсОО «Престиж Мани А», расположенного по адресу г. Бишкек, ул.Абдрахманова, д. 119, кв. 17 а;
- с 13 по 22 марта 2026 года включительно лицензия от 19 декабря 2022 года №6433 обменного бюро ОсОО «Камчы Капитал», расположенного по адресу г. Бишкек, ул. Ахунбаева, д. 100, кв. 52.
Кроме того, за осуществление в Чуйской области обменных операций с наличной иностранной валютой без лицензии Национального банка Кыргызской Республики в отношении гражданина Кыргызской Республики (А.у.Т.) наложен штраф в размере 17 500 сомов.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 11-мартындагы № 2026-П-09/17-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 2025-П-09/34-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- коммерциялык банктарга 2026-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк жөнүндө/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.

* * * *
Постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики «О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики «О временном разрешении на вывоз неветхой наличной иностранной валюты коммерческими банками Кыргызской Республики» от 14 июля 2025 года № 2025-П-09/34-1-(БС)» от 11 марта 2026 года № 2026-П-09/17-1-(БС) (далее – постановление) было принято решение разрешить коммерческим банкам вывозить неветхие наличные доллары США
до 1 октября 2026 года.
Постановление размещено на официальном интернет-сайте Национального банка в разделе «О Банке/Банковское законодательство/Постановления Правления Национального банка КР.
2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 13-мартына чейинки мезгил аралыгында 218 121 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти.

** *** ** * * * ** * *
За период с 1 ноября 2025 года по 13 марта 2026 года 218 121 человек включили услугу самозапрета на кредитование через мобильное приложение «Түндүк».