ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.08K subscribers
559 photos
39 videos
639 links
Download Telegram
Намаздын аягында саламга чейин айтыла турган дулардын бири


اللَّهُمَّ أعِنَّا عَلَى ذِكْرِكَ، وَشُكْرِكَ، وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ

Аллахумма а'инни аля зикрика уа шукрика уа хусни ибадатика.

Оо Аллахым, Сени эстөөгө жана шүгүр кылууга жана Сага чырайлуу (эң сонун) ибаадат кылууга жардам бер.

📚(
Абу Дауд 1522 Албани сахих деген)



✏️ Шейх Усеймин رحمه الله айтат:

💬 Караныздар, аягында айткан жок сага көп ибадат кылууга деп, чырайлуу деп келди эмнеге? Себеби ибарат алына турган нерсе - көп ибадат кылууда эмес, кеп ихсан менен чырайлуу аткарууда. Ал эми ихсан менен көп кылуу бириксе, анда бул эң жакшы, шек жок ал нерседе. Ал эми көп кылып бирок ихсан менен аткарылбаса анда ал нерседен талап жок.

📚Булак: (Шарх Мишкату ал- Масабих)



⚪️Түшүндүрмө : Ибадатты кылганда көп кылууга эмес, оболу ихсан менен кылууга чакырып атат.Ихсан деген ыклас менен сүннөтгө дал келип, Аллахты көрүп тургандай окуу дегенди билдирет. Ал эми көп окуп ыкласы кем же сүннөтгө дал келбесе пайда жок. Ошондой эле ихсан менен ибадат болуш учун Аллахты көрүп тургандай, жана Анын алдында турганын сезип окуусу. Намазда денеси бар ою талаада, бул ихсандан алыс нерсе.

❗️Эскертүү : Бул дуаны намазда саламга чейин айтабыз. Аттахият салаваттан кийин. Сүннөттө ушундай келген

#намаз #дуа

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
وَأۡمُرۡ أَهۡلَكَ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱصۡطَبِرۡ عَلَيۡهَا‌ۖ لَا نَسۡــَٔلُكَ رِزۡقًۭا‌ۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُكَ‌ۗ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلتَّقۡوَىٰ

Аллах Таала айтты :

Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. акыбет такыбалар үчүн!

    ( Та Ха  32 - аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ырыскы #намаз #сабыр #аят
Audio
40 хадис
📗40хадис
📝 Имам Нававий [رحمه الله]

📜 8 - ХАДИС

Пайгамбар ﷺ айтты :
Мен, адамдар Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Анын Элчиси экендигине күбөлүк берип, намаз окуп жана зекет бермейинче, алар менен күрөшүүгө буйрулганмын. Эгер алар мунун баарын аткарышса, анда менден кандарын да, малдарын да сактап калышат. Бирок бир гана Исламдын акысы менен. Жана алардын эсеп-кысабы бир Аллахтын өзүнө тапшырылат»
📗(Бухари, Муслим)

🖥 https://youtu.be/ZX8DSVOiafc

🎙 http://t.me/Meerbek_kelsinbek

🔎 #кырк_хадис #келиме #намаз