ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.23K subscribers
602 photos
39 videos
699 links
Download Telegram
Байлыктын бара турган жери

Абдуллах ибн аш-Шиххир (радияЛлаху анху) риваят кылат:

Мен Пайгамбарга ﷺ келсем, ал "Альхаакум ат-Такаасур" сүрөсүн окуп жатыптыр. [Окуп бүткөн соң] айтты: «Адам баласы "Менин байлыгым, байлыгым!", - дейт. Бирок, оо, адам баласы, байлыгыңдан сага жеп-ичкен тамагың, ал ошентип жоголот; кийген кийимиң, ал эскирип бүтөт; же садака берип, өзүңө сактап калганың гана калат!»
📚 (Муслим: 2958)


<< Түшүндүрмө >>

Адам байлык чогултат, бирок байлыгынан анын өзүнө:
- жеген тамагы,
- кийген кийими,
- садака кылып Акыретине сактап койгону гана тиешелүү.
Калган
байлыгы мураскорлоруна, башка адамдарга калат.

http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#байлык #каниет #садака