БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
3.18K subscribers
875 photos
908 videos
117 files
1.35K links
Formula.KG - Бактыңыздын багыты!
Download Telegram
💫 ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

🧕🏻МУГАЛИМГЕ САБАК БЕРГЕН ОКУУЧУ

Жеке мектептердин биринде окуган Айша сабактан үйүнө капалуу келди. Энеси кызынын абалын байкап, эмне үчүн маанайы жок экенин сурады.

— Энеке, биздин мугалим эжебиздин башы дайыма ооруйт. Себеби болсо да, болбосо да бизге бакыра берет. Узун юбкам менен жоолугум үчүн мени мектептен чыгарам деп коркутту. «Сени бул кийим менен мектепте экинчи көрбөйүн!» — деди, — деп Айша ыйламсырап, болгон окуяны энесине айтып берди.

Энеси Айшанын башынан сылап:
— Кызым, сен Аллах парз кылгандай кийимдерди киесиң. Мугалимиң айткандай эмес, Аллах сенин ушундай кийим кийишиңди каалайт, ал эми мугалимиң болсо башкача кийинишиңди каалайт. Эми өзүң айтчы, кимге баш ийесиң? Сени сулуу кылып жаратып, канчалаган немат-жакшылыктарды берген Раббиңеби, же өзүнө деле пайдасы тийбеген бир пендегеби? — деди.

— Албетте, Аллахка баш ийем, энеке, — деди Айша.

Эртеси күнү Айша мектепке барганда мугалими анын узун юбкасы жана кенен жоолугу тууралуу сөз кылып, окуучулардын алдында кызды шылдыңдады. Классташтарынын жанында мугалиминен сөгүш угуу Айшанын көңүлүн оорутту. Мончоктой көздөрүнөн жаш токтобой ага берди.

Ошондо Айша мугалимине мындай деди:

— Чынын айтсам, сизгеби же Аллахка баш ийеримди билбей турам. Сиздин айтканыңызды кылсам, Аллахтын алдында күнөө кылган болом. Ал эми Аллахтын буйругун аткарсам, сиздин ачууланганыңыз келет.

Аллах Таала Куранда мындай деп айтат:

«Эй, ыймандуулар! Силер үчүн жакшылык алып келүүчү нерсеге чакырып жатканда Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунгула. Жана да Аллах адам менен анын жүрөгүнүн ортосунда экендигин, силер Ага кайтып бара тургандыгыңарды билгиле».
(Анфал сүрөсү, 24-аят)

— Макул, сиз ачуулансаңыз да, мен Аллахка жана Анын Элчисине баш ийем. Эжей, сиз дагы Аллахтын ыраазычылыгын алуу үчүн, Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) айткандай, башыңызга жоолук салынып, жабык кийимдерди кийиңиз. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

«Мусулман инсан ким бирөөнүн жамандык кылып жатканын көрсө, аны колу менен токтотсун. Эгер колу менен токтотууга күчү жетпесе, тили менен айтсын. Эгер ага да күчү жетпесе, жүрөгү менен жек көрсүн. Бул — ыймандын эң төмөн даражасы», — деп айткан.

Айшанын сөзүн угуп отурган мугалими бир канча убакыт үнсүз туруп калды. Анан Айшаны карап, энесинин мектепке келип кетишин өтүндү.

Эртеси күнү энеси мугалимге динден түшүндүрүп, кылган иши туура эмес экенин айтмак болуп келди. Бирок мугалими энесин тосуп алып мындай деди:

— Кызыңыз мага өмүрүмдө эч качан укпаган, мааниси терең сөздөрдү айтып, чоң сабак берди. Анын жүрөгүн Аллахка жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) болгон сүйүүгө толтуруп, абдан жакшы тарбия берген экенсиз. Кызыңыз мени таң калтырды.

Кечээ мектептен үйгө барып, намаз окудум. Көз жашымды төгүп, тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүмдү кечиришин сурап жалбардым. Мындан кийинки жашоомдо Анын буйруктарына моюн сунуп, Ага ибадат кылам деп чечтим. Аллах Таала мени дагы ыймандуулардан кылсын деп дуба кылдым, — деди.

Ошондон кийин мугалим башына жоолук салынып, жабык кийинип, ибадаттарын аткара баштады. Көп өтпөй башы оорубай, жанын кыйнаган дарттан да кутулду.

Жашы отуздан ашса да, мугалим эжей турмушка чыга элек болчу. Ислам динине бекем болуп, Аллахка баш ийип баштагандан кийин анын колун сурап келген жуучулар көбөйдү. Акыры өзүнө ылайыктуу, татыктуу бир инсанды тандап, ага турмушка чыкты.

Бир күнү окуучусуна ыраазычылык билдирип:

— Менин заар тилиме карабай, мага Аллахты жана Пайгамбарыбызды таанытып, жашоомду өзгөртүп жибердиң. Айшам, сени Аллах ыраазычылыгы үчүн жакшы көрөм, — деп кызды кучактады.

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун жакшылар!
👍10
💫 ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

💖МЕНИН СҮЙГӨНҮМ АЛЛАХ!

Үй алдында отурган күндөрдүн биринде сиңдилеримдин балдары ойноп жатып, бири-бирине суроо берип калышты:
— Сенде сүйгөнүң барбы? Менде сүйгөнүм бар. Сен биринчи айт! — деп жаткандарын угуп, мурдун арчый албай жатып, алар эмне деп айтаар экен деп кызыгып, кулак түрүп калдым.

Бирөөсү:
— Менин сүйгөнүм бар. Ал — Аллах. Аллах ата-энемди жараткан, анан мени жараткан. Мен Аны абдан жакшы көрөм, — деди.

Мындай жоопту күтпөгөн элем. Жүрөгүм зырт дей түштү.
— Йа, Раббым! — дедим ичимден.

Ушундай сүйүү ар бир келечек муундун жүрөгүндө жашаса экен деп ойлодум. Анда адамдар ата-энесин, бир тууганын, досторун, жубайын, балдарын сүйүп, бири-бирине сүйүнүч тартуулап, элине жана динине кызмат кылган, аманатка бекем, бактылуу үй-бүлөлөр көбөймөк.

Балага карап:
— Келечегиң кең болсун, илимдүү, мээримдүү бол. Ушул ыйманың түбөлүктүү болсун, — деп дуба кылып койдум.

Чынында, адам тарбиялоо — эң кызыктуу жана жоопкерчиликтүү иш. Бала тарбиясынын чоң бөлүгүн эненин курсагында алат экен. Эненин курсагы — анын эң алгачкы мектеби, кулк-мүнөзү калыптануучу алтын мекени. Анткени ал жерде бала денесине керектүү азыкты гана эмес, руханий азыкты да сиңирет.

Сиңдим бир жолу айтып калды:
— Бул балам өзгөчө болду. Бир күнү орозо кармап, абдан ачка болуп кыйналып жатса, «балам, ачып ала бер, атаң жок, эч ким көрбөйт, айтпайм» десем,
«Апа, мени Аллах көрүп турат го. Кыйналсам да Аллахтын ыраазычылыгы үчүн чыдайм» деди.

Өзүм айтып, өзүм кызык болуп, жүрөгүм жылып:
— Шүгүр, — дедим.

Бул да Аллахтын жакшылыгыдыр. Боюма бүткөндөн тартып төрөгөнгө чейин намазымды калтырбай окуп, Куран угуп, зикир айтып, мүмкүнчүлүгүмө жараша окуп жүрдүм. Марям сүрөсүн көп угуп, анын алты аятын жаттап айтып жүрдүм. Төрөтүм да абдан жеңил болду.

Келечекте эне боло турган айымдарга айтар элем: эң негизгиси — намазды таштабай окуу. Намаз ден соолукка да, руханий жактан да жардам берип, төрөттү да жеңилдетет.

Бала эне эмне ичсе, эмне кылса, эмнени көрсө — ошондон азык алат. Ошондуктан эне бала бүткөнгө чейин да, бүткөндөн кийин да колу дайыма дубада болуп, курсактагы түйүлдүккө Куран үнүн угузууга аракет кылуусу керек.

Ар бир ата-эне баласы өлгөндөн кийин да сооп алып келе турган садака болсун, күнөөлөрүбүз үчүн көз жаш төгүп, алакан жайып Аллахтан кечирим сураган татыктуу перзент болсун деп тилейт.

Намаз, Куран, зикир менен азыктанган балдарыбыз Жаратуучусун эненин курсагында эле таанып, келечекте акылдуу, илимдүү, акыйкатты көрө билген, чынчыл эр азаматтардан болот деп үмүт кылам, — деп жылмайды.

Бул окуя менен эмнени айткым келди?

Ар бир үй-бүлө динибиз көрсөткөндөй жашаса, жашообузда кандай гана сыноолор болбосун жеңил өтөт, жакшылыктар көбөйөт.

Балдарыбызга биз өзүбүз күзгүбүз, үлгүбүз. Алар бизге карап өсөт, бизден үйрөнөт, анан убакыт өткөндө жакшы тарбиянын мөмөсүн берет.

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун жакшылар!

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева
👍6🔥4
😍Ооба, биз сүйүнүп, майрамдап күтүп ала турган берекелүү айда, берекеси төгүлгөн, кадырлуу түндүн босогосунда турабыз, ин шаа Аллах!

📍 Бул түн – башка пайгамбарлар суктанып сурашса да, бир гана Мухаммаддын (с.а.в) үммөтүнө белек кылынган өзгөчө түн. Жараткан Аллах Таала мындай деп айтат:

"Чындыгында, Биз бул (Куранды) Кадыр түнүндө түшүрдүк. Кадыр түнү эмне экенин сен билесиңби? Кадыр түнү – миң айдан да жакшыраак." (Кадр сүрөсү, 1-3-аяттар).

Эй, Мухаммаддын (с.а.в) үммөттөрү! Аллах Таала бул түндө кылган ибадаттарыбызды 83 жылдык ибадаттын сообуна тете кылып жазып, бизди Өзүнүн кадырлуу коногу болууга чакырып жатат. Бул – ар бир момун-мусулман үчүн зор мүмкүнчүлүк.

🤗 Бул ыйык түндү колдон чыгарбай, чын жүрөктөн, үмүт жана ишеним менен Жаратканга дуба кылып, тообага келели. Бул түндөгү бир тамчы көз жашыбыз – өмүрүбүздөгү ар кандай көйгөйлөрдүн чечилишине себепчи болушу мүмкүн. Себеби, бул түндө дубалар көккө көтөрүлүп" болот - болбойт" деген тагдырлар өзгөрөт, периштелер ааламы жер бетин кучагына алып, амал кылуучуларга сооп жазып, дуба кылышат.Жашасак жашыбыз, ойлосок оюбуз, уктасак түшүбүзгө кирбеген, чеги жок деңиздей сооптун кемесине  кылган аамалдарыбыз менен түшкөнү жатабыз алхамдулиллаах!

🔹 Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) мындай деп айткан:

"Кимде-ким Кадыр түнүн ыйман жана үмүт менен (сооп алуу ниети менен) өткөрсө, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет." (Бухари, Муслим).

🤲🏻 Аллах Таала бул түндө Жараткандан сураган дубаларыбызды кабыл кылып, туткан орозолорубузду, жасаган амалдарыбызды Өзүнүн алдында сооптуу кылып жазсын! Жерибизге тынчтык, жүрөгүбүзгө ыйман, өмүрүбүзгө береке берсин!

Дуба:

"Аллахумма иннакя афуун, тухиббул-афва фа’фу анни."

(Оо, Аллах! Сен кечиримдүүсүң, кечирүүнү жакшы көрөсүң, мени кечире көр!) (Тирмизи, Ибн Маажа).

اللّهُمَّ اغْفِرْ لي وَارْحَمْني وَعافِني وَارْزُقْني

Аллахуммагфир-ли, вархам-ни, ва’афини, варзук-ни.

Оо, Аллахым! Мени кечир, мага ырайым кыл, ден соолук бер жана ырыскымды кеңейт!

😊 Кадыр түнүңүздөр берекелүү, куттуу болсун! Аллахтын ырайымы жана берекеси ар дайым силер менен болсун! Аамиин!

🧕 Насиба Абдуллаева

https://chat.whatsapp.com/EIcLz7N1SwFAZCk4ZLWYvz?mode=gi_t
👍7🔥1
💫 30 КҮНГӨ 30 БАЯН

📍 Ак сарайдын кемчилиги

Падыша көк деңиздин жээгине заңгыраган ак сарай салдырды. Сарайды өлкөдөгү эң мыкты усталар куруп беришти. Мрамор таштардан тургузулган дубалдарына деңиз түбүнөн алынган акак таштарды орнотту. Дүйнөнүн төрт бурчунан алып келинген баалуу буюм-теримдер менен кооздоду. Алдына жибек килемдерди төшөттү. Шыбына көз жоосун алган асма чырактарды илдирди.

Кыскасы, бул чөлкөмдүн эли үч уктаса түшүнө кирбеген керемет ак сарай даяр болду.

Падыша өлкөдөгү аттуу-баштуу адамдардын баарын сарайдын ачылыш аземине чакырды. Коноктор чоң залга топтолгондо, падыша эл алдына чыгып, байлыгынын чексиз экенин дагы бир жолу көрсөтүүнү каалап, эл ичиндеги атактуу дин аалымын алдыга чакырды.

— Азирет, сиздин көзүңүз өтө кыраакы. Бул сарайды карап чыгып, эгер кандайдыр бир кемчилик болсо, айтып берсеңиз. Мен аны той тараганча оңдотууга аракет кылайын, — деди.

Аалым макул болуп, сарайды жай басып кыдырып, кылдат карай баштады. Бир аз убакыттан кийин зал ичинде чымын учса угулчудай тынчтык орноду. Баары: «Мындай кооз сарайдан ким кемчилик табат? Тапса да, падышага ким даап айтат?» — деп ойлоно турушту.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин аалым ордуна кайтып келди. Анын жүзүнөн бир нерсеге нааразы экени байкалып турду. Күмүш түспөл сакалын жай сылап, падышага карап:

— Урматтуум, бул сарайда бир кемчилик бар экен, — деди.

Падышанын жүзүндөгү жылмаюу заматта жоголду. Бир аз алдыга жантайып:

— Айтыңыз, мен аны дароо оңдойм, — деди.

Аалым жай гана башын чайкап:

— Жок, урматтуум, бул кемчиликти сиз оңдой албайсыз, — деди.

Падыша таң калып, бирок ачуусун жашырып:

— Эмне үчүн? Эмне үчүн мен аны оңдой албайм? — деп сурады.

Аалым мурункудай эле жай үн менен жооп берди:

— Урматтуум, бул сарайдын кемчилиги — күндөрдүн биринде бул жерден сиздин сөөгүңүз чыгып, кайра кирбейт, — деди.

Бул сөздү уккан падыша шылк этип тактысына отуруп калды. Бир аз мурун кубанычка толгон жүзү өзгөрүп, ойлонууга чөмүлдү. Анан күтүлбөгөндөй, ал ыйлап жиберди.

Ал өлүмдөн коркуп ыйладыбы же байлыгынан ажырай турганына кайгырдыбы — белгисиз эле. Залда отургандар эмне кыларын билбей, бири-бирин карап, унчукпай кала беришти...

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун жакшылар!

👤Автор: Алайчы Сеитбеков.

📔"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.
👍6🔥2
💫 ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

🤗ЖАШООГО НААЛЫГАНДАРГА… (таасирдүү окуя)

Ишемби күн, түнкү саат 22:30. Мен автобусту күтүп, аялдамада турам. Өзүмдү өзүм аяп, ойлонуп турам…

Эмне деген жашоо менде?
Эл болсо бүгүн эс алып жатышат: кимдир бирөө ресторанда жагымдуу музыка угуп отурат, кимдир бирөө жаңы чыккан кинону кинотеатрда көрүп жатат. Айрымдары жөн гана шаар кыдырып, сейилдеп жүрүшөт.

А менчи?
15 саат иштеп, жумуштан эми чыктым. Ушунча иштегениме жараша айлыгым татыктуу болсочу…
Кандай гана бактысыз адаммын! Эмне үчүн менин ишим дайыма оңолбойт?..

Ойлорумду бир кызыктай үн бөлдү: вжиик…
Эки жагымды карадым — бул үн кайдан чыкты? Элдер болсо өздөрү менен алек.

Мына дагы үн: фиююють…

Ошондо көзүмө бир кыз көрүндү. Чачы тыкан жасалган, бетинде жеңил макияж, маникюр жасалган колдору бар. Өзүнө жарашыктуу, татынакай көйнөк кийген.

Бирок…
Анын денеси белинен ылдый жок экен.

Ал отурган абалында элдердин бою белине чейин гана жетет. Коляска эмес, төрт дөңгөлөктүү тактай менен жылып жүрөт.

Менден башка адамдар да аны көрүштү. Бирок баары көздөрүн ала качып, тиктебегенге аракет кылышты.
Ал эми кыз болсо… өз дүйнөсүндө жылмайып отурду. Ал эч качан бактысыз адамдай көрүнгөн жок.

Ошол учурда мен уялдым…

Жашоомо наалыганыма уялдым.
Жумушум оорбу? Шүгүр, ишим бар!
Мени тосуп ала турган адам жокпу? Шүгүр, барууга мүмкүнчүлүк бар!
Такси бар, жол бар…

Деги эле менде кандай чечилбес көйгөй бар?

Баарын чечсе болот!
Ден соолугум бар!
Эки бутум бар — чуркап иштегенге.
Эки колум бар.
Акыл-эсим ордунда…

Дагы мага эмне керек?..

Белине чейин гана денеси менен жылмайып жашап жүргөн кызга караганда, менин баардык мүчөм аман го…

Биз, адамдар, ушундайбыз…
Шүгүр кылганды унутуп калабыз.
Болбогон нерселерге да наалый беребиз: суукка, ысыкка, жамгырга…

Ал эми бул кыз — жашоону сүйүүнүн күчү менен жашап жүрөт.
Буту жок болсо да… ӨМҮРҮ бар!

Бүгүн ошол кызды көрүп, сен да өз жашооңо ШҮГҮР де, окурман!
Анын жанында туруп, наалыганың — УЯТ, окурман!

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун жакшылар!
👍8😢5🔥3
💫 ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

🤲Кунаажын кимге буйруду?

Айылда бирөө каза болсо, кабар желдей бат тарайт. “Баланча өтүп кетиптир... Аа, бечара, акырети абад болсун эми...” — деп, айылдын баш-аягы бир заматта кабардар болот.

Көптөн бери ооруп жаткан же картайып калган адам өлсө, ага эч ким деле таң калбайт. “Ээ, жаман болуптур, мейли эми өзү да кыйналып, балдарын да кыйнап жата бербей, эрте кеткени жакшы болуптур” деп коюшат.

Ал эми жашыраак бирөө кокус кырсыктан өтүп кетсе, “жап-жаш эле, дагы жашаса болмок, балдарына кыйын болду” деп наалып калышат.

Өлүм жашка карабастыгын, ажалы келгенде жаш да, кары да, атүгүл жаңы эле төрөлгөн наристе да кете берерин көрүп жүрсөк да, жаш адамды өлбөчүдөй элестете беребиз.

Жакыныраак бир кошунабыздын өлүмү мага чоң таасир этти. Жогоруда айткандай, бир күнү эртең менен суук кабар айыл аралады: “Баланча өтүп кетиптир...” Элдин баары аң-таң. “Ой, аны менен кечинде эле чогуу отурбадык беле... Кечээ түштө эле тамаркасында иштеп жүрөт эле го...” деген эле сөздөр.

Атам мал догдур. Эки күн мурун ошол бүгүн түнү дүйнөдөн өтүп кеткен кишинин малдарына укол жасап келген экен. Ал киши: “Энемдин күнү-суусу бүтүп калды. Кокус ары тоголонуп кетсе, ушул кунажынды сойом. Буга укол бербей эле коюңуз”, — деп, эки жашар кунажынга укол бердирбептир. “Баланча апанын да кетер күнү жакындап калган окшойт”, — деп келген ошондо.

Бүгүн кечинде атам: “Кечээ кунажынга укол бердирбей жакшы кылган экен. Өзүнө буйруптур. Ошол кунажынды союшту. Энеси, бечара, ыйдан бүк түшүп калыптыр”, — деп айтып келди.

Ошондон кийин капыс келген өлүмгө мен таң калбай калдым. Көрсө, таң кала турган нерсе башка экен. Биз өлгөн адам келмеси, намазы менен кеттиби, акыретине сооп болчудай кандай амал менен кетти — ошонусуна көңүл бурушубуз керек экен.

Мындай кокус өлүмдөргө канча күбө болсок да, дагы деле кайдыгер болуп, дүйнөнүн кызыкчылыгын акыреттен жогору коюп чуркап эле жүрөбүз. Бир күнү бул кокустук менин да, сиздин да башыңызга келип калышы мүмкүн.

Күндүз бошобойсуз деле, бирок кечинде сөзсүз башыңызды жаздыкка коёсуз. Ошондо бир саамга ойлонуп көрүңүз: “Эртең ойгонбой калсамчы? Аллага сөзсүз жолугам. Кабырымдагы абалым кандай болот? Сурактарга эмне деп жооп берем?” — деп, ушул акыйкатка тик карап, жүрөгүңүз менен сүйлөшүп, өзүңүзгө суроо берип, эсеп кылыңыз.

Өлүм — ар бир тирүү жандыктын аягы. Алла Таала айткан:

“Ар бир жан өлүм даамын татуучу” (Аалу Имран сүрөөсү, 185-аят).

“Айткын! (Эй Мухаммад!) Силер качып жаткан өлүм, албетте, силерди кууп жетет” (Жума сүрөөсү, 8-аят).

“Алардын ажалы келген кезде аны бир аз убакытка да кечиктире да, эртелете да алышпайт” (Нахл сүрөөсү, 61-аят).

О, Алла! Биздин акыркы көз ирмемдеги амалдарыбызды эң жакшы амалдардан кыла көр! Сага жолуккан күнүбүздү эң жакшы күндөрдөн кыл! Бизге жакшы өлүм насип кыл жана бизден ыраазы болгон абалда жаныбызды ал!

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева

"Үмүттүн шооласы өчпөсүн" китебинен
👍6😢1
🤗Кечиришип жашайлы

Эгер адамдар көңүлүндү оорутуп, жүрөгүңдү жараласа, ага капа болбо! Мээримдүүлөрдүн Мээримдүүсү болгон Алла Таала: "Мен көнүлү ооруган адамдар менен биргемин" деген. Күн сыяктуу жанып жарык бергиң келсе, түн сыяктуу караңгы дүйнөгө жетелеген напсинди тизгиндеп, башкаларды кечирип, өзүң да кечирим сурап жаша!

📍Хасан Басрийден: Эмне үчүн адамдардын айткан сөздөрүнө көңүлүңүз ооруп, капа болбойсуз? деп сурашыптыр. "Төрөлгөнүмдө жалгыз төрөлдүм. Өлгөнүмдө да жалгыз өлөмүн. Кабырга да өзүм жалгыз барамын. Алла Таалага жолукканда да эсеп-кысапты өзүм жалгыз беремин. Мындай болгон соң адамдардын айткан сөздөрүнөн мага эмне пайдада эмне зыян?" деп жооп бериптир жарыктык киши.

🌹Менин эн жакшы көргөнүм башкаларды кечире билген кечиримдүүлүк болсо, эн жаман көргөнүм таарынчактык. Баалаганым чынчылдык, коркконум жалганчылык. Кечиримдүүлүк менен чынчылдык пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асыл сыпаттарынан. Бул сыпаттарды ар бир жолуккан жүздөрдөн, көздөрдөн, жүрөктөрдөн көргүм келет. Кечиримдүү болуу жана кечирим суроо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Көрсө, маселе жүрөктө экен. Алла Таала кимдин жүрөгүн жумшак, кечиримдүү кылып койсо, аманчылыкта тынч жашайт, чындыкты табат, жек көрүү, кастык деген оорулар менен оорубайт. Кек сактоо, өч алуудан ат чабым оолак болот.

🥰Ошондуктан, менин бир тууганым кечиримдүү бололу. Жашоо ансыз да өтө кыска. Күндөр учкан куштай өтүп жатат. Жакында бул дүйнөдө кылгандарыбызга эсеп-кысап берүү үчүн Алланын алдына жөнөйбүз. Кайсы бир пенденин акысын жеп, же аны ушактап, көңүлүн оорутуп, же ага кек сактап, же аны жек көрүп, анан ошол абалда Алланын алдына барбайлы. А балким ал Алланын сүйүктүү пендесидир.

🤲Жараткан Алла Өзүндүн "Ал-Гаафир "Толук кечирүүчү" ысымындын нурун жүрөгүбүзгө толтургун! Пейлибизди кенен кыл! Бири-бирибизди түшүнүп, кечирип, жүрөктөрүбүз таза Өзүнө жолугууну насип кыл!

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева

📙"Үмүттүн шооласы өчпөсүн" китебинен.

https://chat.whatsapp.com/EIcLz7N1SwFAZCk4ZLWYvz?mode=gi_t

Китепти сатып алуу үчүн биздин Багыт китеп дүкөнү

Бишкек:
📍1- филиал: Гоголя 55/3
📍2- филиал: Дордой: Ибраимова 22/2
☎️+996 226 111 029
@bagytkg
@bagyt_dordoii

Ош:
📍Раимбекова 6/3
☎️+996 505 015 614
@bagyt0sh.

Москва шаары: +7 964 568-68-08
👍4💔1
🤗Ин шаа Аллах...

“Арапташып кеттиңер, ‘ин шаа Аллах, маа шаа Аллах’ деп кыргызча сүйлөбөй калдыңар” деп динди түшүнбөгөндөр көп айтып калышат. Алар бул сөздөрдүн маани-маңызын кайдан билишсин? Бир эле “ин шаа Аллах” деген сөзгө аткарыла турган иштин ийгилиги байланып турганын түшүнүшүбүз керек. “Аллах кааласа”, “Кудай буйруса” деген маанидеги бул сөздү кайсы тилде айтсаң да айтууга тийишсиң, ансыз болбойт.

Бул сөз адамдын жүрөгүн тынчтандырып, эртеңки күндүн жакшылыгына үмүт байлатат. “Мен билем, мен өзүм кылам, мен баарына күчүм жетет” деген сыяктуу пенденин өзүнө таянган текеберлигин жок кылат.

Аллах Таала ыйык Куранда: “Ин шаа Аллах дебей туруп, эч бир нерсени ‘эртең кылам’ деп айтпа”, – деп Пайгамбарыбызга эскерткен. Ошондуктан кандай иш баштаба, “Аллах кааласа болот” деп башта. Кандай убада бербе, “Аллах кааласа” деп убада бер.

Сулайман пайгамбардын сыноосу тууралуу Куранда мындай деп айтылат: “Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк. Тактысынын үстүнө бир денени таштап койдук. Кийин ал Раббисине кайрылып, тообо кылды”.

Аяттын мааниси мындай: Сулайман (алейхис салам) бир күнү бир түндө бардык аялдарына жакындык кыларын, алардын ар бири ага эркек бала төрөп берерин, кийин ошол балдары менен Аллах жолунда казат кыларын айтат. Бирок “ин шаа Аллах” деп айтууну унутат. Айтымда, жүздөгөн аялдарынын ичинен бир гана аял төрөйт, ал да толук эмес бала болуп төрөлөт. Эгер Сулайман пайгамбар “ин шаа Аллах” дегенде, баары өзү айткандай болмок, – деп Пайгамбарыбыз айткан.

Ошондой эле Искендер Зулкарнайн тууралуу айтылат: ал кайсы бир жерге камап салган Яжуж-Мажуж күн сайын ошол тосмону казышат. Казып чыгып калууга аз калганда, кеч кирип: “Калганын эртең казабыз”, – деп кетишет. Эртеси келсе, казылган жер кайра толуп калган болот. Акыры кыяматка жакын алардын бири: “Ин шаа Аллах, эртең казабыз”, – деп айтат. Ошондо гана эртеси келип, аз калган жерди казып чыгып кетишет.

🤲О, Жараткан Аллах! Ар бир ишибизди Өзүңө таянып, Өзүңө тобокел кылып баштаган пенделериңден кыл!

Бардык иш Сенин каалооң менен гана болорун эсибизден чыгарба. “Аллах кааласа” деген сөз тилибизде эле эмес, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө да болсун.

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева

📘"Эртең дебе" китебинен.

https://chat.whatsapp.com/EIcLz7N1SwFAZCk4ZLWYvz?mode=gi_t
🔥6👍4
👴🏽😢 *АТАНЫН АРМАНЫ*

✍🏼Жашым жетимиштен өтүп калган, кемпирим экөөбүз кырк жыл өмүр сүрдүк. Байкушумдун өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду. Жети балам бар: 4 уул, 3 кыз. Баары жакшы иште иштешет, үйлүү жайлуу, чоң балам кырк жашында бул дүйнөдөн өттү. Карыганда көп ооруйт турган болдум. Ар кайсы дарыгерге барып көрүнөм: бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып койушат. Азыр да ооруканада жатам.

🏥Жанымда жаткан аксакалдын жашы 67де экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр. Аты Жоробай, эки уул, бир кызы бар экен. Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтүптүр, андан кийин такыр үйлөнбөптүр. Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим менен карашат. Балдары намаз окуган ыймандуу жигиттер, кызы да эки күндө бир келип турат, тез-тез чалып, атасынын ал-акыбалын сурап турат.

👳🏻‍♂️Мына бүгүн кичине уулу келди, кирип эле баарыбызга: “_Ассаламу алайкум, аталар, жакшы жатасыздарбы? Аллах шыпаасын берсин_”,-деп жылмайып амандашат, атасына келип көрүшөт, атасынын жүзүнөн өөп, колунан жыттап койот. Тамагын берет, массаж жасап колу-бутун ушалайт, бүгүн атасынын бутун самындап жууп тырмагын алды, кийимин которду. Атасы каршылык кылып “_Эки күн эле болду го алмаштырганыма, ботом тим эле койчу. Келинди да убара кылып улам кир жуудуруп кыйнай бербей_” десе көнбөдү.

_- Ата, кир жуугандан да кыйналмак беле? Сиздин кириңизди жуубаса, анда келиниңизди эмнеге алдым?_ - деп тамашалай күлөт. Оорукананын узун коридорунда ары-бери жетелеп басат, андан келип жаткырып, ар кайсыны сүйлөшүп олтурат, атасы уктаса биздин идиш-табакты жууп келет.

👳🏻‍♂️Биздин да колу-бутубузду укалап, массаж жасайт. Рахматыңды айтсаң: “_Мага да бир дуба кылып бата берип койуңуз_”,- деп турат. Атасы турганда дарысын берип, тамагын ичирип, анан үйүнө кетет.
Эртеси чоң уулу келет. Анысы өтө шайыр, баарыбызды каткыртып күлдүрөт, палатага келип эле жаркылдап салам берет, атасына жетип эле: “_Кубатым, дөөлөтүм, бейишим_”,- деп кучактап эркелеп кетет. Атасы каткырып эле:
_- Ой, сен бир шумдуксуң, өзүң балалуу болуп калсаң деле, мага эркелегенин калбады,_- деп койот.

🧕🏻Кызы да келет, ал да жоолук оронуп намаз окуган кыз. Ал дагы атакелеп жаны тынбайт: “_Атаке, эмне жегиңиз келип жатат? Эртеге жасап күйөө балаңыздан берип жиберейин. Мени билесиз го, үйдөгү кичине келинмин. Күнүгө келе албай жатам. Эмнеңиз кем, ата? Дары-дармек баары жетиштүүбү? Дарыгер менен сүйлөштүм, эки-үч күндө чыгарышат экен_”.

🥺😷Бул Жоробайдын эки уул, бир кызы болсо да күнүгө келишет, а менин алты балам бар: үч уул, үч кызым . Ооруканага жатканыма беш күн болгондо, бир уулум менен эки кызым келип кетишкен.
Андан бери беш күн өттү, жатканыма он күн болду, бирок дале эч кимиси жок. Кийимим кирдеп тер боло түштү, кичине уулума чалып:
- _Балам, менин кийимдеримди алып келип берчи, айлайыйын_,-дедим.
Ал: “_Канттиңиз, ата? Дары-дармек эмне болуп жатат, тамак-ашыңыз барбы?_”- деп да сураган жок.
- _Ата, иштен бошоп эле алып барам_,- деп телефонду өчүрдү.

😞🧑🏼‍🎤Балдарыма чындап капа болдум. Үйдөн бир ысык тамак жасап келишпеди, келип кабар да алышпады. Жадагалса чалып сураганга да жаарыбады, оорудум десем эле кабактары түйүлүп: “_Сиз эле ооруй бересиз. Чын же жалган экенин билбейбиз_” деп сүйлөнүшөт. Баарынын жол тандабас унаалары бар, а мен доктурга көрүнгөнү өзүм басып, кыдырып эптеп жолду таап келем.

🛍️Эртеси кичине уулумду келет деп күттүм, бирок анын ордуна жетинчи класста окуган небере балам келди. Өзүмдүн “Айген” пакетке салынган кийимдеримди көтөрүп келиптир. Кийимден башка эч нерсе жок. Эч болбосо ысык атала да кылып бербептир. Көзүмө жаш келди, өзүмдү кармай албай ызаланып ыйладым. Жанымда турган неберемдин турганын унутупмун, бир карасам ал таң кала тиктеп туруптур.
- _Кийимди чечип берейин, алып кет. Апаң, жууп койор_,- дедим.
-
😭Ошондо кийимимди чечейин деп колумду көтөрө албай кыйналдым. Жоробайдын кичине баласы алмаштырганга жардам берди. Эскилиги жеткен кийимимди элдин алдында алмаштырып жатып, намысымдан шолоктоп ыйладым. “_Эмнеге өз балдарым мага мындай суук мамиле жасашат?_” деп өпкө өпкөмө батпай буркурап ыйладым.
😢2
👨🏻‍💼👩🏻‍💼Көрсө, балага тарбийа бергенде нийетибиз жана дуба кылганыбызда: “_Чоң иште иштесин, депутат же аким болсун_” деп нийет кылбаш керек экен. Мунун баарын көзүм карайлап, ата болуп туруп талаага ташталган иттин кейпин кийгенде түшүндүм. Эч нерседен кемитпестен бактым эле го, каректеринен айланып кагылайын деп. “_Өзүм кийип-ичпесем да, ушулар ичип-жесинчи_” деп кара жанымды карч уруп ден соолугумдан ажырабадым беле?! Эми минтип карыганда өз балдарымдын колунда кароосуз калып, турмуштун кордугун көрүп жатам.

👳🏻‍♂️🧕🏻🤲🏻Карыганда гана тилегенде “_Оо, Кудай, баламды ыйман-ынсаптуу, Аллах жолунда жүргөн, ата-эне кадырын билгендерден кыл_” деп нийет-дуба кылыш керек экенин эми түшүндүм. Бирок эми түшүнгөнүм менен өткөндү кайрып болбойт.

Урматым менен _Нуриет Абдулазиз_
😢6👍1
Бакытты башка жактан издеп обара болбо. Бакыт- Алланы тааныган акылда, сезген жүрөктө, кол көтөрүп, ишеним менен үмүт кылган дубаларыбызда катылган ин шаа Аллах!🤗🤲💖

👤Насиба Абдуллаева
👍11