Иссык-Кульский медиа центр
181 subscribers
540 photos
74 videos
13 files
1.22K links
Иссык-Кульский областной медиа центр информационно - развлекательный канал. Вещание идут на государственном и официальном языках. Основным контентом эфира, являются собственные информационно - развлекательные программы. Вещает по Иссык-Кульской области.
Download Telegram
Өткөн жумада жер семирткичтер боюнча өкмөттүн чечими чыгып, баасы 30 сом болуп бекитилди. 10-декабрга чейин 4970 тонна жер семирткич дыйкандарга берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев парламенттин Агрардык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жер семирткичтер адегенде түшктүктө 49 сомдон, түндүк региондорго 52 сомдон туура келген. Кийин Монополияга каршы кызматы 46 сом 70 тыйынга түшүрүп берген. Бирок жеке ишкерлер алып келген баа арзан болгондуктан, акыркы тескеме менен 30 сом болгон.

«Ортодо 95 млн сомдук зыянды мамлекет төлөйт. Бул ошол учурдагы валюталык курстагы айырмачылыктан келип чыккан» , — деди Байдылдаев.
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана «Бир алкак - бир жол» демилгесин биргелешип куруу боюнча терең пикир алмаштык жана маанилүү консенсуска жетиштик, муну менен кытай-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы багыты жана планы белгиленди.
Кытай менен Кыргызстан - ынак коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана Сиз менен болгон жеке достугубузду жана жакшы иштиктүү байланышыбызды жогору баалайм жана биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү, жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн Сиз менен биргелешкен күч-аракетти жумшоого даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык иштерине ийгилик каалады.
Ак-Сууда 400 үй-бүлөгө акысыз көмүр берилди. Жардам Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүдө.
Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери Дархан айылынын Салиев атындагы орто мектебинде форум театр иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган иш-чарага орто мектептин окуучулары жана мугалимдери активдүү катышып, үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү тууралуу театрлаштырылган көргөзмөнү коюшту. Иш-чарага ошондой эле окуучулардын ата-энелери, айыл өкмөтүнүн жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү чакырылган.
Камчыбек Ташиев жаңы тик учак менен Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарын кыдырат.

УКМК билдиргендей, Ташиев күч түзүмдөрүнүн кышка даярдыгын текшерип, чек аранын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, кайра Бишкек шаарына учуп келет.

Буга чейин Кыргызстан республикалык бюджеттин эсебинен Германиядан тик учак сатып алганы белгилүү болгон. Тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген.
Ветеринардык кызмат Кыргызстан боюнча 93 мал соючу жайдан 25 нин ишин убактылуу токтоткон.
Мал соючу жайлардын ишин убактылуу токтоткондун негизги себеби ветеринардык жана санитардык нормаларга жооп бербегендиги болуп саналат.
Ветеринардык кызмат билдиргендей Кыргызстан боюнча 2023-жыга карата баардык аймактарда, заманбап жабдуулар менен стандартка жооп берген мал сою жайлар курулат
Кыргызстандагы бардык мектептер 15-декабрдан тарта 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билдирди.

Бүгүн эртең менен Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге алынганы айтылган.

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны 1,5 эсе көбөйдү. Бейтаптардын 70 пайызы балдар болууда.

Жыл башынан бери курч респиратордук вирустук инфекциянын 14 миң 798 учуру жана сасык тумоонун 153 учуру катталды.

Оорунун күчөшүнөн улам ооруканаларда жалпы 10 миң 33 орундук даярдалган.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Бишкекте көмүрдүн тоннасын паспорту менен келген жарандарга төрт миң сомдон сатууда. Ишкананын маалыматына караганда, көмүр алып жаткан жарандын каттоосу жана жашаган жеринин дареги болушу керек.

Көмүр бир кишиге 2 тоннадан гана сатылат.

«Кардарым бар деп кирип кеткен Porter айдоочуларына көмүр сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар «Кыргызкөмүр» алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5 миң сомдон ашырып, сатып жатканы жашыруун эмес», — деп айтылат билдирүүдө.
Верховный суд предлагает изменения в Административно-процессуальный и Гражданско-процессуальный кодексы. Законопроект рассматривается в первом чтении.

На заседании Жогорку Кенеша председатель Верховного суда Замирбек Базарбаев сообщил, что предлагается сократить необоснованное продление сроков рассмотрения дел в судах.

«Внедряем метод СМС-извещения для сокращения расходов. Этот метод хорошо работает в Казахстане и России», — отметил Замирбек Базарбаев.
Актер Чыңгыз Мамаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 11-январда кабыл алынганын соттун маалымат кызматы кабарлады.

Актёр Чыңгыз Мамаев былтыр апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Бишкектин Свердлов райондук милициясынын маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) негизинде иш козголгон.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аба ырайына байланыштуу Ак-Суу районунун айрым жолдорунда кар күрткүсү пайда болуп, унаа тыгындары пайда болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ак-Суу районунун Советское, Соколовка жана Ак-Булуң айылдарына жакын жайгашкан жолдордо кар тыгыны пайда болду. Аларды тазалоо боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, бороон кайрадан жолдорду толуп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ведомство айдоочуларды өтө зарылчылык болбосо, белгиленген маршрут боюнча жана калктуу конуштардан тышкары жүрүүдөн баш тартууга чакырат.