БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
3.77K subscribers
678 photos
566 videos
18 files
1.1K links
Formula.KG - Бактыңыздын багыты!
Download Telegram
📍«САБЫР» ДЕГЕН ДАРЫНЫ БИЛЕСИҢБИ?

Ооба,  бир туганым, бул дарыны билесиң. Бирок, колдонуп көрдүң беле. Адатта адам ооруса дароо айыга калсам деп дарыканага чуркайт. А бул «Сабыр» дарысы сиздин ооруңузду эле дарылабастан, жүрөктү жумшартат, күнөөнү каалаган нафсиңизди тарбиялайт, карарган жан дүйнөңүздү жарытат, кайрат-күч берет, жашооңузга өзгөртүү киргизет.

☝🏻 Бул дарынын курамында
жөнөкөйлүк, мээримдүлүк, кечиримдүүлүк, жоомарттык, кайраттуулук, негизгиси  адамзаттын душманы шайтанды ыйлата турган күчтүү касиети бар.

🤗Бул дарыны баарыбыз пайдаланышыбыз зарыл. Анткени бул жашоо кайгы-капа, кыйынчылыктар менен толгон. Ар бир инсандын башында  кыйынчылык-көйгөйү бар. Бул көйгөйлөрдү жеңүүдө «Сабыр»дарысы гана жардам берет.

«Сабыр»башка келген азапка чыдоо, күнөөдон сактануу, жамандан оолак болуу..

«Сабыр»кыйынчылыкта жол таппай турганда бүгүлбөс сөйөнүч, жыгылбас таяныч..

«Сабыр» жүрөкө ыкластуулук, жан дүйнөгө тынчтык ооруга шыпаа…

«Сабыр» ачуу келгенде тилге кишен, шайтанга калкан…

«Сабыр» көңүлдү көртөрө турган кубаныч…

«Сабыр» адамзатка сулуулук берген адеп-ахлак…

«Сабыр» ибадатка бекемдүүлүк, бейишке киргизүүчү, тозоктон куткаруучу курал…

☝🏻Алдыңдагы кыйынчылыктарды, ооруларды жылмаюу, сабыр менен тосуп алгын. Тагдырыңа ыраазы бол, башка түшкөндү кабыл кыл, балаң каза болгондо ыйладың эле, кайтып келдиби? Банкорт болгонуңда өкүндүң эле акчаң кайтып келдиби? Андай болсо бир кыйынчылыкты эки кыйынчылыкка айландырба. Бирок түйшүк келген кезде кычкыл лимиондон таттуу суусундукту жасап, « Сабыр» дарысын кошо ич…

📖Сабырдуулар, Куранда силер тууралуу мындай деп айтылат:

«Аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип мындай дешет: Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллахтын саламы болсун! Акырет үйү (Бейиш) кандай жакшы». (13:23;24)..

📍Аллах Таала дагы минтип айткан: «Чындыгында, Аллах Таала сабыр кылуучулар менен бирге». (Бакара, 153-аят).

📍Аллах Таала: «Ким сабыр кылса жана кечирсе, чындыгында ал улуу иштерден» - деген (Шуура, 43-аят).

📍Абу Малик Алхаарис бин Аасим (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Сабырдуулук — бул нур» — деп айткан. (Муслим, Ахмад).

📍Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Сабырдуулук бул ыйман» — деп айткан. (Ахмад, Абу Дауд).

🤲Аллахым, башыбызга келген сыноолорду жеңил кылып, сындырбасын, сыздатпасын, күч - кубат, каниет берсин,  даражасын жогору, сыйынан кур калтырбасын, Амиин!

👤Автор:Насиба Абдуллаева.

"📘 Эртең дебе" китебинен..

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🤲🏻Бүгүнкү күнүбүз берекелүү болсун жакшылар! 💞
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Дуба мусулмандын куралы. Дуба менен жашообузду кооздоп, дуба менен коргойлу. 🤲❤️
🤔МҮМКҮН ЭМЕС.

Ушул "мүмкүн эмес" деген, шек-күмөн ойдун арты менен Аллага болгон ишенимибиз суз, мамилебиз алсыз, моюн сунуубуз чала болуп жүрөт. "Мүмкүн эмес" деген сөздүн ичинде "мүмкүн" деген сөз бар экенин эч качан унутпаңыз. Анткени, "Ал Баариу - Жан берүүчү ", "Ал- Хоолику - Жоктон бар кылып жаратуучу " улуулуктун Ээси болгон Аллахтын алдында мүмкүн болбогон нерсенин өзү жок. Ал бир нерсени кааласа "Бол!" дейт мүмкүн эмес нерселер мүмкүн болуп калат...

📍"Мүмкүн эмес, балалуу болбойсуңар" деген сөздү укканда, Аллах Таала Мариям энебиздин боюна атасыз эле Иса Пайгамбарды бүтүргөнүн эстеңиз...

📍"Мүмкүн эмес, бул кыйынчылыктан чыгууга болбойт” деген сөздү уксаңыз, Аллах Таала Муса Пайгамбарга деңиздин үстүнөн жол ачып бергенин эстеңиз...

📍"Мүмкүн эмес, бул оорунун дабасы жок" деген сөздү уксаңыз, Аллах Таала Аюб Пайгамбарды жүрөгү менен тилинен башка жери бүт ооруп жатканда айыктырып койгонун эстеңиз...

📍"Мүмкүн эмес, атамдан, энемден, баламдан айрылдым, бул кайгыны көтөрө албаймын" деген сөздү уксаңыз, Аллах Таала, Пайгамбарыбызды төрөлө элегинде атасынан, алты жашында энесинен, сегиз жашында чоң атасынан, Пайгамбарлыгына он жыл болгондо агасынан, сүйүкттүү жары Хадижа энебизден, тирүү кезинде, Фатима энебизден башка бардык балдарынан ажыратканын эстеңиз...

📍Аллах Таала чыгуусу “мүмкүн эмес” болгон оттун ичинен Ибарихим Пайгамбарды, кудуктун ичинен Юсуф Пайгамбарды, киттин ичинен Юнус Пайгамбарды аман-эсен чыгарган...

🤔 Дагы сизге “мүмкүн эмес” болгон эмнелер жөнүндө айтайын?! Аяк-башы жок, тирөөчсүз асманга, караңгыны жарык кылган күнгө, айга, жансыз топурактан жандуу болуп жаралган сиз менен мага, ички-сырткы келбетибизге караңызчы?! Жараткан кандай сонун чеберчилик менен жараткан, буга пенденин акылы жетпейт. Ушунча улуулуктун Ээси болгон Аллахтын кудуретин окуп, билип, сезип туруп деле, "мүмкүн эмес", - деп олтурсаңыз анда өзүңүздүн зыяныңызга.

Сиз тирүү турганда, бул жарыктыкта бардык нерсенин мүмкүн болгон жолу бар. Болгону, Жаратканга жакын болуп, Анын буйруктарын кемтиксиз аткарып, толук моюн сунсаңыз, Аллах сиз күтпөгөн “мүмкүн эмес” нерселерди мүмкүн болгон жолдорун ачып берет...

إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

"Ал бир нерсенин (болуусун) каалаганда, Анын иши тек гана “Бол!” – деп айтуу, (ал) болуп калат."(Ясин сүрөсү:83 аят)..

"Болбойт, бүттү, жолу жок, мүмкүн эмес " деп түңүлүп, үмүт үзгөнүмдө ушул сөздөрүңдү эстеп, күч алып ыйманымды бекемдейим Йа, Раббым!...

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
🕋БАРБАСТАН КАБЫЛ БОЛГОН АЖЫЛЫК

Биз ишкердик боюнча түрдүү мамлекеттерге барабыз. Үйдө да болобуз. Ошондуктан да адамдар менен тез-тез катташып тура албайбыз. Бул ирет Абдуллах үйгө келери менен соода иштерин мага тапшырып, ажылыкка даярдана баштады. Ал ажылыкка бара турган көп акча топтомок. Кетерден мурда эхсан кылып, сапарда жүргөндө да садака берчү. Меккедеги муктаж адамдарды да эсинен чыгарбайт эле. Бир күнү анын уулу Абдурахман ыйлап кирип келди. Себебин сураган атасына: «Кошунабыздын казанында эт кайнап жаткан экен, мага бербеди. Ошого ыза болдум», деди. Абдуллах таң калып кошунаныкына чыгып кетти.

Кошунабыз бир жесир аял эле. Абдуллах эшикти тыкылдатты. Мен дубалдан башымы көтөрүп карап турдум. Аял эшикти ачары менен уялып, суроо узатты.

- Ассаламу алейкум, кош келипсиз.

- Уа алейкум Ассалам, амансызбы?- деп алик алды Абдуллах. Кийин жүрөктөрдү өрттөп жибере турган маек болду. Сизди мусулман деп билем. Мээримдүү экениңиз балдарыңыздын тарбиясынан сезилип турат. Бирок бир түшүнбөстүк болгон окшойт. Уулум кызык сөз айтып чыкты. Балдарыңыз менен ойногону киргенде, эт кайнатып жаткан экенсиз. Балама бербей, үйгө чыгарып жиберипсиз.

Кечирип коюңуз. Уулуңузду катуу таарынттым, бирок себеби бар эле. Күйөөм каза болгондон бери кыйналып калдык. Билесиз, мурун акчага муктаж болбогонбуз. Кошуналарга билдирбей үйдөгү бар нерселерди саттым. Колубузга илеше турган нерсе таппагандыктан, үч күн ач калдык. Мен иш издеп таба албадым. Жакын жердеги жардын боорунда бир бука арам өлүп жатыптыр, каш карайып күн батканда бир аз кесип келдим. Таң атканча бышыра албай, ойлонуп отур- дум. Балдарымдын ачкалыктан ыйлаган ыйы жүрөгүмдү эзип жиберди. Казанга салдым. Абдурахман балдар менен ойноп жаткан. Алар тез-тез келип, казандагы тамак качан бышат деп сурай беришти. Акыры тамак бышары менен уулуңузду үйүңүзгө жиберип койдум, перзентиңизге болсо арам болот. А бизге бул эт адал.

-Сизди туура эмес түшүнүпмүн. Ушундай жакын кошунамдын муктаждыгын билбеген экенмин. Мени кечириниз. Мен азыр. Ал кайтып чыкты да, ажылыкка деп топтогон бардык акчасын аялга алып барды. Ага:

-Сиз муктаж болуп туруп, мен ажылыкка барсам, кылган ибадатым кабыл болбос, деп акчаны ага берди. Аял эки колун көтөрүп, узак дуба кылды.

- Садакага берген акчаларыңыз эки эсе көбөйүп келе берсин, Аллахым сизди тозокко түшүрбөсүн...

Абдуллах үйгө келип, кечки тамагын ичпестен таңга чейин ыйлап чыкты. Ыйаралаш «кошунасынын абалынан кабары жок мен күнөөкөрдү кечире көр, Аллахым» деп жатты. Мен да уктай албай чыктым. Ажылык убакыты өткөндөн кийин, ажылар үйлөрүнө кайтып келе башташты. Алар бир топ болуп, Абдуллахтын үйүнө келип, куттуктап да жатышты.

- Устаз, ажылыгыңыз кабыл болсун!

- Кылган ибадаттарыңыз кабыл болсун!

Азирети, эмнеге биз менен бирге келбедиңиз? Кантип бизден мурун келип калдыңыз?
Ушул суроолордон кийин түшүнбөстүк пайда болду. Биз антан элек. Абдуллах аларга ажылыкка барбаганын кайра-кайра айтты. Ошондо бир кошунабыз сөз баштады: «Эй, Абдурахмандын атасы. Сиз менен бир катарда ажылык кылдык. Сиздин чынчыл экениңизди билебиз, бул ирет эмнеге жалған айтып жатканыңызды түшүнбөй турабыз.»

Ошондо Абдуллах болуп өткөн окуяны аларга айтып берди. Кийин көрген түшүн баяндап жатты.
Кошунага ажылыкка жыйган акчамды бергенден кийин түш көрдүм. Түшүмдө бирөө «мубарак болсун, ажылыгыныз кабыл болду» деди. Азыр сиздердин сөзүңүздөрдуаягына чейин уккандан кийин кудурети күчтүү Кудайдын алдында өзүмдүн алсыз экенимди дагы бир сездим. Ушул Кошунамдын кылган дубасы жана берекесинен ушундай окуя болуп турат. Кана, үйгө жүрүңүздөр. Ичкериге кирип конок болуңуздар. Сиздерден дуба алыш биз үчүн канимет.
Ошол күнү мыкты маек болду. Ажылар сүйүнүп үйлөрүнө тарашты. Биз бул окуядан катуу таасирленип турган элек. Ушундан тартып соодабыз дагы да күчөдү. Акчалар акылыңды адаштыра турган деңгээлде агып келе баштады.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
🕌 БАКТЫЛУУЛУК ИСЛАМДА.

Адамзат кызык макулук. Кээде таң калам. Жаралгандан жакшы жашасам, бактылуу болсом   - деп жакшы жашоого умтулуп, артынан чуркап, изденип өтөт. Айланага карасаң жашоосуна ыраазы болбой, кейип- кепчип эле шүгүрсүз, жан дүйнө тынчтыгына суусаган, ооруган эле адамдар. Жалаң жакшылыкка жетелеген динибиздин эшиктерин ачып Жаратканым: " Пендем Мен сени жараттым го, сен мага толук моюн сунуп, туура жолума түшүп, Мен каалагандай жашасаң, сен каалаган бактылуу жашоону тартуулаймын, Менин сыйлуу коногум бол ", - деп чакырып жатса да,  кайдыгер жүргөн   мусулман туугандарыбызга карап жүрөгүм ооруйт. Эмне дейбиз хидаят берүүчү Аллах," исламдан түшүнүк бер ", - деп дуба кылабыз.

Ислам бул адамды эмне кылат десе? Башынан адаштырбай туура жолду көрсөтүп, мына сенин бардык  көйгөйлөрүңө чечим бар, башка  көйгөйлөрдүн келгенин жеңилдетип, жеңип, келе элегин алдын ала чечип,  сактап, бере ала турган,  сенин табиятыңа дал келген чечимдердин так - тастыкталган жолун көрсөткөн, жашообуздун түбөлүк өчпөс чырагы болгон, адамзаттын асылы, устазы болгон Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) дын жашоо обаразынан үлгү алуубуз үчүн, Өзүнүн куттуу сөздөрү менен көөдөнүн нурлантып, ал аркылуу бизге Ыйык, Куран китебин карматып берди. Ислам мааниси тынчтык деп  аты айтылып тургандай бактылуулуктун туу чокусуна жеткире турган тынчтык ааламы. Сиз бул ааламга кадам коюсоңуз, барга шүгүр, азга каниет, жокко сабыр кылганды үйрөнүп, жашооңузду динбиз көрсөткөндөй нукта жашасаңыз, эч жактан таппаган жан дүйнө тынчтыгын табасыз. Анткени,  жүрөктөрдүн Ээси болгон Жаратканым, Өз нуру, Өз илими менен көөдөнүбүздү дарылап, жашоого болгон максатка терең түшүнүк, тунук акыл берип,  жакшы жашоого  жол ачып берет. Качаан гана биз Жаратканга толук моюн сунуп, Анын мыйзамы менен кемтиксиз амалдарыбызды,  өз убагында аткарган болсок гана исламдын ырахатын, сезип жашайбыз...

Жаратканым каалаган, сүйгөн кулдарынын катарында болууну, исламга кызматчы, динибизге дааватчы, жакшылык үрөнүн сээп, жеткирген, бир күн болсо да эч кимге зыяны тийбеген, адам болуп жашап, жарык жүз менен Өзүнө жолугууну насип кылсын!

👤Автор:Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
😊Урматтуу менин сүйүктүү окурмандарым!

📍Сиздер үчүн жакшы жаңылыгым бар!
Китебим жарыкка чыккандан бери окурмандардан: “Менин жашоом өзгөрдү” “мен эми эч качан жашоомо наалыбаймын”, “мен билбеген жакшылыктардын сыры бул жакта экен”, “ мен эми дубалар менен жашоомду кооздоймун" деген сыяктуу көп ыраазылыктарды уктум. Китеп жетпеген, кайдан табарын билбеген бир туугандарым да көп болду.
Жараткандын жакшылыгы жана жакшы инсандардын жардамы менен эми минтип "Эртең дебе" китебимдин аудио форматы чыгыптыр. Китепти көркөм окуп, ого бетер көркүнө чыгарган Эрнис Кыязов агайга терең ыраазылык. Угуп пайдаланыңыздар.
Бүгүнкү күнүбүз да рахматы жааган жамгыр менен башталды. Жамгырдын себеби менен кылган дуба тилектерибиз кабыл болсун. Кутман таң жакшылар!😊🤲🏻💞
📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ар Роззааку- Ырыскы берүүчү" Эгем менин! Бакыты менен кошо келген ырыскыбыздын казынасын кенен кылгын, иштерибизди  ийгиликтүү, тапканыбыз адалдан болсун, Сен жакшы көргөн жакшылыктарга насип кылгын. Өзүңдөн башканын эшигин каккылатып, карыз алып, карыз болуудан оолак кылып,  жалынтпа, кол сундурба, муктаж кылба...

" Ал Мужибу- Пенделеринин дубаларына жооп берүүчү" Эгем менин! Сенден перзент сурагандарга, перзентерине дуба кылгандарга  көзүбүздү кубанткан, эки дүйнөбүзгө бактылуулук алып келген, артыбыздан дуба кылып, жаназабызды өздөрү окуп, өздөрү жууган уул - кыздардан насип кыл..

" Ал  Вааси- Илими менен ырайымы кенен" болгон Эгем менин! Илим сурап, илим алууга ниет кылып, илим жолуна түшкөн пенделериңе Өз илимиңдин сырларын кенен ачып, терең түшүнүк берип, эки дүйнөбүзгө пайдалуу кылгын, билгенибизге амал кылып, билбегендерге үйрөтүп, адашкандардын жүрөгүн ойнотуп, туура жолго түшүүсүнө себепчи болууну насип кыл...

" Ал Валий - Момундардын досу жана жардамчысы" болгон Эгем менин! Өзүң сүйүп, сүйүнткөн, Өзүңдү эстетип, эскертип, туура жолуңа шам чырак болуп, пайдасына пайдаланып эмес, пайдасын бөлүшүп, пайда көрсөткөн Өзүнө дос болгон чыныгы акыреттик достордон насип кыл...

📍Аллахтын элчиси (С А В) айтты:"Эки учурда Аллах дубаны сөзсүз кабыл алат: Намазга азан айтылганда жана жамгыр жааганда".
Жамгыр- Аллахтын мээрими жерге түшүп турган убагы, ошондуктан, дубалардын кабыл болуусуна мүмчүлук чоң.

🤲Жамгырда окулуучу дуба:

"Аллоохумма саййибан-на-афи'а".

Мааниси: Оо Аллах! Жамгырды бизге жакшылык жана пайдалуу кыла көр.

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
📿ЗИКИРДИН ДАРАЖАСЫНА КАНТИП ЖЕТЕБИЗ.

Пенде корку менен үмүттүн, сабыр менен шүгүрдүн ортосунда жашабаса, Жаратканын дароо эле  унутуп коёт. "Мени Аллах көрүп, сезип, угуп турат, бергенда Аллах, алганда Аллах,  бардык нерсе Анын каалоосу менен болот, Ал жаратты, кайтууда Аллахка ", деп жүрөктү байлап, дайыма тилибизди зикирге үйрөтсөк, ыйманыбыз түбөлүктүү болот. Биз кааласак, каалабасак өлүмдөн кийин экинчи үйүбүз эки метр кабырга барабыз. Сахабалар да кыяматтын келүүсүнөн эмес, эң корккондору кабыр жашоосунан коркуп ыйлашкан. Ал жерде ар ким жалгыз, караңгы, барса кайтпас өкүнүч же кубанычты көрөт, бул жарыктыкта кылган амалдарына жараша. Пайгамбарлардын жаны кабырда чирибейт, ушул даражага жетүүнү, кабырыңыз кыяматка чейин нурдуу, бейишке экен көчөттөрүңүздүн жыты, сайасында ырахат алып жашоону кааласаңыз тилиңизди зикирден кургатпаңыз. Тилге эң жеңил, сообу мол бул амалды жашооңузда адатка айлантыңыз, жаман адаттардан кутулуп мүнөзүңүз өзгөрүлө баштайт, ушактан, көрө албастык, ачуудан, сабырсыздыктан арылып, жашооңузга береке келе баштайт. Адам Алланы көп зикир кылуу менен ар кандай күнөөлөрдөн сактанат. Анын жүрөгүндө курулай ойлорго орун калбай калат.Дүйнөгө болгон кумарлануудан сактайт. Алланы көп зикир кылган адамдын жүрөгү Аллага болгон үйүүсүнөн башка сүйүүгө толбойт, ал сүйлөп жатканда биринчи кезекте Алланын аты анын тилинде болот. Ошондо бул куттуу ысым бара-бара пенденин тилине мөөр болуп басылат. Анан  көкүрөгүнө, акырында жүрөгүнө жетет. Андай адам Алланын атын тили менен айтпаса да, жүрөгү дайыма «Аллах, Аллах» дейт. Бара-бара бүт денеси ушул абалга келет. Ошондо гана кул чыныгы зикир даражасына жетет. Өлүмүндө да тили денеси  зикирин айтып, Жаратканын келмеси менен жолугат, рухун асмандагылар күтүп алат. Мындан өткөн бакыт жоктур билгенге..

«...Мени эстегиле, Мен дагы силерди эстейин! Мага ыраазы болгула, нематка кесирлик кылуудан сактангыла!» (Бакара, 152).

Пайгамбарыбыз (С. А. В. )  бир хадисинде:

«Роббисин зикир кылган менен, Роббисин зикир кылбагандын айырмасы, тирүү менен өлүктөй»

Дагы бир хадисинде:

«Жалгыздануучулар көп ийгиликке соопторго жетишет »-деп айтат. Анда сахабадар сурайт: “Оо, Аллахтын Элчиси жалгыздануучулар деген кандай? “. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават саламдары болсун): «Аллахты көп зикир кылган эркектер жана аялдар». -деп жооп берди.

"Оо, Аллахым! Тилимди зикирден кургатпагын, Өз сөздөрүңдү тилиме жеңил, мөөр кылгын, барга шүгүр, азга каниет, жокко сабыр кылган денем менен Өзүңө толук моюн сунуп, Өзүң ыраазы болгон абалда жолугайын! Амиин! "...

👤Автор: Насиба Абдуллаева.

📕"Эртең дебе" китебинен...

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907