Телеграм каналдагы видеолор жагып жатса, реакция аркылуу колдоп туруңуздар сүйүктүү жазылмандар…🌹😁
Соңку кездеги биздин жашоодогу чындыктар:
Мына ушундай…
— Элмирбек Иманалиев
•
Имараттарыбыз бийиктеген сайын, сабырыбыз төмөндөп баратат; •
Жолдорубуз кеңейген сайын, көз караштарыбыз тарып баратат; •
Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нааразыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз; •
Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз; чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөлөр азайып баратат; •
Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын, убакыт да эч нерсеге жетпес болду; •
Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт; •
Билермандарыбыз көп: андан көйгөйлөрүбүз азайып калган жок; •
Медицина өнүккөн сайын, ден соолугубуз начарлап баратат; •
Юмор көп, бирок жылмайган адам аз; •
Дааватчылар, молдолор көбөйдү, бирок адепсиздик андан да көбөйүп, ыйман, пейил жок; •
Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз; •
Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз; •
Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук; •
Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз; •
Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок жек көрөбүз; •
Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз; •
Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет; •
Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз; •
Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз; •
Жаратылыштын экологиясы деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз; •
Көптү пландайбыз, азга жетебиз; •
Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук; •
Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок;Мына ушундай…
— Элмирбек Иманалиев
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Акыңар жок сүйүүдөн уялууга,
Арзышкыла! Сүйгүлө! Кубангыла!
Араңарды бөлүүчү дубалды да –
айландырат өбүшүү урандыга!
Ачып көрсөң ашыктык күйүп турат,
«Авестаны», «Тооратты», «Куранды» да.
Арзышкыла! Сүйгүлө! Улангыла!
Алтын-күмүш дүйнөңдөн эмне пайда?!
Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла!
— Элмирбек Иманалиев
Арзышкыла! Сүйгүлө! Кубангыла!
Араңарды бөлүүчү дубалды да –
айландырат өбүшүү урандыга!
Ачып көрсөң ашыктык күйүп турат,
«Авестаны», «Тооратты», «Куранды» да.
Арзышкыла! Сүйгүлө! Улангыла!
Алтын-күмүш дүйнөңдөн эмне пайда?!
Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла!
— Элмирбек Иманалиев
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Алп талант, маркум Акжолтой Канатбек уулунун видеосун таап алып, сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк…
Жашоо кайрыктары pinned «Телеграм каналдагы видеолор жагып жатса, реакция аркылуу колдоп туруңуздар сүйүктүү жазылмандар…🌹😁»
Бүгүн уйкаш саптуу викторина жүргүзмөкчүбүз…
Ыр табышмактын аталышы: «Билесиңби? Сен албетте билесиң!»
Ыр табышмактын аталышы: «Билесиңби? Сен албетте билесиң!»
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт жылкынын «үй-бүлөсүн?»
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт жылкынын «үй-бүлөсүн?»
Anonymous Quiz
7%
жылкылар
2%
мал
91%
үйүр
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Жер жумшартып, жазында эмне тигесиң?
Сен албетте, билесиң!
Жер жумшартып, жазында эмне тигесиң?
Anonymous Quiz
4%
чөп
89%
көчөт
7%
дарак
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Не дечү эле мактай берсе ким өзүн?
Сен албетте, билесиң!
Не дечү эле мактай берсе ким өзүн?
Anonymous Quiz
87%
көйрөң
7%
кежир
6%
өжөр
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт жемиштердин сүрөтүн?
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт жемиштердин сүрөтүн?
Anonymous Quiz
27%
пейзаж
8%
портрет
65%
натюрморт
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Малчы болсоң – кышында эмне кийесиң?
Сен албетте, билесиң!
Малчы болсоң – кышында эмне кийесиң?
Anonymous Quiz
29%
өтүк
28%
ичик
43%
чапан
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кандай сөздү угуп алып күлөсүң?
Сен албетте, билесиң!
Кандай сөздү угуп алып күлөсүң?
Anonymous Quiz
79%
анекдот
19%
куудул
2%
лирика
Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт тентек аттын мүнөзүн?
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт тентек аттын мүнөзүн?
Anonymous Quiz
25%
тентек
27%
бышты
48%
чалоо