𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
3.99K subscribers
1.14K photos
1.59K videos
2.96K links
🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️
Download Telegram
🌴216-КҮН 🌴

🔰 КӨЗ ТИЙҮҮ 🔰

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

🌴 АЯТ:
"Айткын "Таңдын Ээсине баш калкалайм.
Ал жараткан нерселердин жамандыгынан,
Караңгылык каптаган кезде анын жамандыгынан,
Сыйкырлоо үчүн түйүндөрдү үйлөгөн көзү ачыктардын жамандыгынан,
Көрө албастардын кызганычынан (Жалгыз Аллахка баш калкалайм)" ". ("Фалак" сүрөсү; 1-5)

🌴 ХАДИС: "Көз тийүү - чындык!" (Абдуллах ибн Аббас, Муслим)

🌴 ОКУЯ: КӨЗ ТИЙҮҮ

Азирети Якуб (а.с.) кенже уулу Беняминди даярдап, агалары менен чогуу Египетке жиберип жатканда шаарга кирээрде бардыгынын бир дарбазадан эмес, бөлөк-бөлөк дарбазадан кирүүлөрүнө буйрук кылган эле. Бул багытта Ыйык Куранда: "Эй, балдарым! Шаарга бир дарбазадан кирбестен, бөлөк-бөлөк дарбазадан киргиле! Бирок Аллахтын буйругу болсо, мен силерден эч нерсени кайтара албаймын. Өкүм - Аллахка гана таандык. Ага гана Тобокел кылуу керек. Ага Тобокел кылуучулар Тобокел кылсын!" деп айтылган. ("Юсуф" сүрөсү; 12, 67)

Анын минтип айтканынын себеби, Азирети Якуб (а.с.) балдарына башкалардын көз тийүүсүнөн корккон. Анткени балдарынын баары аябай сулуу болгон.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
№206
КААБАНЫ ЖЕТИ ЖОЛУ АЙЛАНУУ КАНДАЙ АТАЛАТ?
Anonymous Quiz
17%
Умра
58%
Таваф
6%
Ихрам
20%
Хаж
🌴217-КҮН 🌴

🍂 САРАҢДЫК🍂

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
Мына, силер Аллахтын жолунда чыгымга чакырылуудасыңар. Ал эми кээ бирөөлөр баары бир сараңдык кылат. Кимде-ким сарандык кылса, өзүнө гана сараңдык кылат. Анткени Аллах — бай, силер кедейсинер. Эгер Аллахтан жүз үйрүсөңөр, анда ордуңарга силерден башкаларды алмаштырып коёт. Ал эми алар силер сыяктуу саран болбойт (Мухаммад; 38).

🌴 ХАДИС: Сараңдыктан алыс болгула! Анткени сараңдык силерден мурунку үммөттөрдү жок кылган. Алар бири-биринин акысы жок жерде кан төгүүсүнө, арам иштерин адал иш катары эсептөөгө жол ачкан (Муслим, Бирр 56).

🌴 ОКУЯ: КӨЗҮҢДҮН ТИРҮҮСҮНДӨ БЕР!

Шаарлардын биринде бай жана сараң бир киши жашаган экен. Ал бардык адамдардын аны сараң деп айтканына ыңгайсыз болчу. Күндөрдүн биринде ошол шаардын көсөмүнө барып, ичиндегисин айтып берди. Саран киши:
-Эмне үчүн бардыгы мени жек көрүшөт, түшүнбөйм. Чынын айтсам, көз жумганымдан кийин мал-мүлкүмдүн бир бөлүгүн кайрымдуу иштер үчүн таштаймын деп сөз бергем. Муну укпаган адам да калган жок.

-Сага бир окуя айтып берейинби? Доңуз менен уйдун окуясын...

-Макул, айтып берчи.

-Күндөрдүн биринде короодо жүргөн доңуз коңшу короодогу уйга адамдардын аны жек көрүүсүнөн азап тартып жүргөнүн айтат. - Сен жөнүндө ар дайым жакшы сөздөрдү кеп кылышат. Билем, сен аларга сүт бересин. Бирок мен аларга сенден да көп нерсе берем. Теримден бут кийим жасалат. Эң жакшы щёткалар да менин кылдарыман жасалат. Ошентсе да мени эмнеге жактырышпайт, түшүнбөйм?

Анда уй доңузга кайрылып: - Балким, сен булардын баарын адамдарга көз жумгандан кийин берип жаткан чыгарсын, а мен бере турган нерселеримди көзүмдүн тирүүсүндө эле берип жатам — деген экен
.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
🌴218-КҮН🌴

ПАРАКОРЛУК

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле! Күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жеш үчүн акимдерге алып барбагыла!" ("Бакара" сүрөсү; 188-аят)

🌴 ХАДИС: "Пара алган, пара берген (жана парага арачылык кылган) адамдар наалатка калат". (Абу Хурайра)

🌴 ОКУЯ: ИУДЕЙЛЕРДИН ПАРАКОРЛУК СУНУШУ

Хайбар каратылгандан кийин Хайбар эли Пайгамбарыбызга (с.а.в.):

- Эй, Мухаммед! Бизди бул жерге ташта, бул жерде калып, талааларды иштетели, - дешет.

Аллахтын Элчиси эгин-тегинден жана жашыл-жемиштерден түшкөн түшүмдүн жарымы аларга тиешелүү боло турган шартта талааны аларга өткөрүп берет. Абдуллах ибн Раваха (р.а.) жыл сайын ошол жакка барып, түшүмдүн жарымын ала турган. Иудейлер Абдуллахты божомолдуу так эсептегендиги үчүн Азирети Пайгамбарга (с.а.в.) арызданышып. Алар Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) өздөрүнө ылайыктуу жооп ала албагандыктан бул жолу Абдуллахка пара сунуш кылышат.

Анда Абдуллах аларга:

- Мага арам тамак жедирейин деп жатасыңарбы? Валлахи, мен кан-жаным менен сүйгөн адамымдын жанынан келдим. Силер мага маймылдан да, доңуздан да жийиркеничтүү көрүндүңөр. Ошого карабастан, менин силерге болгон жек көрүүм адилеттүү болушума тоскоолдук боло албайт, - деп жооп берет.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
🕋 ЖУМА МОМУНДАРДЫН МАЙРАМЫ

Жума күнү кылынган ибадаттарга жок дегенде эки эсе сооп берилет. Ал күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе жазылат. Хадиси шарифтерде айтылды:
"Сооптордун ичинде Жума күнү жана түнү кылынгандан да баалуусу жок, күнөөлөрдүн ичинде дагы Жума күнү жана түнү кылынгандан да жаманы жок.” [Рамуз]

“Төрт түндүн күндүзү дагы түнү сыяктуу пазилеттүү. Аллаху таала ал күндөрү дуба кылгандардын тилегин кайтарбайт, аларды кечирет жана алар ал күндөрү мол ихсанга ээ болушат. Ал күндөр: Кадыр түнү, Арафа түнү, Барат түнү, Жума түнү жана күндөрү.” [Дайлами]

"Жума күнү куштар жапайы жаныбарлар бири-бирине: "Силерге салам, бүгүн Жума”, - деп айтышат.” [Дайлами]

"Жума келерки Жумага чейин жана үч күндүн ичинде кылынган күнөөлөргө кафарат болот. Себеби, жакшы бир амал кылган адамга он эсе сооп берилет.” [Табарани]

Жума маарек болсун!🌹🤗

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
🌴 219-КҮН🌴

⚜️ ТУУРА СӨЗ ⚜️

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула да, туура сөз айткыла!" ("Ахзаб" сүрөсү; 70-аят)

🌴 ХАДИС: "Сөзүңөр менен, ишиңер менен чындыкка жанашкыла! Анткени чындык жакшылыкка, жакшылык бейишке алып барат. Адам чындыкты айтканда, чындыкты издегенде Аллахтын алдында "чынчыл" деп жазылат. Жалгандан алыс болгула! Анткени жалганчылык жамандыкка, жамандык тозокко алып барат. Адам жалган айтканда жана жалганга жанашканда, Аллахтын алдында "жалганчы" деп жазылат". (Бухари, Адеп, 1997)

🌴 ОКУЯ: «ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В.) ЧЫНЧЫЛ ЭЛЕ!»

Аллахтын Элчиси (с.а.в.) тегерегиндеги өкүмдарларга Исламга чакыруу каттарын жибере турган. Мындай каттардын бири Рим императору Гераклга (Гераклиус) жиберет. Геракл катты баштан-аяк окуп чыгат да, ошол маалда Шам аймагында жашаган Абу Суфянды чакыртып, аны менен төмөнкүдөй мазмунда баарлашат:

- Ага эң көп кимдер баш иет, байларбы же кедейлерби?

- Кедейлер.

- Андан баш тарткандар болду беле?

- Ушул убакка чейин болгон жок.

- Көбөйүп жатабы же азайып жатабы?

- Күн сайын аз-аздан көбөйүп баратат.

- Өмүрүндө калп айтып көрдү беле?

- Жок, анын жалган айтып жатканын эч кимибиз көргөн жокпуз.

Ошентип, каттын таасиринен кийин мусулмандардын эң таш боор душманы Абу Суфяндан мындай жоопторду уккан Геракл өзүн кармай албай:

- Бул адам ушул убакка чейин адамдарга жалган айтпаса, анын Аллахка жалган айтышы ойго келбей турган нерсе! - деген экен.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз! ☟


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
№207
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН С.А.В ЧОҢ АТАСЫНЫН АТЫ КИМ?
Anonymous Quiz
3%
Аббас
3%
Хамза
76%
Абдулмуталиб
18%
Абдулло
№208
КАЙСЫ ПАЙГАМБАРДЫ КИТ ЖУТУП АЛГАН?
Anonymous Quiz
12%
Якуб а.с
4%
Ильяс а.с
17%
Нух а.с
66%
Юнус а.с
🌴 220-КҮН 🌴

🎁 БЕЛЕК 🎁

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Мен аларга бир белек жиберип, элчилер эмне менен кайтаарын күтө турайын". ("Намл" сүрөсү; 35-аят)

🌴 ХАДИС: "Бири-бириңерге ал-акыбал сурашып зыяратка баргыла, белек беришкиле! Анткени ал-акыбал сурашып туруу ортодогу ынтымакты (сүйүү, урмат-сыйды) бекемдейт. Ошондой эле көңүлдөгү жаман ойлорду жууп кетирет". (Кутубу Ситта)

🌴 ОКУЯ: БИР КЕСЕ МОМПОСУЙ.

Бир күнү адамдар Хасан Басри олуяга: "Баланча киши сиздин артыңыздан жаман сөздөрдү айтты" дешет. Хасан Басри олуя ошол өзүн жамандаган кишиге бир кесе момпосуй жиберип, анан минтип айттырып жиберген экен:

- Кабар алдым, сообуңузду бизге белек кылыпсыз. А биз сизге, болгону бир кесе момпосуй гана белек тартуулай алдык!

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍wa.me/996505592222
🌴 221-КҮН 🌴

🌸 КӨҢҮЛ АЧУУ 🌸

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Чындыгында, бул дүйнө оюн, азгырык, кооздук жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү, бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат". ("Хадид" сүрөсү; 20-аят)

🌴 ХАДИС: "Мага маалымдалгандай, Алла Таала кыямат күнү минтип чакырык салат: "Кулактары шаан-шөкөт жана шайтандын (музыкалык) аспабынан алыс болгондор кайда? Аларды жыпар жыттуу бакчаларга киргизгиле!" Андан кийин периштелер мындай дейт: "Аларга менин ыраазычылыгымды угузгула жана аларга мындан кийин коркунуч да, кайгы да болбой тургандыгынан кабар бергиле!" (Мухаммади Ибну Мункадир)

🌴 ОКУЯ: ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (С.А.В.) КӨҢҮЛ АЧУУСУ

Аллахтын Элчиси (р.а.) шариятта жол берген чөйрөдө көңүл ачууга тыюу салган эмес. Тескерисинче, буга өзү үлгү болуп берген. Исламга чейин Мадиналыктар нооруз жана михрижан күндөрүндө шаан-шөкөт уюштура турган. Мадинага көчүп барган соң Пайгамбарыбыз (с.а.в.) булардын ордун орозо жана курман айт майрамдары алмаштырган. Пайгамбарыбыз (с.а.в. ) майрам күндөрү "деф" деген добулбас сыяктуу аспаптын колдонулушуна уруксат берген. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.) судандыктардын найза менен көрсөткөн оюн-зоогун Азирети Айша (р.а.) менен бирге көрүп көңүл ачканы маалым. Мындан сырткары Пайгамбарыбыз (с.а.в.) узак сапарларда жаштар арасында жарыштарды уюштуруп, сапардагылардын көңүлүн ачууга аракет жасаган.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
№209
КУРАНДА БИР ГАНА АЯЛ ӨЗ АТЫ МЕНЕН АТАЛГАН.
АЛ КАЙСЫ АЯЛ?
Anonymous Quiz
17%
Аиша
10%
Хадижа
15%
Фатима
58%
Мариям
🌴222-КҮН 🌴

♻️ ОРТОМЧУЛУК ♻️

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ыймандуулардан эки топ бири-бири менен уруша турган болсо, алардын ортосуна түшүп элдештиргиле! Эгер бири-экинчисине зомбулук кылса, баш тарткан тарабы менен Аллахтын буйругуна баш ийгенге чейин кармашкыла! Ал эми баш ийишсе, адилеттүүлүк менен элдештирип, адилет болгула! Чындыгында, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт". ("Хужурат" сүрөсү; 9-аят)

🌴 ХАДИС: "Нафил намаз, орозо жана садакадан да жакшы иш - бул эки адамды элдештирип, ортосун түзөө. Анткени эки адамдын таарынычы динди тамырынан жок кылат". (Тирмизи)

🌴 ОКУЯ: «ЭЛДЕШКЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛГЫЛА!»

Күндөрдүн биринде Азирети Умар (р.а.) Мухаммед Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жылмайып жүргөнүн көрүп, анын себебин сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): "Үммөттөрүмдөн эки киши, акыретте суракка тартылып жаткан. Бирөөсү: "Оо, Жараткан! Бул адамдан акымды ал!" дейт. Аллах Таала экинчисине бул адамдын акысын бер дегенде, ал: "Оо, Жараткан! Эч нерсем жок болсо, кантип бермек элем" дейт. Аллах Таала акы ээсине: "Бул адамдын жакшы амалы калбай калыптыр. Эми эмне кыласың?" деп сурайт. Тиги киши: "Андай болсо, күнөөлөрүмдү алсын" дейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ыйлагысы келип: "Ошол күн ушундай коркунучтуу болот, ошол күнү башкалардын күнөөлөрүн жүктөп алуу мындай турсун, адамдар өзүнүн күнөөлөрүнүн жүгүн көтөрө албай калышат" дейт. Аллах Таала акы ээсине:

- Башыңды көтөрүп, бейиштин кереметтүү хансарайларын карачы! - дейт.

- Ооба, көрүп жатам. Бул көз тайгылткан хансарайлар, кайсы Пайгамбарлардыкы же кайсы шейиттердики?

- Ошол көрүп турган, көз уялткан хансарайлар акысын төлөгөндөр үчүн салынган.

- Оо, Жараткан! Алардын акысын ким төлөйт экен?

- Сен төлөй аласың.

- Кантип төлөмөк элем?

- Акыңды бул бир тууганыңдан кечүү аркылуу бул хансарайларга ээ боло аласың.

- Оо, Жараткан! Анда аны кечирдим! - дейт тиги киши.

Аллах Таала:

- Кана, бир тууганыңдын колунан кармап, бейишке киргиле! - дейт.

Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сөзүн улантып: Аллахтан корккула! Ортоңордогу оңдогонго аракет кылгыла! Ошондо Аллах Таала кыямат күнү силердин ортоңорду оңдойт" дейт.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
№210
ИСЛАМ ДИНИНДЕ ЭҢ БИРИНЧИ ШЕЙИТ БОЛГОН АЯЛ КИМ?
Anonymous Quiz
48%
Сумая
19%
Асма
22%
Хадижа
11%
Аиша
🌴 223-КҮН 🌴

🍂 КУРУ АНТ🍂

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
Чындыгында, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган акча үчүн соодалашкандардын акыретте эч кандай үлүшү жок жана кыямат күнү Аллах аларга сүйлөбөйт, карап да койбойт. Аларды күнөөдөн тазартпайт, аларга —оор азап бар (Аали Имран 77).

🌴 ХАДИС: Ким мусулман бир тууганынын мал-мүлкү туурасында жалган ант берсе, кыямат күнү Аллахты каарданып турган абалда жолуктурат (Ибн Масуддан.).

🌴 ОКУЯ: АНТЫНАН КУТКАРДЫМ

Сафван ибн Абдурахман ал-Курайш мындай дейт:

Жениш күнү атамды Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанына алып келип:

- Эй, Аллахтын элчиси! Атама хижраттан үлүш бөлүп бер!

- Хижрат бүттү, — деп айтты.

Мен Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүйүктүү абасы Аббастын (р.а.) жанына барып,

- Мени таныдынызбы?

- Ооба, — деп жооп берди. Анан өз оюмду ага билдирдим, атама хижраттан ырыскы берүүсү үчүн, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) ортомчулук кылуусун сурандым. Кабыл алып, үстүндөгү чапанын кийбестен, көйнөкчөн үйүнөн чыкты.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) маңдайына келип:

- Эй, Аллахтын элчиси! Сафва менен болгон ортобуздагы достукту билесиң. Ал, сизге хижратта ант берген, ушундай жол менен көчмөн болуу сообунан үлүш алуусу үчүн, атасын алып келген.

- Мындан кийин хижрат болбойт.

- Бул кишинин атасы менен хижрат шартында ант берүүсү үчүн, сага ант берем.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) колун созуп атамдын колун укалап:

- Абамды антынан куткардым, хижрат болбойт!

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
№211
АЛЛАХТАН КҮНӨӨЛӨР ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРООНУ КАНДАЙ АЙТАБЫЗ?
Anonymous Quiz
3%
Истихаза
84%
Истигфар
8%
Истихара
5%
Шахадат