Tilimpoz • Кыргыз тили
10.6K subscribers
660 photos
27 videos
6 files
21 links
🇰🇬кыргызча

https://tilimpoz.taplink.ws
Download Telegram
📍КР Мамлекеттик гимни 2011-жылы кыскартылган!

Жогорку Кеңеш "бейкуттук" сөзү "бей-" префикси үчүн "куттуу эмес" сыяктуу маанини берет деп чечим кабылдаган.

Депутаттар "досторуна даяр дилин берүүгө" деген сапта дагы кыйыр түшүнүк жаткандыгын билдиришкен

Азыр гимнибиз 2 куплет жана 1 кайырмадан турат.

#тарых
Чоң энебиз айткандай "БУТПОЛ баштался" 😂
🎉 Дүйнөлүк футбол чемпиондугу

🇦🇷 Аргентина 🏆
🇫🇷 Франция
🇭🇷 Хорватия

#жаңылыктар
📚 Тамак-аштарды туура жаз!
Бакты бакты бакты. 😅

Бакты 👨 (адам аты)
Бак 🌳 + ты (табыш жөндөмөсү)
Бак (багуу) + ты (айкын өткөн чак)

#кызык
Фразеологизмдер +2

Эрте күндү кеч кылбай – батыраак, тезирээк.

Эрте күндү кеч кылбай койгон максатка жетүү үчүн аракет кыл!

Эки тизгин, бир чылбыр – бийликтин баары колунда.

Илон Маск “Твиттердин” эки тизгин, бир чылбырын колго алды.

#фразеологизмдер
план - мерчем

риск - тобокелдик

режим - шарттам

3+ сөз

#сөздүк
Фразеологизмдер +2

📍 Көздүн карегиндей сактоо – өтө ыйык тутуу, сактоо, этият мамиле жасоо

Бүгүн экономика кылдын кырында турганда, бюджеттеги каражатты көздүн карегиндей сактоо менен сарптоо зарыл.

📍 Оозуна келгенди оттоо – келжиреген орунсуз сөздөрдү сүйлөй берүү

Акындар оозуна келгенди оттой бербейт. Сен эмне оозуңа келгенди оттой бересиңби?

#фразеологизмдер
💭 Мөңгүнүн суусу соолбогондой, журт өмүрү да тозбос, картайбас тура.

(Т. Сыдыкбеков)

#учкулсөз
нагрузка - жүктөм

норма - ченем

график - иш ыраат (ирет)

+3 сөз

#сөздүк
⁉️ Жогорку Кеңештин депутаттары тажик-парсы тилиндеги "Баткен" облусунун атын өзгөртүүнү сунуштап жатат.

Азыр 2 вариант каралууда.

Бири — Манас,
экинчиси — Раззаков.
😂 Амансыздарбы?
ИЯ менен ЫЯ...

дария
дарыя

кария
карыя

такия
такыя

#тууражаз
Туура жаз! 🙌
Anonymous Quiz
63%
сан өлчөм
37%
сан-өлчөм
Кутман кеч! 🙌

Бүгүн чарчадыңызбы? 🤔😄
звонить эт, звонтет
чал

мешать этпе, мешайтетпе
жолтоо болбо, тоскоолдук жаратпа

поддерживать эт
колдо

анализировать эт
талда

орусча сөз + "эт" = кыргызча эмес!

#тууражаз #кыргызчасүйлө
2023-жылы сөзсүз... 🤩
Кутман күн! ☀️
КР Президентинин куттуктоосу:

1173 сөз

🇰🇬 кыргызча - 971 сөз / 82,78%

🇷🇺 орусча - 202 сөз / 17,22%

#инфографика
🧊 люстра - асма шам

🧊 светильник - шам чырак

🧊 свеча - шам

#сөздүккор