SUPER.KG - Соңку кабарлар
3.55K subscribers
5.84K photos
4.34K videos
1 file
5.59K links
Актуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтар.

Фейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_manage
Инстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксат берүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Түркиядагы жер титирөө: Депутат Бишкек менен Оштогу ар бир үйдү текшерип чыгуу керектигин айтты
"Maxar Technologies" компаниясы Түркиянын Ислахие шаарынын 2022-жылдын 4-октябрында жана 2023-жылдын 7-февралындагы жер титирөөдөн кийин тартылган спутник сүрөттөрүн жарыялады.
https://demo.super.kg/kabar/news/423935/
Бишкек шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көбөйдү.

Эми "Тазалыкчылардын" маянасы көбөйтүлгөн соң кызматкер эң аз маяна 22 миң сом алса, эң көп болгондо 35 миң сом алат.
Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен "Ени Малатяспор" футболдук клубунун дарбазачысы Ахмет Эйюп урандылардын астында калып каза болду. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, футболчу 28 жашта болгон.

"Биздин дарбазачыбыз Ахмет Эйюп урандылардын алдында калып каза болду. Жаткан жериң жайлуу болсун. Сен биздин элесибизде эң жакшы адам бойдон калдың", - деп айтылат клубдун билдирүүсүндө.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түркияга кеткен кыргыз куткаруучулары Кахраманмараш шаарына барышты
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Кыйын кезеңде сенин жаныңдабыз!" Кадырбеков парламентте түрк тилинде кайрылуу жасады
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түркияда 44 саат урандылардын астында калган 2 жашар наристе куткарылган учурдун видеосу
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Түркияга кеткен кыргызстандык куткаруучулар куткаруу иштерине киришти
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган шаарлардын бири Газиантепте жашаган 34 жаштагы кыргыз кызы Нуриза окуя болгон каргашалуу күндү эстеп, айтып берди.


"Жашоомдо мындай зилзаланы биринчи жолу көрдүм, бул күндү эстеш мен үчүн абдан оор. Өзүбүз 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатында жашайбыз. Каргашалуу, 6-февралга караган түнү саат 4:15 чамасында жер титирөө башталды. Биз нес абалда калдык. Ошол маалда 10 айлык кызымды эмизүүгө турган элем. Жолдошум дагы жанымда болчу. Ал мени алаксытып, токтоп калат деп жатты. Бирок токтогон жок. Кудайлап эле калдык. Бир гана оюм балдарды алып чыгып кетүү болду. Балдардын бут кийимин кийгизүүгө жана кичинекей кызымды 2 жуурканга орогонго жетиштим. Силкинүү бир аз азайган учурда тепкичтер аркылуу түшүп, сыртка чыгып кеттик.

Уландысы SUPER.KG сайтында
Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулардын куткаруу иш-чараларынын алкагында 4 жарандын жансыз денеси табылды.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын курамында фельдшерлер, психолог, кинологдор бар. Жалпы 67 адамдан турган топ барган.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түркиядагы зилзала: Кыргызстандык куткаруучулар 10 адамдын сөөгүн тапты
Түркияда жер титирөөдө курман болгондордун саны 9 миңге жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Анын айтымында, каза болгондордун саны 9 миң 57ге жетсе, жаракат алгандардын саны 52 миң 979. Зилзаланын кесепетинен 6 444 имарат кыйраган.
Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтууну каалаган 17 Кыргыз жараны Астана шаарына эвакуацияланды.

Белгилүү болгондой, алар кечээ, 8-февралда Казакстандын атайын учагы менен эвакуацияланган.
Түркиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391ге жетти. Бул туурасында "Anadolu" басылмасы расмий маалыматтарга таянуу менен жазып чыкты.

Басылмада жазылгандай, жаратылыш кырсыгынан кеминде 63 миң адам жаракат алган.
Түркиядагы жер титирөөдөн 68 саат өткөндөн кийин сегиз айлык Хелен аттуу кыз үйүнүн урандыларынын астынан куткарылды.

Азырынча кыздын абалы жана үй-бүлөсү тууралуу башка маалымат жок.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бул ирет психотерапевт, невролог Темирбек Бекбоевдин кеңсесине барып психология тууралуу суроолорубузга жооп алып келдик.

Толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрүңүз.

https://youtu.be/6LAPfIdYSKQ
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Депутат окуучулар баңгизатын кантип сатып алып жатканын айтты
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"17 миллион калк жашаган шаар жок болду". Түрк жараны кыргыз элине ыраазычылык билдирди
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев бүгүн, 9-февралга караган түнү үйүнө белгисиз адамдар кирип, унаасынын номурун чечип кеткенин айтты.

"Бүгүн түнкү саат 2де келинчегим дарбазаны бирөө такылдатып жатканын айтты. Мен дароо эле милицияга чалдым. Алар келгенче кошуна балдарга айтсам азырынча киши көрүнбөйт, бирок дарбасаңыз ачык экен деп айтышты. Алар келип машинамдин номурун чечип кетишиптир", - деди Мотуев.