Forwarded from Post Bot
⚜❤️Кутман күн урматтуу катталуучум сиздер үчүн телеграмдагы эн алдынкы каналдардын топтому.❤️
Катталып жетишип калыңыздар😱❤️…
Катталып жетишип калыңыздар😱❤️…
АЙТПАГЫЛА
Сүйүү - бакыт. Балким бул сөз жалгандыр,
А чынында өксүк,ыза,армандыр.
Кимге кандай биле албадым аныгын,
Көкүрөктө жашап келет арман бир.
Санаа коштоп түшүмдө да,өңүмдө,
Азап үчүн жаралгансыйм өмүргө.
Жетишээрлик тарттым сүйүү азабын,
Айтпагыла мага сүйүү жөнүндө.
Унутулуп убайымдуу кечээгим,
Чоң сүйүгө жолугаарым сеземин.
Ага чейин эске салып өткөндү,
Айтпагыла сүйүү кандай экенин.
Айтпагыла жомок кылып,сүрөттөп,
Айтпагыла сүйүү эмне экенин.
Эрнисбек кызы Гүлзира
Сүйүү - бакыт. Балким бул сөз жалгандыр,
А чынында өксүк,ыза,армандыр.
Кимге кандай биле албадым аныгын,
Көкүрөктө жашап келет арман бир.
Санаа коштоп түшүмдө да,өңүмдө,
Азап үчүн жаралгансыйм өмүргө.
Жетишээрлик тарттым сүйүү азабын,
Айтпагыла мага сүйүү жөнүндө.
Унутулуп убайымдуу кечээгим,
Чоң сүйүгө жолугаарым сеземин.
Ага чейин эске салып өткөндү,
Айтпагыла сүйүү кандай экенин.
Айтпагыла жомок кылып,сүрөттөп,
Айтпагыла сүйүү эмне экенин.
Эрнисбек кызы Гүлзира
"Алайымдын ханышасы"
Кабылан-Көлдүн Минурасы,
Таң нурундай татынасы.
Жайнап турган жакшынасы,
Тунук баё аруузаты.
Арзыгандын ажарлуусу,
Жан дүйнөнүн жарык нуру.
Бал татымдай ширин сөзү,
Балбылдаган кара көзү.
Барымталайт карактерим,
Бажырайган нурдуу жүзү,
Жөпжөнөкөй жан дүйнөсү.
Сезимдерге бүлүк салды,
Алайымдын ханышасы!!!
Руслан Токторбаев✍
Кабылан-Көлдүн Минурасы,
Таң нурундай татынасы.
Жайнап турган жакшынасы,
Тунук баё аруузаты.
Арзыгандын ажарлуусу,
Жан дүйнөнүн жарык нуру.
Бал татымдай ширин сөзү,
Балбылдаган кара көзү.
Барымталайт карактерим,
Бажырайган нурдуу жүзү,
Жөпжөнөкөй жан дүйнөсү.
Сезимдерге бүлүк салды,
Алайымдын ханышасы!!!
Руслан Токторбаев✍
ЖИГИТ ТАНДОО СЕБЕБИМ...
Мага айтышат: «Жигиттерди тандайсың,
Тандап жүрүп тазга бир күн жоолукпа.
Алар деле баласы да бирөөнүн,
Жигиттердин жүрөгүн көп оорутпа.
Сүйлөгөнүн,кийингенин жактырбай,
Келбетине дайым көңүл бурасың.
Эгер сага жакпай калса бир жери,
Сен аларды кагып-силкип турасың».
-деп айтышат курбуларым,досторум,
Жигит тандоо себебимди түшүнбөй.
Элге окшоп мен да сүйүп бирөөнү,
Жан дүйнөмдү арнай алам бүтүндөй.
Айтайынбы жигит тандоо себебим?
Атама окшош болсо деймин тапканым,
Атама окшош болсо жигит дүйнөсү,
Анда мага кереги жок башканын.
Атакемдин жан дүйнөсүн,мүнөзүн,
Айтып,жазып бүталбасмын ырымда.
Билбейм кандай башкалардын атасы,
Алтын адам менин атам чынында.
Атакемдин дүйнөсүндөй таптаза,
Жан дүйнөнү көралбадым башкадан.
Бул жашоодо эч бир жанга окшобос,
Атам менен сыймыктанам,мактанам.
Эрнисбек кызы Гулзира
Мага айтышат: «Жигиттерди тандайсың,
Тандап жүрүп тазга бир күн жоолукпа.
Алар деле баласы да бирөөнүн,
Жигиттердин жүрөгүн көп оорутпа.
Сүйлөгөнүн,кийингенин жактырбай,
Келбетине дайым көңүл бурасың.
Эгер сага жакпай калса бир жери,
Сен аларды кагып-силкип турасың».
-деп айтышат курбуларым,досторум,
Жигит тандоо себебимди түшүнбөй.
Элге окшоп мен да сүйүп бирөөнү,
Жан дүйнөмдү арнай алам бүтүндөй.
Айтайынбы жигит тандоо себебим?
Атама окшош болсо деймин тапканым,
Атама окшош болсо жигит дүйнөсү,
Анда мага кереги жок башканын.
Атакемдин жан дүйнөсүн,мүнөзүн,
Айтып,жазып бүталбасмын ырымда.
Билбейм кандай башкалардын атасы,
Алтын адам менин атам чынында.
Атакемдин дүйнөсүндөй таптаза,
Жан дүйнөнү көралбадым башкадан.
Бул жашоодо эч бир жанга окшобос,
Атам менен сыймыктанам,мактанам.
Эрнисбек кызы Гулзира
"Онлайн сүйүү"💟∞
Быйтыкча жүрөкчөлөр,
Жөнөтүп телефондон.
Онлайн сүйүү бизде,
Жолукпай парктан,жолдон.
Статус жардамдашып,
Сезимди билдиргенге.
Смс сагынычтар,
Жетелеп жүрбөй колдон.
Интернет бүтүп калса,
Илебин сагындырып.
Илдет бир ооруу болду,
Сүйүүмдү багындырып.
Издетип көрбөй калсам,
Инстаграммга камындырып.
Аккаунт алыш-бериш,
Паролду белек кылып.
Акылман таппас сөздү,
Гуглдан керек кылып.
Аллахга шүгүр кылам,
Берди бүт баарысын.
Интернет желелерин,
Сүйүүмө себеп кылып.
Turar Zarylbekov
@zarylbek0v_
Быйтыкча жүрөкчөлөр,
Жөнөтүп телефондон.
Онлайн сүйүү бизде,
Жолукпай парктан,жолдон.
Статус жардамдашып,
Сезимди билдиргенге.
Смс сагынычтар,
Жетелеп жүрбөй колдон.
Интернет бүтүп калса,
Илебин сагындырып.
Илдет бир ооруу болду,
Сүйүүмдү багындырып.
Издетип көрбөй калсам,
Инстаграммга камындырып.
Аккаунт алыш-бериш,
Паролду белек кылып.
Акылман таппас сөздү,
Гуглдан керек кылып.
Аллахга шүгүр кылам,
Берди бүт баарысын.
Интернет желелерин,
Сүйүүмө себеп кылып.
Turar Zarylbekov
@zarylbek0v_
СУЛУУ КӨРДҮМ
Куюлушкан кырдач мурун, татына,
Куп жарашкан далы жапкан чачы да.
Ак жуумал жүз, бото көздүү бир сулуу,
Автобуска түшүп калды ашыга.
Көз алалбай тиктеп калдым дал болуп,
Көктөн түшкөн бир периште ал болуп.
Ысып кеттим көл
-шал болуп андайда,
Ызгаар кыш да кетет окшойт жай болуп.
Кызгалдактай үлбүрөгөн эриниң,
Кызыгамын кымчасына белиңин.
Жан бүткөндүн бүт турпатын чогултуп,
Жалгыз сага берсе керек Теңирим!
Эрлан Жумагазиев.
Куюлушкан кырдач мурун, татына,
Куп жарашкан далы жапкан чачы да.
Ак жуумал жүз, бото көздүү бир сулуу,
Автобуска түшүп калды ашыга.
Көз алалбай тиктеп калдым дал болуп,
Көктөн түшкөн бир периште ал болуп.
Ысып кеттим көл
-шал болуп андайда,
Ызгаар кыш да кетет окшойт жай болуп.
Кызгалдактай үлбүрөгөн эриниң,
Кызыгамын кымчасына белиңин.
Жан бүткөндүн бүт турпатын чогултуп,
Жалгыз сага берсе керек Теңирим!
Эрлан Жумагазиев.
* * * * * *
Жүрөгүмдү ачып алып кулпулуу,
Жүдөттүң ээ, алып күндө тынчымы.
Балкыйт денем, эмнегедир түшүнбөйм,
Бак -таалайдын өзү балким бул чыны.
Таап алып жүрөгүмдүн ачкычын,
Тартууладың махабаттын бактысын.
Аңдабаска бир жансың да жөн эле,
А мен үчүн аялзаттын астысың.
Түркүн эңсөө кыялымды чымчылай,
Түйшөлтүүдө курган жүрөк тынчыбай.
Өзүң болуп кирген ойлор сезимге,
Өзүң болуп чыгат кайра ыр чубай.
Тагдырымды Айга, Күнгө теңете,
Таалайымды кылдың жаным сен эсе.
Сезимиме шам кармаган секетим,
Сен бар үчүн төрт тарабым терезе!
Эрлан Жумагазиев.
Жүрөгүмдү ачып алып кулпулуу,
Жүдөттүң ээ, алып күндө тынчымы.
Балкыйт денем, эмнегедир түшүнбөйм,
Бак -таалайдын өзү балким бул чыны.
Таап алып жүрөгүмдүн ачкычын,
Тартууладың махабаттын бактысын.
Аңдабаска бир жансың да жөн эле,
А мен үчүн аялзаттын астысың.
Түркүн эңсөө кыялымды чымчылай,
Түйшөлтүүдө курган жүрөк тынчыбай.
Өзүң болуп кирген ойлор сезимге,
Өзүң болуп чыгат кайра ыр чубай.
Тагдырымды Айга, Күнгө теңете,
Таалайымды кылдың жаным сен эсе.
Сезимиме шам кармаган секетим,
Сен бар үчүн төрт тарабым терезе!
Эрлан Жумагазиев.
СЕЗБЕДИМ
Көрдүм сени сейил бакта баратып,
Көз алалбай тиктеп калдым жалдырап.
Көрк
-келбетиң жылуу сезим таратып,
Көңүлүмдү ээлик кылып алды бат!
Сулуу селки, капилеттен кезиге,
Суктандырган келбетиңе арбалдым.
Жараштырып тулку
-бойду өзүңө,
Жараткандын бергенине таң калдым.
Бошоно албай ойлорумдун торунан:
“болсоң гана менин жарым, эх!” дедим.
Жанталашып суук көздөн коруган,
Жаныңдагы жигитиңди сезбедим!
Эрлан Жумагазиев.
Көрдүм сени сейил бакта баратып,
Көз алалбай тиктеп калдым жалдырап.
Көрк
-келбетиң жылуу сезим таратып,
Көңүлүмдү ээлик кылып алды бат!
Сулуу селки, капилеттен кезиге,
Суктандырган келбетиңе арбалдым.
Жараштырып тулку
-бойду өзүңө,
Жараткандын бергенине таң калдым.
Бошоно албай ойлорумдун торунан:
“болсоң гана менин жарым, эх!” дедим.
Жанталашып суук көздөн коруган,
Жаныңдагы жигитиңди сезбедим!
Эрлан Жумагазиев.
ТООЛУК КЫЗГА
Көргөн көзгө жөнөкөй да, жупуну,
Көйрөң ойлоор ким сүйөт деп ушуну.
Бирок чиркин, мүнөзү бар жибектей,
Бир көргөндү көксөттүргөн утуру!
Жандай бассаң тоонун гүлү жыттанат,
Жалган дүйнөң унутулуп бүт калат.
Дегдеңдетип үмүт кургур жетелейт,
Деген өңдүү ушул кызга ыкта бат.
Ээликтирип, дегдеп сени көңүлүм,
Эх, тоолук кыз, эмне мынча эридим!
Арбап алды анык айтсам карындаш,
Аруу, мөлтүр булак өңдүү пейилиң!
Эрлан Жумагазиев.
Көргөн көзгө жөнөкөй да, жупуну,
Көйрөң ойлоор ким сүйөт деп ушуну.
Бирок чиркин, мүнөзү бар жибектей,
Бир көргөндү көксөттүргөн утуру!
Жандай бассаң тоонун гүлү жыттанат,
Жалган дүйнөң унутулуп бүт калат.
Дегдеңдетип үмүт кургур жетелейт,
Деген өңдүү ушул кызга ыкта бат.
Ээликтирип, дегдеп сени көңүлүм,
Эх, тоолук кыз, эмне мынча эридим!
Арбап алды анык айтсам карындаш,
Аруу, мөлтүр булак өңдүү пейилиң!
Эрлан Жумагазиев.
КЫЯЛЫМ ИШКЕ АШАБЫ?
Тийише үзөңгүлөр шарт кагышып,
Келаттык узак жолдо ат салышып.
Карегиң өрттөп барат тулку
-бойду,
Карашың сөз таптырбай апкаарытып.
Эленген туяктардын дабышы бу,
Ээликкен жүрөгүмдүн кагышыбы?
Турмуш жол бирге болот ушул жолдой,
Туюнтуп жатар, балким, дал ушуну!
Жай гана кобуралып наристе кеп,
Жайлоо жак улам артта калып келет.
Кыя жол учу бүтпөс санаам болсо,
Кыялым кокту
-колот таризденет!
Көкүлүн көккө серпсе аргымагын,
Көңүлгө жаркын ойду жандырамын.
Капилет ала качып кетким келет,
Канткенде чынга айланат ал кыялым!
Жүз жылдар өтсө деле унуткусум,
Жүрөктү ээликтирет кымыз жытың.
Бириксек деп тиледим түбөлүккө,
Бир татып тирүүлүктүн ырыскысын!
Эрлан Жумагазиев.
Тийише үзөңгүлөр шарт кагышып,
Келаттык узак жолдо ат салышып.
Карегиң өрттөп барат тулку
-бойду,
Карашың сөз таптырбай апкаарытып.
Эленген туяктардын дабышы бу,
Ээликкен жүрөгүмдүн кагышыбы?
Турмуш жол бирге болот ушул жолдой,
Туюнтуп жатар, балким, дал ушуну!
Жай гана кобуралып наристе кеп,
Жайлоо жак улам артта калып келет.
Кыя жол учу бүтпөс санаам болсо,
Кыялым кокту
-колот таризденет!
Көкүлүн көккө серпсе аргымагын,
Көңүлгө жаркын ойду жандырамын.
Капилет ала качып кетким келет,
Канткенде чынга айланат ал кыялым!
Жүз жылдар өтсө деле унуткусум,
Жүрөктү ээликтирет кымыз жытың.
Бириксек деп тиледим түбөлүккө,
Бир татып тирүүлүктүн ырыскысын!
Эрлан Жумагазиев.
ЖЕТПЕЙ КЕЛЕМ
Ансыз да алсызданып турса жаным,
Ансайын сүйүү өртүнө куйкаладың.
Жеткендер билбей жүрсө кадырыңды,
Жеталбай а мен сага сумсаямын!
Тамшанткан таттуу эрдиңден сүйгөн бирөө,
Бал соруп жаткандыгын билбестир, ээ!
Канчалык жүрөктөрүн чапкан менен,
Менчелик сени эч ким сүйбөстүр, ээ!
Чок салбайт жүрөгүнө сүйүү кимдин,
Жетсем деп бир өзүңө үмүтүм миң.
Бапестеп өтөр элем баркың билбес,
Ордунда болгонумда жигитиңдин.
Жүрөктү түбөлүк деп сунамын да,
Коюндаш жашап келем кыялымда.
Аттиң ай, бирок ишке ашпай келет,
Аргасыз арман айтып турам ырга!
Жандайсың кур убада башкаларды,
Жеталбайт кадырыңа ташта аларды.
Жактыргын, же жактырба, бирок билгин,
Өзүңө жетүү үчүн баш саярды!
Эрлан Жумагазиев.
Ансыз да алсызданып турса жаным,
Ансайын сүйүү өртүнө куйкаладың.
Жеткендер билбей жүрсө кадырыңды,
Жеталбай а мен сага сумсаямын!
Тамшанткан таттуу эрдиңден сүйгөн бирөө,
Бал соруп жаткандыгын билбестир, ээ!
Канчалык жүрөктөрүн чапкан менен,
Менчелик сени эч ким сүйбөстүр, ээ!
Чок салбайт жүрөгүнө сүйүү кимдин,
Жетсем деп бир өзүңө үмүтүм миң.
Бапестеп өтөр элем баркың билбес,
Ордунда болгонумда жигитиңдин.
Жүрөктү түбөлүк деп сунамын да,
Коюндаш жашап келем кыялымда.
Аттиң ай, бирок ишке ашпай келет,
Аргасыз арман айтып турам ырга!
Жандайсың кур убада башкаларды,
Жеталбайт кадырыңа ташта аларды.
Жактыргын, же жактырба, бирок билгин,
Өзүңө жетүү үчүн баш саярды!
Эрлан Жумагазиев.
ЭҢСӨӨ
Жаман ойдон тазалап чайып турган,
Жамгыр белең сезимге агып турган.
Аяр кармап колуңду... Өпкүм келет,
ак жүзүңдөн көзүмдү карыктырган.
Мерездикти жүрөктөн талкан кылып,
Менменсинет карашың жалтандырып.
Чырактары соолумак тоссом эгер,
Чырайыңды душманга калкан кылып.
Тушап турсаң жан эргир сөздөрүңө,
Туш болмокмун а балким өзгөрүүгө.
Жомоктогу пери да теңдеше албас,
Жоодураган керемет көздөрүңө.
Жан дүйнөм бүт өзүңө аркандала,
Жарым болуп түбөлүк калсаң гана.
Анда кечтин келмеги зарыктырып,
Атмак дайым бактылуу ар таң мага.
Эрлан Жумагазиев.
Жаман ойдон тазалап чайып турган,
Жамгыр белең сезимге агып турган.
Аяр кармап колуңду... Өпкүм келет,
ак жүзүңдөн көзүмдү карыктырган.
Мерездикти жүрөктөн талкан кылып,
Менменсинет карашың жалтандырып.
Чырактары соолумак тоссом эгер,
Чырайыңды душманга калкан кылып.
Тушап турсаң жан эргир сөздөрүңө,
Туш болмокмун а балким өзгөрүүгө.
Жомоктогу пери да теңдеше албас,
Жоодураган керемет көздөрүңө.
Жан дүйнөм бүт өзүңө аркандала,
Жарым болуп түбөлүк калсаң гана.
Анда кечтин келмеги зарыктырып,
Атмак дайым бактылуу ар таң мага.
Эрлан Жумагазиев.
ӨЧПӨСТӨН ЖАШАП КЕЛЕТ
Жайкалтып далы жапкан кара чачың,
Жанымдан орун алдың аппак пери.
Дем буулуп, көл
-шал түшүп баратамын,
Кабылдым окшойт нагыз аптапка эми.
Мас кылып жыпар жытың буркураган,
Магдырайм аптабыңа деним эрип.
Койгулайт көөдөн кургур булкуп анан,
Койгондой таалайыма сени берип.
Жүдөтүп Күндөн түшүп келген өңдүү,
Жүрөктү алдастаттың ашыктырып.
Махабат сени мага мелжегенби?
Маңдайга ысымыңды жазып туруп.
Кыялым бир убакта кескин бүтүп,
Кыйылып ойлорумдун түп
-тамыры.
Ашыга автобустан кеттиң түшүп,
Аттигиң, багытыңдын кыскалыгы!
Чегилип карегиме түнөөрүңдө,
Чертилип болуп алдың сезимге күү.
Өчпөстөн жашап келет жүрөгүмдө,
Өмүрдүн ошондогу көз ирмеми!
Эрлан Жумагазиев.
Жайкалтып далы жапкан кара чачың,
Жанымдан орун алдың аппак пери.
Дем буулуп, көл
-шал түшүп баратамын,
Кабылдым окшойт нагыз аптапка эми.
Мас кылып жыпар жытың буркураган,
Магдырайм аптабыңа деним эрип.
Койгулайт көөдөн кургур булкуп анан,
Койгондой таалайыма сени берип.
Жүдөтүп Күндөн түшүп келген өңдүү,
Жүрөктү алдастаттың ашыктырып.
Махабат сени мага мелжегенби?
Маңдайга ысымыңды жазып туруп.
Кыялым бир убакта кескин бүтүп,
Кыйылып ойлорумдун түп
-тамыры.
Ашыга автобустан кеттиң түшүп,
Аттигиң, багытыңдын кыскалыгы!
Чегилип карегиме түнөөрүңдө,
Чертилип болуп алдың сезимге күү.
Өчпөстөн жашап келет жүрөгүмдө,
Өмүрдүн ошондогу көз ирмеми!
Эрлан Жумагазиев.
БАКТЫЛУУ КЫЛЧЫ МЕНИ
Бактылуусуң аксаргыл кыз татына,
Баткым келип турат сенин назыңа.
Балкытсаңчы ороп мени сүйүүңө,
Бак
-таалайдын шамын жагып кашыма.
Көңүл
-эрким жалгыз сага байланып,
Көпөлөкчө маңдайыңда айланып.
Саамайыңдан сылап коюп отурсам,
Саргыл жүзүң эриниме аймалып.
Оо, анда мен, болор элем таалайлуу,
Оттуу жүрөк мындан бөлөк самайбы.
Жалындаган ак сүйүүмө суу бүркүп,
Жактырбастан басып кетүү жарайбы?!
Эрлан Жумагазиев.
Бактылуусуң аксаргыл кыз татына,
Баткым келип турат сенин назыңа.
Балкытсаңчы ороп мени сүйүүңө,
Бак
-таалайдын шамын жагып кашыма.
Көңүл
-эрким жалгыз сага байланып,
Көпөлөкчө маңдайыңда айланып.
Саамайыңдан сылап коюп отурсам,
Саргыл жүзүң эриниме аймалып.
Оо, анда мен, болор элем таалайлуу,
Оттуу жүрөк мындан бөлөк самайбы.
Жалындаган ак сүйүүмө суу бүркүп,
Жактырбастан басып кетүү жарайбы?!
Эрлан Жумагазиев.
ӨКСҮК
Жабыркап дүйнөм, эзилип денем,
Жан шерик таппай кечигип келем.
Өксүтсө тагдыр көөдөнүм боздойт,
Өтөбү өмүр өкүнүч менен.
Ашыгын издеп алдастайт жүрөк,
Ак сүйүүм сыздайт табалбай түнөк.
Бош калып көөдөн аңгырап турса,
Боздогон аны аттиң, ким билет!
Өбүлбөй сүйүүм эриндер кургайт,
Өмүрдү өткөн мезгилим уурдайт.
Түбөлүк бирге болуучу жан жок,
Түгөйсүз калган жүрөгүм туйлайт.
Сыздады жүрөк, сырт салса бирөө,
Сыйрыган өңдүү картымды түрө.
Туш болбойм неге өртүңө сүйүү?
Турмушка бирок коё албам күнөө!
Эрлан Жумагазиев.
Жабыркап дүйнөм, эзилип денем,
Жан шерик таппай кечигип келем.
Өксүтсө тагдыр көөдөнүм боздойт,
Өтөбү өмүр өкүнүч менен.
Ашыгын издеп алдастайт жүрөк,
Ак сүйүүм сыздайт табалбай түнөк.
Бош калып көөдөн аңгырап турса,
Боздогон аны аттиң, ким билет!
Өбүлбөй сүйүүм эриндер кургайт,
Өмүрдү өткөн мезгилим уурдайт.
Түбөлүк бирге болуучу жан жок,
Түгөйсүз калган жүрөгүм туйлайт.
Сыздады жүрөк, сырт салса бирөө,
Сыйрыган өңдүү картымды түрө.
Туш болбойм неге өртүңө сүйүү?
Турмушка бирок коё албам күнөө!
Эрлан Жумагазиев.
АРЗУУ
Уйпаса көкүрөктү бүлүк сезим,
Улоодо сага жетпей үмүт көчүн.
Арналгым келсе дагы өмүр бою,
А мага кол жетпеген бийиктесиң.
Эрке жел сулуулугуң баалагандай,
Эркелеп жүзүң сүйөт каалагандай.
Аймаган салкын желге суктансам да,
А мага буйрулбаптыр таалай андай.
Дүрбөлөң сезим берген жаш сулуум ай,
Дүйнөдө сен бар үчүн жаз жылуудай.
Суранбай конуп алган ийиниңе,
Сумкеңдин боосу менден бактылуудай.
Арман ай, мен аларга теңеле албай,
Аргасыз өзүмдү-өзүм келем алдай.
Ууртуңдан сүйөөр элем жол тоспосо,
Уяңдык ары өткөрбөс чегарамдай.
Эрлан Жумагазиев.
Уйпаса көкүрөктү бүлүк сезим,
Улоодо сага жетпей үмүт көчүн.
Арналгым келсе дагы өмүр бою,
А мага кол жетпеген бийиктесиң.
Эрке жел сулуулугуң баалагандай,
Эркелеп жүзүң сүйөт каалагандай.
Аймаган салкын желге суктансам да,
А мага буйрулбаптыр таалай андай.
Дүрбөлөң сезим берген жаш сулуум ай,
Дүйнөдө сен бар үчүн жаз жылуудай.
Суранбай конуп алган ийиниңе,
Сумкеңдин боосу менден бактылуудай.
Арман ай, мен аларга теңеле албай,
Аргасыз өзүмдү-өзүм келем алдай.
Ууртуңдан сүйөөр элем жол тоспосо,
Уяңдык ары өткөрбөс чегарамдай.
Эрлан Жумагазиев.
ЖАКСАМ ЭКЕН
Заман сонун телефон чалышканга,
Заматта эле жетесиң алыстарга.
Айдай болгон кечээки кыз экөөбүз,
Айланганбыз капкачан тааныштарга.
Чектеп турат эмеспи тоону кыры,
Чектеп биз да тартынып корунууну.
Экчеп атып алчы-таа чүкөбүздү,
Эптеп алдык акыры жолугууну.
Өпкөндү кой, сунулуп колум араң,
Өкмөт жактан болупмун кобураган.
Бизге кандай бар дейм да тиешеси,
Билбейм, мынча тантырап, оо уялам.
Үнүн уксаң кадимки булбулдуку,
Карга үнүндөй а үнүм, кургурдуку.
Жүрөгүмдүн туягы өпкө астында,
Жүрүштөгү бараткан дулдулдуку.
Күлкүсү анын өлтүрүп-тирилтчүдөй,
Кайра мүрөк суусуна киринтчүдөй.
Көзү чала жумулуп күлөт чиркин,
Көзүн ачып күлсө эгер күн үркчүдөй.
Жаштыгымдын жакасын байырлап нур,
Жатакана тараптан шайыр бастым.
“ЖАКСА ЭКЕН” деп келсем кезигүүгө,
“ЖАКСАМ ЭКЕН” деп тилеп кайырлаштым.
Каниет Орозбеков.
Заман сонун телефон чалышканга,
Заматта эле жетесиң алыстарга.
Айдай болгон кечээки кыз экөөбүз,
Айланганбыз капкачан тааныштарга.
Чектеп турат эмеспи тоону кыры,
Чектеп биз да тартынып корунууну.
Экчеп атып алчы-таа чүкөбүздү,
Эптеп алдык акыры жолугууну.
Өпкөндү кой, сунулуп колум араң,
Өкмөт жактан болупмун кобураган.
Бизге кандай бар дейм да тиешеси,
Билбейм, мынча тантырап, оо уялам.
Үнүн уксаң кадимки булбулдуку,
Карга үнүндөй а үнүм, кургурдуку.
Жүрөгүмдүн туягы өпкө астында,
Жүрүштөгү бараткан дулдулдуку.
Күлкүсү анын өлтүрүп-тирилтчүдөй,
Кайра мүрөк суусуна киринтчүдөй.
Көзү чала жумулуп күлөт чиркин,
Көзүн ачып күлсө эгер күн үркчүдөй.
Жаштыгымдын жакасын байырлап нур,
Жатакана тараптан шайыр бастым.
“ЖАКСА ЭКЕН” деп келсем кезигүүгө,
“ЖАКСАМ ЭКЕН” деп тилеп кайырлаштым.
Каниет Орозбеков.
КААЛАБАСАҢ
Өтүмдү ал, көзүмдү да оюп сал,
Өпкөмдү үзүп, баштан ары коюп кал!
Бүгүн бөлөк пери менен кезиктим,
Күчүң жетсе мына турам, союп сал!
Өзүңдөн көр чакырганда келбеген,
Өчпөй жүрөк согуп турса дембе-дем.
Дагы далай перилерге жолугам,
Дат басууга келипминби эмне мен?!
Сен мылтыксың, мен бутамын. Бутаны ат!
Сен түтөсөң ал жалбырттап тутанат.
Билесиңби сен көгөртө чымчыган
Булчуңумду ал кыз койду укалап.
Каршы эмесмин атаандашсаң бар, жөнө!
Кайып болот жаз келгенде кар деле.
Эрин өптүм балдан дагы таптаттуу,
Эрдиң сенин эмне эле? Бал беле.?
Көпкө турдук алакандар жалбырттап,
Көрсөң болмок жылмайганын ал кыз, ка-ап.
Экөөбүздүн ант беришкен бакчада,
Элестет, биз жеп олтурдук балмуздак.
“Сүйүп калдым сизди”, – деген кеп уктум,
Сүйүнгөндөн сен тарапка келипмин.
– Деген сөздү каалабасаң эгерде,
Көп назданбай чакырганда кезиккин.
Каниет Орозбеков.
Өтүмдү ал, көзүмдү да оюп сал,
Өпкөмдү үзүп, баштан ары коюп кал!
Бүгүн бөлөк пери менен кезиктим,
Күчүң жетсе мына турам, союп сал!
Өзүңдөн көр чакырганда келбеген,
Өчпөй жүрөк согуп турса дембе-дем.
Дагы далай перилерге жолугам,
Дат басууга келипминби эмне мен?!
Сен мылтыксың, мен бутамын. Бутаны ат!
Сен түтөсөң ал жалбырттап тутанат.
Билесиңби сен көгөртө чымчыган
Булчуңумду ал кыз койду укалап.
Каршы эмесмин атаандашсаң бар, жөнө!
Кайып болот жаз келгенде кар деле.
Эрин өптүм балдан дагы таптаттуу,
Эрдиң сенин эмне эле? Бал беле.?
Көпкө турдук алакандар жалбырттап,
Көрсөң болмок жылмайганын ал кыз, ка-ап.
Экөөбүздүн ант беришкен бакчада,
Элестет, биз жеп олтурдук балмуздак.
“Сүйүп калдым сизди”, – деген кеп уктум,
Сүйүнгөндөн сен тарапка келипмин.
– Деген сөздү каалабасаң эгерде,
Көп назданбай чакырганда кезиккин.
Каниет Орозбеков.
СЕН
Сен мен үчүн өзүнчө бир ааламсың,
Жазсам бүтпөс ырларымда калгансың.
Ырдап жүрүп сезимдерди байлаган,
Сен жөнөкөй мага керек адамсың.
Нуртилек Олжобаев.
Сен мен үчүн өзүнчө бир ааламсың,
Жазсам бүтпөс ырларымда калгансың.
Ырдап жүрүп сезимдерди байлаган,
Сен жөнөкөй мага керек адамсың.
Нуртилек Олжобаев.
МАНДАЙЫМА ЖАЗЫЛСА…
(казак кызына)
Жүрөгүмдүн эркинен качпаймын да,
Жакшы көрсөм жактырып баштаймын да.
Жан дүйнөмдө адеми казак кызы,
Жазмыш экен мен аны жазбаймын да.
Тулку бойдо муштум эт бироо гана,
Тагдыр кошсо башымды ийем ага.
Кыргыздарга жүгүнтүп казак кызын,
Казактарга боломун күйөө бала.
Башкалардан дүйнөмдү тазаладым,
“Барба” – десе угушсун казакка ким.
Буйрук берсе Жараткан махабатка,
“Баурдастар” болушат бажаларым.
Батпай турам өзүмө кеңири мен,
Багытымды эртенки эми билем.
Кандай гана ырахат чайын ичсе,
Кыргыз эне казак кыз келининен.
(Сөздүн күчү шар аккан суудай чакта,
суроолордон ашыкча кудай сакта…)
Каниет Орозбеков.
(казак кызына)
Жүрөгүмдүн эркинен качпаймын да,
Жакшы көрсөм жактырып баштаймын да.
Жан дүйнөмдө адеми казак кызы,
Жазмыш экен мен аны жазбаймын да.
Тулку бойдо муштум эт бироо гана,
Тагдыр кошсо башымды ийем ага.
Кыргыздарга жүгүнтүп казак кызын,
Казактарга боломун күйөө бала.
Башкалардан дүйнөмдү тазаладым,
“Барба” – десе угушсун казакка ким.
Буйрук берсе Жараткан махабатка,
“Баурдастар” болушат бажаларым.
Батпай турам өзүмө кеңири мен,
Багытымды эртенки эми билем.
Кандай гана ырахат чайын ичсе,
Кыргыз эне казак кыз келининен.
(Сөздүн күчү шар аккан суудай чакта,
суроолордон ашыкча кудай сакта…)
Каниет Орозбеков.