Ыр эмес
мен издеген гүлдөр…
(балким)
сен таштаган көлөкөдө өсүп жаткандыр.
(балким)
таманыңдын астында өлүп жаткандыр.
(а балким)
кара деңиз түбүндө чөгүп жаткандыр.
мен издеген гүлдөр…
тепселенип же тикеби?..
(балким)
ай-ааламды карегиңен көрүп жаткандыр
же болбосо мен үчүн күнөөкөр болуп,
жоктугумду билгизбей өбүп жаткандыр.
менсиздикте сени азап тартпасын деп,
кусалыктын жарымын бөлүп жаткандыр.
Саид Султан-Али✍
мен издеген гүлдөр…
(балким)
сен таштаган көлөкөдө өсүп жаткандыр.
(балким)
таманыңдын астында өлүп жаткандыр.
(а балким)
кара деңиз түбүндө чөгүп жаткандыр.
мен издеген гүлдөр…
тепселенип же тикеби?..
(балким)
ай-ааламды карегиңен көрүп жаткандыр
же болбосо мен үчүн күнөөкөр болуп,
жоктугумду билгизбей өбүп жаткандыр.
менсиздикте сени азап тартпасын деп,
кусалыктын жарымын бөлүп жаткандыр.
Саид Султан-Али✍
Укмушсуң
Асман тиктеп
бир жылдызды көргөнмүн,
Аз өмүрүм
сенсиз эми сыз эле.
Жерге кулап түшкөн эле ал пери
Бир татына,
эң бир назик кыз эле.
Мергенчи тил,
баа бересиң сөздөргө,
Сен тимеле
айтып бүткүс
укмушсуң.
Таамай айтып,
таамай карап көздөргө,
Колум жеткис
асмандагы бир кушсун.
Саид Султан Али✍
Асман тиктеп
бир жылдызды көргөнмүн,
Аз өмүрүм
сенсиз эми сыз эле.
Жерге кулап түшкөн эле ал пери
Бир татына,
эң бир назик кыз эле.
Мергенчи тил,
баа бересиң сөздөргө,
Сен тимеле
айтып бүткүс
укмушсуң.
Таамай айтып,
таамай карап көздөргө,
Колум жеткис
асмандагы бир кушсун.
Саид Султан Али✍
БАКТЫҢ ҮЧҮН...
Жаман көрбө, кек сактаба, жарыгым,
Жарабастыр арам ойлуу эскермең...
Токтолбостон айтсам эми аныгын:
Тоодой бактың тоскум келбей кеткем мен...
Карабастан ойлоп тапкан аргага,
Кээде сезим миң себептен ийилээр...
Бекер сынып талкаланбай анда да,
Бекем бойдон калган жакшы сүйүүлөр...
Кечээ кокус бир кечеден жолугуп,
Көрө албадым көзүңдөгү отуңду...
А сен болсо кучагына бой уруп,
Атайылап жандап жүрдүң досумду...
Бербесем да ушунуңа нечен баа,
Болду менден жоголгондой муң арбын...
А сен “иттей” кызгантайын десең да,
А мен ичтен бактың үчүн кубандым...
Максат Жангазиев
Жаман көрбө, кек сактаба, жарыгым,
Жарабастыр арам ойлуу эскермең...
Токтолбостон айтсам эми аныгын:
Тоодой бактың тоскум келбей кеткем мен...
Карабастан ойлоп тапкан аргага,
Кээде сезим миң себептен ийилээр...
Бекер сынып талкаланбай анда да,
Бекем бойдон калган жакшы сүйүүлөр...
Кечээ кокус бир кечеден жолугуп,
Көрө албадым көзүңдөгү отуңду...
А сен болсо кучагына бой уруп,
Атайылап жандап жүрдүң досумду...
Бербесем да ушунуңа нечен баа,
Болду менден жоголгондой муң арбын...
А сен “иттей” кызгантайын десең да,
А мен ичтен бактың үчүн кубандым...
Максат Жангазиев
Кусалык
Сансыз ойлор, санаалардан тутанып,
Сай-сөөгүмдү зырыкыратты кусалык.
Сары оорудан саратандай саргайып,
Сага жетпей турам азыр тушалып.
Көздөрүңө чөккөн кезде жаңы эле,
Көөдөнүмө аның укмуш даары эле.
Көрүшкөндө жытың сиңген баягы,
Көйнөгүмдү жуубай жүрөм дагы эле.
Күлө тиктеп сылаганда саамайың,
Күн жүзүңдөн көрүнчү эле таалайым.
Күйүт каптап дүйнөм азыр караңгы,
Күн жүзүңдөн жарык чаччы барайын.
Көөдөнүмө кусам батпай кашайып,
Көлдөй толкуп көздөн чыгат жаш агып.
Көргүм келип кээде сени түшүмдө,
Көйнөгүмдү кийип уктайм жасанып.
Тагдырыма түшкөн үчүн издериң,
Талбай күтүп, карааныңды издедим.
Камчыбек Узакбай уулу
Сансыз ойлор, санаалардан тутанып,
Сай-сөөгүмдү зырыкыратты кусалык.
Сары оорудан саратандай саргайып,
Сага жетпей турам азыр тушалып.
Көздөрүңө чөккөн кезде жаңы эле,
Көөдөнүмө аның укмуш даары эле.
Көрүшкөндө жытың сиңген баягы,
Көйнөгүмдү жуубай жүрөм дагы эле.
Күлө тиктеп сылаганда саамайың,
Күн жүзүңдөн көрүнчү эле таалайым.
Күйүт каптап дүйнөм азыр караңгы,
Күн жүзүңдөн жарык чаччы барайын.
Көөдөнүмө кусам батпай кашайып,
Көлдөй толкуп көздөн чыгат жаш агып.
Көргүм келип кээде сени түшүмдө,
Көйнөгүмдү кийип уктайм жасанып.
Тагдырыма түшкөн үчүн издериң,
Талбай күтүп, карааныңды издедим.
Камчыбек Узакбай уулу
Жылаңайлак суу кечтик күлүп, жыргап.
Бар сүйүүнүн отуна күйүп, ырдап.
Бакыттын да башына жетебиз чын,
Бирибизди-бирибиз сүйүп турсак.
Болот Мамбетисаев✍
Бар сүйүүнүн отуна күйүп, ырдап.
Бакыттын да башына жетебиз чын,
Бирибизди-бирибиз сүйүп турсак.
Болот Мамбетисаев✍
Көздөрүң от жайнаган шам чырактай,
Суктанып, көздөрүңө таң чыгат жай.
Жараткан буйруп мага белек кылса,
Жүрөмүн көңүлүңө чаң жугузбай
Болот Мамбетисаев✍
Суктанып, көздөрүңө таң чыгат жай.
Жараткан буйруп мага белек кылса,
Жүрөмүн көңүлүңө чаң жугузбай
Болот Мамбетисаев✍
Таанып шарт менин сүйлөп жатканымды,
Тарс уруп телефонду таштадыңбы?!
Үйрүлүп турсам дагы — дал ушинтип,
Үстүмө таштайсың го асманыңды...
Чыдабай неге чалдым? "Келесоомун".
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка бирди жеген иттей,
Каңшылап жатат колдо телефонум.
Кыңшылап жатат сүйүү-телефонум...
Кожогелди Култегин✍
Тарс уруп телефонду таштадыңбы?!
Үйрүлүп турсам дагы — дал ушинтип,
Үстүмө таштайсың го асманыңды...
Чыдабай неге чалдым? "Келесоомун".
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка бирди жеген иттей,
Каңшылап жатат колдо телефонум.
Кыңшылап жатат сүйүү-телефонум...
Кожогелди Култегин✍
Капысынан чыгып жолумдан,
Кайттырдың го далай оюмдан.
Махабатым айтам ишенгин.
Мен бактылуу сага жолуккан.
Табылбасын болду башка өнөк,
Жибибесин болду таш жүрөк...
Мен ырдайын гитар үн менен,
А сен уккун аста баш жөлөп!
Болот Мамбетисаев✍
Кайттырдың го далай оюмдан.
Махабатым айтам ишенгин.
Мен бактылуу сага жолуккан.
Табылбасын болду башка өнөк,
Жибибесин болду таш жүрөк...
Мен ырдайын гитар үн менен,
А сен уккун аста баш жөлөп!
Болот Мамбетисаев✍
Сүйүүгө мас, кезим азыр билгиниң,
Айырмасы жоктой анык күн, түнүм.
Суусап жүргөн ушул тапта жүрөктүн,
Чанкаганын кандырууда гүлгүнүм!
Соолукпайын, соолуктурба эч качан,
Сени сүйүп, сендей жанга баш катам.
Сенин ордуң эч алмашкыс таберик,
Бул орунду ээлей албайт башка адам.
Сүйөм аруум жана дагы сүйүлөм,
Сендей жанды сүйгөнүмө сүйүнөм!
Болот Мамбетисаев✍
Айырмасы жоктой анык күн, түнүм.
Суусап жүргөн ушул тапта жүрөктүн,
Чанкаганын кандырууда гүлгүнүм!
Соолукпайын, соолуктурба эч качан,
Сени сүйүп, сендей жанга баш катам.
Сенин ордуң эч алмашкыс таберик,
Бул орунду ээлей албайт башка адам.
Сүйөм аруум жана дагы сүйүлөм,
Сендей жанды сүйгөнүмө сүйүнөм!
Болот Мамбетисаев✍
Түшүмдө сен бакыт сундуң бүтпөгөн,
Мындай түштү чындыгында күтпөгөм.
Бакыт сунуп турсаң дайым гүлгүнүм,
Бүгүн дагы сөз беремин түш көрөм!
Болот Мамбетисаев✍
Мындай түштү чындыгында күтпөгөм.
Бакыт сунуп турсаң дайым гүлгүнүм,
Бүгүн дагы сөз беремин түш көрөм!
Болот Мамбетисаев✍
Махабаттын жаңы чыгып ак таңы,
Унуттурду мурдакыны, башканы.
Жүрөгүңдөн, сен деп билгиң мончогум,
Жүрөгүмдүн ар бир согуп, какканы.
Болот Мамбетасанов✍
Унуттурду мурдакыны, башканы.
Жүрөгүңдөн, сен деп билгиң мончогум,
Жүрөгүмдүн ар бир согуп, какканы.
Болот Мамбетасанов✍
Карай калсам сен турупсуң маңдайда,
Кантмек элем, унчугалбайм андайда.
Канттан таттуу сонун-сонун сөздөрүм,
Канттай ээрип кала берди таңдайда.
Жеңишбек Жумакадыр✍
Кантмек элем, унчугалбайм андайда.
Канттан таттуу сонун-сонун сөздөрүм,
Канттай ээрип кала берди таңдайда.
Жеңишбек Жумакадыр✍
БУЛУТТАР
Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?
Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.
Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун
Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?
Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.
Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун
ТАБЫЛГА
Бул мезгилди баары "күз" десе,
Талдар ийди карлуу шактарын.
Көптөр жазда сүйүү издесе,
А мен сени кышта тапкамын...
"Ичик-и-ий" деп суук бул таңда,
Ичиркенип турсаң жан эркем.
Баш каталбай а мен жуурканга,
Бир ыр жаздым бүгүн таң эртең:
"...Бирге курсак бакыт ордосун,
Буга эрким болгон күч үрөйт...
Мейли кандай бороон болбосун,
Биздин көңүл анда үшүбөйт...!"
"Келди бул кыш неге эрте" деп,
Кейий бербе, жаным, кыш сулуу!
Жаай берсин ак кар эркелеп,
Сен бар кезде дүйнө жыпжылуу!
Сүйүүбүздүн көрүп түсүндөй,
Сүйчү мендей кыштын ак карын.
Сезимдерди жаздан күтүнбөй,
Сени анткени кышта тапкамын...
Сен анткени кышта тапкамын...
Бул мезгилди баары "күз" десе,
Талдар ийди карлуу шактарын.
Көптөр жазда сүйүү издесе,
А мен сени кышта тапкамын...
"Ичик-и-ий" деп суук бул таңда,
Ичиркенип турсаң жан эркем.
Баш каталбай а мен жуурканга,
Бир ыр жаздым бүгүн таң эртең:
"...Бирге курсак бакыт ордосун,
Буга эрким болгон күч үрөйт...
Мейли кандай бороон болбосун,
Биздин көңүл анда үшүбөйт...!"
"Келди бул кыш неге эрте" деп,
Кейий бербе, жаным, кыш сулуу!
Жаай берсин ак кар эркелеп,
Сен бар кезде дүйнө жыпжылуу!
Сүйүүбүздүн көрүп түсүндөй,
Сүйчү мендей кыштын ак карын.
Сезимдерди жаздан күтүнбөй,
Сени анткени кышта тапкамын...
Сен анткени кышта тапкамын...
салыштыруу”.
ак сүйүүмдү салыштырсам сага болгон:
сүт уялып жанында кара болгон.
салыштырдым көктөгү жарыктарды:
сенден өткөн ааламда жарык барбы?
салыштырсам өзүмдү сени менен:
бир мусапыр басат экен пери менен.
сүрөтчүнүн кыялында тартылбаган,
мен бир кеме, а сен болсо деңиз элең…
Ааламдагы жылдыздырды кыймылдаткан,
формуланы түзүп койгон Кудайга,
Ишим түшүп мына бүгүн ыйык бактан,
Намазымды окуп турам бул айда:
“Алып берчи ак берметти ылайга!”...
Саид Султан Али ✍
ак сүйүүмдү салыштырсам сага болгон:
сүт уялып жанында кара болгон.
салыштырдым көктөгү жарыктарды:
сенден өткөн ааламда жарык барбы?
салыштырсам өзүмдү сени менен:
бир мусапыр басат экен пери менен.
сүрөтчүнүн кыялында тартылбаган,
мен бир кеме, а сен болсо деңиз элең…
Ааламдагы жылдыздырды кыймылдаткан,
формуланы түзүп койгон Кудайга,
Ишим түшүп мына бүгүн ыйык бактан,
Намазымды окуп турам бул айда:
“Алып берчи ак берметти ылайга!”...
Саид Султан Али ✍
АЙНЕК, ЖАМГЫР ЖАНА СИЗ
Эшикте жаан, анан тамчы, терезе,
Ак булуттар ыйлап жатат демек ээ?
Мен сүйгөндөй тамчысына эркелеп,
Жамгыр дагы сизди сүйсө керек ээ?
Дилде ойлор, кыялымда кубаныч,
Сүйөрүмдү айтам бүгүн сураңыз.
Айнек анан, улам тамган шыбырап,
Тамчы экөөбүз, сизди күтүп турабыз...
Аниса Курманбекова✍
Эшикте жаан, анан тамчы, терезе,
Ак булуттар ыйлап жатат демек ээ?
Мен сүйгөндөй тамчысына эркелеп,
Жамгыр дагы сизди сүйсө керек ээ?
Дилде ойлор, кыялымда кубаныч,
Сүйөрүмдү айтам бүгүн сураңыз.
Айнек анан, улам тамган шыбырап,
Тамчы экөөбүз, сизди күтүп турабыз...
Аниса Курманбекова✍
БЕГАЙЫМГА
Эскиликтин айрым салты сүйрөлүп,
Тушамыштай тушап келет али да.
Кызды уурдай качып барып үйлөнүш –
Бата турган болду дайым жаныма.
Сен учурдун талабына ылайык
Окуй билген, жашай билген кыз элең.
Анан сени «Ала качып барышып,
Отургузду...» – дешсе кантип ишенем?
«Баш кошобуз, – дечү элек, – той кылып,
Кол кармашып барып «Бакыт» үйүнө».
Сенин ошол күйөөңөбү, сагабы,
Эми, жаным, күнөө коём кимиңе?
Досум айтат: «Эскиликти чогултуп,
Бензин куюп өрттөп салса баарысын –
Эне болуп, тукум улап берүүчү
Кыргыз кыздын сакташ үчүн намысын!»
«Балам, үйлөн. Мени көрүп турасың» –
Деген кечээ катын алдым апамын.
Сени сүйгөн жүрөк менен, Бегайым,
Дале жалгыз... жалгыз жашап жатамын.
Чыныбай Турсунбеков.
Эскиликтин айрым салты сүйрөлүп,
Тушамыштай тушап келет али да.
Кызды уурдай качып барып үйлөнүш –
Бата турган болду дайым жаныма.
Сен учурдун талабына ылайык
Окуй билген, жашай билген кыз элең.
Анан сени «Ала качып барышып,
Отургузду...» – дешсе кантип ишенем?
«Баш кошобуз, – дечү элек, – той кылып,
Кол кармашып барып «Бакыт» үйүнө».
Сенин ошол күйөөңөбү, сагабы,
Эми, жаным, күнөө коём кимиңе?
Досум айтат: «Эскиликти чогултуп,
Бензин куюп өрттөп салса баарысын –
Эне болуп, тукум улап берүүчү
Кыргыз кыздын сакташ үчүн намысын!»
«Балам, үйлөн. Мени көрүп турасың» –
Деген кечээ катын алдым апамын.
Сени сүйгөн жүрөк менен, Бегайым,
Дале жалгыз... жалгыз жашап жатамын.
Чыныбай Турсунбеков.