ЖҮРӨКТӨ КАЛГАН БИР ЫСЫМ
Жалынга ороп күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Багынтып алды жанымды эзген бир ысым.
Санаага батпай бейкапар жүргөн кезимде,
Жүрөктү эзип, бүлүктү салдың сезимге.
Ак куудай жүзүң ансайын көзгө элестеп,
Оюмда сенсиң эртеби мейли кечинде.
Өмүрдүн дагы аткансыйт сен деп ак таңы,
Сен үчүн окшойт мөңгүнүн эрип акканы.
Сезимдер курчап жарыгы жанган жашоодо,
Сенделип ”сен” деп көралбай калдым башканы.
Сүйүүмдү сезсең өңүнөн кетпес арчадай,
Жашаймын сен деп кумарым сенден таркабай.
Ажалым жетип акыркы саатым калгыча,
Сүйөөрмүн жаным, сүйөөрмүн сени чарчабай.
Жалынга ороп, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп акылдан алып тымызын.
Ак таңым болуп, жашоомо жарык нур берген,
Жүрөктө калды, жүрөктү эзген бир ысым…
Бердибек Жамгырчиев.
Жалынга ороп күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Багынтып алды жанымды эзген бир ысым.
Санаага батпай бейкапар жүргөн кезимде,
Жүрөктү эзип, бүлүктү салдың сезимге.
Ак куудай жүзүң ансайын көзгө элестеп,
Оюмда сенсиң эртеби мейли кечинде.
Өмүрдүн дагы аткансыйт сен деп ак таңы,
Сен үчүн окшойт мөңгүнүн эрип акканы.
Сезимдер курчап жарыгы жанган жашоодо,
Сенделип ”сен” деп көралбай калдым башканы.
Сүйүүмдү сезсең өңүнөн кетпес арчадай,
Жашаймын сен деп кумарым сенден таркабай.
Ажалым жетип акыркы саатым калгыча,
Сүйөөрмүн жаным, сүйөөрмүн сени чарчабай.
Жалынга ороп, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп акылдан алып тымызын.
Ак таңым болуп, жашоомо жарык нур берген,
Жүрөктө калды, жүрөктү эзген бир ысым…
Бердибек Жамгырчиев.
КҮЛГҮН ЖООЛУКЧАН
Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам...
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.
Кусалыктын күбүп кунарын,
Көзүмдү албай карап турамын.
Куп жарашат экен өзүңө,
Көйнөгүңдөй күлгүн курагың.
Такыр болбойт эми жолугуум,
Талкаландым, кайра соолудум.
Татынакай жарашат экен,
Турмушуңдай жаңы жоолугуң.
Көчө бойлоп басып буралдың,
Караанымды катып туралдым...
Көөдөндү өрт каптап турса да,
Көргөнүмө бирок кубандым.
Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам...
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.
Мирлан Самыйкожо.
Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам...
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.
Кусалыктын күбүп кунарын,
Көзүмдү албай карап турамын.
Куп жарашат экен өзүңө,
Көйнөгүңдөй күлгүн курагың.
Такыр болбойт эми жолугуум,
Талкаландым, кайра соолудум.
Татынакай жарашат экен,
Турмушуңдай жаңы жоолугуң.
Көчө бойлоп басып буралдың,
Караанымды катып туралдым...
Көөдөндү өрт каптап турса да,
Көргөнүмө бирок кубандым.
Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам...
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.
Мирлан Самыйкожо.
КАЗАК КЕЛИН
Жүргөн жерим дайыма азап менин,
Андай азап жарпымды жазат менин.
Жүрөк ооруйт, жатканым оорукана,
Жүрөгүмө чок салды казак келин.
Келбей жатты кечигип жарым дагы,
Келбей турду күйөөсү анын дагы.
Чогуу күтүп аларды терезеде,
Чоктой ысык бир сезим тамырлады.
Жанды сүйүү сөгүлүп таң сыңары,
Жаркыроодо махабат шам чырагы.
Кудайды да жолунан чыгарчуудай,
Куудай назик, айымдын ай-чырайы.
Даба болгон жүрөктүн жараатына,
Далай сөзү дем кошот канатыма.
Макул дебей, кантем дейт-сүйөм десе,
Манасы бар кыргыздын баласына.
Таттуу сезим көңүлдө ырбап улам,
Таттуу тилин ансайын жыргап угам.
Окуп берем мен ага Шахановдун,
Оттой ысык махабат ырларынан.
Тили ширин,эрким бүт жеңилүүдө,
Тиктей калсам ал деле демигүүдө.
Башым туман,эрким жок кайрылууга,
Балкый түштү эрини-эринимде...
Ынак болуп палата жанымдагы,
Ысык күндөр күн сайын жалындады.
Дарыгерим кубанат жылыш бар деп,
Даана чыгат күлкүсү анын дагы.
Жүрөгүмө капилет жылдыз жанды,
Жүр мени эстеп,бир чекке сыйгыз жанды.
Сен аркылуу урматтайм бүт казакты,
Мен аркылуу сүй а сен,Кыргызстанды!
Мендей көрүп сыйлап жүр кыргыздарды...
Зайырбек Ажыматов.
Жүргөн жерим дайыма азап менин,
Андай азап жарпымды жазат менин.
Жүрөк ооруйт, жатканым оорукана,
Жүрөгүмө чок салды казак келин.
Келбей жатты кечигип жарым дагы,
Келбей турду күйөөсү анын дагы.
Чогуу күтүп аларды терезеде,
Чоктой ысык бир сезим тамырлады.
Жанды сүйүү сөгүлүп таң сыңары,
Жаркыроодо махабат шам чырагы.
Кудайды да жолунан чыгарчуудай,
Куудай назик, айымдын ай-чырайы.
Даба болгон жүрөктүн жараатына,
Далай сөзү дем кошот канатыма.
Макул дебей, кантем дейт-сүйөм десе,
Манасы бар кыргыздын баласына.
Таттуу сезим көңүлдө ырбап улам,
Таттуу тилин ансайын жыргап угам.
Окуп берем мен ага Шахановдун,
Оттой ысык махабат ырларынан.
Тили ширин,эрким бүт жеңилүүдө,
Тиктей калсам ал деле демигүүдө.
Башым туман,эрким жок кайрылууга,
Балкый түштү эрини-эринимде...
Ынак болуп палата жанымдагы,
Ысык күндөр күн сайын жалындады.
Дарыгерим кубанат жылыш бар деп,
Даана чыгат күлкүсү анын дагы.
Жүрөгүмө капилет жылдыз жанды,
Жүр мени эстеп,бир чекке сыйгыз жанды.
Сен аркылуу урматтайм бүт казакты,
Мен аркылуу сүй а сен,Кыргызстанды!
Мендей көрүп сыйлап жүр кыргыздарды...
Зайырбек Ажыматов.
САГЫНДЫМ
Санаамда турат элесиң,
Сагындым, качан келесиң.
Сандаган жоону жеңгенче,
Сабыр кыл, жаным, дегенсиң.
Толкунга тосуп жанымды,
Токтотуп жүрөм сабырды.
Токтотом канча десем да,
Толгонуп жүрөк сагынды.
Антымды толук билесиң,
Алтыным, эсте жүрөсүң.
Алышып ойноп ар дайым,
Алдамчы түшкө киресиң.
Канчалык сынап жүрөктү,
Кайталап, жылдап күн өттү.
Каниет кылып караймын,
Качанкы түшкөн сүрөттү.
Мидин Алыбаев.
Санаамда турат элесиң,
Сагындым, качан келесиң.
Сандаган жоону жеңгенче,
Сабыр кыл, жаным, дегенсиң.
Толкунга тосуп жанымды,
Токтотуп жүрөм сабырды.
Токтотом канча десем да,
Толгонуп жүрөк сагынды.
Антымды толук билесиң,
Алтыным, эсте жүрөсүң.
Алышып ойноп ар дайым,
Алдамчы түшкө киресиң.
Канчалык сынап жүрөктү,
Кайталап, жылдап күн өттү.
Каниет кылып караймын,
Качанкы түшкөн сүрөттү.
Мидин Алыбаев.
ХАНЫШАМ СЕНСИҢ
Аймончок сымал көздөрүң турса ирмелбей,
Жан дүйнөм эргип жүрөккө сезим киргендей.
Көк асман кошо көз кырын салып өзүңө,
Жарк этип күн да жалындап сага тийгендей.
Ак таңым сага жолугуу менен башталып,
Кыялда жүрөм сүйүүнүн отун жазданып.
Желдетиң болсом, ханыша перим сен болуп,
Өкүмсүз эле багынттың окшойт башкарып.
Мааниси терең махабат сырын түшүнөм,
Болбосок экен сүйүүдөн муздап үшүгөн.
Өрттөнүп сага, чагылган болуп чачырап,
Ал гана эмес аян да бердим түшүмөн!
Бердибек Жамгырчиев.
Аймончок сымал көздөрүң турса ирмелбей,
Жан дүйнөм эргип жүрөккө сезим киргендей.
Көк асман кошо көз кырын салып өзүңө,
Жарк этип күн да жалындап сага тийгендей.
Ак таңым сага жолугуу менен башталып,
Кыялда жүрөм сүйүүнүн отун жазданып.
Желдетиң болсом, ханыша перим сен болуп,
Өкүмсүз эле багынттың окшойт башкарып.
Мааниси терең махабат сырын түшүнөм,
Болбосок экен сүйүүдөн муздап үшүгөн.
Өрттөнүп сага, чагылган болуп чачырап,
Ал гана эмес аян да бердим түшүмөн!
Бердибек Жамгырчиев.
БААРЫ СЕНИ КҮТҮШӨТ…
Кел экөөбүз баш кошолу дегенге,
Чок баскансып чочуп турсуң сен эмне?
Сен күйөөгө чыкпай эле алтыным,
«Эр алайын»дедиң беле же эмне?
Сага айткан сунушумду кабылда,
Койгун эркем, жок деп сүйлөп жаңылба.
«Бакыт болуп үйгө келин келсе»- деп,
Баары сени күтүп жатат айылда.
Бара калсам жандап короо тарапты,
Үмүттөнүп мени жал-жал карашты.
«Келин алып келсең бизди сойгун»- деп,
Короодогу койлор маарап мага айтты.
Короодогу ноктосунан байлануу,
Мал да болсо барбы билбейм арманы.
«Калыңына мени берсең кантет?»- деп,
Карагерим кишенеди ал дагы.
Жанындагы тай торпогу жулкунат,
Ары жактан «мөө-мөө» деген үн чыгат.
«Эне сүтүн бериш үчүн ал кыздын
мени берип жиберчи»- деп уй турат.
Тоюнууга тойго келген көп конок,
«Качан мага борк-борк кайнап эт толот?»
Кара казан: «Качан келип келинчек
качан мага тамак асат?»- деп коёт.
«Бизге ысык чайдан куюп турса»- деп
Чынылар да жакшы тилек тиленди.
Шыпыргы да:»Курбум качан келет?»- деп
Менден сага салам айтып жиберди.
Үйгө кирсем төрдө турган жыйылып,
Жууркандардын бул суроосу күч болду.
Төшөк айтат: «Качан мени салынып?..»
Жууркан айтат: «Качан мени жамынып?..»
«Качан ойнойсуңар?»- деди «фудболду».
Карагерим, койлор дагы, уй дагы,
Казан, чыны шыпыргылар бул дагы.
Идиш-аяк төшөктөр да күткөн соң,
Атам-апам айтпасам да өзүңдү
Белгилүү да кандай күтүп турганы.
Мирлан Алтымыш уулу.
Кел экөөбүз баш кошолу дегенге,
Чок баскансып чочуп турсуң сен эмне?
Сен күйөөгө чыкпай эле алтыным,
«Эр алайын»дедиң беле же эмне?
Сага айткан сунушумду кабылда,
Койгун эркем, жок деп сүйлөп жаңылба.
«Бакыт болуп үйгө келин келсе»- деп,
Баары сени күтүп жатат айылда.
Бара калсам жандап короо тарапты,
Үмүттөнүп мени жал-жал карашты.
«Келин алып келсең бизди сойгун»- деп,
Короодогу койлор маарап мага айтты.
Короодогу ноктосунан байлануу,
Мал да болсо барбы билбейм арманы.
«Калыңына мени берсең кантет?»- деп,
Карагерим кишенеди ал дагы.
Жанындагы тай торпогу жулкунат,
Ары жактан «мөө-мөө» деген үн чыгат.
«Эне сүтүн бериш үчүн ал кыздын
мени берип жиберчи»- деп уй турат.
Тоюнууга тойго келген көп конок,
«Качан мага борк-борк кайнап эт толот?»
Кара казан: «Качан келип келинчек
качан мага тамак асат?»- деп коёт.
«Бизге ысык чайдан куюп турса»- деп
Чынылар да жакшы тилек тиленди.
Шыпыргы да:»Курбум качан келет?»- деп
Менден сага салам айтып жиберди.
Үйгө кирсем төрдө турган жыйылып,
Жууркандардын бул суроосу күч болду.
Төшөк айтат: «Качан мени салынып?..»
Жууркан айтат: «Качан мени жамынып?..»
«Качан ойнойсуңар?»- деди «фудболду».
Карагерим, койлор дагы, уй дагы,
Казан, чыны шыпыргылар бул дагы.
Идиш-аяк төшөктөр да күткөн соң,
Атам-апам айтпасам да өзүңдү
Белгилүү да кандай күтүп турганы.
Мирлан Алтымыш уулу.
Сен болбосоң кереги не каректин,
Кереги не дайын менен даректин.
Таңдан кечке сени гана ойлонуп.
Таңдан кечке сени менен алекмин.
Сен болбосоң кереги не түнүңдүн,
Кереги не эртеңкинин, бүгүндүн.
Кереги не катуу менен жумшактын,
Кереги не ачуу менен шириндин.
Сен болбосоң кереги не таңыңдын,
Кереги не эски менен жаңыңдын.
Кереги не жарыкчылык, турмуштун,
Кереги не тааныш-билиш, тамырдын.
Сен болбосоң кереги не жериңдин,
Кереги не ата-баба тегиңдин.
Кереги не асман менен айыңдын,
Кереги не кудай менен теңирдин.
Сен болбосоң кимге менин күлгөнүм,
Сен болбосоң кимге өмүр сүргөнүм.
Кереги не кеңирсиген ааламдын,
Кереги не кербезденген дүйнөнүн.
Сенсиң менин көңүлүмдүн чордону,
Сенсиң менин өкүмдарым ордолуу.
Өөдө-төмөн кетип турган заманда,
Өксүк билбей өмүр сүрсөң болгону...
Калчоро Көкүлов
Кереги не дайын менен даректин.
Таңдан кечке сени гана ойлонуп.
Таңдан кечке сени менен алекмин.
Сен болбосоң кереги не түнүңдүн,
Кереги не эртеңкинин, бүгүндүн.
Кереги не катуу менен жумшактын,
Кереги не ачуу менен шириндин.
Сен болбосоң кереги не таңыңдын,
Кереги не эски менен жаңыңдын.
Кереги не жарыкчылык, турмуштун,
Кереги не тааныш-билиш, тамырдын.
Сен болбосоң кереги не жериңдин,
Кереги не ата-баба тегиңдин.
Кереги не асман менен айыңдын,
Кереги не кудай менен теңирдин.
Сен болбосоң кимге менин күлгөнүм,
Сен болбосоң кимге өмүр сүргөнүм.
Кереги не кеңирсиген ааламдын,
Кереги не кербезденген дүйнөнүн.
Сенсиң менин көңүлүмдүн чордону,
Сенсиң менин өкүмдарым ордолуу.
Өөдө-төмөн кетип турган заманда,
Өксүк билбей өмүр сүрсөң болгону...
Калчоро Көкүлов
СУРАНЫЧ
Татына, сулуу, аппак ай,
Тандаган сүйүүң башкадай!
Кейитип колго тийбейсиң,
Кедейге жетпес АКЧАДАЙ!
Жүрөктүн дарты болгондой,
Жүрөмүн сенден жол болбой.
Айткан бир сөзгө турбайсың,
Ак үйдө жүргөн ЧОҢДОРДОЙ!
Кол учун дагы карматпай,
Кокуй жан болдуң жандатпай.
Башкага кетпе суранам,
Байларга кеткен МАНДАТТАЙ!
Мирлан Алтымыш уулу.
Татына, сулуу, аппак ай,
Тандаган сүйүүң башкадай!
Кейитип колго тийбейсиң,
Кедейге жетпес АКЧАДАЙ!
Жүрөктүн дарты болгондой,
Жүрөмүн сенден жол болбой.
Айткан бир сөзгө турбайсың,
Ак үйдө жүргөн ЧОҢДОРДОЙ!
Кол учун дагы карматпай,
Кокуй жан болдуң жандатпай.
Башкага кетпе суранам,
Байларга кеткен МАНДАТТАЙ!
Мирлан Алтымыш уулу.
БЕРЕ ТУРЧУ БИР ТАМЧЫ
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсө боло сүйгөндүгүң аныктай...
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай,
Суусаттың го суудан чыккан балыктай...
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың суусун берип жарытпай.
Махабатың терең көлгө теңедим,
Уруксат бер тереңдигин көрөйүн.
Чөгүп кетсем «өз убалым өзүмө»,
Колдон мени тартып алгын дебейин.
Ашык болгон абалыма карагын,
Курбакадай кургап барат тамагым.
Сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
Байдылда Сарногоев.
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсө боло сүйгөндүгүң аныктай...
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай,
Суусаттың го суудан чыккан балыктай...
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың суусун берип жарытпай.
Махабатың терең көлгө теңедим,
Уруксат бер тереңдигин көрөйүн.
Чөгүп кетсем «өз убалым өзүмө»,
Колдон мени тартып алгын дебейин.
Ашык болгон абалыма карагын,
Курбакадай кургап барат тамагым.
Сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
Байдылда Сарногоев.
Баштагыдай гүл жайнабай изиңен,
Байкап турсам бүркөлгөндөй кабагың,
Муң көрүндү жайнап турган жүзүңөн,
Эмне болду? Айтчы мага карагым
Махабатың сага көңүл бөлө албай,
Сүйөмүн деп жазган катың тыттыбы?!
Же болбосо күлгөнүңдү көрө албай,
Таш боор тагдыр буттан чалып жыктыбы?!
Көңүл айнып,көтөрүлүп кан басым,
Тумоо каптап же сыркоолоп калдыңбы?!
А болбосо жарга такап жандашың ,
Көңүл чөгөр,суук кабар алдыңбы?!
Кыялымда миң гүл бакча курамын,
Же аралап,же сапарың кезбейсиң .
Ар абалың байкап,баамдап турамын,
А сен менин бар-жогумду сезбейсиң!!!
Таалайбекова Керемет.
Байкап турсам бүркөлгөндөй кабагың,
Муң көрүндү жайнап турган жүзүңөн,
Эмне болду? Айтчы мага карагым
Махабатың сага көңүл бөлө албай,
Сүйөмүн деп жазган катың тыттыбы?!
Же болбосо күлгөнүңдү көрө албай,
Таш боор тагдыр буттан чалып жыктыбы?!
Көңүл айнып,көтөрүлүп кан басым,
Тумоо каптап же сыркоолоп калдыңбы?!
А болбосо жарга такап жандашың ,
Көңүл чөгөр,суук кабар алдыңбы?!
Кыялымда миң гүл бакча курамын,
Же аралап,же сапарың кезбейсиң .
Ар абалың байкап,баамдап турамын,
А сен менин бар-жогумду сезбейсиң!!!
Таалайбекова Керемет.
Мени менен бирге болчу
Жашоодо табыштырган тагдыр мага
Сен барда унутулуп кайгы санаа
Ар убак сени менен бирге болуп
Жаныма куч бересин озун гана
Ойдого алга жылып обок болуп
Жашоодо бир журолу жолок болуп
Кыйналган жаман кунду алыстатып
Кетсе экен туболукко болок болуп
Конулдуу жашашыма озун себеп
Сезимден тартуулачы мага белек
Элге окшоп мансап бийлик кутпосом да
Жон гана мен бактылуу болгум келет
Улан Салибаев✍
Жашоодо табыштырган тагдыр мага
Сен барда унутулуп кайгы санаа
Ар убак сени менен бирге болуп
Жаныма куч бересин озун гана
Ойдого алга жылып обок болуп
Жашоодо бир журолу жолок болуп
Кыйналган жаман кунду алыстатып
Кетсе экен туболукко болок болуп
Конулдуу жашашыма озун себеп
Сезимден тартуулачы мага белек
Элге окшоп мансап бийлик кутпосом да
Жон гана мен бактылуу болгум келет
Улан Салибаев✍
Билем, бирок кызганам🦢
Кыялым бар акыл-ойго сыйбаган,
Кылыгымды кыя карап сындабаң.
Ачууланбаң сүйлөп койсом эркелеп,
Анткени мен көп кыздардан кызганам.
Жаныңыздан айланчыктап жылбаган,
Балким сезим аларды да кыйнаган.
"Кулуп койсом, теңтуш болду" дебеңиз,
Сизди карап күлгендерден кызганам.
Жакын жүргон, сырдаш болгон, сыйлаган,
Жанымдагы курбумда да кызганам.
Балким дейсиз:
"Эх, акылсыз, тентек кыз", Керек болсо өзүмдөн да кызганам.
Өзуңуз деп сезимдерим ырбаган,
Макул болгом, мен да каршы чыкпагам.
Түшүнүңүз, жаман ойго барбаныз,
Сиздей эле мен да сизди кызганам.
Жолукканда көздөрүмдөн жанат от,
Өчот бир кун табы кайтып ушул чок
Белгилүү го, сизге дагы мага да,
Билем, билем кызганууга акым жок. ...
Табы кайтат, өчөт бир күн жанган от
Агатайым, жакшы билем акым жок...
Назгуль Атабекова✍
Кыялым бар акыл-ойго сыйбаган,
Кылыгымды кыя карап сындабаң.
Ачууланбаң сүйлөп койсом эркелеп,
Анткени мен көп кыздардан кызганам.
Жаныңыздан айланчыктап жылбаган,
Балким сезим аларды да кыйнаган.
"Кулуп койсом, теңтуш болду" дебеңиз,
Сизди карап күлгендерден кызганам.
Жакын жүргон, сырдаш болгон, сыйлаган,
Жанымдагы курбумда да кызганам.
Балким дейсиз:
"Эх, акылсыз, тентек кыз", Керек болсо өзүмдөн да кызганам.
Өзуңуз деп сезимдерим ырбаган,
Макул болгом, мен да каршы чыкпагам.
Түшүнүңүз, жаман ойго барбаныз,
Сиздей эле мен да сизди кызганам.
Жолукканда көздөрүмдөн жанат от,
Өчот бир кун табы кайтып ушул чок
Белгилүү го, сизге дагы мага да,
Билем, билем кызганууга акым жок. ...
Табы кайтат, өчөт бир күн жанган от
Агатайым, жакшы билем акым жок...
Назгуль Атабекова✍
Сен жолуктуң🍃
Бакчадагы ажайып кооз гүлдөр сымал
Келбетиң өзгөчө бир күлүп турар
Көңүлдөгү кайгыларды, капаларды
Ошол сыйкыр көздөрүң унуттурар
Жазган бекен сени менин тагдырыма
Баш ийип махабаттын жарлыгына
Үлбүлдөп жалыны өчүп бара жаткан
Жүрөгүмдүн отун кайра жандырууга
Көкүрөктө сезимдер ташып толуп
Батына албай турамын бакыт конуп
Кала берет турмушта, өмүрүмдө
Сени менен жолуккан күн тарых болуп
Анарбек Абдиев✍
Бакчадагы ажайып кооз гүлдөр сымал
Келбетиң өзгөчө бир күлүп турар
Көңүлдөгү кайгыларды, капаларды
Ошол сыйкыр көздөрүң унуттурар
Жазган бекен сени менин тагдырыма
Баш ийип махабаттын жарлыгына
Үлбүлдөп жалыны өчүп бара жаткан
Жүрөгүмдүн отун кайра жандырууга
Көкүрөктө сезимдер ташып толуп
Батына албай турамын бакыт конуп
Кала берет турмушта, өмүрүмдө
Сени менен жолуккан күн тарых болуп
Анарбек Абдиев✍
Аранарда жүрөт менин сүйгөнүм🕊
Ал билбейт да ичтен жанып жүргөнүм,
Сезимиме чокту салып кулгөнүн.
Сынай карап, ырым окуп азыр да,
Аранарда турат менин сүйгөнүм...
Келген сымал периштедей бейиштен,
Билбейм аны жактырганым неликтен.
Көп жигиттин катарынан бөлүнүп,
Турат жаным өң-келбети келишкен.
Суйду экен деп деги кимди анчалык,
Турасыңар ичиңерден таң калып.
Кызганганым ичтен туюп билбестен,
Кеп сулууга турат азыр курчалып.
Бактылуумун - карап эле күлгөнүн,
Азап берет жүрөгүмө жүргөнүм.
Кемтиги жок, төгөрөгү төп келген,
Аранарда жүрөт менин сүйгөнүм...
Ырыс Адылбекова
Ал билбейт да ичтен жанып жүргөнүм,
Сезимиме чокту салып кулгөнүн.
Сынай карап, ырым окуп азыр да,
Аранарда турат менин сүйгөнүм...
Келген сымал периштедей бейиштен,
Билбейм аны жактырганым неликтен.
Көп жигиттин катарынан бөлүнүп,
Турат жаным өң-келбети келишкен.
Суйду экен деп деги кимди анчалык,
Турасыңар ичиңерден таң калып.
Кызганганым ичтен туюп билбестен,
Кеп сулууга турат азыр курчалып.
Бактылуумун - карап эле күлгөнүн,
Азап берет жүрөгүмө жүргөнүм.
Кемтиги жок, төгөрөгү төп келген,
Аранарда жүрөт менин сүйгөнүм...
Ырыс Адылбекова
Мага жолдош болчу адам🫀
Суйсун мени - башка адамга кыйбасын,
Ата-энемди, ата-энесин сыйласын.
Бекем болуп ичиндеги ыйманы,
Жымыңдашкан кыздарга кез кыспасын.
Кошоматка жагынбасын бироого
Жаман журуп батпасын эч күнөөгө
Жума куну мечит карай бет алсын,
Жаамы журтка жакшылыкты тилоого
Күчтүү болсун коргогонго билеги,
Жакшы жолго ыктап турсун тилеги.
Түшүндүрүп көз караштан баарысын,
Өзү токтоо, сүрдүү болсун кареги
Чынчыл болсун ишеничтен чыкпаган,
Өз жумушун мыкты билип аткарган.
Болсун жана барк-бедели жогору,
Дос-душманы сыйлап аны барктаган!
Ырыс Адылбекова
Суйсун мени - башка адамга кыйбасын,
Ата-энемди, ата-энесин сыйласын.
Бекем болуп ичиндеги ыйманы,
Жымыңдашкан кыздарга кез кыспасын.
Кошоматка жагынбасын бироого
Жаман журуп батпасын эч күнөөгө
Жума куну мечит карай бет алсын,
Жаамы журтка жакшылыкты тилоого
Күчтүү болсун коргогонго билеги,
Жакшы жолго ыктап турсун тилеги.
Түшүндүрүп көз караштан баарысын,
Өзү токтоо, сүрдүү болсун кареги
Чынчыл болсун ишеничтен чыкпаган,
Өз жумушун мыкты билип аткарган.
Болсун жана барк-бедели жогору,
Дос-душманы сыйлап аны барктаган!
Ырыс Адылбекова
БОЛЧУ МЕНИН ЖУБАЙЫМ
Ошол күнү тарттым санаа, убайым,
Мендик кылсын сени дайым Кудайым.
Гүлдү сундум сурап сенин колуңду,
Болосуңбу менин асыл жубайым?
Сунган гүлүм сүйүүбүздүн булагы,
Жалғыз сенсиң жүрөгүмдүн ынагы.
Келин эмес, болосуң сен периштем,
Үйүбүздүн куту, шамы, чырагы.
Жаным менин жүрөгүмдүн жартысы,
Биз экөөбүз бир булактын тамчысы
Бир мүнөткө алыс болсоң сагынам,
Себеби сен, бүт жашоомдун жарчысы.
Эрнисбек кызы Жасмина✍
Ошол күнү тарттым санаа, убайым,
Мендик кылсын сени дайым Кудайым.
Гүлдү сундум сурап сенин колуңду,
Болосуңбу менин асыл жубайым?
Сунган гүлүм сүйүүбүздүн булагы,
Жалғыз сенсиң жүрөгүмдүн ынагы.
Келин эмес, болосуң сен периштем,
Үйүбүздүн куту, шамы, чырагы.
Жаным менин жүрөгүмдүн жартысы,
Биз экөөбүз бир булактын тамчысы
Бир мүнөткө алыс болсоң сагынам,
Себеби сен, бүт жашоомдун жарчысы.
Эрнисбек кызы Жасмина✍
СУЙУУ🤍
Суйуу- дастан айтып буткус тарыхы
Суйуу- оору, болбойт анын дарысы
Санаан кучоп, кусалыгын сезилсе
Бул, оорунун сага жугуп жатышы
Билбейт суйуу алысты да жакынды
Ылгабайт ал байбы, балким жардыбы
Кээде болотжазгы гулдун жыпары
Кээде болот журок эзген музасы...
Эркин танып, акылынды алат суйуу
Азап, мунга, кайгыга салат суйуу
Мунун баары махабаттын сыноолору
Ким чыдаса буларга ошол кучтуу
Коздорун сокур болот, бул да-суйуу
Конулун кирге толот, бул да-суйуу
Кучун жыйнап женсен ар бир ызоолорун
Зор бакытка алып келет акыр тубу..!
Ырыс Адылбекова
Суйуу- дастан айтып буткус тарыхы
Суйуу- оору, болбойт анын дарысы
Санаан кучоп, кусалыгын сезилсе
Бул, оорунун сага жугуп жатышы
Билбейт суйуу алысты да жакынды
Ылгабайт ал байбы, балким жардыбы
Кээде болотжазгы гулдун жыпары
Кээде болот журок эзген музасы...
Эркин танып, акылынды алат суйуу
Азап, мунга, кайгыга салат суйуу
Мунун баары махабаттын сыноолору
Ким чыдаса буларга ошол кучтуу
Коздорун сокур болот, бул да-суйуу
Конулун кирге толот, бул да-суйуу
Кучун жыйнап женсен ар бир ызоолорун
Зор бакытка алып келет акыр тубу..!
Ырыс Адылбекова