Сүйүү саптары. Поэзия.
7.93K subscribers
11 photos
33 videos
11 links
"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@erkinbek_kyzy_meerim
@Dal_oshol_bakaj жазыңыз
Download Telegram
ЖҮРӨЛҮ БИР


Жигит:
Ашыгым, сүйгөнүмсүң, жүрөгүмсүң,
Сен менин кыялкечим түнөгүмсүң.
Жашоодо мени менен бирге болгон,
Ардагым менин ыйык мүрөгүмсүң.

Кыз:
Сиз менин өзгөчөмсүз аяганым,
Ишенип сүйүктүүм деп таянарым.
Ээрчишип сиз экөөбүз сейилдесек,
Болдуңуз жароокерим саябаным.

Жигит:
Алтыным, мен чынында ашык болдум,
Эркелеп муш жүрөккө өзүн толдуң.
Ажырап менден кетпей асыл затым,
Бир болуп, бирге баскын сүйүү жолун.

Кыз:
Бир болуп, бирге басам сүйүү жолун,
Түбөлүк кармасаңыз эгер колум.
Айтайын жалган эмес чындыгымды,
Арбалып өзүңүзгө ашык болдум.

Жигит:
Жакыным анда бирге жүрөлү бир,
Бакытты башыбызга үйөлү бир.
Жашоону бирибизден түбөлүккө,
Ажырай алгыс болуп сүрөлү бир.

Кыз:
Сүйүктүүм биз бактылуу жүрөлү бир,
Бакытты башыбызга үйөлү бир.
Ырыстуу үй-бүлөнү куруп алып,
Өмүрдү араздашпай сүрөлү бир.


Турсункулова Айдана.
АСЫЛКЕЧ

Ой асылкеч, калчу эмессиң унутта,
Өрттү кечип, жоодо жүргөн кезде мен,
Ок атышуу тынган ар бир минутта,
Улам-улам улутуна эстегем.

Не бир кызуу чабуулдарда, кармашта
Биз душманды, душман бизди сездеген,
Элесиңди эсте тутуп ар башка,
Минут сайын мен канча ирет эстегем.

Капысынан кирип барып, тез гана
Же кыштакты, же калааны көздөгөн
биз бошоткон кубанычтуу кезде да,
Мен өзүңдү сагыныч менен эстегем.

Же жатканда блиндажда тактада,
Ар кимибиз өз эрдигин сөз менен
жетине албай айтып жаткан чакта да,
Мен өзүңдү ыйлай жаздап эстегем.

Элге апкелип тынч мезгилди мурдагы,
Биз жеңишти көрүп кайттык көз менен.
Бирок менде күн болгон жок бир дагы
Сен сагынтып, жүрөгүмдү эзбеген!


Сүйүнбай Эралиев.
ПАСПОРТCУЗ СҮЙҮҮ

Сабалап бүт дүйнөнү кезип жүрөт,
Сен менен тагдыры бир... сезип жүрөт.
Сен үчүн буйрук алып Жараткандан,
Паспортсуз бирөө сага келип жүрөт.

Каралдым, өзүң ага жол табасың,
Каалабайм аны сенин жок санашың.
Периштең болуп сени чарк айланса,
Утурлап Сен гана аны тосо аласың.

Ал сенин жолугууну каалап турат,
Сен менен бир болууну самап турат.
Байкалбай басыгыңды санап турат,
Көрүнбөй көздөрүңдү карап турат.

Паспортсуз дебей аны кабыл алсаң,
Сезимиң бүчүр байлап, гүлдөп чыгат.
Ал сени падышадан өөдө коюп,
Ал сага бактың болуп кызмат кылат.

Көп эле көрмөксөнгө сала бербе,
Көрбөгөн өңдүү көктө жанган Күндү.
Периштем, сен көрбөгөн – Махабат ал!
Паспортсуз ошол жандын аты СҮЙҮҮ!


Атантай Акбаров.
КАЙДАСЫҢ СЕН?

Алда качан сүйүү сиңип канымда,
Бүткүл денем алоолонот жалында.
Кайдасың сен, мен алыста деп жүргөн,
Балким жүрбө кадам жерде, жанымда?

Же соолубай, же шаркырап агалбай,
Же жүрөктүн каалаганын табалбай,
Капаланам, зарыгамын, издеймин.
Алоолонтуп сүйүү отун жагалбай.

Тапкан жокмун уяңдыктын пайдасын.
Кантем эми махабаттын айласын.
Кана унчук, издегеним жооп бер,
Кандай кызсың, кай жерликсиң, кайдасың?

Кайдасың от, муз үстүндө жагылган?
Кайдасың сен, мен издеген, сагынган?
Каным менен учуп жүрөт ар качан
Картайбаган канаты бар чагылган!


Турар Кожомбердиев.
МАРЖАН КӨЗ

Адеми заада, ай чырай,
арзуумду айтам кантип-ай?!
Өрүлгөн чачың сунулуп,
өлүмдөн тартып алчудай!

Каршымдан чыкса карааның –
калтырак басып каламын.
Кирпигим тийип кетет деп,
ирмебей көздү караарым!

Маанайым чөксө эрте-кеч,
маржан көз, сенден дем келет.
Алчы, таа түшкөн чүкөмдүн
үстүндө турчу эркелеп?!

Сулуунун сендей султанын
сур булут тиктеп – нур-жалын.
Уйкуга кирсең – ой-санаам
уйпалап кайтат жуурканың…

Гүл-сүрөт болуп – чыныдан
күйгөнүм баалап тур улам.
Сөйкө бир жасап таксам дейм
булбулдун гана ырынан?!

Азапка салдың, ай чырай,
арзуумду айтам кантип-ай?!
Өрүлгөн чачың сунулуп,
өлүмдөн тартып алчудай!


Кожогелди Култегин.
МЕНИН СҮЙГӨНҮМ

Эстүү болуп эстүүмүн деп айтпаса,
Көп мактанбай көйрөңдүгүн таштаса,
Токтоо мүнөз эстүү болуп ар качан,
Мен барктасам ал да мени барктаса.

Көргөн жерден күлө карап жылмайып,
Көңүлүңдү калтырбаса какпаса.
"Баланчанын сүйгөнүндөй жан жок" деп
Тууган элиң, жолдошторуң мактаса.

Бек ишенип берген антты, сырыңды
Өмүрүнчө өз ичинде сактаса.
Жүрөгүндө сага арнаган сүйүүсү
Ысык болсо, тунук болсо таптаза.

Ар убакта арман болбос жигитте,
Сүйгөн жарың ушуларды аткарса.


Байдылда Сарногоев.
Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып,
Жан сырым төккөн элем сага барып,
Жаагымды алаканың астаа сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.

Ширин-ширин аңгеме куруп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң,
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүсүң.

Биз үчүн биринде кең,биринде тар,
Өмүрдүн жылдар,айлар,мүнөтү бар,
Менин бир эскии жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.

Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк,
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет..

Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт,шарап,жаштык деген,
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.
Мен соолуктум,көзүмдү турмуш ачты,
Сен жолукчу өзүңө айтып берем...


Элмирбек Иманалиев
Сулейман ЛАЭК
(Ооган акыны)

ТУЮК ЖОЛ

Калың туман каптап турат дубанды.
Жолдор тайгак, жолдор көзсүз караңгы.
Кара булут туңгуюкка туш болгон,
Кербен сыңар капчыгайга камалды.

Шамал буруп, калтыргансып унутта,
Буура болуп буркулдашат булуттар.
Калч-калч эткен бутактардан коктуга
Суулар агат. Туш тарабым бийик жар.

Эч кайрымсыз салуучудай алаамат,
Асман бети караргандан карарат.
Алачыгын беттеп чабат малчылар,
Чала тоют малын таштап аманат.

Айра таанып болбойт анын жүздөрүн.
Муздай тоңуп калгансыды бүт деним.
Көздөн учат – карааны жок, караңгы,
Жүргөн жолдор жүз кетип да, жүз келип.

Кулак угуп, көз көрбөгөн жерге мен,
Жалгыз-жарым жаралгандай өңдөнөм.
Карбаластайм кадап көздү алдыга,
Үзүлбөгөн күдөр менен, дем менен.

Туңгуюкта туталанам, тумчугам,
А түн демеп бороонуна туш кылат.
Анткен сайын канаттарым кайрылып,
Анткен сайын артка жылат муз-туман.

О, пери кыз! – Сенде жүрөк жалыны.
Өтмө катар өттү түндүн жамгыры.
Эшигиң ач, кучагыңан жай бергин,
Эсалтайын эңгиреген жанымды.

Ашыктыкка арба мени, өрттөгүн,
Азганымды, тозгонумду сезбейин.
Таң азандан турсун нурга чайынып,
Мен табалбай жүргөн жолдор кечтеги!


Которгон: Алым Токтомушев.
"Сен жөнүндө поэма" ырлар циклинен
* * *
Мен сени сүйгөн жокмун көзүң үчүн
Күлгөндө жазгы гүлдөй жайнап кеткен.
Мен сени сүйгөн жокмун сөзүң үчүн
Кайгыны көкүрөктөн айдап кеткен.

Мен сени сүйгөн жокмун боюң үчүн
Жигиттин талабына жооп берген.
Жок, сени сүйгөн жокмун оюң үчүн
Ак нурдай Ай алдынан кармап келген.

Мен сени сүйгөн жокмун сырың үчүн
Эч качан, эч кимдерге жандырбаган.
Бар туруп айтаар сөзүм, каруу күчүм
Бактысыз сени карап жалдырагам.

Мен сени сүйдүм сүйүү бардыгынан
Жаркырап, жаңыланып, сезим гүлдөп.
Көңүлдө жан көшүлткөн жашыл ыраң
Бүрдөбөй калган багым кайра бүрдөп.


Омор Султанов.
АГАЙ...

Ойлорум бүтпөйт,оролуп" агай " сиз -деген.
Ооматтуу өмүр,сабынан сизди издегем.
Бакыттын кушу ,болоюн алыс учурбай,
Кармаңыз агай ,шам болуп берем сизге мен!

Ойлонто берген,сыйкырдан бүткөн белеңиз?
"Сагынып жүрөм,кусамын мен да"- дебеңиз.
Сөзүбүз айтпай ,көзүбүз сүйлөп турса да,
Сыр бербей ичтен сызылып мында келебиз.

Көзүңүз-деңиз,көөнөрбөс дүйнө чалкыган,
Толукшуп алып, толкундап араң тартылам.
Кызганып алган кызыктай ушул адатты,
Билбеймин агай канткенде ,кантип калтырам.?

Угуңуз агай,убакыт утат арадан.
Убайым тартып,унутпай жүргөн бар адам.
Буйруктуу болсо жолугуп агай калаарбыз ,
Жылдызы сизге окшогон жарык калаадан!



Максатгүл Жанузакова.
ОТ КОЙГУН МАХАБАТТЫН МИЛТЕСИНЕ

Жыттасам жыпар мончок илебиңден,
Жылдызым учуп чыгат жүрөгүмөн.
Күндүзү Күнүм болсоң, түнкүсүн Ай,
Экөө тең өзүң го деп жүрөмүн мен.

Бакытым сенин чолпон көздөрүңдө,
Байлыгым сенин наздуу сөздөрүңдө.
Жүз жылдык ырахатты алгансыймын,
Жүзүңдөн бир нур чачып өткөнүңдө.

Ак куунун моюнуна окшоп салааларың,
Жиресе чачтарыңдын араларын.
Тап-такыр эрип эле кетким келет,
Тапшырып жан дүйнөмдүн сага баарын.

Эмесе жаным бирге жаркын жазым,
Жаштык кез алмаз болуп жалтылдасын.
От койгун махабаттын милтесине,
Чагылган жарк-журк этип чартылдасын.


Байдылда Сарногоев.
САГА

Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
“Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…”

Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
“Эсен тур”–деп оң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.

Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.


Мидин Алыбаев.
МЕН ЖАШАГАН ЖҮРӨК...

Таштай муздак тагдырдан таап түнөгүн,
Үйү туруп, үшүгөн көп. Күбөмүн!
Эң жупуну, бирок мага жылуу үчүн,
Жашап жүрөм, жүрөгүндө бирөөнүн.

Өз үйүмдөй төрүнө аял качырсам,
Өздөй көрүп, кем-кетигим жашырган.
Башпаанектеп тура бер деп, бак тилеп,
Ошол жүрөк, жарым менен батырган.

Бала күттүм, чык дебеди. Сүйүндү,
Багым тайды, аяп мени күйүндү.
Жүрөгүмдө жаша деди акысыз,
Жүрөгүнө талап кылбай сүйүүмдү...

Күттү конок, улагага жай салып,
Кол шилтенди, баштар канча чайкалып.
Төр бош эмес, бошото албайм, бирөө бар,
Деген караш, көздөрүнөн байкалып...

Бошотууга себеп таппай жүйөөлүү,
Боорукер жан, бошото албай жүрөгүн...
Бактысынан бийик койгон бактымды,
Жүрөгүндө жашап жүрөм бирөөнүн...


Манас Алымбаев.
ЧАЧЫҢ СЕНИН…

Чачыңда нарк бардай жогорку
чачыла жаздап – шарт оңолчу.
Ичиңе каткын бүт сырды – деп,
ич жакка ийилчү, оролчу.

Кайрыгы баштанчу ырлардын,
кайталап сен аны ыргалдың.
И-ий, жүзүң жарк этчү чач жарып –
ичинен чыккандай ыймандын.

Кылчайсаң чачтарың жалт берип,
кызыкты сүрөткө тарт дедик.
Ойондор артыңдан селейчү
оозуна шерт келип, ант келип!

Сезимдин сиңдиси – чач-жалын
серпилтип кооздочу жаш чагың.
Чабагы баштанып опокшош
чабаган атуучу каштарың!

Бакыттын жайнаткан чачыла
байланган баштанчу чачыңа.
Сүлкүлдөп турган ал кезиңди
сүрөттөп туруучу ашыра.

Оң бетиң астына салынып,
сол бетиң үстүнө жамынып –
кырыңдан жатканда – кетчүсүң
кылымдар кыйрына агылып.

Чач-уя ичинде түш ашып…
чалкыган сезимде күч ашып…
Түнү да чачыңдын бир учу
туруучу күндүзгө туташып.
Бир учу кайрылып эрдиңде…


Кожогелди Култегин.
СҮЙГӨНҮМДҮН СҮРӨТҮНӨ

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу, мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.


Мидин Алыбаев.
Поэзия дүйнөсү📝🌺
🌼Поэзия ыргактары
🌼Жүрөктөн чыккан сөздөр
🌼Жон эле ойлор
🌼Цитаталар
Суроолор боюнча админ:
@UlukbekTalkanbaev

Катталыңыз.

https://t.me/joinchat/WVoq9GlX9Df5eKpn
https://t.me/poeziaduinosu
ШАРФ

Узун бойлуу, жаркын жан,
учуп түшкөн шарфыңдан!
Так эңкейип алперип,
таанышалбай жанчылгам.

Көргөн сымал калк камын,
көлбөөрүтө тарткамын –
убап-чубап бир өмүр,
узундугун айтпагын!

Ынтаа менен жалт карап,
ырахматты кайталап,
серпип койдуң мойнуңа
сен ансайын кайкалап!

Жарк эткениң көз көрүп,
жандым жапырт өзгөрүп –
менде болчу шарф учу
мээримиңди өткөрүп!

Келкел кешик жансыңбы?!
Кемитпедим баркыңды –
шактадың-ов, гүлдөдүң
шар-арт алперсем шарфыңды!

Керип колтук шаттандым,
кең дүйнөдө нак бармын –
милдетимди атуулдук
миң эсе көп аткардым!

Ансайын да каны ысып,
ак, сары түс жарышып –
катар жолду шарфтагы
катар бассак арытып?!

Суйкайганың бал сымал!
Суйсалганың тал сымал!
Олтургузуп бизди бир,
оросунчу шарфың ал…


Кожогелди Култегин.