СҮЙҮҮ ТЕЛЕФОНУ
Таанып шарт менин сүйлөп жатканымды,
тарс уруп телефонду таштадыңбы?!
Үйрүлүп турсам дагы – дал ушинтип
үстүмө таштайсың го асманыңды...
Чыдабай неге чалдым?«Келесоомун».
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка бирди(!) жеген иттей
каңшылап жатат колдо телефонум.
Каңшылап жатат сүйүү-телефонум...
Кожогелди Култегин.
Таанып шарт менин сүйлөп жатканымды,
тарс уруп телефонду таштадыңбы?!
Үйрүлүп турсам дагы – дал ушинтип
үстүмө таштайсың го асманыңды...
Чыдабай неге чалдым?«Келесоомун».
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка бирди(!) жеген иттей
каңшылап жатат колдо телефонум.
Каңшылап жатат сүйүү-телефонум...
Кожогелди Култегин.
АШЫКТЫК КАТЫ
Ашыктыктын катын алып сүйүндүм,
Нуру болуп жаркып чыккан күнүмдүн.
Күчөп барат сагынычым эстесем,
Көз жетпеген жолу узун сүйүүнүн .
Махабаттын шурусунан тагындым ,
Издеп жүрүп мен өзүңө багындым .
Алмаштырбай сени жаным эч кимге ,
Жылуу болгон сезимиңди сагындым .
Карап турчу көз алдыңда уктайын ,
Суук күндөрдө кучагыңдан чыкпайын .
Бери келчи жакын болчу жаныма ,
Бек кучактап алкымыңдан жыттайын.
Ормон кызы Айтунук.
Ашыктыктын катын алып сүйүндүм,
Нуру болуп жаркып чыккан күнүмдүн.
Күчөп барат сагынычым эстесем,
Көз жетпеген жолу узун сүйүүнүн .
Махабаттын шурусунан тагындым ,
Издеп жүрүп мен өзүңө багындым .
Алмаштырбай сени жаным эч кимге ,
Жылуу болгон сезимиңди сагындым .
Карап турчу көз алдыңда уктайын ,
Суук күндөрдө кучагыңдан чыкпайын .
Бери келчи жакын болчу жаныма ,
Бек кучактап алкымыңдан жыттайын.
Ормон кызы Айтунук.
Сезими анын –
сезимдердин эң агы,
Тилеги да,
пейили да миң аруу,
Сүйүп калгым
келип кетет кээ бирде,
Мага деген
сүйүүсү үчүн мен аны...
Башкача бир
жылуу, нурлуу мээрими,
Көз тайгылып,
билбейм эмне дээрими.
Баёо, кирсиз
көздөрү үчүн мен аны,
Сүйүп калгым
келип кетет кээ күнү.
Сүйүү жок деп
калп айтышат көптөрү,
Сокур дешет,
кээде анын көздөрү,
Жаңылышат!
Көзү тунук сүйүүнүн,
Анткени ал,
көрбөйт сенден өзгөнү...
Жыпар Исабаева.
сезимдердин эң агы,
Тилеги да,
пейили да миң аруу,
Сүйүп калгым
келип кетет кээ бирде,
Мага деген
сүйүүсү үчүн мен аны...
Башкача бир
жылуу, нурлуу мээрими,
Көз тайгылып,
билбейм эмне дээрими.
Баёо, кирсиз
көздөрү үчүн мен аны,
Сүйүп калгым
келип кетет кээ күнү.
Сүйүү жок деп
калп айтышат көптөрү,
Сокур дешет,
кээде анын көздөрү,
Жаңылышат!
Көзү тунук сүйүүнүн,
Анткени ал,
көрбөйт сенден өзгөнү...
Жыпар Исабаева.
СҮРӨТЧҮ КЫЗ
Татынакай сүрөтчү кыз,сүрөтчү,
Ээлик кылып,ээлеп алды жүрөктү.
Эскиз тартып ойго батып олтурган,
Элестериң уйку бербей жүдөттү.
Татына кыз,таланты күч сүрөтчү,
Өзүңдү ойлоп, айлар өттү, күн өттү.
Ай жүзүңдү арманда өтпөй көрсөм деп,
Күтүп жүрөм ошол саатты-мүнөттү.
Кисть кармаган колдоруңдун агынан,
Талантыңа тизе бүгөм татынам.
"Портретим тартып берчи перим"-деп,
Кантип айтам кантип,кантип батынам?
Өйдө, төмөн чимириле бийлеген,
Кирпигиңден жасалгандай кыл калем.
Мен таланттуу акын болсом эгерде,
Портретиң тартаар элем ыр менен.
Кубатбек Карагулов.
Татынакай сүрөтчү кыз,сүрөтчү,
Ээлик кылып,ээлеп алды жүрөктү.
Эскиз тартып ойго батып олтурган,
Элестериң уйку бербей жүдөттү.
Татына кыз,таланты күч сүрөтчү,
Өзүңдү ойлоп, айлар өттү, күн өттү.
Ай жүзүңдү арманда өтпөй көрсөм деп,
Күтүп жүрөм ошол саатты-мүнөттү.
Кисть кармаган колдоруңдун агынан,
Талантыңа тизе бүгөм татынам.
"Портретим тартып берчи перим"-деп,
Кантип айтам кантип,кантип батынам?
Өйдө, төмөн чимириле бийлеген,
Кирпигиңден жасалгандай кыл калем.
Мен таланттуу акын болсом эгерде,
Портретиң тартаар элем ыр менен.
Кубатбек Карагулов.
МЕН САГА БАРАТАМЫН
Сен мени байлап алып карашыңа,
Сезимдин алыскы бир калаасына,
Кошо алып кеттиң окшойт өзүң менен,
Кондуруп алып сезим канатына.
Тузакка түшүп жүрөк... туткундалып,
Туйлашы башкача бир тынчымды алып,
Тыпырап бир орунга отура албай,
Чакырат бет алдымдан сүйкүм жарык.
Сезимден жол төшөлүп көрүнбөгөн,
Түшүмдө, кыялымда, өңүмдө мен,
Токтолбой толкун жиреп баратамын,
Кудурет- күчкө ээ болуп чөмүлбөгөн.
Жыпар Исабаева.
Сен мени байлап алып карашыңа,
Сезимдин алыскы бир калаасына,
Кошо алып кеттиң окшойт өзүң менен,
Кондуруп алып сезим канатына.
Тузакка түшүп жүрөк... туткундалып,
Туйлашы башкача бир тынчымды алып,
Тыпырап бир орунга отура албай,
Чакырат бет алдымдан сүйкүм жарык.
Сезимден жол төшөлүп көрүнбөгөн,
Түшүмдө, кыялымда, өңүмдө мен,
Токтолбой толкун жиреп баратамын,
Кудурет- күчкө ээ болуп чөмүлбөгөн.
Жыпар Исабаева.
ЭГЕР БОЛСОМ
Күн болсом, көз уялтып жаркыраган,
Нурума каалаганча канар элең.
Суу болсом, аскалардан шаркыраган,
Суйкайып суу алууга барар элең.
Күркүрөп капчыгайды жарып өтүп,
Чарпылып кучагыма алар элем.
Түбөлүк махабатка кир жугузбай,
Сүйгөнүм, кубанчыңа канар элем.
Жан жеткис, тилсимдеги мүрөк болсом,
Эсепсиз узун өмүр берер элем.
Гүлдөгү сайрап турган булбул болсом,
Талпынып так жаныңа келер элем.
Ойлонуп, уктай албай жатканыңда,
Оюңду сайроо менен жеңер элем.
Алдастуу акын болбой, ташчы болсом,
Аскага сүрөтүңдү чегер элем.
Аалы Токомбаев.
Күн болсом, көз уялтып жаркыраган,
Нурума каалаганча канар элең.
Суу болсом, аскалардан шаркыраган,
Суйкайып суу алууга барар элең.
Күркүрөп капчыгайды жарып өтүп,
Чарпылып кучагыма алар элем.
Түбөлүк махабатка кир жугузбай,
Сүйгөнүм, кубанчыңа канар элем.
Жан жеткис, тилсимдеги мүрөк болсом,
Эсепсиз узун өмүр берер элем.
Гүлдөгү сайрап турган булбул болсом,
Талпынып так жаныңа келер элем.
Ойлонуп, уктай албай жатканыңда,
Оюңду сайроо менен жеңер элем.
Алдастуу акын болбой, ташчы болсом,
Аскага сүрөтүңдү чегер элем.
Аалы Токомбаев.
ТААРЫНЧААГЫМ
Тултуюп туруп алган адатың бар,
Мен ага көнүп бүттүм, чартылдагым.
Нуруң бар караңгыны жарык кылаар,
Тултуйбай күлүп турчу, жаркылдагым.
Кай жерден, кандай кезде таарынаарың,
Сеземин, ар убакта туюп турам.
Билем, буга кандай шылтоо табыларын,
Ансайын тамашалап күлүп турам.
Билинет, таарынганың сөздөрүңдөн,
Суроолорго кыска кыска жооп болуп.
Көрүнөт бул нерсе көздөрүңдөн,
Кылгырып, сүзүлүп, жашка толуп.
Белги берип коёсуң буга өзүң,
Чырдайсың, айтканыма макул болбой.
Тултуйганда чыга келет аппак жүзүң,
Кызарып жакшы бышкан помидордой.
Анарбек Абдиев.
Тултуюп туруп алган адатың бар,
Мен ага көнүп бүттүм, чартылдагым.
Нуруң бар караңгыны жарык кылаар,
Тултуйбай күлүп турчу, жаркылдагым.
Кай жерден, кандай кезде таарынаарың,
Сеземин, ар убакта туюп турам.
Билем, буга кандай шылтоо табыларын,
Ансайын тамашалап күлүп турам.
Билинет, таарынганың сөздөрүңдөн,
Суроолорго кыска кыска жооп болуп.
Көрүнөт бул нерсе көздөрүңдөн,
Кылгырып, сүзүлүп, жашка толуп.
Белги берип коёсуң буга өзүң,
Чырдайсың, айтканыма макул болбой.
Тултуйганда чыга келет аппак жүзүң,
Кызарып жакшы бышкан помидордой.
Анарбек Абдиев.
КЫЗГАНЫЧ ДАРТЫ
Оюмда бүдөмүк бир толгоо калып ,
Олтурган жерде калам бир аз талып.
Окшотуп алып сени башкаларга,
Өзүмчө жазалоого табам айып.
Болбогонду оюмда болтургандай,
Жүрөмүн ыза-муңду толтургандай.
Сезилет чынын айтсам мага дайым,
Сен менен башка кыздар олтургандай.
Менин бул кыйналуума тапчы даба,
Ойлонсом жетпей кетет кээде аба.
Сабырым барган сайын жукарууда,
Көрбөсөң болбой калды буга чара.
Жазгүлү Жапарбекова.
Оюмда бүдөмүк бир толгоо калып ,
Олтурган жерде калам бир аз талып.
Окшотуп алып сени башкаларга,
Өзүмчө жазалоого табам айып.
Болбогонду оюмда болтургандай,
Жүрөмүн ыза-муңду толтургандай.
Сезилет чынын айтсам мага дайым,
Сен менен башка кыздар олтургандай.
Менин бул кыйналуума тапчы даба,
Ойлонсом жетпей кетет кээде аба.
Сабырым барган сайын жукарууда,
Көрбөсөң болбой калды буга чара.
Жазгүлү Жапарбекова.
БИЛЕСИҢБИ?
Мен сендик элем, кучагым кенен,
Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,
Меники болуп сезилчү денең...
Кездешкис болуп узадык эле,
Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.
Кездешпейт азыр бир ошол дене,
Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.
Саргайган күздө санаа жок жүздө,
Телегей тегиз шуруңдай тизме,
Түбөлүк болуп сезилчү бизге...
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.
Олжобай Шакир
Мен сендик элем, кучагым кенен,
Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,
Меники болуп сезилчү денең...
Кездешкис болуп узадык эле,
Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.
Кездешпейт азыр бир ошол дене,
Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.
Саргайган күздө санаа жок жүздө,
Телегей тегиз шуруңдай тизме,
Түбөлүк болуп сезилчү бизге...
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.
Олжобай Шакир
ЧЫПАЛАКТАЙ БИР КЫЗГА
Эл айтмакчы экөөбүздүн боюбуз,
Бир сом менен элүү тыйын сыяктуу.
Ошентсе да бир чыккан да оюбуз,
Окшошобуз обончуга кыяктуу.
Эки колуң бир колума тең келет,
Бут кийимиң меникинин жартысы.
А бирок да жан дүйнөсү кең келет,
Жүрөктөгү махабаттын жартысы.
Аз болсо да окшошмун го акынга,
Ырым камдап ата-энеңе барсамбы?
Куда түшүп ушу сени жакында,
Чөнтөгүмө салып эле алсамбы...?
Майрамбек Өмүрбаев.
Эл айтмакчы экөөбүздүн боюбуз,
Бир сом менен элүү тыйын сыяктуу.
Ошентсе да бир чыккан да оюбуз,
Окшошобуз обончуга кыяктуу.
Эки колуң бир колума тең келет,
Бут кийимиң меникинин жартысы.
А бирок да жан дүйнөсү кең келет,
Жүрөктөгү махабаттын жартысы.
Аз болсо да окшошмун го акынга,
Ырым камдап ата-энеңе барсамбы?
Куда түшүп ушу сени жакында,
Чөнтөгүмө салып эле алсамбы...?
Майрамбек Өмүрбаев.
ИЗДЕЙМ СЕНИ
Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
Мен сени издеп келем – утуру арып,
Күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…
Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
Издеймин ийне-жибиң билип толук,
Калчылдап бут шилтенбей калган кезде
Кайгымды канттай чагып, шимип коюп.
Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!
Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй?!
Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!
Кожогелди Култегин.
Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
Мен сени издеп келем – утуру арып,
Күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…
Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
Издеймин ийне-жибиң билип толук,
Калчылдап бут шилтенбей калган кезде
Кайгымды канттай чагып, шимип коюп.
Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!
Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй?!
Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!
Кожогелди Култегин.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Окуган: Алишер Анарбек уулу.
Сөздөрүң – көтөрүп маанай, көңүлдү,
Көздөрүң – аруулап ийди өмүрдү.
Көрүнбөй көзүмө башка көрдүйнө,
Көлкүлдөп мээримим сага төгүлдү.
Үмүттү жакшылык күндөн үзбөгөм,
Күткөмүн жайында, кышта, күздө мен.
Качандыр табарым сезгем мен сени,
Жаз менен келет деп бирок күтпөгөм...
Жыпар Исабаева.
Көздөрүң – аруулап ийди өмүрдү.
Көрүнбөй көзүмө башка көрдүйнө,
Көлкүлдөп мээримим сага төгүлдү.
Үмүттү жакшылык күндөн үзбөгөм,
Күткөмүн жайында, кышта, күздө мен.
Качандыр табарым сезгем мен сени,
Жаз менен келет деп бирок күтпөгөм...
Жыпар Исабаева.
ЖАЗГА ОКШОШУМ
Жазга окшош жадыраган мүнөзүң,
Жазга сени окшоштуруп жүрөмүн.
Мейли кышпы, күзбү, жайбы, баары бир,
Жаз дүйнөсү жалгыз гана бир өзүң.
Кышта дагы илебиңде жаз жүрү,
Күздө дагы илебиңде жаз жүрү.
Мезгилдердин мерчеминде бүктөлүү,
Сенде гана таза сезим, ак сүйүү.
Жазга окшош жадыраган Канышам,
Карды эриткен жоогазындай татынам.
Жаздын жыты жашап сенде төрт мезгил,
Жаз күнүндай жаркыраган Каныша!
Кубанычбек Тентиев.
Жазга окшош жадыраган мүнөзүң,
Жазга сени окшоштуруп жүрөмүн.
Мейли кышпы, күзбү, жайбы, баары бир,
Жаз дүйнөсү жалгыз гана бир өзүң.
Кышта дагы илебиңде жаз жүрү,
Күздө дагы илебиңде жаз жүрү.
Мезгилдердин мерчеминде бүктөлүү,
Сенде гана таза сезим, ак сүйүү.
Жазга окшош жадыраган Канышам,
Карды эриткен жоогазындай татынам.
Жаздын жыты жашап сенде төрт мезгил,
Жаз күнүндай жаркыраган Каныша!
Кубанычбек Тентиев.
Көңүлдүн жазып бүктөмүн,
Көп ойлоп кайгы ичкеним.
Ыроолоп жазган сулууга,
Ырыма чыдап түткөнүм.
Оогондо түндөр келсем да,
Оокатын жасап күткөнүм.
Жаштыктан калган адат деп
Жатаарда келип калат деп,
Жарымдап көргөн түштөрүн.
Туткасын үйдүн кармаарым,
Тумардай тагып алганым.
Жадырап тосуп ар күнү
Жашоонун бирге таңдарын.
Ортоктош болуп тагдырга,
Окшошуп мага калганым
Чойтойгон жүзү мага окшош,
Чолпондой көзү сага окшош
Чоңоюп жатат балдарым.
Капамды айдап качырган,
Калкытып баркым ашырган.
Кызганып кетип кайрадан,
Кылыгын ичке жашырган.
Күн болуп бирде бүркөлүп,
Гүл болуп кээде ачылган.
Туулган күнүң кут болсун,
Тумарым болгон асыл жан.
Улукбек Омокеев.
Көп ойлоп кайгы ичкеним.
Ыроолоп жазган сулууга,
Ырыма чыдап түткөнүм.
Оогондо түндөр келсем да,
Оокатын жасап күткөнүм.
Жаштыктан калган адат деп
Жатаарда келип калат деп,
Жарымдап көргөн түштөрүн.
Туткасын үйдүн кармаарым,
Тумардай тагып алганым.
Жадырап тосуп ар күнү
Жашоонун бирге таңдарын.
Ортоктош болуп тагдырга,
Окшошуп мага калганым
Чойтойгон жүзү мага окшош,
Чолпондой көзү сага окшош
Чоңоюп жатат балдарым.
Капамды айдап качырган,
Калкытып баркым ашырган.
Кызганып кетип кайрадан,
Кылыгын ичке жашырган.
Күн болуп бирде бүркөлүп,
Гүл болуп кээде ачылган.
Туулган күнүң кут болсун,
Тумарым болгон асыл жан.
Улукбек Омокеев.
БАРАМ БИР КҮН
Ырларыңдын каарманы болуп алып,
Кыялымда булуттарга конуп алып.
Кымгуут болгон кыш чилденин кечиндеси,
Макул десең, мейли бир күн жолугалык.
Эстен кетпей,жолукчу күн тооруп алып,
Айрылууну , ойлоп улам ооруп алып.
Кантсе дагы чечүү үчүн тагдырымды,
Барам бир күн,тутам гүлдү колума алып.
Жашап жүрсөң жан дүйнөмдөн орун алып,
Сактап жүргөм кетире албай боорума алып.
Чек коюуу үчүн ортодогу мамилеге,
Барам бир күн мен шарапка тоюп алып...
Нургүл Абдразакова.
Ырларыңдын каарманы болуп алып,
Кыялымда булуттарга конуп алып.
Кымгуут болгон кыш чилденин кечиндеси,
Макул десең, мейли бир күн жолугалык.
Эстен кетпей,жолукчу күн тооруп алып,
Айрылууну , ойлоп улам ооруп алып.
Кантсе дагы чечүү үчүн тагдырымды,
Барам бир күн,тутам гүлдү колума алып.
Жашап жүрсөң жан дүйнөмдөн орун алып,
Сактап жүргөм кетире албай боорума алып.
Чек коюуу үчүн ортодогу мамилеге,
Барам бир күн мен шарапка тоюп алып...
Нургүл Абдразакова.
КАТЫП ЖҮРГӨН СҮЙҮҮМ БАР
Жаш жүрөктүн тапсаң боло аргасын,
Жаным селки, издеп жүрөм кайдасың?
Арген үндүү болбосом да Ырысбай,
А сен менин жандай сүйгөн Алмашым.
Алдас уруп эт жүрөктүн кургуру,
А сен жакка чабат ойдун дулдулу.
Элиремин Элмирбектей ыр курап,
Ээси сенсиң, ак сүйүүмдүн “булбулу”.
Ырга айлантпай таарынчымды, кайгымды,
Ырас эле айтып койчу дайныңды...
Ысык көрүп имерчиктеп жүрөйүн,
Ырга кошуп сенин туулган айлыңды...
Карегиңди көрүп жүрөк албырды,
Катып жүргөн сүйүү отум жандырды.
Качан болсо издеп сени баргым бар,
Карабастан кар-борошо,жамгырды!
Баккэлди Дүйшеев.
Жаш жүрөктүн тапсаң боло аргасын,
Жаным селки, издеп жүрөм кайдасың?
Арген үндүү болбосом да Ырысбай,
А сен менин жандай сүйгөн Алмашым.
Алдас уруп эт жүрөктүн кургуру,
А сен жакка чабат ойдун дулдулу.
Элиремин Элмирбектей ыр курап,
Ээси сенсиң, ак сүйүүмдүн “булбулу”.
Ырга айлантпай таарынчымды, кайгымды,
Ырас эле айтып койчу дайныңды...
Ысык көрүп имерчиктеп жүрөйүн,
Ырга кошуп сенин туулган айлыңды...
Карегиңди көрүп жүрөк албырды,
Катып жүргөн сүйүү отум жандырды.
Качан болсо издеп сени баргым бар,
Карабастан кар-борошо,жамгырды!
Баккэлди Дүйшеев.