Сүйүү саптары. Поэзия.
7.92K subscribers
11 photos
33 videos
12 links
"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@erkinbek_kyzy_meerim
@Dal_oshol_bakaj жазыңыз
Download Telegram
КЫШТЫ СҮЙГӨН СУЛУУ КЫЗ

Үлбүрөгөн назик сезим, ышкылуу,
Кылыгыңдан чагылууда бала кез.
Колу үшүгөн, а жүрөгү жыпжылуу,
Кышты сүйгөн периште кыз кара көз.

Келген өңдүү кымбат жаның сагынган.
Көздөрүңдө сүйүү, кубанч толо-мол.
Алтын сөйкөң күн баласы тагынган.
Кыпкызыл от мойнуңдагы оромол.

Күн эңкейди көлөкөңдү узартып,
Күмүш түскө чайынууда туш тарап.
Сен карасаң карлуу кышка сук артып,
Сага карап айлана бүт суктанат.

Эртең дагы ак сүйүүңдү жашырып,
Каштарыңдай кара тумак кийип кел.
Кардай таза сезимиңе баш ийип,
Кышты сүйсүн кышты сүйбөс жигиттер.


Улукбек Омокеев
КЫМБАТЫМ

Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын,
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?

Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын,
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?

Дарак тагып түркүн мөмө-сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?

Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылаар,
Келчи, келчи кыш чилдеде, кымбатым.


СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Аккыз Абасбекова, Эрбол Абыкеев.
https://t.me/aityshduinosu



"Айтыш дүйнөсү" каналына катталып, ашыктык ыр-термелерин , канды дүргүткөн патриоттук ырларды угуп, кулактын кычуусун кандырыңыздар!
МАГА ЖАГАТ

Мага жагат жылмайганың, күлгөнүң,
Шайыр болуп, бир мүнөздө жүргөнүң.
Жада калса көкүрөтөн бек кысып.
Кучагыңда мени катуу сүйгөнүң.

Жагат мага жай баракат басканың,
Эрте туруп жумушуңа шашканың.
Кылыктанып мага карап назданып,
Назиктенип эркелеп сен жатканың.

Дагы жагат сулуулугуң жүзүңдүн,
Добуштары жайлап чыккан күлкүңдүн.
Аалам сыры жашырылып койгонсуп,
Жагып келет ирмелгени көзүңдүн.

Жактырамын ак көңүлдүү мүнөзүң,
Ашыгымсың бул дүйнөдө бир өзүң.
Суусаганда кекиртекти кандырган,
Болдуңго сен ууртап ичкен мүрөгүм.


МАРЛИС ОСМОНАЛИЕВ
*  *  *

Аязы колду какшаткан,
Апакай кыштын кечинде.
Шаар ичи жанып ак шамдар,
Келаттык көчө четинде.

Көөдөндө сүйүү тумчугат,
Жаздагы албуут сел болуп.
Дүйнө-өмүр жаздай кулпурат,
Сен болуп анан мен болуп.

Өмүргө келип алтын күз,
Күбүлөөр кезде сымбатым.
Сыздатып асыл жүрөктү,
Жолуктуң неге кымбатым?

Айталбай сөздү тартынып,
Карайсың неге тайсалдай?
Кыялдын кууп артынан,
Өтүптүр жылдар байкалбай.

Канчалык кыйын болсо да,
Көөдөндө калсын арманым.
Жаз менен кошо узатып,
“Кайыр кош” деймин ардагым.

Дүйнө-өмүр жаздай кулпурат,
Сен болуп анан мен болуп…


НАЗГҮЛ ОСМОНОВА
АТТАП АЛДЫМ

Кемтик жайын толтурам деп боштуктун,
"Келет сени"- деп айттың сен "дос туткум".
Азгырылып ажарыңдын көркүнө,
А мен шертин бузуп кеттим достуктун...

Сенин дүйнөң ак кар сымал таза да,
Сезимталың мас болду окшойт мазаңа.
Жаңылыштык кылган достун айыбын,
Жазаласаң, сүйүү берип жазала.

Дарегимден адаштырган шоктук бу,
Бал эринден жалын татып, от жуттум.
Башка жандын кармаба деп колдорун,
Аттап алдым чек арасын достуктун.

Бөлөк жанга өзүңдү ыраа көрө албай,
Бөлүп кеттим чек арасын достуктун...

Адылбек Икрамбектегин
**
Күндөр өтүп, эсиме келесиң сен,
Себебин билесиңби эмнеликтен.
Сен кеткенде жылмайып кала бергем,
Деңиздин толкунундай термелип мен.

Сен ошондо айттың мага, кечир дедиң,
Ошондо эле сага айткам кечиргеним.
Унчукпастан сени анан кечирдим да,
Мен өзүмдү эч качан кечирбедим.

Сен бар кезде өмүрүм толукталган,
Сен жок кезде ичке арман толуп калган.
Сен экөөбүз коштошкон күндөн бери,
Жүрөк байкуш оорукчан болуп калган.

Бул өмүрдө сен деп соккон жүрөктү,
Неге мынча жек көрөсүң түшүнбөйм.
Балким мени унуткансың чын эле,
А мен сени жүрөгүмдөн түшүрбөйм.

Ачылбек уулу Нурзаман
МЕН СЕНИ ЖАНЫМ ЧЫГА ЖАЗДАЙ СҮЙДҮМ…

Оо эркем, сенин таппай көзүм катып,
Асман–Жер арасында жүрдүм калкып.
Ак тамак булбул болуп сен сайрасаң,
Көктамак булбул болдум үнүм катып.

Жүрсөк да түндүк, түштүк уюлда биз,
Таңгалтып, тагдыр кээде кошуп турду.
Каалаган кезде турмуш сууга ыргытып,
Каалаган кезде бизге от жуткурду.

Өзүңсүз өтүп жаткан күндөр жалган,
Бир чымчым жарыгы жок түндөр өлгөн.
Сен менен чайкайнамча болгон кезим,
Оо канча артык мага бейиш төрдөн.

Күн барбы менин оюм ишке ашар?
Ойлоймун: “Сүйүү, мынча жолуң татаал?”
Куураган кезде бакыт, сүйүү жетпей,
Кудайга болгум келет орун басар.

Бофорттун шкаласы өлчөй алгыс
бороондун жетегинде өмүр сүрдүм.
Жүрөгүм мухит сымал окторулуп,
Мен сени жаным чыга жаздап сүйдүм.
Оо сени жаным чыга жаздап сүйдүм!..

АТАНТАЙ АКБАРОВ
СУЛУУГА

Жаркырап тийген күн белең сулуу
Жайнаган жерде гүл белең сулуу
Дегдетип мынча кыйнадың мени
Дербиштей сени сүйдү элем сулуу

Жарыткан түндү ай белең сулуу
Жайнаган көрктүү жай белең сулуу
Тагдырым сенден күттүмбү билбейм
Таппадым такыр кайда элең сулуу

Табаармын бир күн сиз дедим сулуу
Таштабай кеттиң издериң сулуу
Таалайым сенден ачылабы деп
Талбастан такыр издедим сулуу

Түпөйүл кылдың сезимди сулуу
Түйшүккө салып өзүмдү сулуу
Түн кирсе такыр ойгонгум келбейт
Түшүмдө көрүп өзүңдү сулуу

Адылбек Икрамбек Тегин
#Эрлан_ЖУМАГАЗИЕВ

ОТ УУРТТАП АЛГАН КӨРҮНӨМ

Коргошундай эритүүмдү самасаң,
Сени эритпей өзүм эрип баратам.
Ысык демиң дене-бойду көлкүтүп,
Кылат чиркин, ызгаар кышты саратан!

Көлкүп денем оттой жанган демиңен,
Эрий берип, жок болбоймбу деги мен!
Оозуңан өөп, жүрөгүңдүн байкабай,
Отун кошо уурттап алган көрүнөм!
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
ПЕРИСИҢБИ

Көздөрү жылдыздардай жымыңдаган,
Көп жигит ага арнап, ыр-ырдаган.
Жамалың күн нурундай жылуу сенин,
Ким күндүн аптабына жылынбаган?

Мүнөзү ачык, шайыр, эрке, ширин,
Шимирип алмак элем, берсе тилин.
Тараса бүгүн нуруң, түндө ааламга,
Уялып чыкпай коймок, эртеси күн.

Сезимдер кытыгылап, тек ичимди,
Каалашат ак сүйүүмдү сезишиңди.
Адашып жалгыз жерге түшүп калган,
Үрлөрдүн бирисиңби, перисиңби?

Түшүнсөң кана, эмне айтаарымды,
А балким эчак эле байкадыңбы?
Мен болсо ыр жазгандан, башка дагы,
Мактайын сага жаным кайсы арымды?

Арбадың муукам, назик үнүң менен,
Мас кылат көздөрүң да күлүңдөгөн.
Мен эле болсом керек өжөр адам,
Меники болушуңдан түңүлбөгөн.

Автор: Дамир Кадыр уулу
17.12.2024ж.