ПОЭМАМСЫН, ДАСТАНЫМСЫН
Барган сайын сага жаным тартыламын,
Бирок сенсиз жалгыздыкта жанчыламын.
Жарыгы жок, айсыз түндө жашап келем,
Жарыгыңды чаччы мага шам чырагым.
Нурларыңдан көңүл жаркып, шаттанайын,
Досторума тааныштырып мактанайын.
Жалындаган жүрөгүмдү берейинчи,
Сезимдерин өчүрбөстөн сакта дайым.
Эч ким менен таанышпагын, жоолукпагын!
Менин гана аппак сүйүүм болуп дайым.
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким,
Көңүл деген гүлдөй назик солутпагын.
Мени жаным өзүң издеп тапканымсын,
Күнүм - айым, жылдызымсын, асманымсың.
Капысынан тагдырыма кирип келген,
Сүйүү - деген поэмамсын, дастанымсын.
Автор: Дамир Кадыр уулу.
12.11.2024ж.
Барган сайын сага жаным тартыламын,
Бирок сенсиз жалгыздыкта жанчыламын.
Жарыгы жок, айсыз түндө жашап келем,
Жарыгыңды чаччы мага шам чырагым.
Нурларыңдан көңүл жаркып, шаттанайын,
Досторума тааныштырып мактанайын.
Жалындаган жүрөгүмдү берейинчи,
Сезимдерин өчүрбөстөн сакта дайым.
Эч ким менен таанышпагын, жоолукпагын!
Менин гана аппак сүйүүм болуп дайым.
Көңүлүмө сенден башка сыйбайт эч ким,
Көңүл деген гүлдөй назик солутпагын.
Мени жаным өзүң издеп тапканымсын,
Күнүм - айым, жылдызымсын, асманымсың.
Капысынан тагдырыма кирип келген,
Сүйүү - деген поэмамсын, дастанымсын.
Автор: Дамир Кадыр уулу.
12.11.2024ж.
Нурадил Рыспаев:
КЫМЫЗ ЖЫТТУУ МАХАБАТ
Кыйч деп эшик... "кел сулуу, кир" дечү элем,
"Кымыз алып келдиңби?” - "Ии", дечү элең.
Кере жутуп кымызың көп ичсем да,
Келин же кыз экениң билбечү элем.
Кер какшыгым акчу эле селдей болгон:
“Келинчегим бар болсо сендей болгон...
Жатпайт белем бут асып керегеге...
Каалайт белең күйөөнү мендей болгон?”
Чаначка окшош чапанды бүчүлөнүп,
Чайкап башты кылтыңдап “Ики-ленип”.
Оозуңдан жооп күтчүмүн... Күлкү аралаш,
Жообуң эмес кымыздын жыты келип.
Өстөн жыты сени ээрчип келчү дайым,
Өзгөргөнсүйт күн санап өң чырайың.
Кымызыңдын акчасын алар замат,
Чыгып үнүң: “Ырахмат, мен чыгайын”.
Сен келгенде жеңилдеп калаа деми,
Келген өндүү жайлоонун аба, жели.
Сен бүткөн соң таратып кымызыңды,
Ээрчип кете жаздачу калаа сени.
Кымыз жыты көөдөндү кере турган,
Кетпей койчу бөлмөдөн мен отурган.
Төргө айлана калчу эле гүл жайнаган,
Төрт аяктуу отургуч сен отурган...
Кер какшыгым акыры көңдөй болгон,
Келбет, мүчөң кебиме желбей койгон.
Какаткансың баш ийкеп суроомо бул:
"Каалайт белең күйөөнү мендей болгон".
Чыны, калпы аралаш мактай берип,
Чымыр эттүү далыңды таптай берип.
Сезбептирмин "бир жалын" дүрт этерин,
Сегиз асый өзүмдү аттай көрүп.
Кош бетиңде кыпкызыл алма калып,
Коркуу дагы, уялуу чаңда калып...
Коомай эле кетчүсүң... Кеттиң бир күн,
Оң колумду бек кыса кармап алып.
Карматпаска эмне амал тапмак колум,
Кармап көпкө кесилген чакмак колуң:
Кан жүгүрбөй кубара түшкөн экен,
Андан бетер агарып “аппак” колум...
...“Сизге кетсем жасалбай калбас ишим,
Сизге кетсем шек санай албас “кишим”.
Ойлобоңуз жеңил деп... Келем сизге,
Колуңузду жөн гана кармаш үчүн.
Агатайым жолугуп турсак экен,
Ала жипке көздөрдү жумсак экен.
Колуңузду кармайын колуңузду,
Колдорундай баламдын жумшак экен”...
Балким антип айттырган жүрөгүңдүр,
Балкыйм бирок, айласыз күлөмүн бир.
Уялчу элем көбүнөн... күтпөптүрмүн,
Жумшак колдун пайдасы тиерин бир...
Колдор, колдор... ийинге илип койгон,
Кармап көрүп сырыңды билип койгон...
Түйшүк тартып кесилген колуң секин,
Жумшак колдун жүрөгүн тилип койгон...
Ошол күндөр өмүрдүн өктөмү эле,
Ошондогу жайлоо да көктөм эле.
Бышып күнгө какталган калаада бир,
Кымыз жыттуу махабат өткөн эле...
Махабаттын деңизи терең эле,
Кайыгы да жээгинде белен эле.
Кайткан сенден күндөрдүн бири “бирөө”,
“Кайдан кымыз ичкенсиң” деген эле.
Тоого чыксам оюм он тегеренет,
Тору келин бээ сааган желе келет...
Далай жылдар көрүшпөй кетсек деле,
Дале кымыз жыттангым келе берет...
11.11.24
КЫМЫЗ ЖЫТТУУ МАХАБАТ
Кыйч деп эшик... "кел сулуу, кир" дечү элем,
"Кымыз алып келдиңби?” - "Ии", дечү элең.
Кере жутуп кымызың көп ичсем да,
Келин же кыз экениң билбечү элем.
Кер какшыгым акчу эле селдей болгон:
“Келинчегим бар болсо сендей болгон...
Жатпайт белем бут асып керегеге...
Каалайт белең күйөөнү мендей болгон?”
Чаначка окшош чапанды бүчүлөнүп,
Чайкап башты кылтыңдап “Ики-ленип”.
Оозуңдан жооп күтчүмүн... Күлкү аралаш,
Жообуң эмес кымыздын жыты келип.
Өстөн жыты сени ээрчип келчү дайым,
Өзгөргөнсүйт күн санап өң чырайың.
Кымызыңдын акчасын алар замат,
Чыгып үнүң: “Ырахмат, мен чыгайын”.
Сен келгенде жеңилдеп калаа деми,
Келген өндүү жайлоонун аба, жели.
Сен бүткөн соң таратып кымызыңды,
Ээрчип кете жаздачу калаа сени.
Кымыз жыты көөдөндү кере турган,
Кетпей койчу бөлмөдөн мен отурган.
Төргө айлана калчу эле гүл жайнаган,
Төрт аяктуу отургуч сен отурган...
Кер какшыгым акыры көңдөй болгон,
Келбет, мүчөң кебиме желбей койгон.
Какаткансың баш ийкеп суроомо бул:
"Каалайт белең күйөөнү мендей болгон".
Чыны, калпы аралаш мактай берип,
Чымыр эттүү далыңды таптай берип.
Сезбептирмин "бир жалын" дүрт этерин,
Сегиз асый өзүмдү аттай көрүп.
Кош бетиңде кыпкызыл алма калып,
Коркуу дагы, уялуу чаңда калып...
Коомай эле кетчүсүң... Кеттиң бир күн,
Оң колумду бек кыса кармап алып.
Карматпаска эмне амал тапмак колум,
Кармап көпкө кесилген чакмак колуң:
Кан жүгүрбөй кубара түшкөн экен,
Андан бетер агарып “аппак” колум...
...“Сизге кетсем жасалбай калбас ишим,
Сизге кетсем шек санай албас “кишим”.
Ойлобоңуз жеңил деп... Келем сизге,
Колуңузду жөн гана кармаш үчүн.
Агатайым жолугуп турсак экен,
Ала жипке көздөрдү жумсак экен.
Колуңузду кармайын колуңузду,
Колдорундай баламдын жумшак экен”...
Балким антип айттырган жүрөгүңдүр,
Балкыйм бирок, айласыз күлөмүн бир.
Уялчу элем көбүнөн... күтпөптүрмүн,
Жумшак колдун пайдасы тиерин бир...
Колдор, колдор... ийинге илип койгон,
Кармап көрүп сырыңды билип койгон...
Түйшүк тартып кесилген колуң секин,
Жумшак колдун жүрөгүн тилип койгон...
Ошол күндөр өмүрдүн өктөмү эле,
Ошондогу жайлоо да көктөм эле.
Бышып күнгө какталган калаада бир,
Кымыз жыттуу махабат өткөн эле...
Махабаттын деңизи терең эле,
Кайыгы да жээгинде белен эле.
Кайткан сенден күндөрдүн бири “бирөө”,
“Кайдан кымыз ичкенсиң” деген эле.
Тоого чыксам оюм он тегеренет,
Тору келин бээ сааган желе келет...
Далай жылдар көрүшпөй кетсек деле,
Дале кымыз жыттангым келе берет...
11.11.24
«СЕНИН ЫРЫҢ»
Адам издейт өмүрүнө күйгөн жар,
А мен сага сактап жүргөн дүйнөм бар.
Жүрөгүмө жолду таптың катылган.
Эшик ачык кирсең болот сүйгөн жар.
********
Көңүлүмдө жанды жарык чырактар,
Көк асманга жеткен өңдүү кулачтар.
Ай-жылдарга, мезгилдерге мертинбес,
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар.
***********
Аппак жүзүң, ай жүзүң деп сүрөттөп,
Айткым келбейт ай жылдызга теңеп көп.
Кызганамын башкаларда оюнда,
Конок кылып албасын деп элестеп.
********
Ооба эркем, эл деп жер деп ыр жазам,
А сен күлүп айланамды нурдасаң.
«Мага арнаган ырың кана»,-дебегин,
Сенин ырың, жүрөгүмдө тыңшасаң.
Жалгыз өзүң угаласың ал ырды,
Жалгыз гана жан дүйнөмдү тыңдасаң.
Акбар Кубанычбеков
Адам издейт өмүрүнө күйгөн жар,
А мен сага сактап жүргөн дүйнөм бар.
Жүрөгүмө жолду таптың катылган.
Эшик ачык кирсең болот сүйгөн жар.
********
Көңүлүмдө жанды жарык чырактар,
Көк асманга жеткен өңдүү кулачтар.
Ай-жылдарга, мезгилдерге мертинбес,
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар.
***********
Аппак жүзүң, ай жүзүң деп сүрөттөп,
Айткым келбейт ай жылдызга теңеп көп.
Кызганамын башкаларда оюнда,
Конок кылып албасын деп элестеп.
********
Ооба эркем, эл деп жер деп ыр жазам,
А сен күлүп айланамды нурдасаң.
«Мага арнаган ырың кана»,-дебегин,
Сенин ырың, жүрөгүмдө тыңшасаң.
Жалгыз өзүң угаласың ал ырды,
Жалгыз гана жан дүйнөмдү тыңдасаң.
Акбар Кубанычбеков
Бакыттын эшиктерин, акырын кагып жүрөм,
Сүйүүдөн шуру алып, мойнума тагып жүрөм.
Жароокер жакшымсын сен, жанымда бирге бол деп,
Сен берген кубанычты, ардактап багып жүрөм.
Өзгөчө сүйүү бердиң, өзгөдөн катып жүрөм,
Өрт болгон жүрөгүмдү, өзүңө ачып жүрөм.
Өзөктөн чыккан бул деп, өзүмө тартуулаган,
Өзүңдүк ак сүйүүгө, өмүрдө батып жүрөм.
Бактылуу бул дүйнөгө, колумду коюп жүрөм,
Бакыттын бутагына, дал азыр конуп жүрөм.
Мээр алып азыр сенин, мээримдүү жүрөгүңдөн,
Мен азыр эс-мас боло, мээримге толуп жүрөм
Өзүңсүз калсам жайда, ызгаардай тоңуп жүрөм
Бар үчүн сен дүйнөдө, бактылуу болуп жүрөм.
Үмүтай Жеңишбековна
Сүйүүдөн шуру алып, мойнума тагып жүрөм.
Жароокер жакшымсын сен, жанымда бирге бол деп,
Сен берген кубанычты, ардактап багып жүрөм.
Өзгөчө сүйүү бердиң, өзгөдөн катып жүрөм,
Өрт болгон жүрөгүмдү, өзүңө ачып жүрөм.
Өзөктөн чыккан бул деп, өзүмө тартуулаган,
Өзүңдүк ак сүйүүгө, өмүрдө батып жүрөм.
Бактылуу бул дүйнөгө, колумду коюп жүрөм,
Бакыттын бутагына, дал азыр конуп жүрөм.
Мээр алып азыр сенин, мээримдүү жүрөгүңдөн,
Мен азыр эс-мас боло, мээримге толуп жүрөм
Өзүңсүз калсам жайда, ызгаардай тоңуп жүрөм
Бар үчүн сен дүйнөдө, бактылуу болуп жүрөм.
Үмүтай Жеңишбековна
*ОШОНДОООЙ*!!!
Жула качып уяңдыктын кермесин.
Жазгым келди бактылуулук термесин.
Алыстаба эми менин жанымдан,
Андай күндү жаратканым бербесин.
Толкунданып токтоно албай бир жерге,
Таба албастан таттуу сөздү сүйлөөргө.
Колтукташып кыналыша бир баскан,
Тойбой жатам мен бүгүнкү күндөргө.
Жан дүйнөңө коём кантип кубанбай,
Кереметсиң кызга бергис жубандай.
Ааламымды багындырдың сен келип,
Аттан озо чуркап өткөн кунандай.
Сүйөм дедим, сүйгөндүгүм жалганбы?
Сендей кылып жаратпастыр ар жанды.
Ак-куу сымал моюнуңа шуру деп,
Ак сүйүүдөн таккым келди маржанды.
Каарман болуп ар бир жазган сабымда,
Кулпура бер гүл болуп гүл багымда.
Кучагыңдан чыккым келбейт бир мүнөт,
Бактылуумун сен бар кезде жанымда!!!
*МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!!!
Жула качып уяңдыктын кермесин.
Жазгым келди бактылуулук термесин.
Алыстаба эми менин жанымдан,
Андай күндү жаратканым бербесин.
Толкунданып токтоно албай бир жерге,
Таба албастан таттуу сөздү сүйлөөргө.
Колтукташып кыналыша бир баскан,
Тойбой жатам мен бүгүнкү күндөргө.
Жан дүйнөңө коём кантип кубанбай,
Кереметсиң кызга бергис жубандай.
Ааламымды багындырдың сен келип,
Аттан озо чуркап өткөн кунандай.
Сүйөм дедим, сүйгөндүгүм жалганбы?
Сендей кылып жаратпастыр ар жанды.
Ак-куу сымал моюнуңа шуру деп,
Ак сүйүүдөн таккым келди маржанды.
Каарман болуп ар бир жазган сабымда,
Кулпура бер гүл болуп гүл багымда.
Кучагыңдан чыккым келбейт бир мүнөт,
Бактылуумун сен бар кезде жанымда!!!
*МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!!!
Өкүнүч
Жарытчусуң дүйнөмдү жарык шамдай,
Жалын өчтү сендеги жанып-жанбай.
Жолдон капыс кезигип калсак деле,
Жай гана өтүп кетерсиң тааныштардай...
Сени сүйүү чын бакыт деген элем,
Сен мен үчүн деңизден терең элең.
Сан адамдын сөзүнө каршы чыгып,
"Сүйүү — таза" дешимдин себеби элең.
Ашык болуп сен элең "тием" деген,
Акылымдан кетип мен сүйөр элем.
Ал айтканың унутта калып жатса,
Ак сүйүүнүн барлыгын билер белем?
Сенде кетти жашалбай бир өмүрүм,
Сезимдердин бүтүшүн тиледи ким?
Сенин жаштык кылышың билип туруп,
Сен деп жүргөн мен өзүм күнөөлүүмүн.
Сендей боло албастыр бирөө, гүлүм...
Алмаз Каныбеков | ©kanybegim
Москва шаары
29.08.2024
Жарытчусуң дүйнөмдү жарык шамдай,
Жалын өчтү сендеги жанып-жанбай.
Жолдон капыс кезигип калсак деле,
Жай гана өтүп кетерсиң тааныштардай...
Сени сүйүү чын бакыт деген элем,
Сен мен үчүн деңизден терең элең.
Сан адамдын сөзүнө каршы чыгып,
"Сүйүү — таза" дешимдин себеби элең.
Ашык болуп сен элең "тием" деген,
Акылымдан кетип мен сүйөр элем.
Ал айтканың унутта калып жатса,
Ак сүйүүнүн барлыгын билер белем?
Сенде кетти жашалбай бир өмүрүм,
Сезимдердин бүтүшүн тиледи ким?
Сенин жаштык кылышың билип туруп,
Сен деп жүргөн мен өзүм күнөөлүүмүн.
Сендей боло албастыр бирөө, гүлүм...
Алмаз Каныбеков | ©kanybegim
Москва шаары
29.08.2024
Урматтуу, катталуучулар, группа боюнча суроолор, ыр жиберүү үчүн кайрылуулар болсо,
мырзалар
@Dal_oshol_Bakai
ушул аккаунтка, айымдар мага кайрылыңыздар!
мырзалар
@Dal_oshol_Bakai
ушул аккаунтка, айымдар мага кайрылыңыздар!
ЫРААЗЫМЫН ТӨРТӨҢӨ
Эң биринчи сүйүүм эстен кетпеген,
Айта албайм аны жеңил кеп менен.
Салыштырсам аны ушул дүйнөгө,
Күлкүсүнө күндүн нуру жетпеген.
Экинчиси жарык кылат ааламды,
Суктанамын ал өзгөчө, амалдуу.
Аны сүйгөн күндөрүмө өкүнбөйм,
Аны менен нечен ырлар жаралды.
Үчүнчүсү ай нуруна теңешчү,
Айтпасамда ал да сулуу эмеспи.
Кусалыктан бак аралап көп жүрүп,
Сүйүүм эстеп ыр жазамын мен эски.
Төртүнчүсү мен искеген кызыл гүл,
Сулуулардын супсулуусу нагыз бул.
Арманымды катып жүргөм ичиме,
Ак сүйүүнүн алоосунан тамызды.
Жаа бербей кетем кээде эркиме,
Ырларымды чыгарууда көркүнө.
О балкы сүйгөндөрүм аман бол,
Ыраазычылык айтып өтөм төртөңө.
Бекмырза Шукурали уулу
08.07.2024 11:59
Эң биринчи сүйүүм эстен кетпеген,
Айта албайм аны жеңил кеп менен.
Салыштырсам аны ушул дүйнөгө,
Күлкүсүнө күндүн нуру жетпеген.
Экинчиси жарык кылат ааламды,
Суктанамын ал өзгөчө, амалдуу.
Аны сүйгөн күндөрүмө өкүнбөйм,
Аны менен нечен ырлар жаралды.
Үчүнчүсү ай нуруна теңешчү,
Айтпасамда ал да сулуу эмеспи.
Кусалыктан бак аралап көп жүрүп,
Сүйүүм эстеп ыр жазамын мен эски.
Төртүнчүсү мен искеген кызыл гүл,
Сулуулардын супсулуусу нагыз бул.
Арманымды катып жүргөм ичиме,
Ак сүйүүнүн алоосунан тамызды.
Жаа бербей кетем кээде эркиме,
Ырларымды чыгарууда көркүнө.
О балкы сүйгөндөрүм аман бол,
Ыраазычылык айтып өтөм төртөңө.
Бекмырза Шукурали уулу
08.07.2024 11:59
Сыйга тартып бул жолу өмүр мени,
Насип болду арзуунун төрүн көрүү.
Түгөнбөгөн жарыгын сунуп жатат,
Токтогулдун мырзасы көңүлдөгү.
Ал дүйнөдөй! Көөнүмө чачып нурун,
Ак сүйүүгө алпарды ачып нугум.
Токтогулдук жигитке ырым арнап,
Толуп жатат ансайын ашыктыгым.
Жүрөк сүйдү жүзүндө жаз ыраңды,
Дастан болуп сабында жазыламбы?
Кара ойлуу адамдан алыстатып,
Карегиме катайын казынамды.
Жандабаса күн өлүк, кечем өлүк,
Жаркыратса жолумду кетем өнүп.
Тоготпостон ызгаарын сыноолордун,
Токтогулга кетсемби жетеленип.
Тоң дүйнөнү тоготпой колдон алса,
Токтогулга кетейин жетеленип.
ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ
Насип болду арзуунун төрүн көрүү.
Түгөнбөгөн жарыгын сунуп жатат,
Токтогулдун мырзасы көңүлдөгү.
Ал дүйнөдөй! Көөнүмө чачып нурун,
Ак сүйүүгө алпарды ачып нугум.
Токтогулдук жигитке ырым арнап,
Толуп жатат ансайын ашыктыгым.
Жүрөк сүйдү жүзүндө жаз ыраңды,
Дастан болуп сабында жазыламбы?
Кара ойлуу адамдан алыстатып,
Карегиме катайын казынамды.
Жандабаса күн өлүк, кечем өлүк,
Жаркыратса жолумду кетем өнүп.
Тоготпостон ызгаарын сыноолордун,
Токтогулга кетсемби жетеленип.
Тоң дүйнөнү тоготпой колдон алса,
Токтогулга кетейин жетеленип.
ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ
Ыр жаздың кимдин ашыгы болуп.
А менин сүйүүм ташыды толуп.
Ашыктык ырын жаратып жатат.
Сен деген сезим басылбай коюп.
Тамаша кылган адатым жойду.
Бийледи селки, сезимди, ойду.
Төбөдөн ылдый суу куйса дагы.
Жалындуу сезим эч суубай койду.
Болсо да сенин турагың бөлөк.
Кыялда жүрөм бакытка бөлөп.
Ыр окуп берем гулзарга барып.
Ийинге турсаң башыңды жөлөп.
Бүлөлүү мен да, бүлө бар сенде.
Жалганда бизбиз күнөөлүү пенде.
Элмирбек акын айткандай, бирок.
Сен болуп жашайт жүрөгүм менде.
Өзүңсүз кантип жүргөнмүн эркем.
Сүйүүсүз күндү өткөрүп эчен.
Айтматов айткан кашкайган чындык.
Ашыктар чындап бир болбойт экен.
Жолукчу дейин, жолукпа мага.
Жорукту кылып сагынткын жана.
Болгону жазчы ашыктык ырын.
Сүйүүдөн дастан жазгыча сага.
✒️✒️ Абдырасулов Советбек ✒️✒️
А менин сүйүүм ташыды толуп.
Ашыктык ырын жаратып жатат.
Сен деген сезим басылбай коюп.
Тамаша кылган адатым жойду.
Бийледи селки, сезимди, ойду.
Төбөдөн ылдый суу куйса дагы.
Жалындуу сезим эч суубай койду.
Болсо да сенин турагың бөлөк.
Кыялда жүрөм бакытка бөлөп.
Ыр окуп берем гулзарга барып.
Ийинге турсаң башыңды жөлөп.
Бүлөлүү мен да, бүлө бар сенде.
Жалганда бизбиз күнөөлүү пенде.
Элмирбек акын айткандай, бирок.
Сен болуп жашайт жүрөгүм менде.
Өзүңсүз кантип жүргөнмүн эркем.
Сүйүүсүз күндү өткөрүп эчен.
Айтматов айткан кашкайган чындык.
Ашыктар чындап бир болбойт экен.
Жолукчу дейин, жолукпа мага.
Жорукту кылып сагынткын жана.
Болгону жазчы ашыктык ырын.
Сүйүүдөн дастан жазгыча сага.
✒️✒️ Абдырасулов Советбек ✒️✒️
Кеп баштадың аянычтуу сезилдиң,
Келди беле же олуттуу сезилгиң?
Эптештирип эки сөздү айталбай
Айланайын эмне мынча эзилдиң?
Сөз баштадың төркүнү жок келиндей
Көп күттүрүп бербей койгон себиндей
Эмне дегиң келип турду каралдым?
Мен да кызык угуп турган эринбей
Унчукпадым кабак бүркөп уктум да
Бар ызамды түйүп алып муштумга
Колду шилтеп басып кеттим буулугуп
А сен тиктеп кала бердиң устунга
Автор:Мунара Чолпонкулова
Келди беле же олуттуу сезилгиң?
Эптештирип эки сөздү айталбай
Айланайын эмне мынча эзилдиң?
Сөз баштадың төркүнү жок келиндей
Көп күттүрүп бербей койгон себиндей
Эмне дегиң келип турду каралдым?
Мен да кызык угуп турган эринбей
Унчукпадым кабак бүркөп уктум да
Бар ызамды түйүп алып муштумга
Колду шилтеп басып кеттим буулугуп
А сен тиктеп кала бердиң устунга
Автор:Мунара Чолпонкулова
КАРА-КОЛДУН АЙЧҮРӨГҮ
Керемет, келишимдүү жан экенсиң,
Суктантып, сулуулукка бай экенсиң.
Кыргыздын тарыхында жашап калган,
Акмөөрдөй, Таңсулуудай бар экенсиң.
Ак көңүл, токтоо мүнөз жан экенсиң,
Адамдык сапатка да бай экенсиң.
Акылың зирек тура, жаш болсоң,
Апабыз Курманжандай бар экенсиң.
Агаңдын токтобосун шарт жүрөгү,
Канткенде жетем сага айтчы деги?
Байкатпай жүрөгүмдү ээлеп алды
Бал тилдүү Кара-Колдун Айчүрөгү.
Агаңдын кетпей калдың кыялынан,
Коркомун сени ойдон чыгаруудан.
Мен сени сүйбөй койсом күнөө болоор,
Чочуймун бирок сүйүү убалынан.
Бул сөздү айтуу мага кыйын болду,
А мени ашык кылган сыйың болду.
Бул менин чын жүрөктөн сага арнаган,
Алгачкы "сүйөм"- деген ырым болду.
Автор: Дамир Кадыр уулу
22.11.2024ж.
Керемет, келишимдүү жан экенсиң,
Суктантып, сулуулукка бай экенсиң.
Кыргыздын тарыхында жашап калган,
Акмөөрдөй, Таңсулуудай бар экенсиң.
Ак көңүл, токтоо мүнөз жан экенсиң,
Адамдык сапатка да бай экенсиң.
Акылың зирек тура, жаш болсоң,
Апабыз Курманжандай бар экенсиң.
Агаңдын токтобосун шарт жүрөгү,
Канткенде жетем сага айтчы деги?
Байкатпай жүрөгүмдү ээлеп алды
Бал тилдүү Кара-Колдун Айчүрөгү.
Агаңдын кетпей калдың кыялынан,
Коркомун сени ойдон чыгаруудан.
Мен сени сүйбөй койсом күнөө болоор,
Чочуймун бирок сүйүү убалынан.
Бул сөздү айтуу мага кыйын болду,
А мени ашык кылган сыйың болду.
Бул менин чын жүрөктөн сага арнаган,
Алгачкы "сүйөм"- деген ырым болду.
Автор: Дамир Кадыр уулу
22.11.2024ж.
ЭРКЕМ.
Өткөндө кырктын кырынан ашып.
Өзүңө кылды кудайым ашык.
Кыйноого салып, азапты берген.
Кылганмын кандай, эмнеден жазык.
Атыңды атап эрке деп бүгүн.
Ашыктык ырын турамын жазып.
Бурала бассаң, кыялап эркем.
Көркүңдөн гүлдөр уялат эркем.
Күлгөнүң күндөй жаркыган кезде.
Күн дагы батат уялап эркем.
Артыңдан калбай арбалып жүрөм.
Көлөкөң сыңар кубалап эркем.
Ойлосом оюм, ой кырды ашат.
Оң жолду пенде, солду да басат.
Бирөөгө бакыт күттүрбөй келсе,
Биринен кетип, жеткирбей качат.
Бирикпес бирок, сүйүүлөр таза.
Жүрөктөн чыккан ырларда жашайт.
Ар күнү чалып абалың сурап.
Акылым менен адебим турат.
Алсамбы десем жарыңдан тартып,
Абириң ойлоп, ыйманым турат.
Өнөрдүн жолу тосулбайт экен.
Өзүңө жүрөк ыр арнап сунат.
Жаралган пенде, бир дүйнө кем дейт.
Жараткан теңир бардыгын теңдейт.
Сагынган кезде санаага батып.
Сен жазган ырлар жаратым эмдейт.
Жашынып барып жолугуп качып.
Сүйүүмдү таза булгагым келбейт.
Кыялым менен тоо куштай эчен.
Сен менен бирге тоого учам эркем.
Бакыттай мага сезилип жатат.
Сени деп жүрөк ооруткан эркем.
Жалгандан өтсөк көп жылдан кийин.
Үр кызы болуп жолуксаң экен.
Арзыган жанга ак сүйүү берсин.
Бергенде ал да кечикпей келсин.
А биздин сүйүү таптаза бойдон.
Сабалап учуп тарыхты кезсин.
Сүйүүнү таза сактаптыр ах- деп.
Агасы менен эркеси дешсин.
✒️✒️ Абдырасулов.С✒️✒️
Өткөндө кырктын кырынан ашып.
Өзүңө кылды кудайым ашык.
Кыйноого салып, азапты берген.
Кылганмын кандай, эмнеден жазык.
Атыңды атап эрке деп бүгүн.
Ашыктык ырын турамын жазып.
Бурала бассаң, кыялап эркем.
Көркүңдөн гүлдөр уялат эркем.
Күлгөнүң күндөй жаркыган кезде.
Күн дагы батат уялап эркем.
Артыңдан калбай арбалып жүрөм.
Көлөкөң сыңар кубалап эркем.
Ойлосом оюм, ой кырды ашат.
Оң жолду пенде, солду да басат.
Бирөөгө бакыт күттүрбөй келсе,
Биринен кетип, жеткирбей качат.
Бирикпес бирок, сүйүүлөр таза.
Жүрөктөн чыккан ырларда жашайт.
Ар күнү чалып абалың сурап.
Акылым менен адебим турат.
Алсамбы десем жарыңдан тартып,
Абириң ойлоп, ыйманым турат.
Өнөрдүн жолу тосулбайт экен.
Өзүңө жүрөк ыр арнап сунат.
Жаралган пенде, бир дүйнө кем дейт.
Жараткан теңир бардыгын теңдейт.
Сагынган кезде санаага батып.
Сен жазган ырлар жаратым эмдейт.
Жашынып барып жолугуп качып.
Сүйүүмдү таза булгагым келбейт.
Кыялым менен тоо куштай эчен.
Сен менен бирге тоого учам эркем.
Бакыттай мага сезилип жатат.
Сени деп жүрөк ооруткан эркем.
Жалгандан өтсөк көп жылдан кийин.
Үр кызы болуп жолуксаң экен.
Арзыган жанга ак сүйүү берсин.
Бергенде ал да кечикпей келсин.
А биздин сүйүү таптаза бойдон.
Сабалап учуп тарыхты кезсин.
Сүйүүнү таза сактаптыр ах- деп.
Агасы менен эркеси дешсин.
✒️✒️ Абдырасулов.С✒️✒️
Жылдыздуу түн
Жүрөгүмө бактылуулук толгону,
Жүзүң көрсөм бир арманым болгону.
Жылдыздуу түн ошондогу өзгөчө,
Жолуктурган экөөбүздү жолдогу.
Ооба,билем, жеттим күнгө самаган,
Ал сезимдер жүрөгүмө тараган.
Уялгандан алып качып көзүмдү,
Асмандагы жылдыздарды карагам.
Жеткириптир максатыма ошондо,
Жылдыздуу түн бир ишиме жараган.
Бакытбек Полотов
Жүрөгүмө бактылуулук толгону,
Жүзүң көрсөм бир арманым болгону.
Жылдыздуу түн ошондогу өзгөчө,
Жолуктурган экөөбүздү жолдогу.
Ооба,билем, жеттим күнгө самаган,
Ал сезимдер жүрөгүмө тараган.
Уялгандан алып качып көзүмдү,
Асмандагы жылдыздарды карагам.
Жеткириптир максатыма ошондо,
Жылдыздуу түн бир ишиме жараган.
Бакытбек Полотов
КЕРЕМЕТИ СҮЙҮҮНҮН
Келет сага жолуккум,
Болсо экен деп колуктум.
Сен он жети жашыңда,
Сага ашык болупмун.
Көркөмү укмуш жамалың,
Көзүм күйүп карадым.
Күндөн-күнгө мен сага,
Ашык болуп барамын.
Үнүң дагы жагымдуу,
Эргиттиң го жанымды.
Сага гана жетүү үчүн,
Арнамакмын баарымды.
Махабатка мас кылдың,
Магдыратып азгырдың.
Кычыраган кышында,
Жан дүйнөмдү жаз кылдың.
Сезимби же күч билек,
Дүйнөдө не күчтүүрөөк?
Керек болсо ханды да,
Сүйүү тизе бүктүрөт.
Андай болсо ардактуум,
Сага сүйүү арнапмын.
Хандар тизе бүгүшсө,
Мен каякка бармакмын.
Автор: Дамир Кадыр уулу
23.11.2024ж.
Келет сага жолуккум,
Болсо экен деп колуктум.
Сен он жети жашыңда,
Сага ашык болупмун.
Көркөмү укмуш жамалың,
Көзүм күйүп карадым.
Күндөн-күнгө мен сага,
Ашык болуп барамын.
Үнүң дагы жагымдуу,
Эргиттиң го жанымды.
Сага гана жетүү үчүн,
Арнамакмын баарымды.
Махабатка мас кылдың,
Магдыратып азгырдың.
Кычыраган кышында,
Жан дүйнөмдү жаз кылдың.
Сезимби же күч билек,
Дүйнөдө не күчтүүрөөк?
Керек болсо ханды да,
Сүйүү тизе бүктүрөт.
Андай болсо ардактуум,
Сага сүйүү арнапмын.
Хандар тизе бүгүшсө,
Мен каякка бармакмын.
Автор: Дамир Кадыр уулу
23.11.2024ж.
МЕНИ СҮЙСӨҢ
Мени сүйсөң баардыгына чыдап сүй,
Жүрөк менен жүрөгүмдү тыңдап сүй.
Жалган жашоо сыяктанбай жанымда,
Сезимимди ойнотпостон чындап сүй.
Мени сүйсөң жай чилдедей ысып сүй,
Кучагыңа бекем мени кысып сүй.
Муздай тоңуп турсаң дагы билгизбей,
Жалындаган отко окшоп кызып сүй.
Мени сүйсөң сүйүүмдү сен сезип сүй,
Жүрөгүмдү элжиретип эзип сүй.
Сүйүү үчүн даяр болуп баарына,
Бут ааламды чарк айланып кезип сүй.
Мени сүйсөң деңиз болуп чалкып сүй,
Океандын тынчтыгындай балкып сүй.
Сезимдеги сага болгон сүйүүмдүн,
Эң таттуусун жалгыз өзүң калпып сүй.
автору; ТАЛАНТ САДЫКОВ.
Мени сүйсөң баардыгына чыдап сүй,
Жүрөк менен жүрөгүмдү тыңдап сүй.
Жалган жашоо сыяктанбай жанымда,
Сезимимди ойнотпостон чындап сүй.
Мени сүйсөң жай чилдедей ысып сүй,
Кучагыңа бекем мени кысып сүй.
Муздай тоңуп турсаң дагы билгизбей,
Жалындаган отко окшоп кызып сүй.
Мени сүйсөң сүйүүмдү сен сезип сүй,
Жүрөгүмдү элжиретип эзип сүй.
Сүйүү үчүн даяр болуп баарына,
Бут ааламды чарк айланып кезип сүй.
Мени сүйсөң деңиз болуп чалкып сүй,
Океандын тынчтыгындай балкып сүй.
Сезимдеги сага болгон сүйүүмдүн,
Эң таттуусун жалгыз өзүң калпып сүй.
автору; ТАЛАНТ САДЫКОВ.
Жарыгым, жалгызым, жакшынам,
Жете албай көксөөдөн аптыгам.
Сагыныч, кусалык дегенден,
Бир сенде дарылар барчылап.
Ашыгым, асылым, берекем,
Турмуштун запкысын жебе сен.
Мен барам сен тарап бет алып,
Сен дагы санаасыз кел эсен.
Акагым, татынам, жанымсың,
Кудайым жиберген багымсың.
Сыгылба, жыгылба бакытым,
Сен менин өмүрлүк жарымсың.
БАКАЙ АКМАТКУЛОВ
Жете албай көксөөдөн аптыгам.
Сагыныч, кусалык дегенден,
Бир сенде дарылар барчылап.
Ашыгым, асылым, берекем,
Турмуштун запкысын жебе сен.
Мен барам сен тарап бет алып,
Сен дагы санаасыз кел эсен.
Акагым, татынам, жанымсың,
Кудайым жиберген багымсың.
Сыгылба, жыгылба бакытым,
Сен менин өмүрлүк жарымсың.
БАКАЙ АКМАТКУЛОВ
Көзүңдөн нур, сөзүңдөн ыр төгүлөт
Карегиңе каректерим чөмүлөт
Ыйлачу эле, туйлачу эле жүрөгүм
Көрсө жүрөк сени издеген көрүнөт...
Элмирбек Иманалиев.
Карегиңе каректерим чөмүлөт
Ыйлачу эле, туйлачу эле жүрөгүм
Көрсө жүрөк сени издеген көрүнөт...
Элмирбек Иманалиев.
Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып,
Жан сырым төккөн элем сага барып.
Жаагымды алаканың аста сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.
Ширин-ширин аңгеме сүйлөп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң.
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүүсүң...
Биз үчүн биринде кең, биринде тар,
Өмүрдүн жылдар, айлар, мүнөтү бар.
Менин бир эски жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.
Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк?
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет.
Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт, шарап, жаштык деген?!
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.
Мен соолуктум,
Көзүмдү турмуш ачты.
Сен жолукчу,
Өзүңө айтып берем.
Элмирбек Иманалиев.
Жан сырым төккөн элем сага барып.
Жаагымды алаканың аста сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.
Ширин-ширин аңгеме сүйлөп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң.
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүүсүң...
Биз үчүн биринде кең, биринде тар,
Өмүрдүн жылдар, айлар, мүнөтү бар.
Менин бир эски жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.
Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк?
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет.
Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт, шарап, жаштык деген?!
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.
Мен соолуктум,
Көзүмдү турмуш ачты.
Сен жолукчу,
Өзүңө айтып берем.
Элмирбек Иманалиев.
УБАЙЫМ.......
Ойлосом ойдо карааның
Ооруулуу кылды жамалың
Дартыма болоор арачы
Дарыгер кайдан табамын...
Кусадан көңүл калганда
Кубанчым өттү арманга
Жоолукпай койсок не болмок
Жомоктой ушул Жалганда...
Жылдызы болбой жанымдын
Жыл өтпөй туруп сагындым
Жакындык бизге бербеген
Жашоого келет таарынгым...
Эстесем эсте карааның
Эсимди алды жамалың
Дарманым деле калган жок
Дарысын кайдан табамын...
Дартыма болоор арачы
Дарыгер кайдан табамын...
Элмирбек Иманалиев.
Ойлосом ойдо карааның
Ооруулуу кылды жамалың
Дартыма болоор арачы
Дарыгер кайдан табамын...
Кусадан көңүл калганда
Кубанчым өттү арманга
Жоолукпай койсок не болмок
Жомоктой ушул Жалганда...
Жылдызы болбой жанымдын
Жыл өтпөй туруп сагындым
Жакындык бизге бербеген
Жашоого келет таарынгым...
Эстесем эсте карааның
Эсимди алды жамалың
Дарманым деле калган жок
Дарысын кайдан табамын...
Дартыма болоор арачы
Дарыгер кайдан табамын...
Элмирбек Иманалиев.