Русский Дом в Бишкеке
4.79K subscribers
6.02K photos
530 videos
18 files
1.63K links
🇷🇺🤝🇰🇬

Официальный Telegram-канал Российского центра науки и культуры в Бишкеке

Наш адрес: г. Бишкек, бул. Эркиндик, 2/1
Контактные телефоны: +996(312)30-05-12; 30-05-43
Download Telegram
📣 Дорогие друзья в Караколе и на Иссык-Куле! Обратите внимание, впервые в Караколе!

🎭 31 января, 1 и 2 февраля на сцене Иссык-Кульского областного музыкально-драматического театра имени К. Джантошева состоятся показы спектаклей Русского театра драмы им. Ч. Айтматова

Зрителям будут представлены всеми любимые спектакли для детей и взрослых. Не упустите возможность погрузиться в прекрасный мир театра.

✍️Расписание спектаклей:

🗓 31 января
12:00 "Лесной переполох" (сказка)
18:00 "Любовь и голуби" (лирическая комедия)

🗓 1 февраля
12:00 и 18:00 "Куклы" (фарс)

🗓 2 февраля
12:00 "Лесной переполох"
18:00 "Пегий пёс, бегущий краем моря" (мифологическая поэма, к 95-летию Ч. Айтматова).

Билеты в кассах театра ежедневно с 10:00 до 17:00.

Не пропустите!

📲 Телефон для справок: +996(507) 305 680

@rusteatr
25-январдан 29-январга чейин Санкт-Петербургда жана Ленинград облусунда ардагерлер-блокадачылардын жана “Жеңиштин Ыктыярчылары” жаштар кыймылынын активисттеринин катышуусунда Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулушунун 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтөт.

Невадагы шаарга 11 өлкөдө жашаган блокададагы Ленинграддын 50дөн ашык тургуну келет. Алардын арасында Кыргызстандын эки тургуну – Тамара Федоровна Өмүрбекова жана Людмила Ивановна Румянцева бар.

Тамара Федоровна Өмүрбекова блокада учурунда Ленинградда жашаган. Согуш аяктагандан кийин ал Ленинграддагы дене тарбия техникумунда билим алып, андан соң бөлүштүрүү боюнча Кыргызстандын түштүгүнө жөнөтүлгөн. Людмила Ивановна Румянцева блокада учурунда ата-энесинен ажырап, курчоодогу шаардан эвакуацияланган. Согуш аяктагандан кийин колхоздо башкы эсепчи болуп иштеген.

Блокадачылар Пискарев мемориалдык көрүстөнүндөгү салтанатка катышып, блокаданын алынышынын 80 жылдыгына арналган концертке барышат. Маданий программа шаар боюнча экскурсияны, музейлерге жана көргөзмөлөргө барууну камтыйт.

“Жеңиштин неберелери. Ленинград” эл аралык слетуна блокадачылардын 200 урпактары жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген “Жеңиштин Ыктыярчылары” кыймылынын активисттери катышат. Алардын арасында үч кыргызстандык Татьяна Асанова, Назгүл Караева жана Екатерина Протасова (Дятлова) бар. Жеңүүчүлөрдүн урпактары Ленинград блокадасынын толук алынышынын 80 жылдыгына арналган негизги иш-чараларга катышып, ардагерлер менен жолугушат, Петербургдун маанилүү тарыхый жерлерин кыдырып, окуу программасынан өтүшөт.

Сапарлар Россия кызматташтыгынын колдоосу менен өтүүдө.

Читать материал на русском языке
Кыргызстанда Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 80 жылдыгы күнү “Ленинград. Блокада. Кыргызстандын эскерүүсү” аттуу эскерүү акциясы болуп өттү. Акциянын максаты - Кыргызстандын жаштарына - жеңүүчүлөрдүн урпактарына улуу шаардын эрдиги жана анын тургундарын сактап калууга кыргызстандыктардын кошкон салымы жөнүндө айтып берүү болду. “Сейтек” борборунун чоң залы бардык каалоочуларды батыра алган жок. Концерт-эрдик сабагы эки жолу өткөрүлдү.

Бүгүн акциянын бардык катышуучулары, Кыргызстандын аскер кызматкерлери Санкт-Петербургдан бир күн мурун алынып келинген Ленинград жеңишинин ленталарын тагынышты.

Өлкө президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады: “Ошол каргашаны башынан өткөрүп, кан майданда согушкан кыргызстандыктардын баары – биздин сыймыгыбыз! Артиллериялык аткылоолордон шаар кыйрап, арып-ачкан, суукка тоңгон азаптуу күндөрдү кечирип, кийин Кыргызстандан башбаанек таап, журтубуздун колдоосун көргөндөрдүн урпактары бул күндүн маани-маңызын эсине тутуп жүрүүсү кажет”.

Бул күн Д.Асанов атындагы Жеңиш паркындагы блокадачылардын эстелигинин жанында салтанаттуу азем менен башталды.

“Сейтекте” Кыргызстандын 130дан ашык атактуу жана жаш артисттери жана чыгармачыл жамааттары 1500 мектеп окуучуларына, студенттерге, аскердик окуу жайлардын курсанттарына блокаданын каардуу күндөрү, кыргызстандыктардын шаарды коргоого жана анын тургундарын сактап калууга катышкандыгы тууралуу айтып беришти.

“Концерт күчтүү таасир калтырды. Мен Ленинград блокадасы жөнүндө көбүрөөк билдим, кээ бир окуялардан көзүмө жаш тегеренди. Бүгүн бизде бар нерсени, жакындарыбызды баалай билишибиз керек экенин түшүндүм. Биз Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эсибизден чыгарбашыбыз керек, анткени алардын эрдигинин аркасы менен биз бүгүн эркин дүйнөдө жашап жатабыз”, - деп концерттин көрүүчүсү Эмирлан өз ою менен бөлүштү.

Ардагер-блокадачы Галина Ивановна Тольская: “Ардагерлерге көңүл буруп, эсте сактаганыңар үчүн баарыңарга чоң рахмат. Силердин жашооңордо ар дайым тынчтык, таза суу, нан болсун. Биздин башыбыздан өткөн нерсе силердин башыңарга келбесин”.

Эскерүү акциясы жана салтанаттуу иш-чаралар Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун демилгеси менен Кыргызстандын жана Бишкектин бийлигинин колдоосу менен “Сейтек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору, Кыргыз-Россия Славян университети, Бишкектеги Орус үйү жана башка уюмдар тарабынан уюштурулду.

Кыргызстан боюнча кинотасмалар көрсөтүлүп, мекендештердин уюмдары жана өлкөнүн мектептери тарабынан уюштурулган конкурстар, эскерүү аземдери болуп өттү.

Читать материал на русском языке
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🇰🇬🇷🇺За три года Россия выделит $15 млн на горячее питание для кыргызстанских школьников

О том, как еще Россия поддерживает Кыргызстан, смотрите в нашем видео.

@Sputnik_Kyrgyzstan