Reporter.kg_kyrgyzcha
1.53K subscribers
3.75K photos
3.02K videos
3 files
4.83K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жалал-Абад облусунун эки тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты.

Reporter.kg
Депутат Жеңишбек Токторбаев дагы бир мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Депутат дыйкандар үчүн жер салыгын көтөрүүнү сунуштоодо.

Мисалы, мыйзам долбооруна ылайык, Сокулукта сугат жердин 1 гектары үчүн салык 407 сомдун ордуна 3 миң 230 сомду түзөт.

Мыйзам кабыл алынып калса, ал 2026-жылы күчүнө кирет.

Буга чейин Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Reporter.kg
Карагулов Мирлан Кынатбекович Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал буга чейин Тогуз-Торонун акими болуп иштеп келген.

Rerporter.kg
Садыр Жапаровду Москва шаарына коштоп кеткен делегациянын курамы

Президент II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

▪️Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

▪️Муратбек Азымбакиев - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

▪️Самат Гуьлнара-Клара – Кыргызстандын Россиядагы элчиси;

▪️Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

▪️Аяз Баетов - юстиция министри;

▪️Асеин Исаев - тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

▪️Самат Кулмамбетов - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;

▪️Назарбек Малаев - экономика жана коммерция министринин орун басары.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ысык-Көлдөгү балдар эс алуучу жерлер аткана болуп калыптыр, - депутат

Ысык-Көл облусунда балдар эс алуучу 100гө жакын жерлер сатылып кетиптир. Бул тууралуу 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нурлан Шакиев аты-жөнү кыргызча туура жазылбагандарды сынга алды

Ал бүгүнкү парламенттик жыйынга мыйзам долбоорун тааныштыруу үчүн чакырылгандардын тизмесин окуп жатып аты-жөнү кыргызча жазылбагандарды сындап, аттарын тууралап өзгөртүүгө чакырды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Мадумаров Бишкектин көчөлөрүндөгү баңгизат жарнамасы менен күрөшүүнүн эффективдүү жолун сунуштады

Бишкек шаарында баңгизат жарнама болбогон көчө калбай калды. Бул тууралуу парламенттик жыйында Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, көчөлөрдүн кесилишинде, үйлөрдө, дарбазаларда, электр мамычаларда бүтүндөй баңгизат жарнамаланып турат.

Reporter.kg
Бишкекте "Батуми" кафеси буздурулууда

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулууда.

Жеринде “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштөөдө.

Белгилей кетсек, кафенин өкүлдөрүнө 17-майда өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Reporter.kg
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

УКМКдан билдиришкендей, кылмыштуу топтун А.И. («Алтуха»), А.К., А.Ш. («Протез») жана К.Т. («Кения») аттуу мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Алар Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алып жүргөн деп шектелүүдө.

Reporter.kg
Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Мелдеш 1-4-июнь күндөрү өтүп, анын алкагында 24 өлкөдөн келген 600дөн ашык спортчу күч сынашат.

Кыргызстандан бул мелдешке 46 балбан катышат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаова (68 кг) менен
Айпери Медет кызы (76 кг) таймашка чыгат.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду, - УКМК

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК: Салык кызматкерине пара берген чет өлкөлүк кармалды

Маалыматка караганда, чет элдик жаран (аял киши) салык кызматкери текшерүүнү токтотушу үчүн ага 150 миң сом пара сунуштаган.

«Кармалган жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салык кызматкерине пара берүүгө аракет кылган», — деп билдирет УКМК.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Надира Нарматова аскердик кызмат өтөбөгөн жарандарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштады

Reporter.kg