Марал радиосу
1.07K subscribers
3.85K photos
906 videos
108 files
7.78K links
Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды бейтарап чагылдырган маалымат булагы
Download Telegram
​​Президент чек арадагы чырда жаракат алган аскерлерден кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында болгон чек ара жаңжалында жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.
Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.
Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.
Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Чет жактан миң жаран алынып келинет. Өлкөлөрдүн тизмеси

Май айынын жакынкы жумаларында чет өлкөдө жүргөн 1 миңдей кыргызстандыкты мекенине кайтаруу иштери пландалууда. Бул тууралуу брифинг учурунда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, мекендештерди төмөнкү өлкөлөрдөн алып келүү күтүлүүдө:

Катардан — 36;

Кувейттен — 105;

Ирандан — 16;

Франкфурт-на-Майне шаарынан — 36;

Стамбул шаарынан — 349;

Москва шаарынан — 402;

Түштүк Кореядан — 35;

Япониядан — 30;

Белоруссиядан 37 жаран алынып келинет.

Айдарбековдун айтымында, учурда 58 өлкөдө жашап, иштеп жүргөн 8 712 кыргызстандык мекенине кайтуу ниетин билдирген.
Бүгүн, 17-май сүйүүнүн, жылуулуктун жана түбөлүк чыдамдуулуктун символу болгон энелер күнү!🥰

Марал радиосу бүгүнкү "Энелер күнү" менен куттуктайт!❤️
“25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа: автобустар жана троллейбустар, иштей баштайт. Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү”, - деп билдирди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Орозо айт маарек болсун!!!🌙

Рамазан айында тилеген тилектер ишке ашып, баарыныздарга жакшылык ыроолосун!
"Марал" маалыматтар алаканыңызда!

Саламатсызбы? 🤝🏻 Акыркы саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыз:

📢3-июньга карата дагы 26 адам коронавируска чалдыкты https://maralfm.kg/archives/422032

📢Дагы үч бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду https://maralfm.kg/archives/421982

📢Депутат: Кыргыз өкмөтү өзбектерден кечирим сурабашы керек (видео) https://maralfm.kg/archives/421998

📢Асрандиев: Радиожыштыктар мамлекеттин активи https://maralfm.kg/archives/422034

📢Сузак – Жалал-Абад маршруттук каттамы жанданды https://maralfm.kg/archives/421936

📢Brexit’тин айынан дүйнөдөгү эң ири компаниялар Лондондон Амстердамга көчүштү https://maralfm.kg/archives/422000

📢Джордж Флойд 9-июнда Хьюстондо жерге берилет https://maralfm.kg/archives/421997

📢Черногория 130 өлкөгө чек араларын ачты https://maralfm.kg/archives/422004

📢Мунайдын баасы 40 доллардан жогорулады https://maralfm.kg/archives/421984

📢Монголия: пандемиядан улам 50 миңдей адам жумушсуз калды https://maralfm.kg/archives/421966

Күнүңүз көңүлдүү улансын🙏