🔺Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 20-октябрында Ош шаарында Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун (КЖжАККДБ) базасында мөөнөттүү аскер кызматындагы жогорку билими бар аскер кызматчыларына “запастагы лейтенант” алгачкы аскердик наамынын ыйгарылышына карата салтанаттуу иш-чара өткөндүгүн маалымдайт.
🔺Салтанатка Чек ара кызматынын Ош шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги, аскер кызматчыларынын туугандары жана жакындары, ошондой эле КЖжАККДБнун жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.
🔺Былтыр күздө чакырылган 50гө жакын жогорку билими бар чек арачылар чек аранын тарамдарында мөөнөттүү кызмат өтөшкөн.
🔺 “Запастагы лейтенант” офицердик наамын алганга чейин алар бир ай аралыгында жыйында болушуп, мотоаткычтар взводдорунун командирлери кызматында теориялык жана практикалык билимди жана көндүмдөрдү өздөштүрүп, взвод командирлерине коюлчу тапшырмаларды жана жоопкерчиликти таанышты.
🔺Аскер кызматчылары тарамдардын башкаруу тутуму жана тарбия иштеринин уюштурулушу менен таанышып, ошондой эле курал жана аскердик техниканы пайдалануу боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүп, аларды сактоонун эрежелерин үйрөнүштү.
🔺Мындан тышкары жыйындын катышуучулары КР Куралдуу күчтөрүнүн Уставынын талаптарын толугу менен өздөштүрүштү.
🔺Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун башчысы полковник Таалайбек Кожошев офицерлерди куттуктап, КЖжАККДБда алган билимдери аларга жарандык турмушта да кереги тиет деген үмүтүн билдирди.
🔺“Чек ара аскерлеринде кызмат өтөө - бул жашоонун жакшы мектеби. Силер болсо бүгүн армиянын өзөгү болгон офицердик курамдын бир бөлүгү болдуңар.
🔺Мекенибиздин өнүгүшүнө жана келечегине сиздердин ар бириңер татыктуу салым кошосуздар деп ишенем”, - деп полковник Т. Кожошев насаат сөзүн айтты.