Мурун аябай бай болгонду каалайт элем🙊.
Мен эс тарткандан баштап шаарда турат элек, кудайга шүгүр колунда бар үй-бүлөдө чоңойдум. Эч нерсеге муктаж болбой, жейм дегеними жеп,ичем дегенимди ичип, эл барбаган жактарга барып эс алат элем. Бирок убакыт келип апамдардын бизнеси жүрүшпөй, анан үйдө кризис башталды😕. Бирок ошондо да шүгүр ата-энем эчтекеге муктаж кылбады. Биз андан кийин айылга көчтүк, айыл жашоосу башталды башында аябай кыйналгам😂, көчө баткак😆, буттарым ылай болуп эхх... Айтор үйдөгүлөрдү көрүп анан мен да бай болууну каалайт элем, эч кимге муктаж кылбасам, карыздарынан кутулсам жыргап аларды ойнотуп, айлантып, жер кыдыртсам батасын алсам деп. Негедир башымда бай болсоң гана батасын ала аласың деген ой бар болчу... Студент болдум 3-курста өзүбүздүн үйдө өзүм 2 кыз менен жашайт элем, ошондо ойлонсом акчам кеңири болчу бирок ошондо да жетпейт эле😂 .
Бирок азыр үйдө отурам, жолдошум эле иштейт шүгүр баары бар... Ошондо эмнегедир ойлонбоптурмун колумда алмазга алмаштыргыс байлыгым балалыгым бар экен эле..
Азыр бай болгум келбейт болгону колумда болсо жардам бере алсам, бирөө менен бөлүшө алсам ошол эле убакта Аллахтан башка эч кимге муктаж болбосом болду☺️. Байлык эч качан жетпейт, канчалык көбөйсө ошончолук чыгашаң да көбөёт... Адамдарга айткым келгени да ошол бай болгонду эңсебесек, аман болгонду эңсеп жашасак.😉

2 күн аябай оор күн болду🥱
Кайсыл жериң ооруса жаның ошол жерде болгондой көрүнөт деп бекеринен айтпайт экен☺️. Тишим ооруп жаш баладай ыйлап акыры бардым😂. Мурун дайыма атам алып барчу укол сайып атканда колумдан кармап турат эле🙈, биринчи жолу атамсыз тиш доктурга бардым... Атанын кадыры тоодой да, үйдүн чоң кызы болгонум менен кичине кызындай эле жүрөт экен элем көрсө😂 . Мурун да түнү менен ыйлап анан атам алып барса гана барат элем.
Жашоо көзүмө көрүнүп кетти, шүгүр бүгүн жакшы☺️. Кантсе да өткөрүп алдым...💪

-мен чачымы каре кылып кыркайынчы, мага сонун жарашат💇🏻♀
-кâл эле кылып албайсыңбы👩🏻🦲
(с) муженёк 😂
-кâл эле кылып албайсыңбы👩🏻🦲
(с) муженёк 😂
Менимче бактылуу жашаш үчүн бир гана эркек аракет кылбайт аялдын да салымы болуш керек. Эркекке керек жашоо аялга да керек. Жар тандоодо да ошондой деп ойлойм, эркек да, аял да аракет кылса болот☺️.
Өзүмдөн айтсам мен күйөөмө так ушинтип айткан эмесмин бирок ушул сыяктуу намек бергем😂. "Мага үйлөнбөсөңүз убактымды албаңыз"-деп. Менимче туура эле чечим кылгам🙈, бала деле бир жаңсыл боло албай, көңүлүндөгүн толук билдире албашы мүмкүн😊. Мен өзүм тарс-турс болгонум үчүн бетке эле айткам😂. Эгер өзү айта албаса досу аркылуу айтып көрүшү керек☺️. Бул биринчи оюм болчу, эми экинчиси төмөндөгүдөй⤵️.
Жашоодо казан-аяк кагышпай койбойт, кагышат ошол убакта эки жак тең капа болушат ар бир адам өзүнү туура деп ойлойт. Мен эгер капа болгон болсом түнү менен уктай албай чыгам ошого пайгамбарыбыздын насатынан капа болсом да жарашып анан уктайм деген тыянакка келдим😊. Эмнеге? Себеби ансыз деле аз жашайбыз, кимдин качан өлүшү белгисиз , кийин тилимди тиштеп калгандан көрө азыр убактым бар да пайдаланып калайын деп чечтим. Пайгамбарыбыз биринчи жарашкандар бейишке түшөт деген экен🌸 .
Мурун менде "эркек кечирим сураш керек"-деген принцип бар болчу менимче ал туура эмес эле, мага бул дүйнөнүн кызыкчылыгына караганда акыретим маанилүү ☺️.
Ким эле бейишке түшкүсү келбейт?)🙊🥰

Шекер тууралуу 7 факт.
✅ Иммунндук системаны күчүн кескин азайтат
✅ Жүрөктүн иштешине таасир этет, артериялык басымды жогорулатат
✅ Организмден кальцийди жууп чыгарат
✅ Организмде глюкоза менен инсулиндин өтө тездик менен
көтөрүлүшүнө алып келет. Андан улам калп эле ачка болуу сезими пайда болуп, ашыкча тамактанууга алып келет
✅ Нерв системасынын күүлөндүргүчү
✅Майлардын топтолушун камсыздайт
✅В группасындагы витаминдерди организмден алып салат
Балдарга шекерди чектен ашык берээрдин алдында жогорудагы фактыларды эске алыңыз☝☝☝

Кече Петергоф музейине саякаттап келдик,адашпасам 102гектар орундукту элеген, 150 чамасында фантандары бар, Европадагы Версалдан таасирленип Петр 1дин буйругу менен курулган экен. Биз 3 саат айланып 70%тин гана көрө алдык. Аябай кооз жер экен☺️.
Билет баасы 1000сом экен бирок ЕАЭС жана Рфтиктер үчүн 450р, атайын аудио гид алсаңыз ал 500р турат экен.
Менимче жок деген бир жолу көрүп кетиш керек☺️

https://youtu.be/1YYZfH48Thw
Кайгыңар болсо пайгамбардын жашоосуна көңүл бургула дейт экен...
Балким пайдасы тийип калар.

YouTube
Сиздин жашооңузду өзгөртө турган сабак. Ош, Аль-Бухари мечити. Шейх Абдишүкүр Нарматов. 31 01 2020
#wwwnasaatkg #www_nasaat_kg #nasaatkg #жума #Абдишүкүр_Нарматов #Абдушкур_Нарматов #Абдышукур_Нарматов #насааткж
Урматтуу мусулман бир туугандар! Абдишүкүр Устаздын сабактарын көчүрүп алуудан мурда бизге кайрылып кайсы сайт же кайсы канал экениңиздерди айтып…

Чоң энем 98жылы 22-майда көз жумган, атам үйдүн кичүүсү. Үйгө эжемдер төркүндөп келишкенде атам алардын баштыгын толтуруп анан жөнөтөт, "эже сумкаң толтубу"-деп кээде тамашалап сурап калчу. Азыр ойлонуп көрсөм, эгер апам болсо бизди ушинтип жөнөтөт эле деп өксүп калбасын дейт окшойт.
Эгер жогорудагы видеону толук көрсөңүз, мен эмнени айткым келгенин түшүнөсүз☺️

Таксикоз убагында аалам карарып, дүйнөдө бир сен эле кыйналып калгандар бактылуу болуп жаткандай сезилет...
Үйдө бир мен таксикоз болуп атсам мага кошулуп 2 апам, атамдар да кабатырда, күндө чалып ал акыбал сурачу мен болсом азыр алар... Апам мурун ооруп калганда булбулдун үнү да жакпай турат дейт эле, ошондой эле убактан өтүп жаткан кезибиз.
Аллах ыйманына карап сыноо берет дейт. Ойлонуп көрсөм адам ичиндеги 2 мм болгон бала 1,5 метрлик адамдын Кудайдын керемети менен алсыз кылып коёт экен. Мурун кыздар менен сүйлөшкөндү жакшы көргөн жаным азыр аларды ойлогум да келбей жатат😂🙊. Чалып калышса жакшы болсом башым көккө жетип сүйлөшүп коём, өзүм чалганга акыбал жок чынында...
Аллахым ушул күндөрүбүздү жеңил кылып, аман-эсен кучагыбызга алууну насип эт🤲