Новости.kg
41 subscribers
1.18K photos
1 file
7.04K links
Кыргызстан жаңылыктары
Download Telegram
Кыргызстандагы айрым ашуулар жабылууда

Ат-Башы – Кынды – Торугарт автоунаа жолундагы Кынды ашуусу жазга чейин жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, транспорт кыймылы 1-апрелге чейин чектелет. Чектөөнүн себеби кыш мезгилиндеги кар көчкү коркунучу жана аба ырайынын начарлашы менен байланыштуу. Жакынкы күндөрү Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/kyrgyzstandagy-ajrym-ashuular-zhabyldy/
Кыргызстан алгачкы мамлекеттик криптовалюта чыгарды

Кыргызстанда атамекендик биринчи криптовалюта — USDKG деп аталган алгачкы стейблкоин чыгарылды. Криптовалютаны Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы каттады. Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү — Финансы министрлиги, эмитенти — «Виртуалдуу активдердин эмитенти» акционердик коому. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. USDKG —… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/kyrgyzstan-algachky-mamlekettik-kriptovaljuta-chygardy/
Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен эскертишкендей, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү белгиленип, мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Бирок эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул күндөрү дем алыш жарыяланбайт. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

https://novosti.kg/kg/b-g-n-kyrgyzstanda-ish-k-n-bir-saatka-kyska-bolot-6/
Бишкектин борбордук бөлүгүнө суу берүү убактылуу токтотулду

Бишкектин борбордук бөлүгүнө суу берүү убактылуу токтотулду. Мэриядан билдиришкендей, диаметри 500 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу бүгүн түнкү саат 12ге чейин Осмонкул көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин), Москва, Ибраимов, Фрунзе көчөсүндө суу жок болот. Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/bishkektin-borborduk-b-l-g-n-suu-ber-ubaktyluu-toktotuldu/
Лейлек райондук электр тармагынын жаңы имараты курулууда

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объект Өзгөрүш участогунда жайгашат. Жаңы имаратты ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Башкы план боюнча мында эс алуу бөлмөсү, шаймандарды сактоочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр жана ыкчам жыйындар үчүн бөлмөлөр, кампа, унаа токтотуучу жай да каралган. Ушул жана башка… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/lejlek-rajonduk-jelektr-tarmagynyn-zha-y-imaraty-kuruluuda/
Кыргызстанда азык-түлүк рыногундагы абал туруктуу

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы факторлор, тактап айтканда энергетикага жана азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу, логистиканын үзгүлтүккө учурашы жана дүйнөлүк рыноктогу белгисиздиктин күчөшү учурдагы баа басымдарынын негизги себеби болууда. Буга карабай, жыл башынан… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/kyrgyzstanda-azyk-t-l-k-rynogundagy-abal-turuktuu/
Бүгүн Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Турнир 9-ноябрга чейин уюштурулат. Анын алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдардын 31 топтому ойнотулат. Биринчиликтин жалпы байге фонду — 341 миң долларды түзөт. Бардык дисциплиналар боюнча бирдей сый акы каралат — “алтын” медаль үчүн — 4 миң доллар, “күмүшкө” — 3 миң жана… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/b-g-n-bishkekte-sambo-bojuncha-d-jn-chempionaty-bashtalat/
БШК 34 жарандын шайлоого катышуу арызын канааттандырган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдирген 34 жарандын арызын четкен какты. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын айрымдары шайлоо күрөөсүн толук төккөн эмес жана шайлоо фондун мыйзам талап кылган мөөнөткө чейин түзүүгө жетише алган жок. … Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/bshk-34-zharandyn-shajloogo-katyshuu-aryzyn-kanaattandyrgan-zhok/
Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 10,94 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 10 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинен билдиришкендей, насыяны 88 субъект алды. Жеңилдетилген насыя берүүгө эки мамлекеттик банк аныкталган. Кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сомду түзөт. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/bishkek-zhana-ch-jd-gazdashtyruuga-10-94-mln-som-zhe-ildetilgen-nasyja-berildi/
Кыргызстандын компаниялары күйүүчү-майлоочу майдын таңкыстыгын алдын алуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстандын компаниялары күйүүчү-майлоочу майдын таңкыстыгын алдын алуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мунай ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдиргендей, Беларус компаниялары менен келишим түзүлдү. Ал эми Азербайжан, Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өлкөдө күйүүчү жана майлоочу май соңку аптада дагы 1-2 сомго кымбаттады.… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/kyrgyzstandyn-kompanijalary-k-j-ch-majloochu-majdyn-ta-kystygyn-aldyn-aluu-ch-n-bashka-lk-l-r-menen-s-jl-sh-l-rd-zh-rg-z-d/
Ысык-Көл облусунда күн электр станциясынын курулушу кызуу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунда күн электр станциясынын курулушу кызуу жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объект Кызыл-Өрүк айылында пайда болот. Аянтка кубаттуулугу 104,5 МВт болгон күн панелдери жеткирилди. Учурда куруучулар шаарчасын салуу, подстанция алдына пайдубал куюу жана панелдер үчүн кройнштейндерди орнотуу иштери жүрүүдө. Долбоордун биринчи фазасын 2026-жылы аягына… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/ysyk-k-l-oblusunda-k-n-jelektr-stancijasynyn-kurulushu-kyzuu-zh-r-d/
Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жай комплекси салынып жатат

Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жай комплекси салынып жатат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди. Долбоор боюнча, үйдүн тогуз блогу 9 кабаттуу, 20 блогу 15 кабаттуу болуп, бир кабатта беш батир жайгашат. Турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылып, энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда. Ар бирине… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/tokmokto-29-blokton-turgan-ipotekalyk-turak-zhaj-kompleksi-salynyp-zhatat/
Өлкөнүн башкы магистралдары ачык, каттам бар

Өлкөнүн башкы магистралдары ачык, каттам бар. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

https://novosti.kg/kg/lk-n-n-bashky-magistraldary-achyk-kattam-bar/
Бишкекте ушул эс алуу күндөрү социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт

Бишкекте ушул эс алуу күндөрү социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке Усубалиев атындагы аянтта, Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат. Бул жерден шаар тургундары… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/bishkekte-ushul-jes-aluu-k-nd-r-socialdyk-maanil-produkcijalardy-sunushtagan-zhergilikt-nd-r-ch-l-rd-n-dyjkandardyn-zhana-kol-n-rch-l-rd-n-zharmankesi-t-t/
БШК талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эртең 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт. БШКдан кабарлашкандай, шайлоого катышуу ниетин билдиргендерди расмий талапкер катары каттоо бүгүн 7-ноябрда жыйынтыкталат. БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/bshk-talapkerlerdin-bjulletendegi-ordun-anyktoo-ch-n-ch-ch-kulak-tk-r-t/
Айдоочулук күбөлүктү аралыктан алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун иши менен жеринде таанышты. Башкармалыктан билдиришкендей, анда Туманбаев көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Сапардын алкагында ал санариптик кызматтарды мындан да кеңири жайылтуу зарылдыгын белгилеп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/ajdoochuluk-k-b-l-kt-aralyktan-almashtyruu-m-mk-nch-l-g-t-z-l-t/
Ошто Көкүм-Бий көчөсүнө жаңы асфальт төшөлдү

Ош шаарында Көкүм-Бий көчөсү капиталдык ремонттон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Жалпы 3 жарым чакырымдан жогору жолго асфальт басуу иштери жүрүп, начар абалдагы жол талапка ылайык келтирилди.

https://novosti.kg/kg/oshto-k-k-m-bij-k-ch-s-n-zha-y-asfalt-t-sh-ld/
Бишкекте Фучик көчөсүнүн кесилиштери эки күнгө жабылат

Бишкекте Фучик көчөсүнүн кесилиштери эки күнгө жабылат. Мэриядан билдиришкендей, 8-9-ноябрда Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспектиси жана Профсоюз көчөсүнүн кесилиштери убактылуу жабык болот. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

https://novosti.kg/kg/bishkekte-fuchik-k-ch-s-n-n-kesilishteri-jeki-k-ng-zhabylat/
Бишкекте аялдамаларда туура эмес токтогон унаалар эвакуацияланды

Бишкек шаарынын «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы аялдамаларда токтоп турган унааларды текшерүү боюнча рейд өткөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө бир күндүн ичинде аялдамаларда токтоп турган 27 унаа аныкталып, алар айып короосуна сүйрөлүп жеткирилди. Шаардык бийлик айдоочуларды коомдук транспортко тоскоолдук жаратпоого жана аялдамаларда токтобоого чакырат. Белгилей… Кененирээк...

https://novosti.kg/kg/bishkekte-ajaldamalarda-tuura-jemes-toktogon-unaalar-jevakuacijalandy/
Кемин районунда жыл аягына чейин кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясы ишке берилет

Кемин районунда жыл аягына чейин кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясы ишке берилет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда негизги жабдууларды алып келүү иштери аяктап, көмөк чордондун курулушу уланып, 220 кВ электр чубалгыларынын пайдубалы куюлду. Андан тышкары, күн батареяларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

https://novosti.kg/kg/kemin-rajonunda-zhyl-ajagyna-chejin-kubattuulugu-100-mvt-k-n-jelektr-stancijasy-ishke-berilet/