Нарын медиаборбору
58 subscribers
3.79K photos
20 videos
365 links
Download Telegram
АТ-БАШЫ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ КУРУЛТАЙГА ДЕЛЕГАТТАР ШАЙЛАНУУДА
(18.10.2022) КР Президентинин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык Ат-Башы айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо Ат-Башы айылдык Кеңешинин үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрындагы XX-сессиясында бекитилген тартипке ылайык 17-октябрдан тартып башталды. Ар бир кварталда өткөрүү графиги качан өтөөрү такталган.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо алгач айыл аймагындагы 1-2-кварталдык комитеттеринде өткөрүлдү. Көпчүлүктүн колдоосу менен 1-кварталдан 9, 2-кварталдан 6 делегат жергиликтүү курултайга делегат болуп шайланышты.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо эми 3-4-5-6-кварталдык комитеттерде өткөрүлөт.
Айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо 24-октябрда аяктайт. (Ж.Курманов).
БАКЧАЛАРГА 21-ОКТЯБРДАН ТАРТА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕТ
(18.10.2022) Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев баштаган депутаттар шаардагы бала бакчалардын кышка даярдыгын карап чыгышты.
Ата-энелердин кайрылуусу боюнча Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А.Молдосалиев жана кеңештин “Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт боюнча туруктуу” комиссиянын депутаттары бала бакчалардын кышка даярдыгын карап чыкты.
Кыдырууда эл өкүлдөрү бакчалар муздак болгондуктан айрым тайпаларда 10-15 тен балдар келбей жатканына күбө болушкан.
“Ата-энелердин кайрылуусу боюнча бакчалардын жылуулугун карап чыктык. Бакчалардын муздактыгына байланыштуу кээ бир тайпаларда 10-15тен балдар келбей жатыптыр. Кыдыруунун жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясы менен бакчаларга мүмкүн болушунча эрте жылуулук берүү боюнча сүйлөшүлдү”,-деди А.Молдосалиев.
Ал эми Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы 21-октябрдан баштап Нарын шаарында жылуулук берүү башталаарын билдирип, биринчи кезекте бала бакча, мектеп, ооруканаларга жылуулук бериле турганын айтты. Андан соң, турак жайларга бериле баштайт.
Нарын шаарында 8 бала бакча, 8 орто мектеп бар. Аларда от казандар, жылуулук системалары ремонттон өткөрүлүп, кышка толук даяр. (Ч.Токтогулова).
ЖУМГАЛ: ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА 26 ДЕЛЕГАТ БАРАТ
(18.10.2022) Жумгал районунун аймагында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жолугушуулар өтүп жатат.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо жыйындары район боюнча 66 чөлкөмдө өтө турган болсо, 31 чөлкөмүндө өткөрүлдү. Негизинен жалпы 550 адам жергиликтүү курултайга делегат болуп шайланат. Буга чейин өткөн жыйындарда жалпы 212 делегат шайланышты. Анын ичинен 78 аял.
Республикалык Элдик курултайга 26 делегат барат. Азырынча сырттан келип шайлангандар жок.
Үстүбүздөгү жылдын 15-20 октябрына чейин чөлкөмдөрдө жергиликтүү жамааттар чогулуп айыл аймактарынан боло турган делегаттарды көрсөтүшөт. Андан соң 5-ноябрда өтө турган райондук курултайда Элдик курултайга 26 делегат тандалып алынат.
Элдик курултай 25 -ноябрда Бишкек шаарында өтөт. (Н.Асизов).
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:
“Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоо, өлкө жарандарынын эмгекке жана эс алууга болгон укуктарын коргоо боюнча иш-чаралар комплексин аткарууга багытталган мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу социалдык коргоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, кесиптик кошуун тутумунда иштеген миңдеген кызматкерлердин ак ниет жана талбаган эмгегинин натыйжасы деп айтсам жаңылышпайм.
Эркиндик, адамдын кадыр-баркы жана баарына бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптери үстөмдүк кылган шартта Кыргызстан элинин социалдык жактан бакубаттуулугуна жетишүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болуп саналат.
Социалдык саясат жүргүзүү жаатында калктын жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык коргоо чараларын кеңейтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча көптөгөн иштер аткарылып, жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы пенсия жана жөлөкпулдардын көлөмү бир кыйла жогорулагандыгын баса белгилеп кетейин.
Социалдык коргоо кызматкерлери өздөрүн ары сыймыктуу, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишке арнашканы колдоого арзыйт. Бул кесипти аркалагандарды өз ишине чексиз берилип, жүктөлгөн милдетин жан дили менен аткаргандар деп билем. Ар бир кесип ардактуу дейт, ошентсе да, сиздер адамдын ажатын ачкан асыл иш менен алектенип келе жатасыздар. Жардамга муктаж болгондорго ар күн сайын жан дүйнөңүздөрдүн бир бөлүгүн арнап, берилип мээнет кылган ишиңиздердин аркасында канчалаган мекендештерибиз келечекке умтулуп жашап келишет. Дал ушул сиздердин колдооңуздар адамдарды келечекке шыктандырып, жалгыздыктан куткарып, турмуштук оор кырдаалдан чыгууга дем-күч берет.
Боорукердик жана сабырдуулук – социалдык кызматкерлердин эң башкы сапаттары. Сиздер өзгөчө жардамга муктаж адамдарга үмүт берип, жашоосуна жана жан дүйнөсүнө ишеним тартуулап келесиздер.
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ак эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.
Ак ниеттүүлүк менен жасаган ишиңиздерден баар табыңыздар. Ар дайым элдин алкышына арзып, бата-тилегин алып жүрө бериңиздер! Баарыңыздар ден соолукта болуңуздар, мындан аркы ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!”.
КОЧКОР: ДЕЛЕГАТТАР ТАНДАЛУУДА

(19.10.2022) КР Президентинин “Элдик курултайларды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо үчүн элдер менен жолугушуулар өтүп жатат.

Буга чейин айылдык кеңештин сессиясында Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү жана иш алып баруу боюнча атайын комиссиянын курамы бекитилген. Алды менен Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ар бир көчө комитеттеринде жыйындар өткөрүлүп, делегаттар шайланууда.

Кош-Дөбө айылындагы Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарынан 40 делегат шайланышат. Алар 5 - ноябрда өздөрүнүн жергиликтүү курултайын өткөрүп, эки адамды Элдик курултайга делегат кылышат. Ошол курултайда жергиликтүү маанидеги 3 маселени Элдик курултайга тандап алышат .
Ушул сыяктуу жыйындар райондун бардык айылдарда өткөрүлөт. Район боюнча жергиликтүү курултайга 570 квота берилген. Анын ичинен экинчи этапта 22 адам Элдик курултайга делегат болуп шайланат.
(М.Деркенбаев)
(19.10.2022) Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдында “Акталаа көмүр” мамлекеттик ишкана түзүү аракетттери көрүлүп жатат. Учурда документтери тиешелүү адисттер тарабынан даярдалууда. Акимдин орун басары Улан Жылтыровдун маалыматына караганда, ишкананын жетекчисин КРнын Министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

“Эгерде сунушталган талапкер колдоо таап, бекитилсе анда, юридикалык каттоодон өткөрүлөт. Бирок быйыл документтерин гана бүткөрөбүз. Буюрса көмүр казууну кийинки жылдардан колго алабыз”,- деди.

Ишкана түзүлсө эли өз убагында көмүр отуну менен камсыз болуп, жергиликтүү бюджетке дагы киреше түшүүнүн булагы болуп калат.

Ал эми мамлекеттик көмүр казуучу ишкананы түзүү КРнын Министрлер Кабинентинин үстүбүздөгү жылдын 3-октябрындагы токтомуна ылайык ишке ашат. Токтомдо белгиленгендей ишкананы түзүү, жоюу жана финансылык-чарбалык аракеттерин райондун акими көзөмөлгө алат.
(Б.Мамытбекова)
СҮЙҮНЧҮ! КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕТИ МИЛЛИОНУНЧУ ЖАРАН ТӨРӨЛДҮ
Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Статкомдон толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.
Статкомдун баалоосу боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.
Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.
Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.
Бүгүн, 19-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жети миллионунчу кыргызстандык жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурлан Шакирев билдирди.

Анын айтымында, ымыркайга президент Садыр Жапаров ысым койду.

“Садыр Жапаров жети миллионунчу кыргызстандыкка Жакшылык деген ысым берди”, - дейт ал.