ГЕРМАНИЯ ЖАНА ФРАНЦИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ
(18.10.2022) Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусту, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди жана Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык өкүлү Баркат Фазалды кабыл алды.
Тараптардын жолугушуусунда Ага Хан Өнүктүрүү Уюму аркылуу Нарында ишке ашып жаткан тогуз багыттагы экономикалык, социалдык, инвестициялык, билим берүү, айыл чарба багытындагы долбоорлорду ийгиликтүү улантуу жана кызматташтыкты арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Дубан башчы Алтынбек Эргешов Ага Хан Өнүктүрүү уюму менен буга чейинки кызматташуулардын натыйжасында Нарын шаарынын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган "Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү долбоору" ишке аша баштаганын баса белгилеп, анын арты менен шаар көп ийгиликтерге жетишерин кошумчалады. Ошондой эле ал Борбордук Азия Университети жаштарга билим берүү менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң жардам болуп жатканына токтолду.
Мындан тышкары Нарын облусу үчүн гидроэнергетикалык, климаттын өзгөрүүсүнө ылайык жашыл экономиканы көтөрүү, жашыл энергия сыяктуу долбоорлорду дагы ишке ашыруу приоритеттүү багыт экенин айтып, бул боюнча Нарында мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду. Муну менен катар эле дубан башчы облуста башкаруу системасында өзгөрүүлөрдү киргизип жатканын жана ал облустун бардык тармактарында жемишин көргөзөрүн белгилеп, өнөктөштөр менен болгон жолугушуу алдыдагы жаңы долбоорлордун ишке ашуусуна түрткү болот деген ишеничин билдирди.
Жолугушууда Германиянын элчиси Габриэла Геллил айым менен Германиянын GIZ колдогон айрым долбоорлору аяктап жаткандыктан кайра жандандыруу, Нарында немец тилин тереңдетип окута турган мектептерди ачуу боюнча сүйлөшүлсө, Франциянын элчиси Франсуа Делаус мырза менен суу ресурстары, жашыл энергетика, ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле элчилерге Франциянын жана Германиянын район, шаарлары менен Нарын облусунун ортосунда достук алакасын түзүп берүү сунушу айтылды. (Ч.Токтогулова).

КОЧКОР: БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ
(18.10.2022) Кочкор району боюнча 14 көмүр кампасы уюшулган. Азыркы учурда Кара-Суу, Исакеев айылдарындагы кампаларда жана райондун борборундагы “Беш-Сары” авто базазындагы кампаларда көмүр бар жана тоннасы 3700 - 4000 сомдон көмүр сатылып жатат.
Райондогу бюджеттик мекемелерге керектеле турган 3908 тонна көмүрдүн бардыгы тартылып, 100 пайыз көмүр отуну менен камсыз болду. Район боюнча 35 мектептин 20 мектеби көмүр менен жылытылат. Алардын отказандары оңдолуп бүткөн. 15 мектеп электр, көмүр плиталары менен жылытылат.
Ал эми элди көмүр менен камсыздоодо айыл өкмөттөр унаалар менен сүйлөшүп, көмүр отундарын тартып алып жатышат. Кочкор району боюнча кыш айларына, элге 17000 тонна көмүр отунун тартуу пландалган. Анын ичинен 3725 тонна көмүр түшүрүлдү. (М.Деркенбаев).

АТ-БАШЫ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ КУРУЛТАЙГА ДЕЛЕГАТТАР ШАЙЛАНУУДА
(18.10.2022) КР Президентинин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык Ат-Башы айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо Ат-Башы айылдык Кеңешинин үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрындагы XX-сессиясында бекитилген тартипке ылайык 17-октябрдан тартып башталды. Ар бир кварталда өткөрүү графиги качан өтөөрү такталган.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо алгач айыл аймагындагы 1-2-кварталдык комитеттеринде өткөрүлдү. Көпчүлүктүн колдоосу менен 1-кварталдан 9, 2-кварталдан 6 делегат жергиликтүү курултайга делегат болуп шайланышты.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо эми 3-4-5-6-кварталдык комитеттерде өткөрүлөт.
Айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо 24-октябрда аяктайт. (Ж.Курманов).

БАКЧАЛАРГА 21-ОКТЯБРДАН ТАРТА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕТ
(18.10.2022) Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев баштаган депутаттар шаардагы бала бакчалардын кышка даярдыгын карап чыгышты.
Ата-энелердин кайрылуусу боюнча Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А.Молдосалиев жана кеңештин “Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт боюнча туруктуу” комиссиянын депутаттары бала бакчалардын кышка даярдыгын карап чыкты.
Кыдырууда эл өкүлдөрү бакчалар муздак болгондуктан айрым тайпаларда 10-15 тен балдар келбей жатканына күбө болушкан.
“Ата-энелердин кайрылуусу боюнча бакчалардын жылуулугун карап чыктык. Бакчалардын муздактыгына байланыштуу кээ бир тайпаларда 10-15тен балдар келбей жатыптыр. Кыдыруунун жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясы менен бакчаларга мүмкүн болушунча эрте жылуулук берүү боюнча сүйлөшүлдү”,-деди А.Молдосалиев.
Ал эми Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы 21-октябрдан баштап Нарын шаарында жылуулук берүү башталаарын билдирип, биринчи кезекте бала бакча, мектеп, ооруканаларга жылуулук бериле турганын айтты. Андан соң, турак жайларга бериле баштайт.
Нарын шаарында 8 бала бакча, 8 орто мектеп бар. Аларда от казандар, жылуулук системалары ремонттон өткөрүлүп, кышка толук даяр. (Ч.Токтогулова).

ЖУМГАЛ: ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА 26 ДЕЛЕГАТ БАРАТ
(18.10.2022) Жумгал районунун аймагында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жолугушуулар өтүп жатат.
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо жыйындары район боюнча 66 чөлкөмдө өтө турган болсо, 31 чөлкөмүндө өткөрүлдү. Негизинен жалпы 550 адам жергиликтүү курултайга делегат болуп шайланат. Буга чейин өткөн жыйындарда жалпы 212 делегат шайланышты. Анын ичинен 78 аял.
Республикалык Элдик курултайга 26 делегат барат. Азырынча сырттан келип шайлангандар жок.
Үстүбүздөгү жылдын 15-20 октябрына чейин чөлкөмдөрдө жергиликтүү жамааттар чогулуп айыл аймактарынан боло турган делегаттарды көрсөтүшөт. Андан соң 5-ноябрда өтө турган райондук курултайда Элдик курултайга 26 делегат тандалып алынат.
Элдик курултай 25 -ноябрда Бишкек шаарында өтөт. (Н.Асизов).