MӨLTYR DYINӨ| POEZIA
31 subscribers
6 photos
1 link
Download Telegram
Channel created
Метиркең бейиштенби,
жерден эмес?
Ант ичем!
Сендей сулуу көрбөгөм эч.

Кокустук эмес биздин кезигүүбүз!
Кокустук болгон эмес.
Болбойт да эч!

Сени көрөм –
жаңырган айдан көлгө чагылышкан.
Сени көрөм –
секисинен сезимдин алып учкан.
Сенин үнүң – эң бир кооз үн кулак уккан.
Сенин демиң – эң ажайып алкым жуткан.

Ууз сүйүүм!
Убаажысыз сүйгөнүм!
Уктап жаткан сезимге суу бүрккөнүм.
Үлпүлдөгөн үмүт, сүйүү, сүйүнүч
ширесинен ширелишип бүткөнүм!
Сени сүйдүм “үчүн” жана “себепсиз”!
Бул экөөсү экөөбүзгө керексиз!

Эки жүрөк бир боло алат, калетсиз.
Эки жүрөк бир көрө алат, карексиз.
Эки жүрөк кезиге алат дарексиз.
Эки ашык эмне менен алекпиз?..

Бектемир Асылбеков
2
БИШКЕК

Жаштыгымды жаз кылган –ушул шаар.
Махабатка мас кылган–ушул шаар.
Өмүрүмдү баяндап ак баракка,
өкүтүмдү жаздырган –ушул шаар!

Бирде жумшак, а бирде катаал –Бишкек.
Бечарага турмушу татаал –Бишкек.
Сүйрөлгөндү сүдүрөп адам кылган,
жылбай жаткан кемеге шамал –Бишкек.

Бөлөк калаа жандарга болгон өбөк,
көмөк берип көбүнө болгон жөлөк.
Жыргалыма себепчи ырларыма,
өсөт өнөр шаарымда өзөк өнөт.

Жол тыгыны, болсо да мол чыгымы,
элеси зор жаштыктын желеси бар.
Таңы болду, шаттыктын шаңы толду,
белеси бар, актыктын сереси бар.

Тагы болду, жашоомо дары болду,
сүйүү сунду, кээ кезде күйүт урду.
Агы болду, карарган жагы болду,
бары болду купулга калаа толду.

Ы.Шергазы
3:55
12.03.26
👏1
ЖАМГЫРЛУУ КЕЧ

Мөлтүрөгөн көзүңө арбап алып,
Ыр түнөгөн өзүмө байлап алып.
Келе жаттык бирибиз бирибизди,
Жандап алып, нөшөрлүү жаанда калып.

“Кереги жок, агатай, кол чатырың,
Автобуска түшпөйбүз жол да тыгын”,
Дедиң дагы, денемди жалындатып,
Коомай келип кармадың колду акырын.

Эрдиңди өпкөн тамчылар мактанышып,
Аз келгенсип көйнөгүң чапталышып...
Келе жаттык көчөдө көлчүктөрдөн,
Аттап учуп, тамандан баткак учуп.

Жамгыр жууган жамалың жагат улам,
Сымбатыңа сын жетпей барат улам.
Көр адам да өзүңдү көрүүчүдөй,
Каптаса да дүйнөнү кара туман.

Токтобошун жамгырдын каалап аттым,
Жол узарсын деп ичтен самап аттым.
Күзгү жаанда көлчүктү күзгү кылып,
Кыялымда чачыңды тарап аттым.

Сен жанымда көрктөнүп бара жаттың,
Мен жамгырда өрттөнүп бара жаттым..

КАНАТ ТААЛАЙБЕК УУЛУ