MӨLTYR DYINӨ| POEZIA
31 subscribers
6 photos
1 link
Download Telegram
Forwarded from 𝓀𝓎𝓏𝒿𝒾𝒷ℯ𝓀
Toygar Işıklı (Kara Sevda Dizi Müzikleri)
Tebessümüm
#Толгонай_Сариева

Көп күттүрбөй сагынганда кел деген,
Көздөрүмдүн кыйкырыгын укпадың.
Бүлүндүрбөй сезимимди сен деген,
Бүгүн дагы катың күтүп уктадым.

Күндөр менен кошо өтөөр деп элесин,
Күткөн сайын сагынычым күч алды.
Сейил бакта сезимдерди эстеттип,
Сен мага бир кат жазып кой күз алды...

Укпай калам ырларыңды бир күнү,
Унтулаарсың арасында бир жаздын.
Экинчи ирет арзууң менен коштошуп,
Эч болбосо эсте калаар ыр жазгын.

Акыркы ирет сүйүүң менен коштошуп,
Айыктыраар жүрөгүмдү ыр жазгын.
#Сүйүнбай_Эралиев

Жүз жылдар мындан кийин да,
бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар,
карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да,
сүйүүлөр болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келип,
ушинтип чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да,
дарактар желге ыргала,
шуудурап турат ушинтип…
Биз жокпуз анда бир гана...
👍1
#Мээрим_Байышбекова

Убакыт бирдей го баарына,
Сен неге кабарым албайсың?
Менин да бар толгон жумушум,
Эсиңе ушуну алгайсың.
(Антсе да эзиле беремин,
Ишенем не десең баарына,
Сен мени ансайын алдайсың)

Бирикпейт өңдөнөт жолубуз,
Жазбайсың...
Мен жазсам, жообуң сууз.
Экөөлөп көздөгөн багытка
Баратам жалгыз,
Жолум — сыз...
👍3
#Таңчолпон_Маматали_кызы

Дүкүлдөп тынымсыз жүрөгүм
Денемден нымшыган тер кетет
Жазыксыз жан дүйнөм кыйналып
Жаштыгым жашоомду терметет

Колдорум калтырап, муздады
Жолдо агып баратат өмүрүм
Термелбей комуздун кылдары
Сыздады бүгүн бул көнүлүм

Ушинтип күндөрдү узатып
Унутуп кээде өзүм өзүмдү
өзүңдү мен убал кылдым го
Аа кайран, кайран ай убакыт...

Жасабай жарыган эчтеме
Чалкалап жаттым мен булутка
Жашабай коёюн силердей
Жаштыгым куруйттур куруса

Силерден алыстап мен азыр
Жакындап Кудайга кетким бар
Милдетиң майрам, ыр, бий болсо
Жаштыгым мен сенден кечким бар

Булуттан кол таштап бут таштап
Жашырып дүйнөмдү караңгы
Жашынып алгым бар баарынан
Баарынан, жакшыбы жаманбы...
1
ДОС ДЕГЕН КАЙРЫЛЫП КЕЛБЕЙ КОЙБОЙТ

Досуң сенин каза таап калса эгерде,
Бир өлбөй экинчи ирет өлөт сенде.

Ал сени издеп жүрүп таап алып
көмдүрөт, сен келесиң топурак салып.

Биз болсо анын каза тапкандыгын
Угабыз жумушка шашып бара жатып,
Же сүйлөшүп олтуруп тамак ичип.

Бул кабар эч бир кимди таң калдырбайт.
Ал кыйналып жүргөнүн билчү баары.
Ал өлдү, анын ысмын эч ким эми
Жерден өйдө көтөрүп койбойт дечи.

Антсе да өлгөн неме келди кайтып,
ал бизге эскертүүгө өзүн тирүү.
Ал биздин көзүбүздү байкап көрдү.
Биз болсок байкамаксан болуп койдук.
Ошондон кийин кетти ал таптакыр:
эми аны эч ким элес албай калды.

Автор: Пабло Неруда
Которгон: Омор Султанов
СҮЙҮҮ
Раазымын тагдырга, раазымын!
Ушунча күндөн бери сен менин жанымдасың,
дайыма жанымдасың!
Ал үчүн мен кимдерге эмне берем?
Кандайча төлөйм кунун?

Кызылга ынак жаз мында –
токойдун туткунунан ойгонуптур;
ийинден түлкүлөр да сыртка чыгып,
жыландар шимиришет шүүдүрүмдү,
ошондо тымтырстык менен токой арасында
баратамын сени менен тебелеп жалбыракты,
өзүм билбейм: мына ушул бактым үчүн
кимгедир бирөөлөргө бирдеме төлөймүнбү?
Төлөсөм: кимге? Качан?

Бүт бардык көргөнүмдүн ичинен
бир гана сени көргүм келмек менин;
бүт бардык менин колум тийгендерден
жалгыз сага колумду тийгизмекмин;
күн желеси түстөнгөн күлкүңдү жандай сүйөм,
жандай сүйөм жана да уктап жаткан деңизди мен.

Сүйүүм менин, сүйүктүүм! Эмне кылам?
Билалбайм, өңгөлөр кантип сүйөт,
билбеймин мурда кантип сүйүшкөнүн,
мен сүйүп да, сүйүнүп да жашап атам,
ошентип мен, өзүмчө эле сүйүп калдым.

Барган сайын мага сүйкүм көрүнүп баратасың
Көзүң мындай боло калса, –
кайда кетип калды деп издей берем.
Ойлойм анан: эмнеге мынчалыкка кечикти экен?
Анан туруп таарынам –
ошол замат бечарамын, келесоомун, кайгылуумун
бир аздан соң сен келесиң
сабагынан үзүлгөн шабдаалынын илеби сыяктанып.
Сүйөмүн ал үчүн да, бул үчүн да,
аз үчүн да, көп үчүн да сүйөмүн мен.
Сүйүү деген ушундай болуу керек –
азыраак ачыгыраак жана мүлдө,
өтө өзгөчө жана өтө коркунучтуу,
кызыл-тазыл жана кара аза күткөн,
ар дайым жылдыздардай гүлдөп турган,
жана да өбүшүүдөй эч чени жок,
сүйүү деген мына ушундай болуу керек!

Автор: Пабло Неруда
Которгон: Омор Султанов
ЖАКЫРЧЫЛЫК
Кабагыңды саласың –
коркосуң го жакырлыктан.

Сен эски туфлийиңди кийип алып
эл көзүнө көрүнүп базарга баргың келбейт,
кийилген көйнөктү да эч сатып алгың келбейт.

Сүйгөнүм, ким эле жакырлыкты жакшы көрсүн,
а байлар экөөбүздү ошентип калышса дейт:
адамдын жүрөгүндө калып калган
дал ошол жакырлыкты биз, экөөбүз,
бошогон тиштей жулуп салбайбызбы.

Мен сенден сураганым:
түк коркпогун жакырлыктан.
эгерде болбой эле эшик ачып
сенин алтын туфлийиңди алам десе, –
жылмаюуңдан такыр жазба, жадырап кой.

Эгерде квартирага төлөөгө тыйының жок болуп калса
Ишке кетип баратып башыңды жерге салба.
Сүйгөнүм, ошондо эстеп койгун,
дал ушул минутада сени аңдып карап турам,
сен жана мен – шаа жетпеген байлыкпыз биз,
дүйнөдө андай байлык эч жерде жок.

Автор: Пабло Неруда
Которгон: Омор Султанов
Audio
"Жаза"
(Кыскача аңгеме)

Автор : Калыков Шекербек
#Шайлообек_Дүйшеев

КӨЛӨКӨ

Көлөкөлөр карааны калдаңдаган,
Көлөкөлөр айланган, айланбаган.
Түшүп турат көлөкө түндөн дагы,
Түшүп турат көлөкө айбандардан.

Жалгыз мектеп… Аяздын аптабында,
Жалын дүрт деп алдымда, арт жагымда.
төбөм көккө жетчү эле ошол кызга,
Көлөкөмдү тийгизип басканымда.

Күн батарда булуттар кызаруучу,
Күн батыштан чыгышка куш агуучу.
көлөкөбүз ошондо күүгүм кечип,
күндү кармап келчүүдөй узаруучу.

Кездер болот достор да каттабаган,
Кездер болот тууган да кас санаган.
Баары жалган жасалма жалгыз гана,
Жаныңдагы көлөкөң таштабаган.

Сен кичирсең кичирип кичинеден,
Сен өрттөнсөң өрттөнүп титиреген.
Көлөкөдөй жакынды табалбайсың,
Көргө чейин бир кеткен киши менен.

Көлөкө бар көңүлдө, чөлдө, күндө,
Көлөкө бир мүрзөдө, дөңдө, гүлдө.
Көөдөнүмдү таш менен жанчып чыгам,
Көлөкөсүз жандарды көргөнүмдө.

“Көлөкөм!” деп күн сайын жалбарынган,
Түшүп турсун көлөкө балдарыңдан.
Адамдарды сактай көр, Кудай, Кудай,
Көлөкөсүз куу жондо калганынан.

Өзүңөрдөн өзүмдү бөлгөн кезде,
Кайран башты кара жер көмгөн кезде.
Көлөкөмдү жайына жөн койгула,
Мени менен бир жатсын өлгөн кезде!..
СЕН ЖОЛУКТУҢ

Сен жолуктуң кырк чамалап улгайган,
Жамалы да, жаштыгы да уурдалган.
Жүрөгүңө из түшүргөн кыл курттай,
Жүз-көзүңдөн көрүп турдум миң арман.

Үшкүрүгү, ыза-муңу мол турмуш,
Үстүбүздөн жасап салды зор кылмыш.
Өйдө-ылдыйды аңдаганча моминтип,
Өмүр байкуш тушукканы коңур күз.

Бир аз толуп, ак аралап чачыңды,
Бийик кармап бара жаттың башыңды.
Бантикчен кыз болуучусуң мен үчүн,
Бала бойдон алып жүргөн акынды.

Кайда калды кызылдуу өң-боектор,
Кайра айтылгыс ажайып бир жомоктой.
Авазы арген үндү дагы жоготтук,
Арча отундай алоолонбой жан оттор.

Сен жолуктуң кырк чамалап улгайган,
Жамалы да, жаштыгы да уурдалган.
Жүрөгүңө из түшүрүп кыл  курттай,
Жүз-көзүңдөн туюп турдум миң арман.

Абдилаат Дооров