Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жанылыктары 🇰🇬🇰🇬🇲🇪
255 subscribers
3.92K photos
82 videos
176 files
49 links
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин расмий маалыматтары
Download Telegram
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Венгрияда өткөн эл аралык мелдеште 5-орунду ээледи

Финалдык таймаш 4-6-август күндөрү Будапешт шаарында өттү. Аталган мелдеште ар бир салмак категориясында эл аралык дзюдо федерациясынын дүйнөлүк рейтингине ылайык алдыңкы 35 спортчу чыкты. Кыргызстандан тарыхта биринчи жолу аталган турнирге 3 дзюдочу катышты.

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алгач венгриялык спортчуну, андан соң, кубалык спортчуну жеңип, бирок чейрек финалда италиялык спортчуга утулуп утулуп калды.

Кийинки жубатуучу раунддун биринчи беттешинде Шеров Өзбекстандык спортчуну жеңип, коло медаль үчүн болгон кармашта Өзбекстандын башка
дзюдочусуна жеңилди. Млдештин соңунда Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде 15-орунга ээ болду.
Жыйынтыктоочу протоколдо Шеров 5-орунду ээледи. Аталган мелдеште жалпы 30 спортчу күч сынашты.

Ал эми дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу менен (66 кг чейин) Асад Асабиров (72 кг чейин) алгачкы беттештерде жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн четтетилген.

***
Дзюдоист из Кыргызстана Эрлан Шеров занял 5 место на международном турнире в Венгрии.

Итоговый турнир Masters прошел 4-6 августа в Будапеште. В каждой весовой категории выступали ТОП-35 спортсменов согласно мировому рейтингу Международной федерации дзюдо (IJF). От Кыргызстана впервые в истории на данном турнире выступили 3 дзюдоиста.

Шеров (15 место в мировом рейтинге) выступал в турнире весовой категории до 90 кг, где всего были заявлены 30 спортсменов.

Кыргызстанец стартовал со стадии 1/16 финала, где победил представителя Венгрии (26). В следующем поединке Шеров победил №4 мирового рейтинга из Кубы, но в четвертьфинале проиграл итальянцу (6).

В первом поединке утешительного раунда Шеров победил представителя Узбекистана (32), но в схватке за бронзовую медаль проиграл другому представителю Узбекистана, который на тот момент занимал 3 место в мировом рейтинге.

В итоговом протоколе Шеров занял 5 место.

Кубанычбек Айбек уулу (до 66 кг) и Асад Асабиров (до 72 кг) проиграли в первых схватках и выбыли из борьбы за медали.
КМШ оюндары: Кичи футбол боюнча курама командасы Азербайджандын командасын 5:2 эсебинде жеңди

Кыргыз Республикасынын кичи футбол боюнча курама командасы Минск (Беларус) шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында азербайджандын командасын 5:2 эсебинде жеңди.

Курама команданын кийинки беттеши Беларусь Республикасынын командасы менен болот. Мелдеш эртен, 9-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 22:30 да башталат.

Белгилей кетсек, кичи футбол боюнча жалпы 5 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайджан, Орусия, Беларусь) курама командалры катышып жатат. Мелдеш 8-август күнү башталган, 13-августта жыйынтыкталат.
Беларусияда өтүп жаткан КМШ оюндары: Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер өтүүдө

Бүгүн, 9-август күнү Беларусь Республикасынын Солигорск шаарында КМШ оюндарынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер өтүп жатат.
Килемде 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг чейинки салмак категориялар арасындагы балбандар күч сынашууда.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталган.
Бүгүн килем үстүндө күч сынашып жаткан кыргыз спортчулары жана алардын атаандаштары:
57 кг: Мухамадрасул Салиев (Кыргызстан) – Мухтарулы .Е (Казакстан);
61 кг: Абдымалик Карачов (Кыргызстан) – Кадырниязов .А (Өзбекстан);
65 кг: Дастан Урматбеков (Кыргызстан) – Абдрахамян .А (Армения);
70 кг: Канат Керимбеков (Кыргызстан) – Эркабаев .Х (Өзбекстан);
74 кг: Адилет Жапаркулов (Кыргызстан) – Дмитриев .Н (Беларусь);
79 кг: Автандил Төлөгөнов (Кыргызстан) – Денисов .Д (Беларусь) же Уллах М (Пакистан);
86 кг: Элнур Акыбаев (Кыргызстан) – Джиоев. А (Азербайджан);
92 кг: А тайпасы:
- Айтеңир Максатов (Кыргызстан);
- Багаев .А (Орусия);
- Иодовский .Я (Беларусь);
- Поенов .Ш (Өзбекстан).
97 кг: Баяман Мыктыбеков (Кыргызстан) – Сапараниязов А. (Өзбекстан);
125 кг: Бекзат Теңдиков (Кыргызстан) – Надиров .О (Казакстан).
Маданият министрлиги 6 ай ичинде эл аралык кызматташуу жаатында 13 эл аралык келишим жана 1 программа иштеп чыкты

Кол коюулган документтердин тизмеси:

- Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш. Мирзиеевдин Республикага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Министрлик менен Өзбекстан Республикасынын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий баалуулуктарды уурдоону, жашыруун казууну жана мыйзамсыз алып келүүнү жана алып кетүүнү алдын алуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу;
- 30 сериялуу “Бишкектеги сүйүү” кытай-кыргыз телесериалынын өндүрүшүн биргелешип илгерилетүү боюнча стратегиялык кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуу;
- 40 сериялуу “Жибек жолунун алыскы шамалы” телесериалынын өндүрүшүн биргелешип илгерилетүү боюнча келишим;
- Россиянын улуттук драма театры “Александрия театры” менен театралдык искусство чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Басма сөз канцеляриясынын ортосундагы ЖМК тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы спорт жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданий мурастар башкармалыгынын ортосундагы маданий мурастар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Венгриянын, Сауд Аравия Королдугунун Улуттук музейлеринин ортосунда музей иши жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумдар;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кувейт Мамлекетинин Маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин Башкы Катчылыгынын ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата маданият жаатындагы программаларына кол коюлду.

****
Министерством культуры за 6 месяцев разработано 13 международных соглашений и 1 программа в сфере международного сотрудничества

Список подписанных документов:

- В рамках государственного визита Президента Республики Узбекистан Ш. Мирзиева в Республику Соглашение между Министерством и Министерством молодежной политики и спорта Республики Узбекистан о сотрудничестве в области молодежной политики;
- Соглашение между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о взаимном создании культурных центров;
- Соглашение между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики по предотвращению краж, тайных раскопок и незаконного ввоза и вывоза культурных ценностей;
- Соглашение о реализации проекта в сфере кинематографии по проекту сьемки китайско-кыргызского совместного телесериала «Бишкекская любовь»;
- Соглашение о реализации проекта в сфере кинематографии по проекту сьемки китайско-кыргызского совместного сериала «Далекий ветер Шелкового пути»;
- Меморандум о сотрудничестве с Российским национальным драматическим театром ”Александринский театр " по вопросам развития и укрепления сотрудничества в сфере театрального искусства;
- Меморандум о сотрудничестве в области средств массовой информации между Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики и Пресс-канцелярией Госсовета Китайской Народной Республики;
- Меморандум о взаимопонимании и сотрудничестве в области спорта между Кабинетом министров Кыргызской Республики и Правительством Государства Катар;
- Меморандум о взаимопонимании между Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики и управлением культурного наследия Республики Корея о сотрудничестве в области культурного наследия;
- Меморандумы о сотрудничестве в области музейного дела между Национальным Историческим музеем Кыргызской Республики и национальными музеями Венгрии, Королевства Саудовская Аравия;
-Между министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики и генеральным секретариатом Национального совета по культуре, искусству и литературе государства Кувейт подписаны программы в области культуры на 2023-2025 годы.
Маданият министрлиги тарабынан жарым жыл ичинде 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүздү

Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын ченемдери сакталбагандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу Министрлик тарабынан “312 кино”, “312 ТВ” телеканалдарына карата чара көрүлдү. Тактап айтканда айып пул салынды.

Ал эми, “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” телеканалдарына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган жок.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын “Tik Tok” социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйдү.
Белгилей кетсек, “Tik Tok” колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Tik Tok” платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.
Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.
----------

В адрес Министерства культуры, информации и спорта Кыргызской Республики участились обращения с беспокойствами от ряда неправительственных организаций относительно вредного воздействия социальной сети «Тик Ток», негативно влияющей на психическое развитие и здоровье детей.
Отмечается, что «Тик Ток» погружает пользователя в виртуальный мир коротких клипов, после их просмотра подростки пытаются повторить те или иные ролики, некоторые из которых опасны для жизни. Кроме того, детская психика еще неустойчива, она только формируется и подобный контент, вызывая зависимость, негативно влияет на эмоциональное состояние подрастающего поколения.
В этой связи Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики проведен мониторинг контента данной социальной сети, в ходе которого установлено, что со стороны, платформы ограничений доступа к информации причиняющий вред здоровью и развитию детей, а также функции контроля за возрастной категорией при доступе к информации приложении «Tik Tok» не вводятся.

С учетом многочисленных обращений и на основании проведенного мониторинга Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики приняло решение о прекращении деятельности в распространении сервиса «Tik Tok» на территории Кыргызской Республики.

Решение направлено в Министерство цифрового развития страны для дальнейшей реализации в рамках законодательства Кыргызской Республики.